Постсоветтик өлкөлөргө тартылган “темир тор көшөгө”

Батыш кайсы убакта Айтматовго Нобель сыйлыгын бериши керек эле?

Батыштын Нобель сыйлыгы дүйнөдөгү эң жогорку баалуу сыйлык катары эсептелет. Бирок анын лауреаты болуу маселесине келгенде Жер шарына жарыгы бирдей тийбеген алакчылоо саясаты өтө жогору. Батыш менен АКШнын баалуулуктарына багындырылган, алардын камчысын чапкандарга ыйгарылуучу бирден-бир өң карама сыйлык экени да талаш-тартышты туудурбайт. Болбосо бул сыйлыкка кыргыз улутунан чыккан жазуучу Чыңгыз Айтматов татыктуу дегенибиз аша деле чаап кеткендик болбойт. Ырас, Чыңгыз Айтматовдун доору социализмдин “кой үстүнө торгой жумурткалаган” заманына туш келип, анын чыгармалары да ошол мезгилдин идеологиясынын чегинен чыгып, бүткүл адамзаттын глобалдуу чие түйндөрүн чечүүгө багытталган. Ошону үчүн дүйнөнүн 174 тилине которулушуна алып келди. Бирок ошонусуна карабай, советтик абройлуу мекемелер менен уюмдар Нобель сыйлыгына бир нече жолу көрсөтүшсө да ала албады. Акырында Түркия түрк дүйнөсү аркылуу сунушташса да анысы суу кечпеди.

Бул адабият жагындагы Батыштын алакчылоосу болсо, тынчтыкты орнотуу жагындагы Айтматовдун “Ысык-Көл шеринеси” Батыш менен Азияны бириктирген материалдык байлык эмес, рухий дүйнөнүн туу чокусуна чыккан инсандардын башын кошкон форум болгон. Ушул жагынан да Батыш бул сыйлыкты берүү жагынан башын жерге каткандар болуп чыкты.

Батыш кайсы убакта Айтматовго Нобель сыйлыгын бериши керек эле? Айталы “Гүлсарат” повестиндеги Танабай райкомдун бюросунда партбилетин: “Мен силерсиз эле өз эрким менен партбилетимди тапшырамын силерге”, — дедиргенде татыктуу болмок. Бирок антүүгө Чыңгызга ошол мезгил мүмкүндүк бере алат беле?! Албетте, жок! Анысыз да ошол учурдагы коомдук терс көрүнүштөрдү сынга алуу жагынан Айтматовдой орустун бир да жазуучулары сынга ала алды беле? Материалисттик көз караш калыптанган өлкөдө, балким, кимдир бирөө Шолоховду бетине кармашы мүмкүн. “Тынч Донун” жазып эрдик кылган деши да турган иш.

Адабиятчыларыбыз эмнегедир Шолоховду идеялдаштырып, даңктаганды жакшы көрүшөт. Түгөлбай Сыдыкбековдун алгачкы аталышы “Кең-Суу”, кийин “Тоо арасында” романы болуп өзгөргөн чыгармасы жөнүндө кеп кылуудан тартынабыз. Автор өзү гана Шолохов менен бир мезгилде жазганын байма-бай айткан жайы бар. Кыргыздын жазма адабияты калыптана элегинен профессионалдык деңгээлге чыккан орустардын жазмакерлеринен кыргыздар талим-тарбия алганы да, ырас! Бирок Шолохов менен Сыдыкбеков бир мезгилде жазгандыгын этибарга албай, Шолоховго таасирленип жазган дегендер да жок эмес. Ал тургай мындай калыптанган пикир дале орун алып келе жатат. Мындай көндүмдөрдөн арылуучу мезгил келди. Баягыдай түндүктү карап, туура-туура эмес экенине карабай табынуучулуктан чыга албай жаткандайбыз.

Болбосо кыргыз адабиятынын көркөм прозасында роман жанрын алгачкылардан болуп Касымалы Жантөшов “Каныбек” жана Түгөлбай Сыдыкбеков “Кең-Суусу” чыйыр салган. Маселен, ыр жанрынын ар кандай үлгүсү ооз эки, жазуу жүзүндө калыптанып келсе, айрымдары Уфадан, Казандан жарык көргөндөрү да бар. Буга кара сөз түрүндө жазылган санжыра сымал тарыхый эмгектерди кошсок болот. Бирок прозалык жанры дээрлик жокко эсе болгон. Аталган эки чыгарма тең көркөмдүк жагынан ошол кездеги айрым эки-үч сүрөттүү же эки-үч актылуу пьесалардай примитивдүү эмес, жогорку деңгээлде жазылган. Ырас, алгач Жантөшовду ошол кездин чыгармачыл чөйрөсү колдоого алып, куюлушкан жорго сөздөр менен жазылып, элдин кеңири катмарына жеткиликтүү, окумдуу деп мактагандар болгон.

