Адабий сынак 42 Ыр

42

ТӨКЧҮ, ЖАМГЫР!

(2021-жылдын 30-апрелинде кыргыз-таджик чек арасында
чыккан куралдуу кагылышуу баарыбызды кайгыга салды.
Анын эртеси 1-май күнү эртең менен себелеп жамгыр жаады.)

Асмандын көз жашы,
Ааламдын жамгыры,
Төгө бер, дагы төккүн,
Тосолу жүрөктөрдү тазалансын,
Кайгы-муңдан, көз жаш, ыйдан,
Кандан, үмүтсүздүк, жек көрүүдөн,
Азаптардан, каргыш, чырдан!

Канча асылдар кетти-кетти жер алдына,
Канча үмүттөр көмүлдү караңгыга.
Гүл өмүрлөр айланды күл өмүргө,
Канча тагдыр кептелди туңгуюкка.

Оо жамгыр төккүн дагы!
Ошол мылтык кундагына кирип баргын,
карышып атпай калсын,
уу огун чачпай калсын.
Оо жамгыр төккүн дагы!
Жер эзилип, баткак болуп,
өлтүрөм деген буттар,
баспай калсын!

Оо, жамгыр дагы төккүн!
Көз жаш төккөн ата жүзүн,
Күйүт тапкан апа жүзүн,
Мөңкүрөгөн жубай жүзүн,
Чыркыраган бир туугандын,
Асманы кулаган уул-кыздын,
Жүзүн сыла, кошо ыйла,
Кошо ыйла!

Оо, жамгыр дагы төккүн!
Ниеттер агаргыча,
Ыймандар тазаргыча.
Кан аккан жүрөктөрдө,
Сүйүүлөр жаралгыча!

Оо жамгыр дагы төккүн!
Кара түтүн тарагыча,
Караңгылык кирип жерге,
Тилектер бүчүр байлап,
Үмүттөр жаралгыча!

Оо, жамгыр, дагы төккүн,
Тосолу жүрөктөрдү тазалансын!
Дагы төккүн,
Жүрөктөр тазалансын!

 

АТА-ЭНЕМ

Агын суу болсом, ак мөңгүсүңөр,
Мен булак болсом башатымсыңар.
Алдыга карап багытым билер,
Алтын-Казык жылдызым силер.

Мен дарак болсом көктү тиреген,
Тереңге кеткен тамырым силер.
Бар үчүн силер ата-бабамдан,
Күч-кубат алып көктөп турам мен.

Жашоомду менин менден көп барктап,
Өмүрүм менин менден көп сактап.
Ата-энем менин колдоочу-пирим,
Ата-энем менин кемибес сүйүүм.

 

КАГЫЛАЙЫН, ӨКҮНБӨ

Өкүнбөчү, кагылайын, өкүнбө,
Карагаттай каректериң өчүрбө.
Бул дүйнөнүн касырети жалганбы?
Толо электе өмүр-көлү төгүлбө.

Өкүнбөчү, азирет жан, өкүнбө,
Жанып турган шам чырагың өчүрбө.
Бул жашоонун сынагы көп жакшыдан,
Жан-дүйнөңдү жабырткатпа, сөгүлбө.

Өкүнбөчү кадырлуу жан кайраттан,
Куру жалак болсом дагы айбаттан.
Өмүр суумдан бергим келет бөлүшүп,
Жашооң болсун күндөй жарык, жай баткан.

Өкүнбөчү, өткөн күндөр өкүнтөөр,
Каталыктар, ишке ашпаган тилектер.
Жашоо чиркин миң жеринен сөгүлүп,
Турса дагы жүрөгүңө үмүт бер!
Ага болбой кыялыңа үмүт бер!

 

КАТ КҮТТҮМ

Кар дагы майдалап жаайт эми,
Кусага кусалык кошулат.
Алыстан катка жооп келбеди,
Күндөр не мынча узак созулат?

