Адегенде жайыңды айт…

Кыргыз тилинде бир эле сөз бир канча маанини билдирген кездер болот. “Сөз дайра” берүүбүздө ошол сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

Мисалы “жай” деген сөздү алалы. “Жай келди” десек, жылдын төрт мезгилинин бири келгенин билдирет.

“Жатар жай камдап алдыңарбы?” десе, жата турган жайды, түнөй турган жерди түшүндүрөт.

“Жай сал” десе, орун сал, төшөк сал дегенди билдирет.

“Ишибиз жайында, жөн эле убара кыла бербегиле?” десе, ишке жөн эле тоскоол боло бербегиле дегенди түшүндүрөт.

“- Ии, үй-жайы кандай экен?” десе, көбүнчө там-ташынан тышкары жашоо-турмушунун ал-абалы кандай экенин сураганынын белгиси.

Кээде каза болгон кишиге байланыштуу: “Жайын каздыңарбы?” десе, “көрүн каздыңарбы?” дегенди, “Жайын бейиштен берсин” десе, көңүл айтканды билдирет.

“Жай” сөзү уланган көп сөз бар дебедикпи. Мисалы: өнөр жай, турак жай, окуу жай, ден соолук жай… ж.б.

“Адегенде жайыңды айтчы, анан мен сен тууралуу айтайын?” десе, “Адегенде өзүң тууралуу мага маалымат берчи, анан сенин ким экениңди айтайын” дегени.

Кыргызда “Жаман жайын айтам деп, баарын айтат” деген да ылакап кеп бар.

Тиги дүйнөнү кыргыздар кээде “чын жай, аркы жай” деп да коет.

Күлүк ат тууралуу “Туягы чулу жан экен, тулпардык жайы бар экен” деген.

“Жай айтчы?” десе, шашпай, түшүнүктүү кылып айтчы дегени.

“Ойлогон оюм жайында болбой калды” дейт. “Ойлогонум ордунан чыкпай калды” дегени.

“Жөн-жай адам экен” десе, жөн эле, тынч жүргөн адам экен дегени.

“Жай жүр” же “жай бас” десе, шашпай, акырын бас дегенди билдирет.

“Жайыңды табам!” десе, “Бирди көрсөтөм” дегени.

“Ал бир жай табар эме экен” десе, жанбакты, жалган, бир жерден туруктуу орун таппаган адам экен дегенди түшүндүрөт.

Жайдын башка дагы бир мааниси – “китеп жай, дасторкон жай, кой жай” деп коет.

“Эми бул ырыңды радиого барып ырдап, элге жай” дейт.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”, 09.02.2018-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.