Махабат Алымбекова: Калемгерге кат

Махабат Алымбекова

Конкурстук чыгармалардан улам келип чыккан ой

Кыргыз маданият борбору (КМБ) уюштурган проза жана поэзия багытындагы чыгармалар үчүн сынак 2021- жылдын 7-июлунда  старт алып, декабрь айынын баш ченинде жыйынтыкталып жатат. Сынактын тартиби боюнча, калыстар авторлордун аты-жөнү менен таанышпай туруп, чыгармалары менен гана таанышып,катар номерлери аркылуу баа бере алдык жана чыгармага карай ачык пикирибизди дароо жазып, сынактын уюштуруучусуна өткөрүп берип жаттык.

Конкурстун экинчи бир шарты боюнча сынак жыйынтыкталып бүткүчө калыстар курамында кимдер бар экендиги сыр болуп, бири-бирибизди билген жокпуз.Качан гана жыйынтык чыгаруучу учур келгенде конкурстун уюштуруучусу бизди бири-бирибизге тааныштырды. Сиздерге маалым болгондой, калыс болуп берүү үчүн ишенип КМБ сайты – акын жана прозачы Азамат Омошту,  акын Залкарбек Назарматовду жана проза жазган Алымбекова Махабатты – мени тандап алышкан экен. Ишеним көргөзгөнү үчүн сайттын кеңешчи-насаатчысы Марат Токоевге жана сайттын ээси,сынактын уюштуруучусу Рахат Аманова эжеге ыраазычылык билдиребиз.

Ал эми конкурска келген чыгармалардын жалпы деңгээли тууралуу сөз кыла турган болсок, эң начардан баштап ортозаар, анан орточо деңгээлден бир аз жогору эсептелген чыгармалар келип түштү. Көпчүлүгү жаңыдан калем шилтей баштагандар, азчылыгы  бир аз такшалып калгандар жана бирин-экин дасыккан жазмакерлерден келгени окуган көзгө дароо эле урунат экен. Бул да жакшы, кандай болгон күндө деле эл ичинде адабиятка болгон сүйүү бар, адабиятты, көркөм чыгармаларды сүйгөн кишилер- жок дегенде бир-эки  ирет аракет кылып көрүшөрү турган иш да-ыр же ангеме жазып.Муну айткан себебим, дал ошондой аракеттер менен жазылып келген чыгармалар арбын экен.Эми алар акын же жазуучу болуп кетпеген күндө да, көркөм адабиятка болгон сүйүүсү, кызыгуусу бар окурман катмары болушу мүмкүн. Албетте көпчүлүгү “3” деген баага татый албай конкурстан четтеди. Азчылыгы 3-4-5 деген бааларга татып конкурс айлампасына түшө алды. Адабиятты сүйгөн талапкердин конкурс айлампасына түшө алуусунун өзү – анын биринчи ийгилиги.( мен бул жерде идиректүү үйрөнчүк калемгерлер тууралуу айттым…)

Бул-Биринчи тандоо болду.

Экинчи тандоо – калыстар тобунун мүчөлөрүнүн ар бири өз алдынча тандап, ортого салган чыгармалар болду. Бул тандоолор боюнча Рахат Аманова эже ачык жарыялады, кандай болсо да калыстардын назарына илинген калемгерлер канат байлап калсын деген максатта жарыялады окшойт менимче..

Ал эми чечүүчү  учур болгон Үчүнчү тандоого – калыстардын бир топ талкуусу, талаш-тартышы, талкуу айлампасына түшө алган 7 -8  чыгарма –  “ Кептеркана”, “ Самоор”, “ Кийим”, “Пришелец”, “ Тажыя”, “Үнсүз булбул”,”Үч жесир”, “ Саякатчы кемпир” аңгемелеринин  улам  кайра баштан окуп чыгып, талданып  атып, эң аягында сюжеттик,композициялык талаптарга жооп берип эле тим болбой, коркөмдүк талапка да жооп бере алган “ Кептеркана” менен “ Пришелец” тандалып алынды. Жалпы талкуунун журүшүндө калыстар курамы бир да ангемени төрт тарабы төп келген мыкты экен деп таба алган жок ачыгы. Ошол себептен дароо эле биринчи орунду жокко чыгарып, Экинчи орун жана Үчүнчү орунду белгиледик.

