Назгүл Осмонова: “Селт этемин жазган катың көргөндө…”

  • Поэзия

Назгүл Осмонова: “Сөздөр өлгөн көкүрөктө көөдөндө, селт этемин жазган катың көргөндө…”

 

Буулугуу

Жаз жадырай албай кыйналса,
Бүркөк асман не деп унчугат?
Кыялдарым канат кере албай,
Көөдөнүмдө бир үн тумчугат.

Бактар неге быйыл капалуу,
Бүрүн ачпай үнсүз томсоруп?
Балапандай менде бир сезим,
Барам жанды кыйнап толгонуп…

Ал сезимде бардай баарысы,
Ал сезимде бүтпөс кусалык.
Мейкиндиктер кел деп азгырса,
Кете албастан турам тушалып…

Кетээр элем ушул жактардан,
Кетээр элем түк да ойлонбой.
Болбосо эгер ушул кусалык,
Болбосо ойлор менде толгонгон.

Жаз жадырай албай кыйналса,
Тургансыймын мен да тушалып.
Белгисизге дайым азгырган,
Бүтпөсүнчү ушул кусалык…

 

***
Унутсам дедим, унутсам дедим бардыгын,
Унутсам дедим убайым дүйнө тардыгын.
Ар дайым ойго биринчи болуп келесиң,
Аңтарсам кээде ойлордун алтын сандыгын.

Эсимден кетпес эчен жыл сызып өтсө да,
Сен элең менин эч кимге айтпас жан сырым.
Жүрөктө алтын тамгалар менен жазылып,
Маңдайга бирок жазылбай калган тагдырым…

 

***
Өттү жылдар, өзөк өрттөп,
Максаттарга жеткирбей.
Анда деле аруу тилек,
Көкүрөктө эскирбей…

Майыштырып тагдыр сынайт,
Мүнөт сайын эркимди.
Эсеп жеткис кыялдарым,
Ушул жолдо мертинди.

Жашап келем ыр дүйнөдө,
Үмүт үзбөй бир күндөн.
Жетиш үчүн ошол күнгө,
Аман чыгам миң түндөн…

 

***
Кайра бороон, кайра мына дүрбөлөң,
Жан дүйнөмдө мүнөткө тынч жүрбөгөн.
Кетким келип белгисизге, алыска,
Эски жолду чанып улам күймөлөм.

Баскан жолум маанисиздей көрүнүп,
Жашоом болсо дал-далынан бөлүнүп
Турган болсо, демек күтөт жаңылык,
Демек, ырлар келет али төгүлүп.

Артыбызда ырас эски жол калсын,
Алдыбызда жаңы максат ыргалсын.
Асылдыгы, аруулугу ааламдын,
Кагазда эмес, көкүрөктө ырдалсын…

 

***
Салкын тартып муздап барат сезимдер,
Кыялдарым сен тарапка агылбай.
Билбейм качан мөңгү сымал муздадым,
Жашайм эми таарынбай да, сагынбай.

Жаз да келди жашыл баркыт жамынып,
Булактардын көзү ачылып шыңгырайт.
Мен да жашайм өзгөрүүгө камынып,
Бирде ырдап, бирде үнсүз тунжурап.

Асман бербей жымыңдаса жылдыздар,
Жүрөк толкуп карайм аны тим гана.
Үнсүздүккө чөгүп кеткен дүйнөмдү,
Өзгөртө алар сенин сүйүүң бир гана.

Ушул жаздан эңсегеним көп чыгаар,
Ушул жаздан каалаганым жакшылык.
Жан дүйнөсү меникине окшогон,
Асыл жанды калсам экен жактырып…

 

***
Сур булут каптап асманды,
Талааны туман басканбы?
Күндөрүм өтүп бир өңчөй,
Кыялдар алыс качканбы?

Сары түс болуп сүйгөнүм,
Санаасыз шаңдуу күлгөнүм.
Сүйчү элем ушул калааны,
Асманын, сансыз гүлдөрүн.

Ойлосом оюм мунарык,
Көрүнбөй максат тунарып.
Чыйрыктым неге жаз күнү,
Чаалыгып денем чыңалып.

Жыялбай же бир өңүрүн,
Ардактай албай көңүлүн.
Эңсеген ойго жете албай,
Эх, кыска адам өмүрү…

 

***
Эмне мынча өрттөнгөнсүйт,
Июлдун бул асманы.
Карайтты го жүрөгүмдү,
Сагынычтын тактары.

Унутууну чечтим чыны…
Көздөрүңдү муңайым.
Акыркы ирет ошентсе да,
Актанууңду угайын.