Мунун тескерисинче, Сыдыкбековду романын “окуганга оор” деп, ого эле сынга кабылган. Буга Түгөлбай сынып берген эмес. Жазуучулардын чоң жыйындарында мындай пикирлерге кошулбасын ачык айтып, өз мезгилинин алдыңкы көз караштагы чыгармасы катары сыпаттап далай жолу коргогонго аргасыз болгон. Кийин профессионалдуу адабият калыптанганда парадокстуу окурмандардын чөйрөсү Сыдыкбековдун романы чыныгы турмуштан алынып жазылган жакшы чыгарма катары моюндашып, Жантөшовдун чыгармасындагы башкы каарманы Каныбек “отко салса күйбөгөн” элдик оозеки жомокторго жакын деп сынга алып баштаган.

Түгөлбай Сыдыкбековдун эр көкүрөктүүлүгү бар эле. Бийликте отурган адамдарга жасакерлик кылчу эмес. Коркпой-үркпөй бетке айтчу. Иосиф Сталин “Биздин замандын кишилери” романын орусча сөзмө сөз которулган вариантын өзү окуп чыгып: “Бул адам партиянын мүчөсүбү? Болбосо кабыл алгыла” , — дегендей ишаара кылган экен. Буга Тукем ынанбай партияга өтпөй, профсоюздун мүчөсү бойдон калган. Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев болуп турган кезинде кыргыз Жазуучулар кошунуна келип баяндама жасаган экен. А киши “улуу орус эли” деп сүйлөгөндү жакшы көрчү. Анысын адеп эле айта берген экен. Турдакун баяндамасын шатырата окуп бүткөн соң: “Жасалган баяндамам боюнча кимде кандай суроо бар?” – деп жазуучуларга кайрылып калат.

– Менин сага суроом бар, — дейт Түгөлбай.

– Бере бериңиз, — дептир Турдакун.

– “Орус улуу эл болсо”, анда эмне атаңды Кытайга тентитти, — деген экен. (1916-жылдагы Үркүндү айтканы го.)

– Ой, чал алжып калган го! – деп чыга качканы интеллегенциянын арасында айтыла калып жүрөт.

УШУЛ кишинин “Биздин замандын кишилери” романы Сталиндик сыйлыкка татыктуу болгон. Кийин бул сыйлык КПСС БКнын “Жеке адамдын керт башына сыйынуу жөнүндөгү” токтомунан соң, Мамлекеттик болуп аталган. “Тоо арасындагы” романы Лениндик сыйлыкка көрсөтүлгөн. Бирок ошол кезде Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор жана талаалар” деген орусча повестилер жыйнагы кошо көрсөтүлгөн. Анткени он беш республиканын жазуучулар­нын бир топ эле чыгармалары сынакка келип түшкөн.

Сынактын комиссия мүчөлөрү алардын баарын карап чыгып, сыйлыкка татыктуусу катары кыргыз жазуучуларынын жогоруда айтылган эки чыгармасынын кимисине ыйгаруу керектиги талашка түшкөн. Борбордук Азияда адабият каармандарын типтештирүүдөгү жедеп тапталып бүткөн канондорду бузуп, образды психологиялык жол менен ачып берген жаш жазуучу катары дүйнө элине таанылып баштаган Чыңгыз Айтматовдун келечегине үмүт артканынан гана Лениндик сыйлык ыйгарылган жайы бар.