Каргалар каркылдайт ар жерде,
Же алар кетпеди короомдон.
Катка жооп жазбады ал неге?
Же мага жетпеди бороондон.

ЖОЛУКПАЙ КЕТТИҢ

«Айламды таппай калбайын ыйлап солуктай,
Кош айтып коюп кетпечи, – дедим, – жолукпай.»
Зарыктырып алыстан араң келгенде ,
Турамын кантип жолугам дебей, болуп жай.

Күттүрүп коюп кеттиң го мага жолукпай,
Кайгыга салып, жолукпай кеткен жорукту ай.

Же сүйлөбөй койдумбу көпкө тунжурап,
Баян курбай кызыктуу сөздү сөзгө улап?
Же бежиреп, байкабастык кылдымбы,
Жадатып улам сөз артынан сөз чубап?

Кээ учурда тайманбастык кылдымбы,
Же токтоо болуп сустайып күлбөй турдумбу?

Ар кандай санаа кыйнаганы кыйнаган,
Ирээнжитип алдымбы деп кыйналам.
Эпкиндерин толкуткан мени толкундун,
Неге айтпай каттым жүрөгүмө туйлаган.

Телефондон коштоштуң, мага жолукпай,
Кайыган бойдон жолукпай кеткен жорукту ай

.

КАЙРЫЛЫП КЕЛЕРСИҢ

Шатырап төгүп жайлоодон өткүн өткөндө.
Жаркырап тийип алтын күн нурун төккөндө,
Кайрылып мага күн желе болуп келерсиң,
Оо, менин кайгы-кубанычым.

Жылмая күлүп, назик ай жарык чачканда,
Жыбырап жылдыз көздөрүн жаңы ачканда.
Кайрылып мага ак жылдыз болуп келерсиң.
Оо, менин кайгы-кубанычым.

Асмандап учуп ак карлар жерге түшкөндө,
Каркылдап учуп каргалар жазды күткөндө,
Кайрылып мага кар бүртүк болуп келерсиң,
Оо, менин кайгы-кубанычым.

 

КҮТКӨНҮМ

Күткөнүм – дүйнөдөгү жалгыз үндөй,
Телефондун коңгуроосу качан болот?
Күнүгө сүйлөшпөсөм жашай албайм,
Үнүңдү укпай калуу – тозок, тозок.

Эртең менен сүйлөшсөм – ууз-көрөңгөм,
Кечке чейин жетерлик кубат болот.
Көзүңдү көрбөй калсам кантип жүрөм,
Демиңди сезбей калуу – тозок, тозок.

Мен сени күтпөй калган күндөн корком,
Түшүмө кирбей калган түндөн корком.
Ажырап калуу сенден тозок, тозок,
Кайрылып келбей койсоң кандай болом.

Сүйлөшүп турсам күндө кубат болот,
Үнүңдү укпай калуу – тозок, тозок.

 

***
Жүрөгүм тынч жатканда,
Сени көрдүм.
Чочудум, качтым,
Жактырып калам деп корктум.

А сен мени ал-ансайын,
Деңиздей чөгөрүп бир өзүңө.
Туш-туштан каптап, каптап,
Агызып кетти толкун.

Эми менде күч да жок,
Каалоо да жок,
Качууга көк деңизден.
Эми мен да, агыны күчтүү толкун.
Эми мен да агымым күчөп толкуйм.

***
Сагындым, куса болдум.
Таманы жумшак болсун,
Сен келе турган жолдун.

Сагындым, куса болдум.
Алдыңдан чыкпаса экен,
Иттер жолбун.

Сагындым, куса болдум.
Аптабын сезер бекем,
Сунган колдун.

Сагындым, куса болдум…

КҮТКӨНДӨ

Күттүрбөй күз да келди,
Күтсөм да сен келбедиң.
Жан дүйнөм жабыркады,
Дарысы жалгыз сенсиң.

