Адабий сынак 31 Ыр

31

Кайрадан күз, кайра төгөт жамгырлар

Кайрадан күз, кайра төгөт жамгырлар,
Сени билбейм, мен сагынып баштаймын…
Башка мезгил мынча сезим бере албайт,
Күтүү менен Күз, билесиң “жакшы жуп”…

Колго тийген нерсе менен жашынып,
кокус жааган, нөшөр козгоп санааны,
Кол чатыры жок үчүнбү жүрөгүм,
жамгыр тийсе, жашып ийет ал дагы…

Кезек бердим Жазы менен Жайына,
Күнүнөн да күтүүсү көп өмүрдүн…
Калкалабай калдым мына азыр да,
каалгасы болсо эмне көңүлдүн…

Көпчүлүккө көргөзбөстөн бакмакмын,
көшөгөсү болсо гана көңүлдүн…

***

Бүгүн жамгыр, албай чыктым кол чатыр,
тазарам деп ушул киргилт дүйнөдөн…
Бажырайган, гүл мүнөздүү асыл кыз
айланды эле, суз аялга күлбөгөн.

Багып жүргөн ааламы да бардыгын
байкабайт да баам салбаган башка адам
Бар жакутту таап алуу колуңда,
мүмкүнчүлүк, төкчү жамгыр, пайдалан…

Баткагыңды, көлчүгүңдү кечейин
жасалмалуу асемдиктен тажадым.
Кээ бир майда сөздүүлөрдүн өзүнөн
кечип өткөн көлчүк дагы тазадыр…

Бажырайган, гүл денелүү асыл кыз
айланбасын, суз аялга сүйбөгөн.

***

Күндөрдүн би-ир кечинде, би-ир түнүндө,
өткөндү эстөө сонун, азап дагы,
Өмүрүң өткөн сайын сабак болуп,
өрттөнбөйт, өзгөрүлбөйт барактары.

Билгизбей ыйлап, күлүп, экилендим,
эскерип, эмне таптым өткөнүмдөн.?!
“Бир кучак” азабы калган үчүн,
чоң бакыт аласам бар “кеткенимден”.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.