Айтматовдун “Кылымды карытар бир күн” романында Казанкаптын улуу Сабитжан аркылуу маңкурт Жоломанга салыштырса же аны радиомаңбаш экенин Эдигей аркылуу ушунчалык чеберчилик менен эзоптук тил менен айттырганын ушул кезге чейин өз баасын ала элек. Сүрөткөр Сабитжандын дөөрүгөн сөздөрүндө: адамдын аң-сезимин радио толкундар аркылуу башкарган заман жакындап келе жатат. Анын айтканы боюнча, программалаштырылган роботтон айырмасы жок адамдардын мууну өсүп келе жаткандай таасир калтырат. Ошондон улам Эдигей Сабитжанды “бул радиомаңбашпы” деп ой жооруп, аягында “маңкурт” деген жыйынтыгын чыгарышына алып келишинин түпкү мааниси тереңде жатат. “Радиомаңбаш” деп жыйынтык чыгарууга идеологиялык жактан саясий катага алып келмек. “Эзоптук тил менен” айтуу аргасыздыгы дал ушундай жагдайлардан улам чыккан. Илимдин жетишкендиги жарыша куралданууга багытталып, ааламат жакындап келе жатканы тууралуу да романда чагылдырган.

Коомго Жоломан же Сабитжан коркунучтуубу деген собол туулса, түз эле айтыш керек Сабитжан деп тартынбай айтсак болот. Эгерде Жоломандын доору жоокерчилик замандагы эр-азамат болгондуктан элин коргогондордун башында турган жол баштаган баатыр жоокер. Колго түшүп калып, тагдырдын жазымышына баш ийдирилип, акыл-эсинен ажыраганынан өз энесин жаа менен аткан адам. Албетте, өз энесин атуу чоң күнөө. Бирок ал акыл-эси бешик ыры аркылуу өткөндөгүзүн эстеп келе жатып айныган адам. Болгону адам сөлөкөтү бар. Энесин өлтүргөн үчүн сотто деле акталбаганы менен акыл эсинин жогунан ошондой кадамга баргандыгы боюнча кандайдыр бир жеңилдик ала алышы мүмкүн.

Бирок Сабитжан жөнүндө кеп башка. Бийлик кызмат үчүн бардык нерсени садага чапкандан кайра тартпаган адам. Ага өзүнөн чоң кызматта отурган кимдир бирөө кызмат ордуңду сактап каласың же кызматыңды дагы жогоркулаткан чоң орун берем десе, ата-энесин тургай өз балдарын кошо садагага чаба турган аты гана пенде сөөрөй. Чоңу өзүң өл десе да андан кайра тартпаган неме. Жер шарынын огунан тайгызган куралдын кнопканы бас десе, андан да кайра тартпайт. Коом үчүн мындан өткөн коркунучтуу, кооптуу адам жок.

БУЛ роман Нобель сыйлыгына татыктуу чыгарма. Тилекке каршы, Батыштын көп өлкөлөрүндөгү калкы эң көп окуган жазуучу экенине карабай буга да тескери карады. Орустун улуу жазуучусу Л.Толстойго берилген эмес. М, Горький, Ф.Достоевский, М, Булгаков, А, Акматова, А.Платонов, Л.Леонов, В.Астафьев, А.Твардовскийге окшогон же өңдөнгөндөрдүн бир тобу алган эмес. Бирок И.Бунин, Б.Пастернак, А.Солженицын, И.Бродский кеңеш бийлигине ачыктан-ачык каршы чыгышкан. Бир кызык жери М.Шолохов Нобель сыйлыгын алгандан кийин Батышта айрым бир ушак-айыңдар жүргөнү жөнүндө да кептер бар. “Тынч Донду” жарандык согушта (гражандык) курман болгон дондук жазуучу Федор Крюков жазган деген пикирлер орун алган. Ал тургай Россиянын өзүндө да күң-мың сөздөр айтылган. Бул жазуучунун ден солугуна чоң терс таасирин тийгизгени айтылып жүрөт. Бирок М.Шолохов чоң жазуучу экени да ырас. Анын кел-кели келип турган заманында, ал түгүл “түкүрүгү жерге түшпөй турган” ошол кездеги КПСС БКнын катчылары жазуучулардын жыйындарына Шолоховду кайра-кайра чакыр­тып зорго келгенине шүгүрчүлүк кылгандары да болгон. Келип сүйлөп бергенине ыраазы болуп, жыйынды таштап аны узатып чыккан бир учурун Түгөлбай Сыдыкбеков өз көзү менен көргөнүн эскерүүлөрүнүн биринде кыйытып айткан жери бар.