Жалбырак шырт деп кетсе,
Же эшик кыйч деп кетсе.
Кубанып кулак түрөм,
А бирок сен эмессиң.

Ар күнү таң аткандан,
Карайып кеч киргенче.
Сен сүйгөн ырларыңды,
Ырдасам келесиңби?

Өзөндөн сууну ташып,
Чаңытпай сээп-сээп алып.
Сен баскан жолдоруңду,
Шыпырсам келесиңби?

Жараткан буюруса деп,
Жалбарып тилек кылсам.
Жабыркап калды го деп,
Жалынтпай келесиңби?

Карапайым бир пенденин,
Көңүл-дартын сезесиңби?

 

КЫЗ КУУМАЙДЫН ЭСТЕЛИК

(Бир күнү балдарым менен ээрчишип үйүбүздүн жанындагы
Көркөм Академиянын бак-шактуу короосуна сейилдгени бардык.
Академиянын короосундагы таштан жасалган ар түрдүү эстеликтердин
арасынан кыз куумайга түшүп сызып бараткан кыз-жигиттин эстелиги
көз алдымда тартылып калды.)

Бийкеч качат аргымагын алкынтып,
Жаш улан да жетемин деп булкунтуп.
Мына эми, мына эми жетерде,
Катып турду болбой арга, эркиндик.
Кулагыңа жете түшөт ал эмес,
Айгайлаган, сүрөөндөгөн кыйкырык.

Ат дүбүртүн, кыз күлкүсүн, шоктугун,
Жаш уландын намысына бектигин.
Чебер колдор эстеликке айланткан,
Жөп-жөнөкөй таштан гана келтирип.
Карап туруп аралаша кетесиң,
Кыялыңда кызга уланды жеткирип.

Кызык оюн кыз куумайдын эстелик,
Катып турат бир мүнөттү эскерип.
Турпатына кармап калган көз ирмем,
Кылымдарга моюн бербес теңселип.
Ушул жерден улуу убакыт теңделип,
Ай-жылдарга бир көз ирмем тең келип.

Көз ирмемге бүт жашоону батырган,
Махабатты, чоң бакытты катырган.
Бул эстелик күү-шаа түшкөн жашоонун,
Унчукпастан даңазасын ашырган.
Жансыз десем жандуунун да жандуусу,
Колу менен жаратканбы Жараткан?

 

АСЫЛЫМ АЙ

Турмуш деген көк деңиздин үстүндө,
Толкуну чапса,
Бороону урса.
Кош кайык болуп сүзө албай,
Алыстап калсак, сезимиңде кирдебе.
Асылым ай,
Жалгызсырап башкадан көңүл издебе.

Турмуш деген чытырман токой ичинде,
Туңгуюк турса,
Ызгаары урса.
Жуп ак куу болуп уча албай,
Адашып калсак, көңүлүңдө кирдебе.
Ардагым ай,
Алмаштырып башкадан сүйүү издебе.

Турмуш деген кууш капчыгай, ашууда,
Чабалдыгым билинип,
Алсырап турсам.
Кош канат болуп сыза албай,
Майышып сынсам, намысыңда кирдебе.
Арманым ай,
Азгырылып башкадан бакыт издебе.

 

СЕН ҮЧҮН

Ай болуп жылып,
Агылып барам.
Күн болуп шашып,
Күлмүңдөп барам,
Ойгончу.

Жаз жамгыр болуп,
Себелеп жаайын.
Жайындагыдай
Чабыла жаайын,
Гүлдөчү.

Бутуңдан баштап,
Ороло күйсөм,
Сен жанчы.

ТАГДЫРЫМ

Тагдырым мага бал шербет ичирип,
Артынан кайра уусун даярдайт.
Уусун да, балын да такыр ичпеске,
Качсам да болбой арттан аярлайт.

