Иван Бунин: Күзүндө (Аңгеме) Которгон: Назгүл Осмонова

Иван Бунин

КҮЗҮНДӨ
(Кыргыз тилине оодарган: Назгүл Осмонова)

***
Мейманканада бир саамга жымжырттык өкүм сүрдү, мындан пайдаланган кыз ордунан туруп мага көз кыйыгын жиберди.
— Анда, мен кетейин, — деди ал жеңил күрсүнүп. Ошондо экөөбүздүн ортобуздагы кандайдыр бир чоң кубаныч менен жашыруун сырды алдын ала сезүүдөн улам жүрөгүм дирилдеп кетти.
Ошол кечте кыздын жанынан түк жылбадым жана күнү бою көздөрүнөн чагылган жашыруун жаркырак нур менен баёо элегейликти, араң билинген, бирок кандайдыр аруу мээримди байкадым. Эми болсо кыздын өкүнгөндөй түр менен кетээр убактысы болгонун айткан сөзүнүн кыраатынан менин да өзү менен кошо чыгарын билгенсиген тымызын ишаратты туйдум.
Кыз менден: — Сиз да кетесизби? – деп сурады. – Демек, мени узатып коёт экенсиз, — деп кошумчалап, аткарып жаткан ролунун аягына чыкпай, кылчая тиктеп жылмайды.
Келишимдүү буралган кыз жеңил гана көнүмүшкө айланган кыймыл менен кара көйнөгүнүн этегин жыйыра кармады. Бул жылмаюуда, бул сулуу жүздө, капкара көздөр менен чачтарда, атүгүл мойнундагы ичке жипке тизилген берметтер менен сөйкөсүндөгү көөхар таштарда, мунун баарында алгач ирет сүйүп жаткан кыздын тартынчаактыгы чагылып турду. Башкалар андан күйөөсүнө салам айта баруусун суранышып, андан кийин кире бериште кийимин кийгенге жардам беришкенче ким бирөө биз менен кошо чыкпаса экен деп кыпылдап секундаларды санап жаттым.
Бирок мынакей, жылчыгынан караңгы короого көз ирмемге жарык чагыла түшкөн эшик жумшак жабылды. Тулку-боюмдун калтырагын күч менен басып, өнө боюмдагы жеңилдикти сезип, кыздын колунан этиет кармап, босогодон түшүүгө жардам бере баштадым.
— Сиздин көзүңүз жакшы көрөбү? — кыз бут жагын тиктеп менден сурады. Бул үндөн кайрадан колдоп-кубаттаган жагымдуу ыргак угулду.
Көлчүктөр менен жалбырактарды тебелеп, божомолдоп эле түштүктүн ноябрь түнүнүн кеме шаймандарындай нымдуу жана албуут шамалына шуулдап серпилген жылаңачтанган акациялар менен уксус дарактарынын жанынан кызды алып өтүп бараттым.
Зымторлуу дарбазадан арабанын чырагы жанды. Мен кыздын жүзүнө карадым. Ал жооп бербестен, өзүнүн кичинекей, колкап кийгенден улам ичке көрүнгөн колдору менен дарбазанын темир туткасын кармап, аны менин жардамымсыз эле ачып жиберди. Шашыла арабага жетип, ага отурду, мен да ыкчамдык менен кыздын жанынан жай алдым…
II
Биз көпкө чейин бир да сөз айталган жокпуз. Акыркы айларда экөөбүздү жашыруун толкунданткан нерселер сөзү жок айтылып, биз эми бул өтө эле ачык жана күтүүсүз айтылгандан улам гана унчуккан жокпуз. Мен кыздын колдорун эриндериме басып, толкундануу менен кайрыла берип, алдыбыздагы көчөнүн түнөргөн мейкиндигине карадым. Андан дагы эле чочулап жаттым, менин үшүгөн жоксузбу деген суроомо кыз жооп берүүгө жарабай, алсыз жылмаюу менен эриндерин кыбыратты, ал да менден чочулап жатканын түшүндүм. Бирок да менин кол кысуума ыраазы болуу менен, колумду бекем кысып жооп кайтарды.
Түштүк керимсели гүлбактагы дарактарды шуудуратып, кайчы жолдордогу сейрек газ чырактарынын жалыны дирилдеп, жабылган дүкөндөрдүн эшик үстүнө илинген көрнөктөрүн кычыратат. Кээде кайсы бир бүкүрөйгөн сөлөкөт трактирдин теңселген чоң чырагынын алдына кыйраңдап чыга калат, бирок артыбыздагы чырак көрүнбөй калар замат көчө кайрадан ээн боло түшөт да, нымдуу шамал гана жүзүбүздөн тынымсыз жумшак ургулайт. Дөңгөлөк астынан туш-тарапка балчык чачырайт, ал бизге кызыгуу менен байкоо салгансыйт. Мен кээде анын ылдый түшкөн кирпиктерине, баш кийими алдындагы жүзүнө карап, жапжакын жерден кызды туюп, чачтарынын болор-болбос жытын искейм, мени атүгүл анын көкүрөгүндөгү жылма жана назик суусар териси да толкундантып сүрдөтөт…
Андан соң биз аягы жоктой сезилген кенен, ээн жана узун көчөгө бурулдук, эски еврей катары менен базарын кыйгап өттүк, ошондо төшөмө жол алдыбыздан бир заматта жок болуп кетти. Кезектеги кайрылышта кыз теңселип кетти, ошондо эрксизден аны кучактай калдым. Кыз алды жагын тиктеп, андан соң мени карады. Биз бири-бирибизди тиктешип калдык, кыздын көздөрүндө эми коркунуч да, олку-солкулук да жок эле, болгону чымырканган күлкүсүнөн бир аз тартынганы сезилди, ошондо эмне кылып жатканымды сезбестен, дароо кыздын эриндерине жабыштым…

