Нур Зат Мокенова

Жалгыз аяк…Жалгыз жолдо келесиң

* * * * *

Жалгыз аяк…Жалгыз жолдо келесиң,
Жалгыз жолдун көзгө сүртүп элесин.
Айдап келгин толкундарга кошулуп,
Артта калган кубанычтын кемесин.

Түнү чыгып, күндүз турган жашынып,
Түмөн-түмөн ойлор түндө катылып…
Асманда ай чөгүп деле кеткен жок,
…Ааламды бүт кучагына батырып…

Жалбырактар жерге түшсө бириндеп,
Жалоорубайт, тирүү жанга тигилбейт.
Күзүм дагы​ кыш чакырат жол берип,
Күздүн муңу кар алдында билинбейт.

Жалгыз аяк… Жалгыз жолдо келесиң,
Жалгыз жолдун көзгө сүртүп элесин.
Айдап келгин толкундарга кошулуп,
Артта калган кубанычтын кемесин…

* * * * *

Кеткен сага кандай жакшы жарашат,
Адат мага коё берүү жакшыны.
Жылдар сени колдон сууруп талашат,
Мен өзгөрбөй бүгүн дагы батты күн.

Кечкен, кеткен, кандай гана бейпилдик,
Эскирген бир, улутунган мендейди.
Жашообуз бар жарыктыкта аз күндүк,
Шаңга салгын, мукамдуу бу дүйнөнү.

Күүлдөп жаша, таңшы, ырда күкүгүм,
Кеткен сага ырас жакшы жарашат…
Мен тарап суук, көнгөм эбак, үшүбөйм,
А түшүмдө гүл аңкыган талаалар…

Кеткен сага кандай​ жакшы жарашат,
Жай албаган, жок издеген күкүгүм.
Адат мага коё берүү жакшыны,
Милдет мага жашап өтүү Үшүбөй.

* * * * *

Мен эч кимдин сүйгөн жокмун ырларын,
Сенин гана ырың мени курчуткан!
Сенин гана ырың кайра мокотуп –
Сенин гана ырың​ Мени жоготуп…
Сенин жазган ырларыңан өзүмүн
тагдырымды окуп жүрдүм унчукпай.
Сенин гана ырларыңан жашоо таап,
Сени далай жомок кылып жаздым мен.
Жазганымды жан адамга көргөзбөй,
Сенден ырды карап көндүм бөлбөстөн.
Мен карызмын сага, сенин ырыңа,
Карызымды берип кетем өлбөстөн!

* * * * *

Бала болгум келет эх, бала болгум,
Эне сүтү оозунан арылбаган.
Мукагали Макатаев.

Бала болуп ырдагым бар дүйнөнү,
Бийлегим бар чарк айланып көк жерди.
Бала болсом, чачып турса мээримин,
Жерде адамдар, а төбөдө Көк Теңир.

Бала болсом, тунуп турсам булактай,
Суусагандар кандырышса суусунун.
Түшүнбөсөм өлүмдүн ак экенин,
Жазылбаса жанымды эзген шумдук ыр.

Бала болсом, тоодо эркин жашасак.
Апам бээ саап, апам уй саап келгенде
чуркап чыгып маңдайынан жыттасам,
анан кетсек “тармал чөптү” тергенге…

Бала болсом, туйсам жалаң тунукту,
Мени дагы наристедей карашса,
Бала болбой, мен чоңоюп баратсам,
Тосуп чыкса ак периште канатчан.

Бала болсом, Теңир менен сырдашсам,
Бала дүйнө менен таттуу ыр жазсам.
Жалкы тагдыр эч болбосо турмушта,
Мүдүрүлүп, кайра туруп кырды ашсам.

Бала болсом, жылкы менен сүйлөшсөм,
Көздөрүнөн жылдыз көрсөм бир жарык.
Тезек терсем жонума кап артынып,
Билбесем эч ушу жарык дүйнөдө,
Уул-кызы жок бар экенин бир карып.

Бала болсом…

* * * * *

Тааныбайм, таанышымдай сезилесиң…
Жолуксак керек балким бир ызгаарда.
Кирпигим, каштарыма аяз тоңуп,
А эңсөөм бир жылуу үй, бир ысык чай.
Кимге кооз, кимге муздак чилде түшкөн
калаа шул — ак көрүнөт жааган кардан.

Капыстан кезигишкен ошол кышта,
Жылытсаң керек муздак колдорумду,
ысытсаң керек тоңгон жүрөгүмдү.
Бир кезде жүзүң жылуу сезилерин,
менин да чоочун болуп кетеримди,
Мен анда билдим бекен… болжодумбу…?

Тааныбайм, таанышымдай сезилесиң!
Шол кездин кайрыгында калган менен
өзгөрдүм, бир бүдөмүк көрүнөт бүт…
мен тоңуп, сен жылыткан колдор дагы.
Тааныбайм! Өткөн күндө кара туман,
Тумандан айрый албайм жакшы-жаман.

Мен тоңуп, сен жылытсаң унутуп кет,
Эстетпе, эстебей өт шол ызгаарды.

Нур Зат Мокенова

 

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.