Адабий сынак 36 Ыр

36

Ызгаарлуу аяз дүйнөң…Эмнеге мынча сүйөм? 

Коштогула

Буулуккан сезимдерди,
Булуттар тоспогула.
Бар сырын төгүп алсын,
Бүлүнтпөй коштогула.

Жаркыган маанай берип,
Жамгырлар жандагыла.
Жан достой коштоп келип,
Жанынан калбагыла.

Көк түтүн бүркүп турган,
Көөдөнүн жарбагыла.
Көзүндө муңун айдап,
Көңүлүн арбагыла.

Шамал, сен уйпалаба,
Ойлору аксайт жүдөп.
Чагылган, куйкалаба,
Ансыз да турат түтөп.

Түн, сен да шашылбачы,
Кусасын ашырбачы.
Кургатып алсын бүгүн,
Жүрөктөн аккан жашын.

Жылдызы айды минип,
Келгенде жаркып күлүп.
Ырына мончок тагып,
Ырында калсын сүйүп….

Булуттар коштогула…

 

Сагынганда….

Мен сени сагынганда,
Абаңа, тоолоруңа зарылганда.
Көөдөндү кусалыгым кысмакка алып,
Чагылган өрттөп көңүл жарылганда…

Мекеним карайм сенин сүрөтүңө,
Карааның дары алсыз мүнөтүмдө.
Көр тирлик тушап алып жетпей калсам,
Уулумду, колдо Мекен, түнөгүңдө.

Тамырын соолутпастан жайылта көр,
Булагын өзүңдө эркин агылта көр.
Ырысын сенден жыйсын Ата Журтум,
Кар кылбай, бактысына малынта көр.

Сабырым кээде кетет эзип жанды,
Ала Тоом өзүңдү эңсеп сагынганда.
Турмуштун агымына каршы сүзүп,
Бараармын көкүрөктө жаным барда…

Сагынып жүрүп …бирок жетпей калсам,
Насип кыл турпагыңды жамынганга…

 

Эмнеге?

Жакынсың, бирок алыс,
Эч кимге окшобогон.
«Мээримиң» мөңгү сымал,
Кылымга козголбогон.

Муз деймин… бирок күйөм,
Жалынсыз …куйкаланып,
Сен деймин – менин дүйнөм,
Сезимдер уйпаланып…

Жоголуп, бар болосуң,
Жан дүйнөң – дареги жок.
Жааса да сезимде кар,
Башканын кереги жок.

Үйрөттүң аяганды,
Бирөөнү таяганды…
Жашоодо кылдыратып,
Сүйрөштү арабамды…

А бирок үйрөтпөдүң…
Өзүңдү унутууну…
Жашоомдо барсың…жоксуң…
Өзөктө улутунуу….

Мен неге музду сүйөм,
Ак карлуу кышты сүйөм?
Мөңгүгө гүл бастырган,
Ызгаарлуу аяз дүйнөң…

Эмнеге, мынча сүйөм?

 

Аял дедиң…

Аял – дедиң, мезгилге баш ийбеген,
Тирүүлүктүн ызгаар – суугу тийбеген.
Аял – дедиң, арман конбой жүзүнө,
Азабына тириликтин күйбөгөн…

Аял – дедиң, барагында жылдардын,
Жапжаш болуп сулуулугу сакталган.
Аял – дедиң, жаштык кезин жоготпой,
Назик колдо тоту куштай тапталган…

Дагы айттың көп сөздөрдү тамшанып,
Айланаңда бир да аялды көрбөстөн.
Азабымдан, армандардан чыйралып,
Көз жашымды ичтен төккөн, билбестен…

Балким сенин билбегениң жакшыдыр,
Кезигүү жок экинчи ирет тагдырда.
Мен сен үчүн бири болуп жакшынын,
Мен сен үчүн калам бир күн унутта…

Издер калып сен окубас ырларда…

 

Мени сүйгүн

Сен менден күтпө жаным башкалардай,
Ээси жок…өрттөн күчтүү ырларымды.
Алардын саптарына катып койгом,
Издөөдөн түңүлбөгөн жылдарымды.

Сен менден ырдагыдай сүйүү күтпө,
Зарыгуу, куса, самоо мүлжүп бүткөн.
Алып кет мени ошол күндөрүмдөн,
Үшүтпөй ызгаарына тирүүлүктүн.

Издебе ырдан нурдуу карегимди,
Шүүдүрүм кирпигиме конуп алган .
Издебе ырдан таппас дарегимди,
Адашып мен өзүм да таппай калгам.

Жөн гана аяр таяп билегимден,
Алып кет өз дүйнөңө ырдан бөлүп,
Бактылуу аял болчу тилегиме,
Жетейин көздөрүңдөн өзүм көрүп.