III
Караңгыда жол боюндагы телеграф устундарынын бийик сөлөкөттөрү көзгө чалдыгат, акырында алар да жоголуп, кайдадыр башка жакка бурулушуп, жашынып калышты. Шаар үстүндө капкара болуп анын алсыз жарык көчөлөрүнөн кантсе да айырмаланып турган асман бул жерде жер менен таптакыр эле биригип, бизди шамалдуу караңгылык курчады. Мен арт жагыма карадым. Шаар оттору да жок болуптур, алар кудум караңгы деңизге чачырап кеткендей, алды жакта бир гана от үлүңдөйт, ал да ушунчалык жалгыз жана алыс дейсиң, кудум дүйнөнүн эң четинен жангансыйт. Бул чоң жолдогу молдавалык бекет эле, ал жактан куураган жүгөрү сабактарында адашып шашылып шуудураган катуу шамал согот.
— Биз кайда баратабыз? – кыз үнүндөгү калтыракты басып менден сурады. Бирок көздөрү жаркырап турду, караңгыда үңүлө берип, кыздын көздөрүн гана байкай алдым, бул каректерде кандайдыр таңкаларлык, ошону менен катар бактылуу түр бардай.
Шамал жүгөрү катарда чалынып, шашылып шуудурап алга жүткүнөт, аттар ага карап алып учат. Биз кайрадан кайсы бир тарапка бурулдук, шамалдын багыты ошол замат өзгөрүп, нымдуу жана салкын боло түшүп, айланабызда мурункудан өтүп тынчсызданып уюлгуп жатты.
Абадан болушунча кере жуттум. Мен ушул түндөгү бардык караңгы, сокур жана түшүнүксүз нерсенин баары мындан да түшүнүксүз жана өткүр боло түшүшүн кааладым. Шаарда кадимки бүркөк күндөрдүн бириндей сезилген түн бул жерде, талаада такыр башкача эле. Анын караңгылыгы менен шамалында эми кандайдыр зор да, өкүмчүл да белги бар эле, мына, акырында отоо чөптөрдүн шуудуру арасынан кандайдыр бир тегиз, бир түрдүү жана шаңдуу дабыш угулду.
— Деңизби? – деп сурады кыз.
— Деңиз, — дедим мен. — Бул акыркы чарбактар.
Ал эми биз тиктеген кубарган караңгылыкта, биздин сол тарабыбызда деңизге карай созулган чарбак бактарынын зор жана түнөргөн сөлөкөттөрү көрүнөт. Дөңгөлөктөрдүн шыбырты менен баткактагы туяктардын дүбүртү бак тосмосун кыйгап өтүп, бир саамга даана угула калды, бирок көп өтпөй аны аларга келип урунган шамал менен деңиздин шуулдагы солкулдаткан дарактардын күңгүрөгөн үнү басып кетти. Караңгыда күңүрт агарып көрүнгөн, жансыздай сезилген бир нече кейпи кеткен үйлөр жылт этти… Андан соң мырза теректер эки жакка чегине беришип, капысынан алардын ачылып калган арасынан бул жер бетине суулуу аймактардан учуп келип, жердин таза деминдей сезилген шамал жана нымдуу аба бурр этти.
Аттар токтоп калышты.
Ошол замат суунун оор салмагы сезилген бир калыптагы, шаңдуу шуулдоо жана тынчы жок үргүлөгөн бактардын чачкын күңгүрөнүүсү кайрадан угула баштады. Биз жалбырактар менен көлчүктөрдү кечип кайсы бир бийик төшөлмө жолго, эшилме жарга карай кадам таштадык.

