Адабий сынак №11 Ыр

№11 

Эски үй

Эски үйлөрдө жашайт сонун адамдар,
Эски үйлөрдө мен издеген мээрим бар.
Эсептешпейт,жасалмасы жок жашоо,
Эски үйлөргө мейман болуп баргым бар.

Топуракка кошо жууруп маңдай терин,
Саман, жүндөн сокмо дубал урган жерин.
Беш манжанын изин кошо түшүрүп,
Жакшы адамдар курган эски үйлөрүн.

Дарбаза жок темир торду эстеткен,
Бийик бийик дубал менен курчабайт.
Айланасы бакка оронгон эски үйдө,
Байлыгынан корккон жандар жашабайт.

Шылдыр каккан арыктан суу ичишет,
Буудай ундан тандырга нан жаап жешет.
Узун жендуу ,кең тигилген кийимчен,
Карапайым, бейпил өмүр кечишет.

Эски үйдөгү ,эски казан капкара,
Тамагынын даамы сонун,башкача.
Европа,Кытай ,Араб кухнясын,
Кара казанда бышкан тамак
менен койгум келбейт эч бир катарга.

Керден толо айран ,кымыз жытын айт,
Нукура да таптаза да буркурап.
Эски үйдөгү ,эски жашоо өзгөчө,
Жалган дечи, дилиң дагы айта албайт.

Эски үйдө эски буюм теримдер,
Эч ашыкча болбойт эле ар бири.
Жыйнап, салып, катып коё албайсың,
Сыр сандыктын болбойт эле ,,килити,,

Тер куюлуп,ысып күйүп жатса да,
Кондиционер, вентилятор жок эле.
Кенен ачып эшигин ,терезесин,
Шабадага салкындануу бар эле.

Үй алдында сөзсүз бир бак тигилчү,
Көлөкөлөп отурганга сөрүдө.
Көр дүйнөнү жыйначу эмес эски үйгө,
,,Алып кетмек белем аны көрүмө,,
Деп жашашчу эски үйдөгү АДАМДАР!

ЭСКИ ҮЙЛӨРДӨ ДИЛИ ТАЗА ЖАНДАР БАР!

 

 

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.