“Чулдур” тилибиз качан дулдул тил болот?

XVIII кылымда император Фридрих II адамдын “табигый” (баба) тили кайсы тил болгондугун аныктоого аракет кылат. Ал алты наристени тандап алып, аларды тамактандырууда, багууда, дегеле, алардын жанында сүйлөөгө, атүгүл, бир сөз айтууга тыюу салат. Фридрих наристелердин тили байыркы латын же грек тилинде (баба тилинде) чыгат деп ойлогон. Бирок бир да сөз укпаган наристелер ооруп, аягында чарчап калышкан. Мындан алар бала оорубай, аман чоңоюшу, өсүп-өнүгүшү үчүн аларга сөз, сүйлөшүү зарыл деген тыянак чыгарышкан.

Учурда кыргыз тилин окутуу методикасында балдардын ооз эки сүйлөө маданиятына көңүл бурулган эмес. Башкача айтканда, мектептерде кыргыз тилин окутуунун усулу химия, физика сабактары сыяктуу эрежелерди, теорияларды жаттоо жана дил баянды катасыз жазуу менен гана чектелет. Сүйлөмдүн ээ, баяндоочун таап, жөндөмө мүчөлөрдү билген окуучуга беш коюлуп, анын чындап эле кыргыз тилин билери же билбеси текшерилбейт. Мындан улам шаардыктардын 90 пайыздан ашыгы ооз эки сүйлөшүүдө жарымын орусча, жарымын кыргызча соктура беришет. Албетте ага сүйлөп жаткан адамдын өз эне тилин практика жүзүндө жеткиликтүү билбегени себеп. “Тил – бул улуттун жаны, аны колдонууда улуттук аң-сезим калыптанат” дешет окумуштуулар. Анда же орус тилин, же эне тилин толук билбеген муундун аң-сезими кандай калыптанып жатат? Анүстүнө бул катмардын басымдуу бөлүгү эки тилди тең көчө деңгээлинде гана билет десек жаңылбайбыз. Мындан да өкүнүчтүүсү, тил илимин жиликтеген окумуштуулар учурда айылдагы кыргыздар да өз эне тилинин жөн гана турмуш-тиричиликке эле байланыштуу 20 пайызын гана колдонуп калгандыгын айтышат. Анда эле эне тилдин апаат болгону ушул эмеспи. Мындай көрүнүштөн улам жалпы кыргыз эли Фридрих II жасаган эксперименттин жыйынтыгына жакындап бараткандай…

Окумуштуулар тил пикир алышуунун эле куралы эмес, ал ой жүгүртүүнүн, таанып-билүүнүн, адамды ар тараптан калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн да куралы экенин айтып келишкен. “Кыргыз тилин окутуу – бул барыдан мурда, кыргыз жаштарына өзүн-өзү таанытуунун сабагы. Башкача айтканда, кыргыз элинин тарыхы, маданияты, дүйнө таанымы, көркөм адабияты, диний түшүнүктөрү, жалпы эле улуттук дөөлөттөрү тилде чагылдырылып, сакталып, тил аркылуу муундан муунга берилип келген. Эне тилин окутууда буга көңүл бурбай коюуга болбойт” дейт педогогика илиминин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин доценти Жеңишбек Чыманов өзүнүн “Кыргыз тилин окутуунун теориясы жана практикасы” деген көлөмдүү монографиясында.
Аталган эмгек кыргыз тилин орто мектептерде окутуунун теориялык жана практикалык бардык маселелерин чечүү максатын көздөйт. Анда биз сөз кылып жаткан окуучулардын кебин өстүрүүгө карата сунуш кылынган ой-пикирлер автордун бир канча жылдардан бери жасап келаткан илимий эксперменттерине, тажырыйбаларына негизделип берилген. Аталган монография – кыргыз тилин эне тил катары орто мектептерде окутуу иштерине инновациялык мамиле кылуу, билим берүүгө, өз тилди окутууга коюлуп жаткан соңку талаптарга шайкеш иштелип чыккан алгачкы эмгек. Андагы усулдар кыргыз тилинин кеп маданиятын өнүктүрүп, ошол эле учурда улуттук аң-сезимди калыптандырары шексиз.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, т.: 38-67-73, sairajimatov-76@mail.ru,
“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.