Жогоруда орустардан Нобель сыйлыгын алгандардын баарына токтолбосок да айрымдарын жондотуп айтып өтөлү. Мисалы, И.Бунинди адабиятчылар көркөм сөздүн чебери катары да баалап жүргөндөр чыгат. Тагдыр аны өз өлкөсүнөн четте эмиграцияда жүрүп жазган “Арсеньевдин турмушу” жана “Каргыш тийген күндөр” аттуу чыгармаларды жазып, кеңеш бийлигин жаман жагынан көрсөткөнү үчүн берилген деп жүрүшөт. Болбосо бул деле Россияда жашаса андай чыгармаларды деле жаза алмак эмес. Эмиграцияда жүргөнүнөн пайдаланып кеңеш бийлигин жамандап жазуу аркылуу гана алган деген пикирлер кездешет.

БАТЫШТЫН “бытбылдыгына” айланган А.Солженицын Нобель сыйлыгын алуу үчүн батыштагылар менен соодалашып жүрүп алган дешет. Батыштын журналисттерине берген интервьюларында ал тургай: “Кокуй, наалат! Мени тигилер өлтүрмөй болду! Эгерде силер сыйлыгыңарды берсеңер, мен бул системаны союл менен дагы катуу урамын!” – деп доого урунмак турсун шантаж жасаганга чейин барганга үлгүргөн учурлары кездешкен. Анын “Бодалсия теленок с дубом” аттуу мемуарында жана “Арипелаг ГУЛАГы” деген чыгармасында кеңеш бийлигин каралаган. Акыркы айтылган эмгегинде фактылары жок, карандай жамандоосуу шектүү булактарга негизделип, конкреттүүлүктөн оолагыраак турат.

Бул сыйлыкка Солженицындын жетүүсүнө айрыкча Франциянын жазуучусу Франсуа Мориактын кошкон салымы чоң болгон. Анткени ал, Нобель сыйлыгынын ээси болгон. Мындай сыйлык алгандардын расмий түрдөгү тигил же бул талапкерди колдоп Нобелдик комитетке жазган каттары келип түшсө зоболосу көтөрүлүп, алуу мүмкүнчүлүгү артылат. Тескерисинче, андайлар жолдогон катында терс пикирин билдиришсе сыйлыкка талапкердин “жылдызы жерге түшүп”, алуу мүмкүнчүлүгү азаят.

Альферд Нобелдин өзүнүн жазган керээзинде: “…идеалисттик багыттагы көрүнүктүү адабий чыгарма жараткандарга сыйлыкты ыйгаруу” жагына басым жасаган жерине Нобель комитети айрыкча маани берет. Комитеттин дагы башка тоскоолдуктары бар. Сүрөткөр расмий бийликке карата каршы туруусундагы оппозициялык маанай тең салмактуу болушу керектигин эске алышат. Бул алар үчүн ошондо гана автор ортодо “арабөк туруп, калыс пикир” айткан болуп эсептелет же бийлик менен оппозициянын “аралыгын сактагандык катары бааланат”. Ушуга байланыштуу бийлик менен каармандарын аралаштырбай жеке турмуштук көрүнүштөргө мүнөздүү болгон образдарды жараткандарга ыйгарып келүшүүдө.

Батыштын жазуучулары ушул жагынан “магиялык реализм” же “фантастикалуу реализм” багытын туу тутушат. Ушул жагынан Кыргыз адабиятынын оозеки чыгармачылыгы мифологиялык жагынан 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башы эмес, тээ атам замандан берке адамдар жамаатташып жашаган коомдук түзүлүштү чагылдырган “Кожожаш” кенже эпосун мифологиялык башталышы катары адабиятчылар тегин жеринен карап келишкен эмес. Андан берирээк келсек, баатырдык эпостун чоң үчүлтүгү:“Манас”, “Семетей”, “Сейтекте”, айрыкча “Эр Төштүк” эпосу легендалуу мифологиялардын турат. Ушул Кыргыз адабиятынын кыртышы аркылуу Чынгыз Айтматов “Ак кеме”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повесттеринде жана “Кылымды карыткан бир күн” романында адабият теориясындагы көркөм шартуулукту укумуштай чебер колдонгон. Бул башталышты жазуучу “Гүлсарат” повестисинде Танабайдын төгүлгөн жорго Гүлсарысы аркылуу жаныбарлардын жан дүйнөсүн чемелеп баштаса, “Кылымды карыткан бир күн” романында Кара Нар аркылуу тереңдеткен. Мындай көркөм шарттуулук боюнча “Ак кемеде” Бугу Эне жөнүндөгү жомокту жана алгачкы романындагы Найман Эненин трагедиясы менен “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөттөгү” муунду улантчу бала аркылуу көркөм шарттуулуктун логикалык байланышын бир өңүттө караганда эмне деген акылман ой (философия) жатат.