…Сен сүйсөң ырым сүйбөй, мени сүйгүн,
Жүрөгүм калган анда жараланган.
Мен тоңсом кошо тоңуп, бирге күйгүн,
Ошондо «жалгыздыктан» тазаланам.

…Тазалап муң каптаган сырларымды,
Кишенин үзүп сенсиз жылдарымдын.
Шыбырап кулагыңа бакыт ырын,
Бир сага арнап мээрим, жыргалымды.

Багытын буруп бакыт өргөөсүнө,
Чогултуп аксап жүргөн ыр сабымдын.
Дарегим жүрөгүңө орносун ээ?
Издебей мени ээси жок ырларымдан.

 

Толгонуу

Тагдырымды ийиниме көтөрүп,
Кеткен элем бейтааныш бир калаага.
Ата – энем көз жумганда кеч калып…
Тууган жерди таппай калдым, бараарга…

Эки колдо кармап турган ааламым,
Түшпөйт дегем жазылгандай энчиме.
Ата журтту, тууган жерди, ааламды,
Ата – энемдин көздөрүнөн көрчү элем…

Жашаганым бөтөн калаа, чоочун эл,
Өзүм чоочун мекениме барганда.
Бала кезде чаң ызгыта ойногон,
Жолдор дагы мага сыртын салганда…

Таарынбадым…кууган эмес мени эч ким,
Адашканмын көп сыяктуу өзүмдөн…
Мен кетээрде төрө элек …билген ким?
Жаштар азыр ээлик кылып көчөмдө…

Тагдыр – шамал…жер кездирип камгактай,
Өгөйлөгөн өзөк өрттөп эченди…
Көз жумганда көмүүгө жай тандатпай…
Тууган жерге батпай калаар бекенбиз?

ϴз элине чоочун болуп мигранттар,
Мээрим көрбөй өсүп жаткан балдарга.
ϴгөй болуп, өкүнүчтүү көз жаштар…
Төгүлгөндө таппай жүздү катаарга..

«Чоочун» бойдон бул өмүрдөн өтөөрбүз…

 

Кызгануу

Бопбош калган
жан дүйнөдөн сактасын.
Эргүү мени
өгөйсүнтүп качпасын.
Жаңылуудан
Жабырлансам кээ бирде,
жакын досум
сырым жатка ачпасын.

Кубанычым
күндөрүмдөн өчпөсүн.
Күлкүм күздүн
туманына чөкпөсүн.
Кадырымды барктап
тураар асылым,
Көңүл сынып,
башка аялга көчпөсүн.

Кызганычым
сага деген кетпесин.
Көзүн арткан
кыздар сага жетпесин.
Ууртуңдагы уячаңды
тамшанып,
Менден башка
бир да аял өппөсүн…

Биздин сүйүү,
түбөлүккө өчпөсүн…

 

Чындыгым көзүмдө эмес

Издебе чындыгымды,
Ал менин көзүмдө эмес,
Ал тургай намыстана
Сүйлөгөн сөзүмдө эмес.

Издебе чындыгымды,
-телмирбе, жүзүмдө эмес.
Жаз, жай, кыш жана дагы,
Мен сүйгөн күзүмдө эмес.

…Чындыгым ырларымда,
Унчукпай ыйлап турган.
Көөдөнү көр болгонго,
Таптырбай кыйнап турган.

Чындыгым жүрөгүмдө,
Жашартып согуп турган.
Ырлардан жашыл килем,
Жайкалта токуп турган.

…Издебе карегимден,
Искебе илебимден.
Көрүнгүс катып коюп,
Ыр жандап жүрөмүн мен.

 

Сенсиз жашоо

Сенсиз жашоо күн жарыгы өчкөндөй,
Сенсиз жашоо асман жашын төккөндөй.
Сенсиз жашоо кызыгы жок туңгуюк,
Арман менен жаш өмүрүм өткөндөй.

Сенсиз жашоо таңдай катып, үн бүтүп,
Суусуз чөлдө жалгыз тентип калгандай.
Сенсиз жашоо өмүр бүтүп, күн бүтүп,
Тагдыр мени караңгы орго салгандай.

…Таптым сени кайра ажыроо үчүнбү?
Көз жашыма чыгарамын күчүмдү.
Неге экөөбүз жолугуштук арманым,
Түзө албасак сүйүшкөн бир бүтүндү.

Жүрөгүмдү ээлеп менин, кул кылып,
Сүйүү менин отко салды башымды.
Көк асманым булут каптап, түнөртүп,
Сездиңби сен нөшөрлөгөн жашымды?

Эч ким сени сүйө албастыр менчелик,
Эч ким сени өбө албастыр менче эрип.
Эч ким сени тиктебестир кумарлуу,
Илебинен магдыраган жан эрип.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.