Тагдырым үчүн кээде сүйүктүү,
А бирок кээде өгөй кызмынбы?
Же тагдырым өзүң сабак үйрөтчү,
Мүнөзү катаал мугалимсиңби?

КЫЗЫК

Дүйнө кызык, дүйнө кызык,
Жашайсың улам кызып.
Мезгилге тең келе албай,
Өмүрүң кумдай чууруп.

Адам кызык, адам кызык,
Билсе дагы чабалдыгын.
Чууруган кум өмүрүн,
Сактоого далбас уруп.

Дүйнө кызык, адам кызык.

Соц тармактар:

11 thoughts on “Адабий сынак 42 Ыр

  • 12.11.2021 at 18:49
    Permalink

    Калемиңиз курчуй берсин Сонун болуптур

    Reply
  • 14.11.2021 at 00:49
    Permalink

    Кадырова Сайрагүл талантын ташкындай берсин.

    Reply
  • 15.11.2021 at 15:10
    Permalink

    Акыркы мезгилдерде кыргыз-тажик чек арасындагы болуп жаткан чыр чатактар көпчүлүк жарандарыбызды түйшөлткөн маселе болуп калды. Кээ бирлери чыр-чатакты чечүүнүн агрессивдүү жолдорун сунуштаса, кээлери бийликти күнөөлөп, кай бири мамлекеттин алсыздыгына зээни кейигендей көрүнүп, ар кимдин чечими “өзүнө” туура болуп, көпчүлүгү социалдык тармактар аркылуу маселе чечкен баатыр болуп чыга келди.
    Ошол учурдагы ата-эненин, ага-ининин, эже-сиңдинин, жакындарын жоготкон ар бир инсандын ички сезимин жамгыр аркылуу чагылдырып, аларга жамгыр аркылуу кайрат айтып, алардын эле эмес, бүткүл элдин келечектеги жаркын жашоосун, тынчтыктын орноосун, согуштун токтоосун жамгыр аркылуу тилек кылып, ал аркылуу тынч жаткан элге кол салган акмактарга дагы жамгыр аркылуу жакшылык тилөө ар кимдин эле колунан келе бербейт.
    Хадисте дагы жамгыр жааган учурда дубанын кабыл болуу ыктымалы жогору деп айтылат.
    “Аллах дубаны сөзсүз кабыл кылган эки учур бар. Биринчиси, азан айтылганда, экинчиси жамгыр жааган учурда”
    Оо, жамгыр дагы төккүн!
    Ниеттер агаргыча,
    Ыймандар тазаргыча.
    Кан аккан жүрөктөрдө,
    Сүйүүлөр жаралгыча!

    Акындык кең пейилдик менен жазылган кандай гана керемет саптар…
    Жакшы иштериңе Жараткан жар болсун!

    Reply
  • 15.11.2021 at 16:41
    Permalink

    Коптун конулун бурган апаат ар бир мен Кыргыздын патриотумун дегендин журогунон жон отподу. Сайраш асыл тилектер менен жазган ырындын орду биздин журогубуздо жашайт! Кашемир курчуй берсин!

    Reply
  • 15.11.2021 at 17:48
    Permalink

    Ырларыңыз жакшы экен, мааниси терең.
    Калемиңиз курчуй берсин Ийгилик!

    Reply
  • 15.11.2021 at 17:55
    Permalink

    Чыгармаларыңыз абдан жакшы жазылыптыр. Айрыкча Төкчү, Жамгыр деген ырыңыз ошол учурда бей күнөө каза болгондордун элесин чагылдырып, алардын жакындарына дегеле кыргыз элине даба болчу чыгарма болуптур.✊

    Reply
  • 05.12.2021 at 15:39
    Permalink

    Жан дүйнөнүн тереңинен чыккан ырлар. Жан дүйнөсү жарык, наристеникиндей таза адамдар гана ушундай ырларды жарата алышат. 42-ырлардын автору ыраазычылык.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.