Жыргалбек Касаболот: Кыргыз жана Дүйнө

Жыргалбек Касаболот

Кыргыз жана Дүйнө

Капкара, боеп койгон туяк сындуу,
Кадимки бирөө жолду сурап турду.
Түшүнбөй англисче жообун берсем
Түш жоруп түркчө сүйлөп уят кылды.

Көрбөпмүн он чакты жыл мурун дагы.
Көзүмө кадимкидей урунганы –
Көөнөргөн көчөсүндө Стамбулдун
Көбөйдү Африканын кулундары.

Бирөөсүн Сириядан балаа басып,
Бирөөсү жумуш издеп санаа басып,
Бүлүнгөн дубалдардан чыгып келип
Бүт дүйнө бараткансыйт аралашып.

Ал ырас, ашыла элек белесим көп.
Антсе да жанга сүйкүм элесим көп.
Күлмүңдөп өз неберем телефондон
Күн алыс сурайт «Качан келесиң?» деп.

Бишкекте түнкү шамдар күйүп турган,
Бул жакта Күн жаркырап тийип турган
Жеткирет үч сааттын айырмасын,
Жер-эне, баарыбызга ийип турган.

Ортодо нечен дайра, нечен бөксө
Ошончо аралыкты бекер бөлсө –
Жем чачып баарыбызды багып жаткан
Жер шары кичинекей экен, көрсө…

Кан агып суу ордуна көлкүлдөгөн,
Канча эл бар бирин бири өлтүрбөгөн?
Кубалап Күндү айланган топтой жашоо
Кудайдын көз жашы экен, мөлтүлдөгөн.

Толкуну жээкке урунуп шарпылдаган,
Тоолору көктү мелжийт, салкындаган.
Жарык Күн, Жараткандын тегиз тийген
Жайдары күлкүсү экен, жаркылдаган.

Ташпызбы, этпизби же темирбизби –
Тартуулап жаркын жазды, коңур күздү,
Бошотуп жумурткадан балапандай
Бооруна кысып турат Теңир бизди.

Антсе да жер көрүнбөс жайыктабыз –
Алдында табияттын айыптабыз.
Баарылап чычкан болуп теше берип
Баарыбыз түбү жыртык кайыктабыз.

Таба албай тайыз жерин, терең жерин,
Талашып келатабыз белендерин.
Аргасыз эстейм анан кыргызымдын
Алкаса «Айланайын!» деген кебин.

Жамы журт жаш балдарды көптүрчү эмес.
Жаман сөз айтып бирөөн сөктүрчү эмес.
Кишилер кирип турган дайрага да
Кир жууган саркындысын төктүрчү эмес.

Калайык эстүүлөрүн уга алчу эле.
Карылар дөңгө чыгып куралчу эле.
«Ай балдар, уусу болот жердин буусу
Алтынын казбагын!» деп суранчу эле.

Кийикти төл маалында аттырчу эмес,
Кишинин сараңдыгын жактырчу эмес.
Баарылап жардысына жардам берип,
Базарга тамак-ашын саттырчу эмес.

Ал анан эрен кыргыз, берен кыргыз,
Ар кимге аш-тамагы белен кыргыз,
Талаага жетип калган дайра болуп
Тартылды, ошондогу кенен кыргыз.

Колунда калгандарын берип кетти,
Комуздун күүсү кылып терип кетти,
Эзелки эл-журтунун арыз-муңун
Элмирбек ырдап жүрүп эрип кетти.

Кут качып, пенделерден кайыр кетти.
Кубалап калдык азыр, айың кепти.
Акыркы мөңгүлөрдү аяп жүрүп
Арадан Ажыматов Зайыр кетти.

Каңгысак – кайрат толгон каруудабыз.
Карысак – айылдарда багуудабыз.
Тоолордун көз жашындай таарынычтуу
Топурап туш тарапка агуудабыз.

Сынса да далайлары канаттардын,
Сыры бар, ушул агып бараткандын.
Турмушта биз урунган аска-зоолор
Туюлат, сыноосундай Жараткандын.