Мына ушул талкуу айлампасына түшө алган  7-8 чыгарманын тегерегинде азыноолак, кыскача пикир айтууну туура кордүк. Канткен менен идиреги бар авторлор экен, изденүү түйшүгүнөн качпаса, калемин кайраса түпкүлүгү жакшы чыгармаларды жарата аларына ишенебиз. Албетте, мен адабияттын теория -терминдери менен “тишине чейин куралданган” адабиятчы  эмесмин, жөн гана адабият дүйнөсүндө жашаган , Жараткан жазуучулук  шык, жөндөм берген адаммын, ага кошумча 13 жылдык иш тажрыйбасы бар тил жана адабият мугалимимин учурда , ошондуктан бүгүнкү чыгармаларга карата болгон ой- пикирлеримди, анализимди жөн гана жазуучулук ыкмага салып, авторлорго кат түрүндө жазгым келди. Бул ыкма адабиятчылык  эмес, жазуучулукка шыгы көбүрөк  мага да ыңгайлуу жана ошол чыгармалардын авторлоруна да жугумдуу, жеткиликтүү болот деген ойдомун.

Тажыя

Талкуу айлампасына түшкөн чыгармалардын бири “Тажыя” чыгармасынын автору, саламатсызбы,  сиздин “Тажыя” аңгемеңиз окурманды кайдыгер калтырбаган мыкты сюжетке эгедер чыгарма экен, сабаттуу жазууда кетирген каталыктарыңыз, чыгарманы  кылдат иштебей шашып иштегениңиз, аягын маңызына чыгара жыйынтыктай албай калгандыгыңыз ж.б  кемчиликтерине карабай туруп, чыгарма адеп окулганда мага жага түштү.Себеби, чындап эле идиреги, жөндөмү бар автор экениңиз турмуштагы кадимки көрүнүштөн ички койгөй менен баалуулуктарды көрө билгениңизден, аны ынынымдуу ачып берүүгө болгон  ички калемгерлик дымагыңыздан байкалат. Сизди мактай кетчү бир нерсе –  диалогдор менен иштөөнү билет экенсиз, чыгармадагы диалогдордун  80 пайызы жасалмасыз, табийгый чыккан. Чыгармадагы “атаңыз” – бала дүйнөсүнө, деги эле адам дүйнөсүнө түшүнгүсү да келбеген, көр оокаттын кызыкчылыгына белчесинен баткан жемечил, каардуу адам. Бул типтүү каарман десек да болот, кадимки кыргыз турмушунда үй бүлөсүн жалаң каары менен башкарган адамдар арбын эле кездешкен.Сыртынан алып караганда бул корүнүш кыргыз турмушу үчүн сөз кылчу жаңылык деле эмес болгону менен ичкериден алып  караганда, мисалы баланын козү менен алып караганда бул бүтүндөй бир жан кейиткен мүшкүл, санаа, ый…Эне менен баланын зөөкүр, каардуу атадан коркуп дирилдеп турушу, Айкашкасын (баланын минген аты) бала канчалык бир боорундай жакшы  көрүп, сүйсө да, (деги эле кыргыз баласы жылкыны сүйгөндө укмуш сүйөбүз го! Дээрибизден!) атасы аны союу үчүн сата турган болгондо  баланын эч бир каршылык көрсөтө албай ичтен сызып, ичтен өксүшү, жанындай көргөн атын союудан арачалоо үчүн бир ооз каяша кыла албай дирилдеп коркушу… – бул жөн эле нерсе эмес,  бул нерсенин ичинде бүтүндөй үй бүлө мектебинин буга чейн да ачылып-ачылбай келген көйгөйү жатат, козголуп-козголбой келген оор жүгү жатат, социалдык, гендерлик маселелер жатат.

Аңгемеңизди окуганда ал мага эки нерсе тууралуу баяндап  бере алды, биринчиси – ата менен баланын ортосундагы алыы-ыс мамиле, ата-бала сырткы форма аркылуу гана “ата-бала”, ичкериден али жакындаша элек бири-бирине.Мына ошондон келип чыккан трагедиялуу маанай, проблема тууралуу айтты.