Жолдор кайчы, жолдор туман,
Ал жолдо жок биригүү.
Коштогонсуп айрылууну,
Асманда ай илинүү.

Эмне мынча алоолонот,
Июлдун бул асманы?
Эми мага маанисиздей,
Күндүн чыгып-батканы…

 

***
Баасы кымбат ушул өмүрдөн,
Анык дечи бир күн кетерим.
Жетегинде куру кыялдын,
Жыя албадым тирлик этегин.

Ак кайыңдар орус мейкинин,
Ээлеп өсөт кайгым туйбастан.
Шуудуруңар жаным алдейлеп,
Араладым улам кыйбастан…

Талыкшытып тирлик түйшүгү,
Таба албадым мезгил эсебин.
Көркүңөрдөн көздү талдырган,
Көп эргиген чыгар Есенин.

Жолум түшүп орус жерине,
Кыдырамын кооз жерлерин.
Толукшуган тунук асманың,
Жибиткенсийт көңүл черлерин.

Асман көздүү кызың ажарлуу,
Буудай ыраң кербез уланың.
Ахматова жазган баяндап,
Кылым үнүн сенден угамын.

Болсо болгон чыгаар бактылуу,
Жашап өткөн сенде акындар.
Алар эми сенин жүрөгүң,
Алар эми бүтпөс закымдар…

 

Сибирь ыргактары

Жол ыргагы асте алдейлеп,
Мемиреймин көзүм жумулуу.
Саамай чачым желге желбиреп,
Суктандырат асман тунугу.

Чеги жоктой кенен мейкиниң,
Сибирь жери жайда кулпунган.
Кучагыма кысып гүлдөрүң,
Сүйгүм келди назик ууртуңдан.

Билем, билем кышың ызгаарлуу,
Аябаган жансыз, жандууну.
А мен келдим сага кышта эмес,
Эркелеткен жайда таң нуру.

Көрсөм дегем талаа, токоюң,
Көрдүм мына жүрөк толкундап.
Көркөмүңдү сенин арттырган,
Кайыңдарың мынча солкулдак.

Жай болсо да салкын шапата,
Жүрүп баары гүлдөп жашарат.
Табигаттын ушул көркүнөн,
Көңүлүм да сергип тазарат.

Издер калат… издер өчпөстөй,
Эгер түшсө дагы жол ошо
Келээримди эми билемин,
Боройлогон кышта борошо.

Сезиш үчүн ызгаар илебин,
Келээримди кышта билемин…

 

***
Жылдагыдай эргүү берип төгүлбөй,
Быйыл кыштын кары сейрек, суугу мол.
Тагдырымдан сенин изиң көрүнбөй,
Баары туман… жалгыз аяк күтөт жол.

Жарым сүйүү, жарым көңүл, жан жарым,
Кудайга да айткым келбейт өтүнүч.
Сен деп күйгөн мүнөттөрүм тарыхтыр,
Сен бар ырлар эми мага өкүнүч…

 

Эски жыл, эски маанайлар…

Ай толгон ушул дүйнөнү,
Сүйдүмбү, жокпу? Ким билет.
Сирендей күздө гүлдөгөн,
Маалынан же кеч бүрдөдүм…
Жүзүмдү сылап шамалың,
Жыттадым жыпар гүлдөрүң.

Кайрылбас ушул өмүрдө,
Кайгылар көппү? Ким билет.
Канаттуу ушул жүрөгүм,
Аз күлүп… көп, көп үшкүрөт.
Кыялдар неге чарчашып,
Үмүттөр неге эскирет?

Ай толгон Бишкек асманын,
Сүйдүмбү, жокпу? Ким билет.
Жай билбес жалын жүрөгүм,
Оо, качан деги тим жүрөт?!..

 

Аптаптагы кусалык

Буюккан бул дүйнөгө,
Буулуккан жан дүйнөмдүн кереги не?
Тымызын ичтен жеген кусалыктын,
Табалбай койдум деги – себеби не?
Жанымды дирилдеткен жалгыздыгым,
Жашоонун маңызын таап береби же?..

 

Махабат тумары

Cөздөр өлгөн көкүрөктө, көөдөндө,
Аралыктар махабатты муздатып.
Селт этемин жазган катың көргөндө,
Түркүн ойлор жүрөгүмдү сыздатып.

