Адабий сынак № 19 Балдар үчүн ырлар

№19

БУЛУТТАР НЕ ТҮГӨНБӨЙТ?

Көрсөм жүргөн асманда,

Ала чарбы булутту,

Элестетем ак таңда

Энем тыткан тыбытты.

 

Кабактарын түйүшүп,

Капташат да сай, кырды,

От-камчысын үйүрүп,

Ойда-а төгөт жамгырды.

 

-Айланып бүт жамгырга,

Жок болду го деп калам,

Жок, булуттар байкасам

Түгөнбөстөй эч качан.

 

Кайра кайдан келишет,

Көк асманга толушат.

Кызык, ушул булуттар,

Кантип пайда болушат?

 

Булуттар не түгөнбөйт,

Булар кайдан келишет?

Ким түшүнтөт чечмелеп,

Кимдер айтып беришет?

 

ЖАМГЫР ЖААЙТ ОКШОЙТ

-Күн бүркөлдү апаке,

Жамгыр жаайт өңдөнөт.

Чака, табак канаке,

Керек мага эртерээк?

Бериңизчи бачым? – деп,

Чебеленет Эркебек.

 

Анда апасы сурады:

-Аларды не кыласың?

Билесиң го бу дагы,

Түтүктөн суу чыгарын.

Жамгыр суусу зарылбы,

Айтчы мага ырасын?

 

-Суу түшкөн ноо астына,

Туштап туруп коемун.

Хлор болбойт жамгырда,

Таза сууга тоемун.

Ден соолугу сак, чымыр,

Бойлуу жигит боломун!.

 

ҮЧ  ДОС

Коён сабиз жейт жыргап.

Мышык уктайт күнөстөп.

Ал экөөсүн кайтарып,

Кара күчүк үрөт көп.

 

ЖОЛЧУБЕКТИКИ ТУУРАБЫ?

Сүт саап жаткан аялдын,

Көрсөттү да сүрөтүн,

Эжейи айтты: -Ушуга

Карап сүйлөм түзөсүң!

 

Ал сүрөттүн алдына

Жазды минтип Жолчубек:

-Апай гаршокту алды да,

Аны уйга тосту! – деп.

 

ТОП

Топ сатып берсем Саматка,

Топтолду балдар заматта.

 

Өйдө-ылдыйга тебишти,

Тынбай ойной беришти.

 

Бир маалда Нурдун Оңолу

Тепти топту жогору.

 

Терезени сындырып,

-Гол кирди! – дейт кыйкырып.

 

КЕКИЛИК

Кара куйрук кекилик,

Кашат, жардан секирип,

Кай жандыктан коркосуң,

Кара ташка бекинип?

 

Кызыл куйрук кекилик,

Кыраңдардан секирип,

Кызык, кимден коркосуң,

Кокту, сайга бекинип?

 

Кекилик ай, кекилик,

Кетирбегин чекилик.

Турумтайлар кетпесин,

Тырмагына шып илип.

 

Коштоп балапаныңар,

Көбөйсө экен саныңар.

 

АЙ АСМАНГА КАНТИП ЧЫКТЫ?

Турду эле күн батаарда,

Карлуу тоонун башында.

Туруптур ай жатаарда,

Жылдыздардын жанында.

 

Көпкө карап таңыркап,

Атасынан Мыктыбек,

Сурап калды: -Асманга

Ай не менен чыкты? – деп.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.