Адабий сынак 34 Эссе

34

Тайэне

(Эссе)

– Тайэне! Жүрүңүз көчөгө чыгып аба жутуп келебиз. Жетелешип шаарды айланабыз! Жаштыгыңызды эстейсиз .
80ге таяп калган, мээримдүү, акылман, жүзүндө, арык, ичке колдорундагы бырыштары өзүнө көрк гана кошуп тургансыган, мен үчүн эң эле сулуу тайэнемди көчөгө чыгарып, сейилдетип, шаарыбызды көрсөтүп мактанайын дедим. Чынында өзүм көчөгө чыккым келген эле, бала кездеги апам менен жетелешип жүргөндөгү, “кой” дегенине болбой конокко ээрчип барып, момпосуйга тойгондогу таттуу сезимдерге бөлөнүп, тайэнеме бир эркелегим келди.
– Тайэне болуңуз эми..? Сандыгыңызды ачалыбы? Кайсы көйнөгүңүздү алып берейин, гүлдүү жоолугуңузду салынасызбы?
– Койчу тамашаңды, темтеңдетип мени эмне кыласың, чыккың келсе өзүң чыгып кел, коркуп карышкыр жеп кетет десең досторуңду чакырып ал. Тайэнем кайра мени тамашалап чымчып койду.
– Жоок, сиз менен барам, болбосо таарынам. Тултуюп, таарынымыш болуп койдум. Ыйлагым келип кетти.
– Оо чунак кыз! Ээленип алган тура, бас эми чыкса чыгалы.
– Тайэнем менин!!!
Сүйүнүп кеттим. Тайэнем 80ге чыгайын деп калганы менен баскан-турганы тың эле. Кудум айылдагы чоң тойго баруучудай эле жасанып алып көчөгө чыктык.
– Тайэне автобуска түшөлүбү же маршруткабы?.
– Сен түшүргөнгө түшө берем кызым.
Маршрутка түштүк, адеми баркут көйнөк кийип, гүлдүү аппакай жоолук салынган тайэнем өзүнө орун бошотуп берген жигитти алкап коё берди:
– Өмүрлүү бол садагаң кетейин, эч нерседен кем болбо, мени сыйласаң сени Кудайым сыйласын! Бактың ачылсын. Бата алып жүргөн жакшы болот айланайын…
Сыймыктандым! Бул менин тайэнем.! Бул мен өткөндө орун бошотуп берсем, жөөлөп келип отуруп алган эже эмес. Эстеп алып орун бошотуп бергенимди милдет кылып атканыма уялып кеттим. Бирок мен дагы тиги жигитке окшоп алкоо, бата алсам сүйүнүп ал эжени жакшы көрүп калмакмын да… Балпайган карааныңдан кагылып кетейиним тайэнем! Баарыбызга жалынып өмүрүбүздү тилеп турган турган асылым! Азыр да адатынча кобуранып баарыбызды алкап заманыбыздын тынчтыгын тилеп кетип бара жатат. Тайэнемдин сөздөрүн баятан бери көз албай улам-улам карап келе жаткан үчүнбү мен эле уктум, мен эле кулак салдым. Маршруттун ичине бир сыйра көз чаптырдым. Жаш-кары дебей баарыбыздын колубузда телефон, кулактарыбызда наушник, анысы аз келгенсип айдоочу да чет өлкөнүн ырларын кыйкыртып коюптур. Ар ким өзү менен өзү. Түшүп баратып эле жөөлөшүп кетип бири-бирин байкабаса дээрлик кишини-киши карабайт. Тээ бир кезде гана тайэнем:
– Аа катыгүн, азыркы жаштарга караганда менин көзүм жакшы көрүп, кулагым жакшы угат турбайбы… – деп улутунуп койгонун, ошол сейилибизди, ошондогу тайэнемдин үйгө маанайы чөгүп келгени баарын эстеп жүрөгүм тилинип, жашым токтобой атты. Ошондо менин көңүлүмдү кыйбай барып, өз көңүлүн түшүрүп келген тура жарыктык…
Эмнегедир таң эртеден эсиме түштүңүз Тайэне! Сизге куран окудум. Батаңыздан куру калып, алкооңузду албай калганыбызга бир жылдан ашты. Сагынам, гүлдүү жоолугуңузду жыттап-жыттап алам…
Апамчы?! Апамдын сагынычычы?.. Карап отуруп боорум ооруп кетти, маанайы суз. Жашоодогу эң кымбат адамдары жок, таятам жок, тайэне эми сиз дагы жоксуз. Апам элүүдөн ашса деле ата-эне мээримине муктаж, дагы деле жаш баладай эркелегиси келсе керек, ал сизди менден ашык сагынды Тайэне!…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.