ТИМде мамлекеттик тил өнүгүүдө

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын, “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” ишке ашыруу максатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн көптөгөн алгылыктуу иштерди жасоонун аракетинде.

Министрликте жыл сайын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Иш план түзүлүп, аталган Пландын негизинде иштер жүргүзүлөт.

Ошондой эле кызматкерлерге көмөкчү материал катары дипломатиялык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү иштелип чыгып, жарыкка чыгарылган. Бул сөздүктө дипломатия жаатында кеңири колдонулган сөздөр, терминдер, айтылыштар камтылган жана орус-кыргыз тилинде чыккан алгачкы эмгектердин бири болуп саналат. Учурда бул сөздүктү биздин министрликтен сырткары көптөгөн министрликтер жана мекемелер көмөкчү материал катары колдонууда. Аталган сөздүккө толуктоолорду киргизип, кайрадан басылмага берүү пландалууда. Ошону менен бирге, мамлекеттердин аталыштары кыргыз-орус-англис тилдеринде иштелип чыгып, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын карап чыгуусуна жөнөтүлдү. Бул мамлекеттердин аталышын бирдиктүү формада кыргыз-орус-англис тилдеринде колдонууга өбөлгө түзөт.

Министрликте иш кагаздарын жүргүзүүдө бирдиктүү формадагы үлгү катары колдонуу максатында дипломатия чөйрөсүндө кеңири колдонулган иш кагаздардын, документтердин бардык түрлөрүнүн үлгүлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ал иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө көмөкчү материал катары колдонулуп, документтердин, иш кагаздардын бирдиктүү формада жазылуусуна шарт түзөт.

Министрлик мамлекеттик тилге багытталган ар кандай маданий иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турат. Кыргызстанда жашаган башка улуттарды колдоо жана улуттар аралык достукту бекемдөө максатында Эл аралык эне тил күнүнө карата дипломаттар арасында конкурс уюштурулуп, конкурстун жүрүшүндө катышуучулар эне тил, мекен тууралуу чыгармаларды кыргыз тилинде жана чет тилдеринде көркөм айтышты. Бул иш-чарага Афганстан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Исса Месбах ардактуу конок катары катышып, атактуу акын Шайлообек Дүйшеевдин «Эне тилин унуткандар» аттуу ырын кыргыз тилинде көркөм окуду. Аталган иш-чара позитивдүү маанай жаратып, кызматкерлерди эне тилди сүйүүгө чакыргандыктан, жыл сайын өткөрүүнүн максаттуулугу байкалды.

Муну менен катар эле, 23-сентябрь кыргыз тил күнүнө карата “Дипломатия жаатында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн ыкмалары” аттуу семинар өткөрүү, дипломатия тармагында кеңири колдонулган терминдердин, айтылыштардын орусча-кыргызча сөздүгүнө толуктоо киргизүү, КРда аккредиттелген эл аралык уюмдардын аталыштарын кыргыз-орус-англис тилдеринде иштеп чыгуу пландалган.

Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай министрликтин сайты (www.mfa.gov.kg) үч тилде – мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде иш алып барат.

Ошондой эле министрлик мындан кийин да мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча тынымсыз иш алып баруу, мамлекеттик тилге багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү, мамлекеттик тилдеги көмөкчү материалдарды иштеп чыгуу, мамлекеттик тилге арналган иш-чараларга активдүү катышуу боюнча иштерди жүргүзө бермекчи.

Н.Жусубакунова,
ТИМдин Мамлекеттик тил боюнча секторунун башкы адиси,
“Кыргыз тили”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.