IV

Ылдый жакта бул тынчсыз жана уйкулуу түндүн бардык добуштарынан айырмаланып, деңиз айбаттуу күүлдөйт. Мейкиндикте көөлбүп жаткан ал тээ ылдыйда чалкып жатат, деңиз жээкке карап чуркаган толкундар арасынан алыстан агарып көрүнөт. Аскалуу жээкке жабышып, түрү суук арал болуп өскөн бак четиндеги эски теректердин шуулдагы да коркунучтуу эле. Бул ээн жерде кеч күздүн караңгы түнү өктөмдүк менен бийлигин жүргүзгөнү сезилип турду жана кыш келерин туйгансыган жүдөө үй менен тосмо четтериндеги самсаалаган секилер, эски бак каралбай калгандан улам үрөй учурарлыктай куник көрүнөт. Деңиз гана өз күчүнүн улуулугун сезүү менен, бир калыпта шаңдана күрүлдөйт. Эшилме жар кырындагы нымдуу шамал буттан чалат, ошентип экөөбүз көпкө чейин бул сезимдин тереңине сиңген жумшак тазалыкка тойбой турдук. Андан кийин сыйгалак топурактуу чыйыр жолдордон, жыгач тепкичтердин урандыларынан тайгаланып өтүп, деңиз шарпылдагына карай ылдый карап түшө баштадык.
Майда кумдарга түшөр замат таштарга урунган толкундан артка чегиндик. Мырза теректер бой керип шуулдашат, а алардын астындагы деңиз кудум буга жооп бергенсип, ачкөздөнө кутуруп шарпылдайт. Бизге келип жеткен тоодой болгон толкундар кудум замбиректен атылгандай күч менен жээкке келип кыйрашат, кар бүртүгүнө окшогон шаркыратма сыяктуу тегеренип жаркырайт, кум менен таштарды оодара салып, артка качып толкундун күрүлдөк дабышында чатышкан балырларды, суу астындагы чөптөрдү, майда таштарды жапырат.
Аба бүтүндөй үлбүрөк, нымдуу чаңга толгон, айлананын баары деңиздин жан сергиткен тазалыгы менен дем алат. Караңгылык агара баштап, деңиз узактарга чейин даана көрүнө баштады.
— Ошентип, биз жалгызбыз! — деди кыз көздөрүн жуумп.