20-кылымдан 21-кылымга бараткан мезгилде күчтүү мамлекеттердин жарыша куралдануусунан баштап, ата-бабасы жарык дүйнө менен кош айтышкандагы акыркы сапарга коюлган бейитке тукумун уланткан баласынын сөөгүн жашырууга алакандай жер табылбай калган заманды көркөм сөздүн сүрөткөрү катары укумуштуудай чагылдырган чеберин Нобелдик комитет саясий боөктордун желесине илешкен жөргөмүштөй жөрмөлөп, ыраа көрүүдөн бир нече жолу баш тартты. У.Черчилль айткан, “темир тор тартылган кара көшөгө ” куду-куду окшогон Нобель сыйлыгын адабият жаатында берүү жагынан постсоветтик өлкөлөрдү карандай жамандаган конкреттүү далили жок, үстүртөн жондотуп жазылган мажирөө чыгармаларга берип “демагог демократ” Солженицын сыяктуулардын келишпес армиясын тарбиялап чыгарган сыйлыкка айланып бара жатат деп айтсак аша чаап кеткендик болбойт?!..

АЛЬФЕРД Бернхард Нобель дегендин өзү ким? Швейцариялык инженер-химик. Бирок орто билимге да ээ болбогон киши. Ошонусуна карабай өтө талаанттуу болгон. Атасы – Бернхад орустардын Крым согушунда курал сатып, байлыкка туйтунган адам. Альфердди Европага жана Аме­рикага жиберип, бизнестин даамын татытканга каныктырган. Өзү да идирээктүү жана зээндүү экен. Ал Парижге кайрылып келип, куралды жасап чыгаруу технологиясы менен шугулданып иштегендиктен – жогорку билими жок туруп турмуштук тажрыйбанын негизинде инженер-химик болуп чыга келген.

Анын бактысына тараза ташып ооганынанбы, айтор, жалгыз иниси бомба жардырган сыноо учурунда каза табат. Бул окуядан соң атасы да күйүткө чалдыгып, узак убакытка созулган кеселден жарык дүйнө менен кош айтышкан. Альферд бардык байлыкты мыйзам чегиндеги мураскору болгон. Францияда, Финляндияда, Италияда, Англияда заводдору иштеткен. Бирок балалуу болуу ниети болбогондуктан үйлөнгөн эмес.

1889-жылы өзүнүн артында из калтыруу үчүн:”Мен көз жумгандан кийин… акчалай мүлкүм адамзат жашоосуна пайда алып келүүчү фонд түзүлүп, ошол жакка акчаларым которулсун… негизги каалоом – сыйлык алуучулар улутуна, мамлекетине карабай тандалуусу шарт», — деген керээзин жазып калтырган. Мындай билдирүүдөн кийин, анын заводдоруна байланышкан сот иштери башталган. Бирок Альферд өлгөн соң жүрүп жаткан сот иштерине карабай бул фонд иштеп баштап, 1901-жылы 10-декабрда алгачкы сыйлык тапшыруу аземинде швейциялык “Кызыл Ай” коомунун негиздөөчүсү Анри Дюнан, франциялык Фредерик Пасси өз өлкөзүндө тынчтык кыймылын түзгөндүгүнө байланыштуу эки адам сыйланып, ошондон бери илим жана адабият жаатында берилип келе жатса, кийин экономикалык ачылыш жасагандарга да бериле баштады.

Лауреаттар негизинен АКШнын жана Батыш Европа өлкөлөрүнө жарыгы тийип, постсоветтик өлкөлөрдүн жазуучу-акындары текеберленип келе жатат. Нобель комитетинин мүчөлөрү сыйлыкка келип түкөн иштерди кароодо талапкерлерге өз ойлорун эркин айтып, кимге берүү керектигин, кайсыларга берилбей турган айтылган ойлорун 50 жылга чейин жашыруун сакталып, андан кийин гана таанышууга боло турган шарттары киргизилген.

Жакыпбек ТӨЛӨГӨНОВ, “Талас Турмушу” (Аймакпресс), № 8 (7842) 20-25.02. 2017-жыл.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.