Адабий сынак №24 Аңгеме

  №24

 Аа, ошону айтсаң,кемпир  

Калың дубалы терезелердин текчесинен баамга урунган эски үйдүн айнектери бууланып, оймоктой бөлмөнүн ичи ысыктан кайнайт. Колго оңдуу үчүн малакай, тебетей, калпак, жоолук,кол капты коё салганга ыңгайлуу, майда- барат буюм- тайым коюлган текчелерге канча жылдан бери буу тамчылай берип, тактайынын боёгу өчүп калганы качан. Айнек пардалардын кыймасы жипке өткөрүлүп, эки жагынан мыктарга байланган жерин көк басып, катып калган. Кемпирге гүлү жакпай бузулган крепдешин көйнөгүнөн тигилген кыска, окшош пардалар үч бөлмөдө канча жылдан бери тагылып турат.

Жатарда таш көмүрдүн чогуна каланган көңдун табынан темир меш дуулдап, үстүндө капкагы кыңайган чайнектер менен четинде дааратка дайым даяр кумган койкоёт, аларга жанаша жалпак аска кара таштан төртөө жатат. Бул үйдүн ээлерине ысык жагат, эт кача баштаган картайган денени суук тарта берет экен, жайындасы Күнгө кактанып күн жесе деле болбойт, сөөк- саактары какшай берет, ошон үчүн баласы отун- сууну кенен камдап берет, өздөрү да бир пенсиясына көмүрдү түшүрүп алышат. Бери мештин жанындагы текчеде кыйгачынан тизилген, керогазга жаңы бышкан кыпкызыл көмөчтөрдүн жыты каңылжарды жарып буркурайт. Эски ала кийиз, шырдак, бостек, жер төшөктөр салынган жупуну үйдүн ичиндеги буюмдардын бардыгы карманган- тутунган ээлериндей болуп эскилиги жетип, көөнөрүп калган эле. Жаңы замандын буюмунан эң бааланганы- бири жаткан бөлмөдө, бири кире бериштеги сөөрүнүн дубалында илинген, күнү бою доошу өчпөгөн, кичине көк радиолор менен таспиеттеп ак матага оролгон сүт тарткан машине, анан кемпир өмүр бою эч кимдин колун тийгизбей урунган кара түстөгү тикме кол машине болчу. А баркы жогу – баласы апкеп берген ак- кара түстөгү “Рекорд” деген телевизор, келгенде биртке иштетилген, “шайтандай эме экен” деп жакпай калгандан кийин үстү- башы эски- уску жоолуктар менен жабылган боюнча турат. Үй ээлери жининен жаман көргөн дагы бир нерсе бар, ал чачы сары, көзү көк куурчак. Кемпир аны чүпүрөк- чапырак менен ороп, сөөрүнүн түбүнө “түрү суук шайтан” деп ыргытып таштаган, өрттөгөнгө даабай койгон, себеби небере кыздары балачагында ойноп жүргөн оюнчук болчу.

Кемпир- чал эскилиги жеткен көлдөлөңдө маңдай-тескей тамандарын такап отуруп, ашатылган койдун терисин чоюп, тартып, ийлеп атышты. Илгертен чогуу жашап айттырбай билип калгангабы, бири- биринин ишаарасын кирпик ирмем жаңдоосунан эле түшүнгөн эмелер тартайган тарамыштуу ийри манжалары менен терини чойгулап, укалап атышты.

