Зинакан Пасаңова: “АЙдын кичинекей ханзаадасы”

(жомок)

Актан быйыл беш жашка чыгат. Ал өзү жакшы бала болгону менен түнү уктаганды аябай жаман көрчү. Кеч киргенде ата-энесинен “Мен бүгүн уктабай эле коеюнчу?!”- деп сурана баштоочу. Бирок, Умай энелүү болгондон бери түн киргенде төшөгүнө жатып, уктаганга шашылат. Анткени, Умай эне ал уктап жатканында Айдан түшүп келип, анын жаздыгынын алдына сонун белектерди катып коерун билет.

А түгүл Актандын эмне каалаганын да күн сайын билип турат. Кечээ «киндер-сюрприз» момпосуюн суранды эле. Эрте менен ойгонгондо өзү жаткан жаздыкты көтөрүп караса жумурткудай сүйрү, ичинде оюнчугу бар шоколад жатыптыр. Аны көкүрөгүнө кубана кысып: «Рахмат, Умай эне!»,- деп алкышын айтканды да унуткан жок.

Анан:

-Эмне үчүн Умай эне мага көрүнбөйт?- деп капалана сурады апасынан.

– Умай эне Айда жашайт. Түнү Ай чыкканда гана келет, ага чейин сен уктап каласың да.

Актан ошондон кийин Айдын чыгышын күтүп, уктабай олтурам деп көп жолу аракеттенди. Бирок, караңгы киргенде эле көздөрү жумула баштайт. Уктап баратып: «Бугун мага Умай эне эмне алып келээр экен?» деген таттууойго көшүлөт.

Умай эне кежир балдарды жаман көрөт. Актан бөбөгүн ыйлатса, апасынын тилин албаса, же достору менен чатакташса капа болуп, келбей коет. Умай эненин ачуусуна тийип, белектеринен куру калбоо үчүн бала тентектигин жое баштады.Эми апасын айттырбай эле өзү билип гүлдөргө суу куюп, бөбөгүнүн оюнчугун талашпай, кайра анны ойнотуп, оюнчуктарын да жыйнап ордуна коюуну үйрөндү.

Актандын тартиптүү жана боорукер бала болгону Умай энеге да жагат. Акыркы күндөрү ага түн ичинде тез-тез келип турчу болду. Эрте менен ойгонгон бала жаздыгынын алдынан өзү каалаган оюнчук, сүрөттүү китеп же шириндиктерди таап алып сүйүнөт.

Кыштын бир түнү сыртка чыккан Актан адатынча асманды тиктеди. Ачык асманда тептегерек болуп толгон Айды көрдү. Аны жылт-жулт эткен көп сандаган жылдыздар курчап алыптыр. Бала Умай эне жашаган айды өтө кызыгып тиктеди. Айдын саргыч тунук бетинде Умай энеси көрүнгөнсүйт. Ал хан сарайга окшогон кооз үйдө жашайт экен. Актан айдын бетиндеги таң калаарлык сүрөттөр ага сырдуу сезилди. Кудум эле кичинекей ханзаада жашаган планетага окшош табышмактуу экен. Апасы окуп берген “Кичинекей ханзаада” деген жомоктогу өзүнө окшогон кичинекей баланын жашоосуна дайыма суктанчу эле. Эми өзү Айдын кичинекей ханзаадасы болууну каалайт.

– Мен Айга баргым келип жатат, – деди анан апасына.

– Барып кел.

– Эмне менен барса болот? Самолет жетеби?

– Жетпейт.

– Ракетачы?

– Жетет, – деди апасы табышмактуу күлүмсүрөп.

– Жалгыз эле учамбы? – Актан жүрөксүй түштү.

– Башка косманавттар да учушат, сени Айга таштап өтүшөт.

Ошол күндөн баштап бала ракета жөнүндө кыялдана баштады. Бирок, аны кайдан алаарын билчү эмес. Дүкөндөрдө сатылганын көрө элек.

Аңгыча, анын туулган күнү да жакындап калды. . Жаздын биринчи күнү ал беш жашка чыкмак.

– Умай эне мага кандай белек алып келет?- деп апасынан кайра-кайра сурай берди.

-Өзүң суранып көр, -деди апасы.

Туулган күнү болоордон бир күн мурда Актан уктаар алдында Умай эне менен сүйлөштү:

– Умай эне, мага ракета алып келчи? Айга учуп барайын.

Ушул түнү түшүндө Умай энени көрдү. Ак жоолук салынган, көздөрү апасыныкына окшош өтө мээримдүү, жүзүнөн жылмаюу кетпеген эне экен. Ал жумшак жана жылуу колдору менен Актандын бешенесинен сылап, бетинен сүйүп:

– Туулган күнүң менен! , -деди. – Мына, сен каалаган ракета! Ага олтургун да каалаган жагыңа карай уча бер.

Актан көргөн көзүнө ишенген жок. Балыктай жумуру, күмүш түстөгү, сансыз тетиктери, антенналары баш айланта турган ракета үйдүн ортосунда туруптур. Ур-а-а! Эми ал Айга учуп барып, Айдын кичинекей ханзаадасы болот.

… Бул учурда апасы көптөн бери издеп жүрүп араң тапкан чоң ракета оюнчукту Актандын керебетинин жанына коюп, уулунун бешенесинен сылап, жүзүнөн сүйүп, жетине албай карап турган эле. Баласынын түшүркөп сүйлөгөн сөзүнө түшүнгөн жок. Бирок төшөгүндө туйлап, толкунданган кубанычтуу доошунан улам жакшы түш көрүп жатканын туйду. “Түшүң туш болсун, уулум!”-деди жүрөгү элжирей.

Зинакан Пасаңованын башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.