V

Биз экөөбүз гана элек. Мен анын назик жана нымшыган эриндеринен, мага тосо берген көздөрүнөн жылмайып сүйүп, деңиз шамалынан муздай түшкөн жүзүнөн өптүм, ал эми кыз ташка отура бергенде кубанычтан алсырап, кыздын алдына тизеледим.
— А эртеңчи? – деди ал менин башымдан ашыра тиктеп.
Мен башымды көтөрүп, кыздын жүзүнө карадым. Артымда деңиз албууттанат, алдыбызда болсо, теректер бой керип, шуулдашат…
— Эмне эртең? — анын артынан суроосун кайталаган жаным укмуштуу бакыттын көз жашынан үнүм калтырап кеткенин сездим. — Эмне эртең?
Кыз көпкө чейин мага жооп берген жок, андан кийин мага колун сунду, мен болсо кыздын колкабын чечип колдорунан да, аялдын назик жыты жыттанган колкабынан да өпкүлөй баштадым.
— Ооба! – деди кыз жай гана, ошондо мен жылдыздардын жарыгынан анын кубарган жана бактылуу жүзүн көрдүм. – Кыз чагымда бакыт жөнүндө тынымсыз кыялданчумун, бирок мунун баары ушунчалык көңүлсүз жана тажатма болуп чыкты, андыктан, мына бул менин жашоомдогу жападан-жалгыз бактылуу түн чыныгы турмушка коошпой, кылмыштуудай сезилет. Эртең мен бул түндү үрөйүм учуп эскерем, бирок азыр мага баары бир… Мен сени сүйөмүн, — деди ал назик, тынч жана ойлуу гана, кудум өзүнө-өзү айтып жаткансыган түр менен.
Асмандагы сейрек, көгүлжүм жылдыздар үстүбүздөгү булуттардын арасынан жылтылдайт, асман акырындап тунуктана баштады. Эшилме жардагы теректер улам жагымсыз карайып көрүнөт, а деңиз мейкиндиктен барган сайын алыстап бараткансыйт. Кыз мен сүйгөн бийкечтерден мыкты беле, муну билбейм, бирок бул түнү ага теңдеш жок эле. Алдына тизелеп олтуруп көйнөгүнөн өпкөнүмдө, ал көз жашы аралаш акырын күлүп, башымдан кучактады, мен болсо кызга акылдан адашкан суктануу менен тиктедим, ошондо назик жылдыздардын ажайып жарыгында анын кубарган, бактылуу, чарчаңкы жүзү мага өлбөс жүз сыяктуу туюлду.
1901
Которгон: Назгүл Осмонова

______________________________________________

ИВАН БУНИН

Осенью

В гостиной наступило на минуту молчание, и, воспользовавшись этим, она встала с места и как бы мельком взглянула на меня.

– Ну, мне пора, – сказала она с легким вздохом, и у меня дрогнуло сердце от предчувствия какой-то большой радости и тайны между нами.

Я не отходил от нее весь вечер и весь вечер ловил в ее глазах затаенный блеск, рассеянность и едва заметную, но какую-то новую ласковость. Теперь в тоне, каким она как бы с сожалением сказала, что ей пора уходить, мне почудился скрытый смысл, – то, что она знала, что я выйду с нею.

– Вы тоже? – полуутвердительно спросила она. – Значит, вы проводите меня, – прибавила она вскользь и, слегка не выдержав роли, улыбнулась, оглядываясь.

Стройная и гибкая, она легким и привычным движением руки захватила юбку черного платья. И в этой улыбке, в молодом изящном лице, в черных глазах и волосах, даже, казалось, в тонкой нитке жемчуга на шее и блеске брильянтов в серьгах – во всем была застенчивость девушки, которая любит впервые. И пока ее просили передать поклоны ее мужу, а потом помогали ей в прихожей одеваться, я считал секунды, боясь, что кто-нибудь выйдет с нами.

Но вот дверь, из которой на мгновение упала в темный двор полоса света, мягко захлопнулась. Подавляя нервную дрожь и чувствуя во всем теле необычайную легкость, я влил ее руку и заботливо стал сводить с крыльца.

– Вы хорошо видите? – спросила она, глядя под ноги. И в голосе ее опять послышалась поощряющая приветливость.

Я, наступая па лужи и листья, наугад попел ее по двору, мимо обнаженных акаций и уксусных деревьев, которые гулко и упруго, как корабельные снасти, гудели под влажным и сильным ветром южной ноябрьской ночи.