Экинчи бир нерсе-эзелтен  кыргыз баласынын жылкыга болгон танбас сүйүүсү бар экендигин айтып берди.Жылкы- эр киши үчүн учарга канат болгон, керек болсо кээ бир элдик чыгармаларда баатырдын баатыр болуусу үчүн да жылкы жаныбардын зор тиешеси бар экени айтылат, айтор “Ат-адамдын канаты” дейт кыргыздар. Муну биз аңгемедеги баланын атына болгон сүйүүсүнөн, ыйынан эле байкап тим болбой, чыгарманын финалындагы  бир Аксакалдын  атты сойдурбай алып калган нарктуулугунан да баамдасак болот.Нарктуулук. Финалдык идея сонун, бирок толук иштелбей калган, көп нерсе жетпей калган чыгарманын ойдогудай аяктоосуна.Сиз окуянын чечилишин жазууда шашкансыз же изденүүгө убакыт таппай калгансыз…

Чыгарманы жазууда кетирген айрым мүчүлүштүктөрүңүз катары- тексттеги орфографиялык, пунктуациялык (б.а.тилдик аспектидеги) каталары, чыгармадагы  идеяларды ачып берүүдөгү изденүүнүн солгундугу, чыгарманы жыйынтыктоодогу бошоңдугуңуз же шашмалыгыңыз байкалды.

Негизинен автордук баяндооңуз менен каармандарыңыздын диалогдору бири-бирине жамагы жок, жакшынакай айкалышып, сиздеги жазмакерлик шык, жөндөмдүн бар экендигин айгинелеп турат. Турмуштагы  күнүмдүк бир окуяны башкача сезимталдуулук менен кабылдай билип, жазмакерлик көз менен андагы ички көйгөйдү көрө билүүңүздүн өзү да жетишендик. Чыгармаңыз кыргыз турмушу жыттанган, кыргыз дүйнөсүнүн илеби уруп турган чыгарма.Бул ангемени ушул бойдон калтырып койбой кайра иштеп чыгышыңыз керек…Сизге ийгилик!

Сынактагы эң көп талкууга алынып, жогорку орунга ээ болгон “ Кептеркана” аңгемеси тууралуу.

 

Кептеркананын”авторуна кат

“Саламатсызбы  урматтуу автор, сиздин “Кептеркана” ангемеңиз эч кимибизди кайдыгер калтырган жок, сынакта ишеним артылган үч калыс болсо, ошолордун ар бири өз тандоосуна сиздин “Кептеркана” ангемеңизди кошуптур.Экөө 1- орунга, мен 2-орунга көргөзгөм. Кийин жандуу талкуунун жүрүшүндө тиги эки калыс жигит мага жагып аткан “Тажыя” аңгемесин колдогон жок, алар көпчүлүк мен азчылыкты түзгөн себептүү компромисске келишип, алар айткан “ плагиат” жүйөсү боюнча “Тажыя” айлампадан чыгып калды.

Кептеркана

Бул чыгарманын мазмуну талкуунун көп бөлүгүн ээледи. Себеби конкурска келген чыгармалардын ичинен талкууга татыктуусу жана баарыбыздын кызыгууну жараткан чыгармалар экинин бири болсо, анын мыктысы сиздин “ Кептеркана” экени талашсыз.

“Кептеркана” ангемеңизди адеп окуп баштаганда эле ак жегдечен, ак топучан Махмуджан абышканын күңгүрөнө сүйлөнүп кептерлерге жем чачып жүргөнү  көз алдыга тартылат да, эрксизден  окурмандын оюна чыгыш акылмандары, чыгыш философиясында коп айтылган  оомалуу- төкмөлүү дүйнөсү эсиңе түшөт жана бул таасир чыгарманын аягына чейин сакталат.

Махмуджан курган “Кептеркананын” өзү мобуреки дүйнө менен ассоциация түзүп турат. Баарыбыз бул дүйнөнүн убактылуу коногубуз, демек андай болгон соң ашыкча көр оокатка жулунбай, жайбаракат, колдон келген ишти узанып, жеке эле адам баласына эмес, жашоонун өзүнө, табиятка жакшылык жасап, шашпай, астейдил жашап өтүүбүз керек деген ойду бергиңиз келген жана ал ишке ашкан. Кептерканага бири келип, бири кетип жаткан кептерлер жана дүйнөдөн бири кетсе экинчиси келип жаткан адамдар.Токтоп калбаган жашоо айлампасы…

Кептерпуруш Бахрамды ангемеге кошконуңуз чыгарманын чырайын арттырган. Бахрамдын Махмуджанга кымбат баалуу он кептерди белек кылганы, аны Махмуджан өзүнүн кептерканасындагы жөнөкөй кептерлерине кошорун кошуп алып, түнү бою мазесин алган канаттуулардын окуясына күбө болгону, таң атары менен жөнөкөй кептерлеринин тынчын алган он асыл тукум кептерлерге ачуусу кайнап, “кайдан келсеңер ошол жакка кеткиле!” деп бошотуп кубалап ийгени – бул дагы бир ирет чыгармадыгы сиз көздөгөн идеяны кашкайта ачып берген. Кымбат нерсе болгон күндө да ал адамдын ички бейпилдигин буза турган болсо, аны күч менен кармоонун кажети жок,бу дүйнөдө баары туруксуз, бу келер-кетер дүйнөдө эч бир жандуу асыл же жөнөкөй деп бөлүнбөйт, баарынан ишеним баалуу, ишеним кымбат. Махмуджандын жөнөкөй кептерлери ага кымбатыраак, анткени ээсине ишенишет.Мына ушуну ачыктап берди бул эпизод.

