Адабий сынак 23 Ырлар

23

Майдын түнү кучагыңа бөлөнөм

Күтүп мени жүргөндүрсүң берекем,

Сени эстесем жанчыламын эзилем.

Наристенин денесиндей жуп-жумшак,

Нур жүзүңдү унута албай жешилем.

 

Сагынычым ичке сыйбай күчөдү,

Жолугабыз буюруган бир күндөрү.

Сары-кызгылт жалбырактар уюлгуп,

Батпай жүрөм ушул күзгө мен өзү.

 

Сагындыңбы санаа тартып дал мендей,

Же жүрөсүң кыйналсаң да сыр бербей.

Кусалыгың чыкпай сыртка, жүзүңө,

А келбетиң дат баспаган темирдей.

 

Күткүн мени, жолум тосуп күтүп тур,

Көктөм менен жуурулушуп барамын.

Жыты аңкыган сирень гүлү өңдөнүп,

Май айында кучагыңда каламын.

 

Күткүн мени кереметим, өзгөчөм,

Майдын түнү кучагыңа бөлөнөм.

 

Атаке

Атаке, арнап сизге ыр жазбадым,

Каламым далай ирет артка тарттым.

Таарыныч,ызалыгым жеңе албаган,

Муз жүрөк, мен да сиздей катаал жанмын.

 

Атаке, камкордугуң билбегенмин,

Бой жетип мээримиңди издегенмин.

Бир элес көз алдыма дайым жашайт,

Эркем деп кичинемде искегениң.

 

Андагы секелек кыз түшүнбөгөн,

Үмүтүм жолуң карап үзүлбөгөн.

Түн уйкум күтүү менен өткөндүгүн,

Унутпайм, ички дүйнөм чоң дүрбөлөң.

 

Бар туруп өчкөн ата, жарыгым чын,

Десем да күчөп турат сагынычым,

Балалык доорум күйүт, арман болуп,

Көөдөнгө уюп калган таарынычым.

 

Жетелеп, ээрчип сизди баскым келчү,

Бир өмүр жаныңызда калгым келчү.

Мактанып айланамда адамдарга,

Атакем, атакем деп айткым келчү.

 

Күнөөлөйм таштап бизди кеткениңди,

Айтпадың же маанилүү себебиңди.

Тагдырдын жазганына башым ийип,

Сезбейсиз…аман жүрсө дегенимди.

 

Кеткенби сезимиңиз үшүк алып,

Кызыңа деген мүмкүн сүйүүң тарып.

Аталык мээримиңе зар боломун,

Кусалык тынчтык бербей бүлүк салып,

 

Атаке, бир аз бизди ойлосоңчу,

Ойлонуп  кучак жайып коргосоңчу.

Кыйнабай жок дегенде мына азыр,

Аталык батаң менен колдосоңчу.

 

Атаке, кек сактабай кечирейин,

Таарыныч, кусалыгым бекитейин.

Колума калам алып өзүңүзгө,

Ыр арнап сыр аңтарып, жеңилдейин.

 

Уурдалган үмүт менден кетиш үчүн,

Утулган канча жылым жеңиш үчүн,

Кечирдим, ата сизди кечирдим чын,

Өзүмдү, күнөөсүздөй сезиш үчүн.

 

Жакшылыктан үзбөй келем үмүтүм

Калса дагы кээ бирлерден көңүлүм,

Жакшылыктан үзбөй жүрөм үмүтүм,

Жаман айтып сөз коротуп эмнем бар,

Кирдебесин бир муштумлдай жүрөгүм.

 

Жаман дебейм  жаман айткан адамды,

Адам менен ушул дүйнө куралды.

Күлүп гана тим боломун пендеге,

Жаратканым берсе экен деп сабырды.

 

Жамандаса жазалоочу мен эмес,

Бул өмүрдө алчу нерсем кек эмес.

Таразалап багын сунаар Алла бар,

Калгандары устун болчу чеп эмес.

 

 

 

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.