За решетчатыми воротами светился фонарь экипажа. Я взглянул ей в лицо. Не отвечая, она взяла своей маленькой, узкой от перчатки рукой железный прут ворот и без моей помощи откинула половину их в сторону. Поспешно прошла она к экипажу и села в него, так же быстро сел и я рядом с нею…

II

Мы долго не могли сказать ни слова. То, что тайно волновало нас последний месяц, было теперь сказано без слов, и мы молчали только потому, что сказали это слишком ясно и неожиданно. Я прижал ее руку к своим губам и, взволнованный, отвернулся и стал пристально глядеть в сумрачную даль бегущей навстречу нам улицы. Я еще боялся ее, и когда на мой вопрос, – не холодно ли ей, – она только со слабой улыбкой шевельнула губами, не в силах ответить, я понял, что и она боится меня. Но на пожатие руки она ответила благодарно и крепко.

Южный ветер шумел в деревьях на бульварах, колебал пламя редких газовых фонарей на перекрестках и скрипел вывесками над дверями запертых лавок. Иногда какая-нибудь сгорбленная фигура вырастала вместе с своей шаткою тенью под большим качающимся фонарем таверны, но исчезал фонарь за нами – и опять на улице было пусто, и только сырой ветер мягко и непрерывно бил по лицам. Из-под колес брызгами сыпалась в разные стороны грязь, и она, казалось, с интересом следила за ними. Я взглядывал иногда на ее опущенные ресницы и склоненный под шляпой профиль, чувствовал всю ее так близко от себя, слышал тонкий запах ее волос, и меня волновал даже гладкий и нежный мех соболя на ее шее…

Потом мы свернули на широкую, пустую и длинную улицу, казавшуюся бесконечной, миновали старые еврейские ряды и базар, и мостовая сразу оборвалась под нами. От толчка на новом повороте она покачнулась, и я невольно обнял ее. Она взглянула вперед, потом обернулась ко мне. Мы встретились лицом к лицу, в ее глазах не было больше ни страха, ни колебания, – легкая застенчивость сквозила только в напряженной улыбке, – и тогда я, не сознана», что делаю, на мгновение крепко прильнул к ее губам…

III

В темноте мелькали высокие силуэты телеграфных столбов вдоль дороги, – наконец пропали и они, свернули куда-то в сторону и скрылись. Небо, которое над городом было черно и все-таки отделялось от его слабо освещенных улиц, совершенно слилось здесь с землею, и нас окружил ветреный мрак. Я оглянулся назад. Огни города тоже исчезли, – они были рассыпаны точно где-то в темном море, |- a впереди мерцал только один огонек, такой одинокий и отдаленный, точно он был на краю света. То была старая молдавская корчма на большой дороге, и оттуда несло сильным ветром, который путался и торопливо шуршал в иссохших стеблях кукурузы.

– Куда мы едем? – спросила она, сдерживая дрожь в голосе.

Но глаза ее блестели, – наклонившись к ней, я различал их в темноте, – и в них было странное и вместе с тем счастливое выражение.

Ветер торопливо шуршал и бежал, путаясь в кукурузе, лошади быстро неслись ему навстречу. Снова куда-то мы свернули, и ветер сразу изменился, стал влажнее и прохладнее и еще беспокойней заметался вокруг нас.

Я полной грудью вдыхал его. Мне хотелось, чтобы все темное, слепое и непонятное, что было в этой ночи, было еще непонятнее и смелее. Ночь, которая казалась в городе обычной ненастной ночью, была здесь, в поле, совсем иная. В ее темноте и ветре было теперь что-то большое и властное, – и вот наконец послышался сквозь шорох бурьянов какой-то ровный, однообразный, величавый шум.

– Море? – спросила она.

– Море, – сказал я. – Это уже последние дачи.

