Анти мүнүшкөр акын

Окурман катары айтаарым – мен өз заманымдын акындарын окуганды жакшы көрөм. Мага менин замандаш акындарым адам катары да, акын катары да кызык, анткени алар мен жашап жаткан азыркы дүйнөдө параллель жашап, мен көрбөгөнду көрүп, мен сезбегенди туюп, мен билбегенди билип, мен укпаган кызыктарды угуп жашап атышат. Жана ошо көргөн, билген, сезгендерин астейдил ак баракка жазып калтырышат. Ал эми акын калп айта албайт. Мага бул абдан кызык, анткени билбегенимди билип, өзүм үчүн жаңы адамды, жаңы дүйнөнү ачам.

“Сүртүмдөрдү” үңүлүп, сүңгүп окуп чыктым. Кайсы акындын ыры жакса ал ырды көчүрүп алган дептерим бар, ошол дептерге 6 жыл мурун Марат Токоевдин “Кандай досум?..”, “Улам-улам жолду карайм..”, “Көздөрүң сенин – Жашыл арал…” деген ырларын калемсап менен көчүрүп алган элем. Өзүмчө болгум келгенде улам бул ырларды кайталап окуп турчумун. Эми ошол ырларга “Эки-үч соруп ыргытам чылымды…”, “Билесиңби?”, “Мен өлгөндө жер болом…”, “Таарынуу аракети”, “Айта гой…”, “Итке сөөктү ыргыткандай жардамың…”, үч сап ырларынан “Чаңырыгы баламдын…”, “Кыш кечи. Саат согот…”, “Кышкы түндүн жанды талыткан…” деген ырлары кошулду. Котормодон “Талаасында жымыңдаган дүйнөнүн…” мага өтө жакты. Мен ушул котормону тынбай кайталап окуйм. Анненский жазбай Марат Токоев өзү жазып койгондой.

Мен акын Марат Токоевдин ырларын окуп жатып, В.Г.Белинскийдин Гоголь жөнүндө: “…если я сказал, что г.Гоголь поэт, я уже все сказал, я уже лишил себя права делать ему судейские приговоры. Теперь у нас слово “поэт” потеряло свое значение: его смешали словом “писатель”. Поэт высокое и святое слово; в нем заключается неумирающая слава!”, – деген сөздөрү аргасыз эске түштү.

Токоевдин акын катары эң баалуулугу – башка акындардан өзгөчөлөгү. Себеби, чыгармачылыкта тапталган жол менен кете бериш оңой, ал эми өзүнчө жаңы чыйыр жол табуу өтө кыйын. Жалпы хордон бөлүнүп, канчалык кыйын болбосун өзүнчө жол издеп, өзүнчө кеткен акын гана – чыныгы акын. Маратты чыныгы акын дейр элем. Анын ырларын окуганда япондордун хоккусу дароо эске түшөт. Марат япондордун дүйнөсүнө абдан кызыгарын жана япон дүйнөсүн өзүнө мыкты сиңиргенин мен мурда анын ырларын биринчи окуганда эле дароо түшүнгөм. Анын акын катары өзгөчөлүгүнүн бир сыры ушунда: көчмөн кыргыз дүйнөсүн өзгөчө япон дүйнөсүнө жуурулуштуруп, кыргыз адабиятында жаңы жол салгандыгында.

Дагы бир сыры – ырларынын тематикасынын өзгөчөлүгү. Дүйнөнү башкача көз менен көрө алган акын гана күнүмдүк жашообуздагы, тирликтеги жөнөкөй нерселерден терең саптарды жарата алат. Мен мисал катары “Сүртүмдөгү” ырлардын баарын айта алам.

Дагы бир анын өзгөчөлүгү – акындыкты Марат кесип катары көрүп, өзү жөнүндө жар салбай, жөн гана ой топтоп, жашоого астейдил баам салып, саптарды жазып коюп жүрө берген ойчулдугунда.

Аны менен катар анын ырларында мен кабылдабаган нерселер да жок эмес.

“Кызым Айдайга” деген ырын алалы. Айдайдын күлкүсү каржайган эки-үч түп бакты билгизбей койгону жакшы. Бирок сөздөр чаржайыт чачырап кеткен. Же Айдайдын күлкүсүн, же 2-3 дарактагы акын айтайын деген ойду адам жакшылап көп ирет окубаса таппайт.

“Сагыныч” деген ыры тууралуу. Бул ырдын темасы сагыныч, бирок сагыныч акын жүргөн шаардын көчөлөрүндө да, шаардын өзүндө да, ырдын саптарында да жок. Сагыныч дегеле сезилбейт, ой чачырап кеткен.

“Күн менен кубалашмак”. Ырдын акыркы 2 сабы – укмуш, башка саптары – татаал. Башкача айтканда айтайын деген күчтүү, мыкты ойлору саптарга батпай, бири-бирине жолтоо болуп калгандай.

“Кат-кат кийимдерге…” деген ырынын жогорку 5 сабы сонун! Калган саптарын түшүнүүгө абдан татаал, жакшынакай ой татаал сөздөрдүн далдоосунда кала бергендей.

Жалпысынан мен анча түшүнбөгөн жана мага жакпаган жогорудагы ырлардын мисалында айтайын дегеним – бул ырларда чыңалуу абдан күчтүү, жакшы ойлор татаал сөздөрдүн чеңгелинде кала берген.

Жыйынтыктаганда, Марат Токоев ыр китебинин алгачкы ырында жазгандай, ал АНТИ мүнүшкөр Акын экендигин өзү таамай айткан.

Рахат Аманова

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.