Үйдө көбүнчө кемпир сүйлөйт. Канча жылдан бери жадыларына жат, көкүрөгүнө кыт болуп уюп калган, эстерине түшкөндө кайталана берчү сөздөр экөөнү дегеле тажатпайт. Тескерисинче, узак сапардан акыркы аялдамага өргүүгө келгендей маалда, тээ илгерки басып өткөн жолуна чогуу барып- келген сайын кемпир- чалдын көөнү ачылып, көөдөнү толуп чыгат эле. Мындай кобурашуунун каеринде чокулашып, урушуп кетээрин деле билишет, бирок кайра бир артка кайтып, чогуу барып, чогуу көрүп келгени- жанга бергис жакындыкты туюнткан ирмем болчу. Өмүрү дагы бир чүкө өкчөгүдөй саналуу сааттары менен калса деле, эч кимдин көзүн карабай чогуу күн кечиришкени алар үчүн бакыт. Бул үйдөгүнүн баары өздөрүнүкү, ар бир буюмдун таржымалын айрыкча кемпири жатка билет: жыгач табак, кесе, чөмүч, кашыктар менен тепши; күмүш зер буюмдар менен кумган; кандырдай чоң,кичине сандыктар тээ кайнатасынан калган,калгандарын колхоздо иштеп жүрүп алгандары, анан өз колдору менен жасагандары эле. Издешпей табышкандай экөөнүн тең колу усулдуу,анан жаны тынбаган иштемчил эмелер.

Адаттагыдай эле дагы бир кептин башы ачылды.

-Аа, курган жан десе, тырмалаңдап баятан бери этектей терини ийине келтире албай атабыз, каруунун кеткени да, аа?

– Ошону айтсаң кемпир, кайран каруу, кайран күч кетиптир.

– О илгерки болгондо гана, атаа-а!..Баягы сен оорукка түшчүүдө, ушу колум менен эле бир жайда ылай жасап, гүбала тутуп, үч көмүт үйдүн кышын куйганымы айт, эпти кыш элеби, ооу-у!

– Ондо сен отузга чыга элек бейм элең?

– Кайдагы отуз?- Кемпир саамга терини бошотуп, ийрейген арык манжалары менен эсептеп кирди.- О маалда болгону, токтой турчу! Ысталин өлгөн жылы жайда баштагам, ии де, ошондо тээ Эрмендиде тоок жылы туулган болсом, кийин кыш куйганда Акиш ондон ашкан бала эле, эрбеңдеп суу ташып, ылай тебелеп берет эле.

– Дадагаң кетейиним, он жашында эле кыш куюшканын айт, акылы бар да дадагаң кетейин атамын.

– Ии. Ошондо болгону жыгырма сегизимде үйгө кыш куюп, сен келем дегениңде баарын дайындай берейин дебедимби. Жакшы кылган экем, канча миң кыш куйсаң жетет деп, баягы орус досум айтты деген катыңы алгандан эле жай ичи Акиш экөөбүз куюп, кургатып, тизип чыкканды айт,оо-у!

-Ата-а, ошону айтсаң,кемпир, дегеле оокатка чыйрак экенсиң, сени кыш куят деп кайдан билдим, өзүм өлбөй тирүү барсам үй салам дейт элем да турмада жатып. Анан орус устанын айтканын унутуп калбайын деп сага жазбадымбы, дегеле бир өлүп калбайын деген жок экен да,жаш экенбиз да.

-Ии, ошо жаш кезде курч болгон экенбиз, катыңы алаарым менен сени сөзсүз эртели- кеч келет деп, жазгамаалдан кыш куйганга киришпедимби.

– О кезде биз орустун токоюнда кышындасы карагайы кыйылбай, балта чабылбай, атаа, тозокунун отун көрдүк да…Балтанын сабына кол жабышып калат эле, атаңгөрү, берген колкабы менен ана алабызды жылуулап, ууа атаңын азыганалаттики!..- Чал көзүнүн үстү менен олурая кемпирин карап койду,ал адатынча бетинин чүкөсү кызарып, былкылдап күлүп атыптыр. Дайыма кеп ушу колкапка жеткенде кемпири күлүп,чалы экөө урушуп кетмейи бар.

– Имне күлөсүң, какшаал?! Ошенттик да анан, оорукта жандалбас уруп жаныңды карабасаң, ысыкка алдырып, суукка кайыгып өлүп калаарсың! Адам деп сага айтып койсо, каапыр, дайымга күлөсүң а?

– Күлбөй анан, өлөйүнбү? Айласыз күлүп атсам эмне кылайын? Эркек атмай колкапты каптамай кылып колтойтуп алаңарга салып алсаңар, элестетип күлөт да киши,- кемпир көзүнөн аккан жашты сүртүп, күлгөнчө сурады: – Анан колкаптын сабынан ычкырыңарга чалып байлап алчы элеңер да а?