А в побледневшей темноте, к которой мы пригляделись, вырастали влево от нас огромные и угрюмые силуэты тополей в дачных садах, спускавшихся к морю. Шорох колес и топот копыт по грязи, отдаваясь от садовых оград, на минуту стал явственнее, но скоро их заглушил приближающийся гул деревьев, в которых метался ветер, и шум моря. Промелькнуло несколько наглухо забитых домов, смутно белевших в темноте и казавшихся мертвыми… Потом тополи расступились, и внезапно в пролет между ними пахнуло влажностью, – тем ветром, который прилетает к земле с огромных водяных пространств и кажется их свежим дыханием.

Лошади остановились.

И тотчас же ровный и величавый ропот, в котором чувствовалась огромная тяжесть воды, и беспорядочный гул деревьев в беспокойно дремавших садах стали слышнее, и мы быстро пошли по листьям и лужам, по какой-то высокой аллее, к обрывам.

IV

Море гудело под ними грозно, выделяясь из всех шумов этой тревожной и сонной ночи. Огромное, теряющееся в пространстве, оно лежало глубоко внизу, далеко белея сквозь сумрак бегущими к земле гривами пены. Страшен был и беспорядочный гул старых тополей за оградой сада, мрачным островом выраставшего на скалистом прибрежье. Чувствовалось, что в этом безлюдном месте властно царит теперь ночь поздней осени и старый большой сад, забитый на зиму дом и раскрытые беседки по углам ограды были жутки своей заброшенностью. Одно море гудело ровно, победно и, казалось, все величавее в сознании своей силы. Влажный ветер валил с ног на обрыве, и мы долго не в состоянии были насытиться его мягкой, до глубины души проникающей свежестью. Потом, скользя по мокрым глинистым тропинкам и остаткам деревянных лестниц, мы стали спускаться вниз, к сверкающему пеной прибою. Ступив на гравий, мы тотчас же отскочили в сторону от волны, разбившейся о камни. Высились и гудели черные тополи, а под ними, как бы в ответ им, жадным и бешеным прибоем играло море. Высокие, долетающие до нас волны с грохотом пушечных выстрелов рушились на берег, крутились и сверкали целыми водопадами снежной пены, рыли песок и камни и, убегая назад, увлекали спутанные водоросли, ил и гравий, который гремел и скрежетал в их влажном шуме. И весь воздух был полон тонкой, прохладной пылью, все вокруг дышало вольной свежестью моря. Темнота бледнела, и море уже ясно видно было на далекое пространство.

– И мы одни! – сказала она, закрывая глаза.

V

Мы были одни. Я целовал ее губы, упиваясь их нежностью и влажностью, целовал глаза, которые она подставляли мне, прикрывая их с улыбкой, целовал похолодевшее от морского ветра лицо, а когда она села на камень, стал перед нею на колени, обессиленный радостью.

– А завтра? – говорила она над моей головою.

И я поднимал голову и смотрел ей в лицо. За мною жадно бушевало море, над нами высились и гудели тополи…

– Что завтра? – повторил я ее вопрос и почувствовал, как у меня дрогнул голос от слез непобедимого счастья. – Что завтра?

Она долго не отвечала мне, потом протянула мне руку, и я стал снимать перчатку, целуя и руку и перчатку и наслаждаясь их тонким, женственным запахом.

– Да! – сказала она медленно, и я близко видел в звездном свете ее бледное и счастливое лицо. – Когда я была девушкой, я без конца мечтала о счастье, но все оказалось так скучно и обыденно, что теперь эта, может быть, единственная счастливая ночь в моей жизни кажется мне непохожей на действительность и преступной. Завтра я с ужасом вспомню эту ночь, но теперь мне все равно… Я люблю тебя, – говорила она нежно, тихо и вдумчиво, как бы говоря только для самой себя.

Редкие, голубоватые звезды мелькали между тучами над нами, и небо понемногу расчищалось, и тополи на обрывах чернели резче, и море все более отделялось от далеких горизонтов. Была ли она лучше других, которых я любил, я не знаю, но в эту ночь она была несравненной. И когда я целовал платье на ее коленях, а она тихо смеялась сквозь слезы и обнимала мою голову, я смотрел на нее с восторгом безумия, и в тонком звездном свете ее бледное, счастливое и усталое лицо казалось мне лицом бессмертной.

1901

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.