Салижан агайды эскерүү: Таамай айтылган сөздөрүнөн (III бөлүгү)

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги “Салижан агайды эскерүү” долбоорун улантат.

Бүгүн (17-мартта) залкар адабиятчы, сынчы, публицист жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Салижан агайыбыздын арабыздан кеткенине быйыл он жыл болуптур.

Салижан агай илим изилдеп, чыгарма жазып, адабият майданында эле кайнай бербестен, коомдук турмуштун башка катмарларына да активдүү аралашкан. Кандай маанилүү мамлекеттик маселелер болбосун өз позициясын айтып турган. Айрыкча улуттун өзөктү өрттөгөн көйгөйлөрүн жаны кашая чырылдап, күйгүзүп да, күлдүрүп да айткан, жалбырттаган патриот инсан эле. Биз улуу устаттын республикалык басма сөздө жарыяланган макала, маектеринен залкар ойлорунан айрым бир үзүндүлөрүн тартуулайбыз.

КОЛУНАН ИШ КЕЛБЕГЕН КИШИ УЛУТЧУЛ БОЛОТ

* * *
«Колунан иш келбеген киши улутчул болот, колунан келбей калганын сөзсүз бирөөдөн көрөт, орустар менен нан талашып жегенге жарабагандардын баары эле улутчул».

 

* * *
«Мен ойлойм, өзүбүздүн тагдырыбызды, мамлекеттин тагдырын ошол орус тилдүү, ишкер кыргыздарга тапшырсак… Айылдан келип, бакыргандан башканы билбей, кыска мурдунун ары жагын көрбөй, элдин таламын талашам, элге күйөм деп бирдемелерди айтып алып, анысы кыргыз элине зыяндан башка эчтеме алып келбеген балдарга, интеллигенцияга караганда алар элдин түпкү мүдөөсүн жакшы айтат, жакшы ишке ашырат. Кыргыз тилин да бузуп аткан алар эмес, ошол эле кыргызча гезиттер, радио, телевидение…».

 

КЫРГЫЗ ТИЛИН БУЗУП АТКАН ОШОЛ ЭЛЕ КЫРГЫЗЧА ГЕЗИТТЕР

* * *
«Ушул шаарда туулуп-өскөн балдарды өгөйлөгөнгө, жек көргөнгө, тилдегенге эмне акыбыз бар? Мисалы, Россия, анак-мынак менен иш жүргүзүп жаткан ошолор. Бизнеске аралашып, кандайдыр бир ийгиликке жеткен да ошолор. Айылдын балдары бизнес деген ушул экен деп кечке көчөдөн, базардан бирдеме сатып, кечинде тапканын ичип, мас болуп, мушташып жүрбөйбү».

 

* * *
«Аскар Акаевди жактаган кишилер айтып жатышпайбы азыр “Баары бир тарых өз ордуна коет, буга жакшы эле баа берет” деп. Билбейм, Кеминден өзүнүн туугандарынан эле чыгып, тарых жазып калып жакшы дебесе».

 

* * *
«Элге эмне деп айтыш керек? Ой кыргыз эли, сен кичинекей элсиң, үч миллион элсиң. Европанын бир шаарында үч миллион эл бар. Экинчиден, артта калган, кедей элсиң. Өзүңдү өзүң багалбаган элсиң. Дүйнө багып атат бизди. Ушуну билиш керек. Бирок биздин деле башыбыз бар. Эки колубуз бар. Эки бутубуз бар. Өзүбүздү өзүбүз бакканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок жалкоолугубуздан, билимибиздин жогунан, бейпарлыгыбыздан бүт кор болуп жашап атабыз. Жалкоо элдер, начар элдер, бош элдер кор болуп туруп, анан … ».

 

* * *
«…Менин бир артыкчылыгым ушул: ар дайым үчүнчү сунушту айтам, аным эч качан суу кечпейт. Сунушум өтпөй турганын билсем дагы кыргыздын бир уулу катары өз оюмду айтып коюшум керек…».

 

* * *
«Котормо жасап колго алгыс, кутурдуң го сен жалгыз. О, кудай урган бездарность! »

(Мактанчаак котормочунун китебине жазып берген кол тамгасы)

 

* * *
«Биздин өкмөт, интеллигенция жалгандын тилинен чындыктын тилине өтүп сүйлөмөйүнчө эчтеме болбойт».

 

* * *
«Юбилейлерде мактоолордон тажайсың. Мен өмүр бою эле макталып келатам. Мактоодон жутаган жерим жок. Экинчиден, эми юбилей өткөрүп бирдеме кылайын десем элдин баарын убара кыласың да. Биздин ата-бабаларыбыз сексен-токсонго унчукпай эле чыга берген. Жолдоштор бар 60ка чыктык, жазып бересиңби деп калышат. Убара болуп, сөгүнүп атып жазып берем кээде. Өзүм той-топурга, шаан-шөкөткө каршымын түбүнөн эле».

 

«МЕН ГЕЗИТТЕРДИ ОКУБАЙ КОЙДУМ. АНТКЕНИ МЕН АЛАРДАН АКЫЛДУУ ЭКЕНИМЕ КӨЗҮМ ЖЕТЕТ»

* * *
«… Азыр тоталитардык режим деп көрүнгөн сөгүп жатпайбы, бул кыргыз үчүн жакшы эле болду. Себеби, коркуп, жазганып, башка элдер менен жакшы болуп жүрүп, социализмдин тушунда элдин саны 5 эсеге өстү. Азыр болсо эч нерседен коркпойт. Коркпогон кыргыз өзү коркунучка айланды. Жанагы балдарыбыз хулиган болуп, аракка тойгондо кайра өзүбүздү сабап, тоноп жатышы ошондон да…»

 

* * *
«…Кыргыздын туулмагы да азап, катын алмагы да азап, өлмөгү да азап ».

 

* * *
«Мен өзүмө-өзүм академик, өзүмө өзүм мүчө – корреспондентмин».

 

* * *
«Кыргызчылык, той – аштарга барбаганымда дагы көп эмгек жасамак экем… ».

РS: Кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүн – коомдук ишмерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди, илимпоздорду, адабиятчыларды, Салижан агайды таанып-билген бардын жарандарды ушул долбоорго үн кошууга чакырабыз. Эскерүүңүздөрдү kabar@kabar.kg почта дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

«Кабар», 17.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.