– Ооба да, эски-ускудан айрып, эптеп белге тартып байлап алат элек да.- Чал ошондогу жандын айласын таап, эптеп үшүккө алдырбай колкапты каптамай тутуп сактап калган колтойгон жан-денин элестетип алып, баятан бери күлүп жаткан кемпирине кошулуп өзү да аргасыз күлдү.

Кемпир сөздү көз айнекчен жөөт тууралуу, туткундар тууралуу кепке бурду, уга берип жатка билсе деле көнгөн кепти уккан кызык.

-Анан үйдү минтип сал деген орус менен ошондо тааныштың да а?

-Ооба, о курган Ильичтин шаарында үй курган экен, усталардын чоңу экен эле, камап ийген экен да бечараны.

-Аа, курган десе, жанагы салаңдаган бийик үйлөрдүн бирдемкесин туура эмес куруп койсо керек да?

-Оо, жоок, жөөт экен, эл душманы деп эле камап коюшуптур, жүдаа илимдүү киши эле бечара! Ошо турмада карга чийип эсептеп, үч көмүт үй салсаң балан кыш, түкүн тактай, саман- топон кетет, темир мешти мынтип курсаң жакшы ысыйт дебедиби курган досум, минтип сал, антип сал, бышык болот деди.- Чал жөөт чалыш орус досун ыраазы боло эстеп, үйдү, мешти бир сыйра карап койду.

-А курган десе, оо жөөттүн илими илими экен да,шаар курган киши шаа да!

-Ошону айтсаң, кемпир, шаа деп тууру айттың, шаа эмей анан.

-Мынабу жери саал-паал катый түшүптүр, укала, менин чыккан колум болбой калды,сол колум сороңдой берип чарчады. Анан о жөөтүң өлүп калды?

– О курган өлбөй анан, өлдү, турмадагынын жарымын жай келгенде вагондорго тыгып, Шыбырдан Туркманга айдабадыбы, Туркманга чөлгө келгенде ысыкты көтөрө албай орустун баары кыйрап калды кургандар. Ар илимдүү орустар бар эле көзүнө айнек тагынган, баары ысылап атып эле, суу сурап атып эле өлүп тынышты.

-Анан сен өлбөй калдың, ошентип?

– О мен имнеге өлөт элем, какшаал?!- Бүркүт тумшук мурду карыганда ансайын коңкоюп чыккан чалдын сары чийкил жүзү жаалынан түктүйө түштү, көгүш сымак көздөрү чекирейип кемпирди жанып өттү.

– Эми ошончодон сен өлбөй калганыңы эле айттым да! Жаның бышык экен деп атам да! Кайнатам ыраматылык мазар- машаякка сыйынып, молдо- кожого тынбай барып жүрүп,үңкүрлөргө сени алып жатып жүрүп жаныңы темирдей ширетип коюптур деп атам да!

– Аа, ошону айтсаң,кемпир…- Чалдын кубарган өңү ойлуу боло түштү, жанагы каары кайнаганы кайтып жумшарды.- Ону бир айтасыңбы, эки айтсаңбы, атам бечара чагылган чартылдап, сел кетсе деле, катуу шамал болсо деле атка өңөрүп үңкүргө алып кетип калат эле да, отту улуу жагып алып, бычагын жерге сайып коюп Кудайга сыйынып, эсен- амандыгымы тилене берчү. Аа, кайран атам, баладан көзү каткан атам, жалгыз туяк деп, көзүмү карап жүрүп өтпөдүбү.

-Бала үчүн адам ардемеге барат экен да, балам,ботом деп жүрүп өтөт экен да адам.

– Аа, ону бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, кемпир, адам турмак парандалар менен жан-жаныбар деле балам деп жүрүп өтөт экен. Балам бар, балама барайын деп чыдадым да баарына, болбосо имне? Дагы деле бала үчүн мынтип тырмалаңдап атабыз.

– Ошо балам деген күндө деле ыман-ыскаты жок эркекте ыман бар беле?! Илгери өңдүү- түстүү кыз-кыркын, келин- кесекти калтырбай актап чыктың го а, ыманы жок?!