Чочуркап жүгүнгүдөй келин белек?
Чоң жолдо жүрөт бүгүн элим, демек.
Жерибей баарыбызды багып жаткан
Жер бетин «Айланайын!» дегим келет.

Кыргыздар бир максатта жаралды да?
Кыйырга бир ой менен таралды да?
Теңирдин табышмагын жандыра албай
Темселеп жооп издейм караңгыда…

(09/03/2021)

 

Эгемендик

Эсенби, өлкөм, эчен түркүн эл кирген,
Эски үйдөгү энем болуп телмирген?
Эгемендик баш бакканда курч элем,
Эми мына элүү жашка келдим мен.

Азаттыгың бааланабы акыры?
Ардакталып ак ордоңдун чатыры,
Азыр мына болгон-бүткөн абалың
Аянтыңда көздөн чууруп жатыры:

Чоң дүйнөдөн артып калган кешиктер,
Чоңдоруңа айгак болгон тешиктер,
Чогулта албай жер бетинен өз элин
Чоочундарга кең ачылган эшиктер,

Баскынчыга ок атпаган танкалар,
Байкалбастан тарып жаткан карталар,
Талаш-чырда чындык үчүн күрөшпөй
Таазим кылып жетип барган маңкалар,

Акыбалың билип алган өнөктөр,
Акылыңа кирип алган бөлөктөр,
Өйдө умтулсаң кагылбаган канаттар,
Өз тилиңде сүйлөтпөгөн себептер…

Үйлөп жатып тутандырган үмүттөр,
Үч бийликти кууп түшкөн жигиттер,
Ордоңду ээлеп ордун тапкан сүлүктөр,
Отуз жылда ташыркаган күлүктөр,

Ачылбастан актай калган барактар,
Азырынча алынбаган сабактар,
Таш жолуңду тазаласам деп жүрүп
Талаа-түздө талыкшыган канаттар…

Өткөн өмүр, жаштыгымдын бир деми,
Өзүңө тең балдарымдын күлгөнү,
Тентисек да терип сактап келаткан
Теңирдин да болсо керек билгени.

Карегиңде – жакшысы да, жаманы,
Кара жериң, калктын баскан таманы.
Кылымдардан сүзүлсө да үзүлбөй
Кыргыз жеткен азыркынын заманы.

Бир тамчыдан кызматыбыз өтөлүү,
Бийиктиктин мыйзамы экен көшөрүү,
Кадырыңа жетпесек да, жетсек да
Кайран баштар кан жолуңда төшөлүү.

(31/08/2021)

 

«Ак кеме»

Аралашып агыбыз да, карабыз,
Аккан сууда чабак уруп барабыз.
Атпай кыргыз – ар кай жактан жол издеп
Ак кемесин эңсеп жүргөн Балабыз.

Кымгуут кылып касың менен досуңду,
Кыялдардан башка дүйнө тосулду.
Абалкыдан ала келген салмакка
Азыркынын жаңы жүгү кошулду.

Жакыныбыз алыс кетип бүтүндөй,
Жарык тартат жаш баланын түшүндөй.
Молдо чалыш кара сакал жаңы муун
Момун чалдын жомокторун түшүнбөй.

Отурушат, улуулукту «эски» деп,
Орозкулдар өз алганын тепкилеп,
Бугубайдын тукумдары мас болуп
Бугулардын мүйүздөрүн кескилеп.

Жомок деле чындык болуп келсе эгер,
Жок нерседен барды жасап берсе эгер –
Биз эңсеген, биз сагынган, биз күткөн
Биригеби, бизге баалуу нерселер?

Кулубектер кучак жайып тособу?
Куу турмуштун кусалыгы ошобу?
Балык болуп сүзүп жетсек, капитан
Баласынтпай катарына кошобу?

Ак кемеде жүрсө керек атабыз,
Алыс жактан күтсө керек апабыз.
Аруулукту издеп чыккан Баладай
Агын сууну беттеп бара жатабыз…

(25/08/21)

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.