Деңиз болсоң толкундарың шарпылдап,
Кучагына албай калды ынагым.
Көр тирилик көйгөйүндө салкындап,
Жоготтукпу махабаттын тумарын?

Сөздөр өлгөн көкүрөктө, көөдөндө,
Селт этемин жазган катың көргөндө…

 

***
Табигат ыйлап күн бою,
Көзүнүн жашын тыйбады.
Күтүүдөн бүткөн эзилип,
Кайгымды менин туйбады.

Ачкандай жаңы ааламды,
Сезимдер толкуп-туйлады.
Күлдүрүп, бирде өкүнтүп,
Кырктагы сүйүү кыйнады.

Сабыры анын суз белем,
Кырктагы сүйүү күз белем.
Шыбырын угам калтырай,
“Үмүтүң андан үз!” деген…

 

Сагыныч

Аптап сылайт аста жүзүмдөн,
Кабагыма карап эркелеп.
Мөмө сымал жаңы үзүлгөн,
Оштун таңы мөлтүр, керемет.

Сагынганмын талаа-түзүңдү,
Кыялымда жүргөм бөпөлөп.
Кусалыктын жашы үзүлдү,
Гүлдөн гүлгө консо көпөлөк.

Жолдор жатат менин санаамдай,
Чексиздикке бүтпөс таралып.
Жомоктогу кооз аралдай,
Сенде калды кайтпас балалык.

Асман таза, кир жок булуттай,
Талаа күтөт сүйгөн шамалын.
Асылымдын жүргөн унутпай,
Көрсөм дедим кайра жамалын.

Сенде таанып акты-караны,
Сени менен дүйнөм байыды.
Аман болгун кайтып келгенче,
Ардактаган асыл айылым.

***
Кусалыкпы бүгүн күтпөгөн,
Неге мынча көңүл жанчылат?
Түйшүгүндө күндүн бүтпөгөн,
Өмүр өтөт атын камчылап.

Чети оюлбай асыл максаттын,
Бошко кетет асыл мүнөттөр.
Булбул сымал тилим так катты,
Көкүрөктө таттуу тилектер.

Чеги барбы жолдун азгырган,
Ойлор кайда, кимге умтулат?
Мен канчалык батсам кайгыга,
Ошончолук жашоо кулпурат…

 

Жалгыздык аралы

Кол жеткис, ой жеткис көрүнгөн,
Сен үчүн кут элем төгүлгөн.
Бардыгым, барлыгым сага арнап,
Сен үчүн өздөрдөн бөлүнгөм.

Сезимди эң алгач билдирип,
Өзүңдү алганмын сүйдүрүп.
Толкундай толкуган ал адам,
Кетээрин билбепмин күйдүрүп.

Сөзүңдөн кумарлуу, кусалуу,
Айыккам оорумдан дары ичпей.
Эх, өксүп турганым карачы,
Күз келип күбүлгөн бариктей.

Акылман ойлор көп элимде,
Сүйбө дейт адамды бүлөлүү.
Сезимим акылга баш ийбес,
Анда эле мен өзүм күнөөлүү.

Ажайып сезилген мүнөзүң,
Сүйөм деп айтканмын жарыя.
Алыстан сезилген деңиздей,
Экенсиң таштак бир дарыя…

А бирок азгырат ар качан,
Ой баскан жалгыздык аралы.
Жылдыздай кошулбас, бирикпес,
Жат элек, жат бойдон калалы…

Осмонова Назгүл 1972-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда төрөлгөн. 1995-жылы И. Арабаев атындагы педагогикалык университеттин филология факультетин бүтүргөн. “Обон”, “Де-Факто”, “Мекен-инфо”, “Багыт”, “Сериал” гезиттеринде башкы редактор, жооптуу редактор, журналист, Эл аралык “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясында редактор болуп эмгектенген. “Күн түнөгөн жүрөк”, “Жетим көпөлөк”, “Чаалыккан кыялдар”, “Каркыра-Мезгил” ыр жыйнактарынын автору. Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты, “Ала-Тоо-97” жаш жазуучулардын адабий фестивалынын Баш байгесинин ээси. Жусуп Абдрахмановдун “1916. Күндөлүктөр. Сталинге каттар” китебин орус тилинен эне тилге которгон. КР “Маданиятынын мыктысы”.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.