Чыгармаңыздагы ар бир окуя кептерлерге байланышып турат, анан бир ой туулду, Махмуджандын боорукер, суйкүмдүү биринчи жубайын арабага салып төркүндөрүнө жеткирип бергенде кептерлердин узатып чогуу барып келиши жакшы окуя экен, бирок  ушуну реалдуулукка жакындатуу үчүн бир таяныч окуялар керек эле деген ой кетти, себеби кептер адам эмес,бир эле ирет  узатып барып кайра биротоло кеткидей, эгер андай болсо, ошол кептерлердин мурдатан аялды ээрчип  жүрүшкөнү, мындан ары  да кез-кез ошол аялга учуп барып келип атышканы, себеби аны ээрчип жүрүп жаныбарлар ага көнүп калышканы сүрөттөлсө окуя ишенимдүүрок болмок деген ой.Себеби, бул толук мүмкүн, аял башынан баштап кептерлерди жакшы көрдү,сүйдү, бакты.

Досу менен Махмуджандын ортосундагы кептерлердин кат ташуусу да ушундай.Досу Мамрасул кептерлерди аңдып жүрүп кармап келип берет Махмуджан кептерсиз калганда. Демек кат ташуучу кептерлер мурда Мамрасулга көнүп, үйрөнүшүп калган жаныбарлар эмес, мындай шартта кептерлерди кат ташытуу үчүн дагы да таяныч эпизоддор керек эле, эмне үчүн Махмуджан байлаган катты тиги кептер Мамрасулга  түз жеткирди? А Мамрасул ал кептерди кантип кармап алып, катты ачып окуду деген суроолор пайда болду…

Чыгарманын финалы да бир топ талкууга түштү, билесизби, жогоруда мен түшүнбөй өткөн айрым окуялар эч нерсе эмес, анын бирине да карабай чыгармаңыз кызыктуу жазылган, ушундай эргүү, бир дем менен окуп чыгып келатып эле эң аяккы финалындагы бир түшүнүксүз жагдайдан  улам, окурман “чийки май” жегендей ахыбалда калат экен. Эмне үчүн Махмуджан жан берип атса анын баласы анын колунан жем салынган кесени ала коюп, ал ырдаган ырды күңгүрөнүп кептерлерге жем бере баштады? Ал үчүн чыгарманын ошол акыркы абзацын, жана ага чейинки абзацтын акыркы эки- үч сүйлөмүн карап чыксаңыз…Балким чыгармадагы идеяңызга улай, “бу жашоонун айлампасы токтобой айлана берет, ата өлсө бала калат жашоонун улантуучусу болуп” деген идеяны бергиңиз келгендир? Бирок өтө ачыкталбай калыптыр, автордук субьективизм бар. Себеби, ата үзүлүп атса, баланын кесени ала коюп күңгүрөнүп парандаларга жем чачып кириши турмуш чындыгынан алысырак.

Жалпысынан, айрым түшүнүксүз эпизоддорду эске албаганда, “Кептеркана” аңгемеси бу убактылуу оомал-төкмөл дүйнөнүн туруксуздугун эскертип, мына ушул жалган дүйнөдө адам баласынын ак, таза анан татыктуу жашап өтүшүн жар салып турган, жөн эле жар салбай, көркөм сөздүн күчү менен сүйлөгөн, терең философиялык мааниси бар, нарк- насилдүү мыкты чыгарма экен.Сизге ийгиликтерди каалайм!!! ”

Азырынча, мына ушул “Тажыя” жана “Кептеркана”  чыгармаларына карата оюмду айттым, жогоруда аты аталган   “ Самоор”, “ Кийим”, “Пришелец”, “Үнсүз булбул”,”Үч жесир”, “ Саякатчы кемпир” ангемелерине да убакыттын жетишинче кайрылып ой-пикир калтырабыз, ушуга  улай…бул биздин калыстык “карызыбыз” деп түшүнөм))

 

 

 

 

 

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.