– Ыяя?! Имине дегиң бар, какшаал, каяктагыны айтып? Шүк отур нары! Болбосо мына аташкүрөк менен жаткыра чабам!- Көздөрүнөн чаары чыккан чал илгерки дымагына салып, тап берди.

– Ии,муну карасаң! Кана, чапчы?! Агари имне кылаар экем! Көйнөк көрсөң кыя өтпөй! Агаричи, онуңу эстесемчи, мынабу таягың менен кошо жардан ары түртүп ийгим бар!

– О, атаңазынурайын какшаал десе! Согуштан кийин болсо,отуздан ашкан жигит болсом, кыз-кыркын,келин- кесек өзү чакырса эмне кылайын а?! Өөндөн жөө- жалаң кыя менен жайлоонун өрдөшүнө артыман келип алышса эмне кылайын а? Ар кимиси ардемени айтып ырдап чакырып атса имне кылайын?- Абышкага бул сөз жакпайт, “көйнөк” дегенде эле кыжыры кайнап чыкчу, көйнөктөр көөдөнүндөгү гүлдүү талаа болчу, ага бейжооп бирөөнү жолотпойт дагы эле, “көйнөктөр” качан эле гүлдүү талаага айланып кеткен, элестесе эле түрдүү гүл элестейт.

Кемпирдин көзүнө шыңкылдаган кыз- келиндер келди, бирдаары аялы барбы дебей эле секетбайларды айтып, сайма сайып кол жоолук, белбоо берип, күйөөсүнүн аркасынан ачык эле акмалап турушчу. Кунаажын көзүн сүзбөсө бука жибин үзөбү? Кээ бир жалгыз бойлору ачык эле элдин көзүнчө күйөөсүнүн аркасына учкашып, чөп чабыкта таңгамаал келгени көп болгон. Андайда айылдагы кемпир-чалдар баш болуп,тескери бурулуп, “жалгыз бой эме мурдуна жыт кылып тууп алсын, эркек жокто эмне сын..”дегендей , унчукпай баары макул көрүп, көрмөмүшкө салып коюшат эле.

– Онуң туура, – жоошуй түшкөн кемпир мойнуна ала сүйлөдү,- келишкен актип элең, ар жакшына ичик,тон,бешмант, көрпө тебетей,калпактарды ушу колум менен жасаганды айт! Сени чакыйтып гана кийгизет элем! Кайран гана колдорум аа!

– Ошон үчүн сени тандап жүрүп алгамын да, кемпир! Аа, атаа..омбу- домбу оокат кылып жүрүп, осурагыбыз сиңишип калбадыбы.- Абышка саамга көзүн жуумп элестетип алды, кемпири анда чыкыйган кол башындай ничке, орто бойлуу, созулган, кашыктагы кара суудай кара торунун сулуусу болчу. Эми чыканактай кара кемпир болду. Ошо согуш маалында бир, кийин согуш бүткөндө селсебет кезинде үрөн эсебине жетпейт деп, түрмөгө эки жолу түшкөндө ушу кемпири күдөр үзбөй жүрүп күтүп, баарына түттү,

-Келин- кыз атмайдын түспөлү түзүгүн актап чыктың, аа, сообуна калдым деп, ыман- ыскаты жок! Эми ошо сеники деле бир эсептен туура…Ошо согушу менен сомолонуп калгыр. О заман ошондой болду,канча кыз- келин көзү ачык кетти чал- чабырга кор болуп, оу-уу.

– Ошону айтсаң, кемпир, ошондой болду.

– Ыраматылык бейишиң болгур Ысталиндин заманында тартип күчтүү эле аа?!Ушу үйдөн ташып иштеген сени, калкоздун үрөнү биртке жетпейт деп эле камап ийбедиби?

– Камайт да анан! Карап отурат беле?! Ондой тартип болбосо өкүматтин оокаты өтөбү аа? Камаш керек эле!

– О мен имине дедим а?! Камабасын дедимби? Ысталин десе эле атырылып турасың да адамды бир сүйлөтпөй, а кудайаткыр аа!

-Имине, Ысталинге же өкүматка мен бир жолу нааразы болдумбу каматып ийди деп?! Мен унчукпай турганда сага имне жок каматты деп? Эркек деген эркек да, бирде өлөт, бирде тирилет! От кечпеген эркек да эркекпи? Онун имнеси бар экен, какшаал? Агари азыр жаткыра чабам!- деген чал жанында жаткан табылгы таягы менен тап берип, кемпирдин колун нукуп алды. Каары жаман катаал чалынын жини кайнап чыкканын көргөн кемпир унчукпай, экөө саамга сүйлөбөй, терини эмес эле бири- бирин ийлеп жаткандай жиндери менен ансайын катуулап чойгулап, тарткылап, укалап киришти.

Качанкы кызганычтары ойгонгон кемпирдин көздөрү каканактап, абышканын жини көйнөк гүлдүү талаасына тийишкен кемпирине кайнап, Ысталин менен өкүматка акаарат айтканына кошул-ташыл теринин жанын чыгара мыжыга кармап чойгулап, тарткылап атышып, кыйлада өздөрүнө келишти.

-Болду эми, муну ийлей берип намиркен маасы ултара тургансып, андан көрө айран катык аталаңан апкел, бирден куй, жуталы да жаталы.

– Аа, ооба, болду кудайаткырдыкы, муун деле кетип калды.

Кемпир жыгач кеселерге айраны көмө катыкталган аталаны куюп келди эле, суусаган чалы экөө арыдан- бери шыпкап ичип коюшту.

– Кемпир,ушу айран катык ашты көмө катыктаганың жакшы да! Умач аш болобу, жармабы, кесмеби, аталабы, ичкенде чечекейиң чеч болгудай катыктайсың!

Чалынын мактоосуна курсант болгон чыканактай кара кемпир обдулуп туруп барып дагы бирден атала куюп келди.

– Аа, азыр катыктадык деп эле айранды кымыран кысыр кошуп, эптемей чалып атышпайбы. Айран катык ашка катыгын көмө куйбаса кантип болсун?!

– Ап- бали, кемпир! Туура айттың. Эми печкедеги таштар ысып калса керек, шишкедеги эчкинин майы менен күлсүрүндү( глицерин) кошо ал, майланалы,- деди чалы.

Темир меште баятан бери турган ысык таштарды ороп- чулгап бутуна, жамбашына койгон чал биртке кынтайып дем алганча жатып, анан эчкинин майы менен кемпири экөө буту- колун майлап, маасыларын майлап бүтүп, колдорун арак самынга жууп, күлсүрүн менен өмүр бою жумуштан бошобогон, ошодон териси куудурап катып, тарам-тарам тамырлары каралжын тартып калган колдорун шашпай майлашты.

Күндө ушул кайталанат. Кеп курса деле илгертен жадыларына жат болуп калган сөздөр, бирок экөө ушунтип божурашкандан эгерим тажашпайт.

Ичкериге кемпири төшөктү  салганы кирип кетенде чалы эшикке чыгып даарат алып, азан айтып келди. Эскилиги жеткен жайнамазга шашпай намаз окуган чал “иликтирди” өчүрүп, паңыздын билигин жандырды. Кемпир өмүрү намаз окуган жок, өзү айткандай намазы көкүрөгүндө эле.

Ушундай бейгам жашоого жеткенине ыраазы болгон кемпир- чал уйкуга баш коёрдо радиодон СССРдин гимни бир жаңырды. “Союз нерушимых советских республик…” деп башталган СССРдин гимни таңгамаал жаңырганда, анан түнү жатаарда сөзсүз уккан  жарыктыктар үчүн мыйзамболчу. Качан гимн жаңырып бүткөндө өкүматка, Бережинге, элге- журтка, бала- бакырага бата тилеген кемпир-чал келме келтирип, жууркандын үстүнөн тондорду жамынып бейкапар уйкуга кетишти. Күндө ушундай кайталанма бактылуу турмуш канча өмүр өткөндө орногон кичине үйдө, дүйнөнүн бир бурчунда өкүм сүрүп турат эле.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.