Нурайым Шаршенбаева: Өкүт (Аңгеме)

Нурайым Шаршенбаева

ӨКҮТ
(аңгеме)


Адатынча жыла басып конок бөлмөгө кирди да телевизор жандырды. Эки кабаттуу заңгыраган бул үйдүн ар бир бөлмөсүндө телевизор турганына карабай, ушул бөлмөдөгүнү жактырат. Бөтөнчө чоң. Өзүн ичинде жүргөндөй элестетет. Кыялында каармандар менен сүйлөшөт. Алар күлсө кошо күлүп, ыйласа ыйлап алат. Өлкөдөгү болуп жаткан жаңылыктар, мамлекет ичиндеги саясат, айтор башкага маанилүү болгон нерсе бул үчүн кызыксыз. Кино же концерт, болбосо тамашалуу шоуларды гана карайт.
Каналдан канал которуп жатып көзүнө тааныш учурады. Ошолбу? Теше тиктеди. Ишенбегендей көздөрун ирмеп-ирмеп алды. Ооба, ооба дал өзү. Тигине атын, фамилиясын жазып жатышпайбы. Таң кала карады. Өзгөрүптүр… Салабаттуу, жакшынакай болуп жасанып алыптыр. Көзү гана баягысындай… Кээде ойноктоп, кээде ойлуу… Тээ тереңинде сыр катылгандай… Баарынан да маектешинин жан-дүйнөсүн окуп жаткандай тик караганы. Жалтанчу эмес. “Охо!”- таң калуусу суктанууга айланды. Эмне деп жатат болду экен деген кыязда кулак төшөдү. Ар бир сөзүн угууга аракет кылганы менен бир жерге токтобой чабыттаган ою түшүнүүгө жолтоо жасап жатты. Заматта тээ алыста калган бир мезгил көз алдына тартылды…
Бардыгы тайжеси келгенде башталган. Ага чейинки жашоосун көп деле эстей албай калды. Айылдагы кадимки жашоо. Мал кара, суу ташы, бөбөк бак… Өмүр бою кой артынан жүргөн ата-эне балдарынын билими, окуусу тууралуу деле ойлонушпаган көрүнөт. Каарманыбызга бул айылдан башка жерде жашоо жоктой туюлчу. Төрт тарабын тоо курчаган айылы бул үчүн бүтундөй бир ааламдай сезилээр эле. Мектепти эптеп-септеп аяктаган. Дүйнөсүнө дүрбөлөң салган ошол мезгил болду. Чогуу окуган курбулары четинен борборду көздөй кете баштаганда биринчи жолу үйдөн кеткиси келди. Жүрөгү элеп-желеп болуп бул айылдан башка деле жашоо бар экенин билди. Болгондо да жакшы жашоо окшойт. Эркин жашоо көрүнөт. Бирок кайда барат? Мектепте жыргатып окубаган немени ким алып кетет? Курбуларынын бири окуйм десе, дагы бири иштейт имиш… Барынан да алардын борбордо туугандары бар экен. А мунун кимиси бар? А балким бардыр?
Ушундай ойлордо жүргөндө келди тайжеси. Бишкекте жашайт экен. Буга чейин аны далай көрсө да кай жерде жашарына кызыкпаптыр. Жамандык-жакшылыкта келчү… Кетчү…
Бул жолку келгенинде тайжеси кызды алып кетем деди. Так секире сүйүндү. Ата-энеси жиберсе экен деп тиледи.
Шаарга келгендеги көз артканы кабат үйлөр болду. Эки кабат тамды райборборго барганда көргөн. Бейтапкана беле, же мектеп беле эсинде жок. Айтор, элейип көпкө караганы эсинде. Үстүңкү кабатка кантип чыгышат болду экен деп да ойлонгон. Башка улуттагы адамдарды көргөндө экинчи жолу таң калды. Барынан да капкара кишини көргөндө эси чыккан. Бала кезиндеги бокочо алып кетет деп апасынын коркуткан адамы ушул го деп чочуганын эстесе азыр күлкүсү келет. Орус тилин мектепте кыйратып окуган эмес. Өз ара башка тилде сүйлөгөндөр да бул үчүн өтө кызык болду…
Курбуларымдай болуп окуйм же иштейм деп келген тилегин “үйдө болуп балдарымды карайсың!”- деген тайжесинин айтканы талкалады. “Мейли,”-деди ичинен буга да ыраазы болуп- “тайжем болбосо айылда эле калмакмын да. Азырынча балдарына каралашып турсам, кийинчерээк деле иштеп, окуп жетишээрмин. ” Алгач баары ойдогудай эле. Тайжеси келгенче тамак-ашын белендеп, кир-когун жууп койчу. Буга ашып кетсе эки сааттык гана убактысы кетпесе, калган маалда жээндери менен короодо… Алар өздөрүнчө ойной беришет. Бул бош гана отура берчү. Азыр ойлосо колунан эч нерсе деле келчү эмес экен. Же китеп окубаптыр. Айтор, жыргалды мындай бербеспи деген окшойт. Ошондой күндөрдүн биринде унчукпаган тайжесине тил кирди көрүнөт. “Таңдан кечке жалдырап отурасың! Сенин ичкен жегениң канча! Өзү билип кол кабыш кылабы десем… Деги колуңан эмне келет, айтчы? Дудуктай болуп же сүйлөбөйсүң!” Турмуштан жолу болбой, эки баласын эптеп багып жүргөн неме ызасын мундан чыгардыбы ким билсин… Айтор, ошол күнү жини көпкө тарабай, идиш аягын калдыратып, колуна тийген буюмду ары-бери ыргытып, балдарын да какус-кукус кылып албууттанып алды. Анда деле унчуккан жок. Чын эле тайжеси айтмакчы дудуктай эле. Чындап келгенде эмне сүйлөштү деле билбесе керек. Ал гана эмес иштин көзүн таап бир нерсе кылайын дечү эмес экен.
Эртеңден баштап базарга чыгасың деди. Сендей эле жаш кыздар өз оокаттарын таап жүрүшөт. Же окуудан жок, же иштен жок үйдө отура бербей акча тап деди. Ошол ошол болду… Эртеси тайжеси бир баштык чемичке сатып келди. Чаң басып каралбай турган китептерди алып чыгып, барактарын бирден жулуп клёк жасай баштады. “Жалдырабай жасаганды үйрөнүп ал!”-деп бир китепти буга ыргытты. Чемичкени сапырып тазалап, туздан салып кууруп, ак баштыкка стакандап санап салды да колуна карматты. “Жол жээктеп өйдө бассаң кичинекей базар бар. Базардын сыртында каз катар тизилип семичке саткандар отурушат. Сен да алардын катарына отурасың да келген кардарларга стаканын 50 тыйындан сата бересиң,”- деди сыртка чыгарып… Узай бергенинде: “Ач курсак элең. Сатпай, чагып койбо! Санап койдум!”-деген тайжесинин үнү кулагына шак этти…
ХХХ ХХХ
Туш тарабы кабат үйлөр менен курчалган кичинекей базарда анда-санда гана алуучулар болбосо дээрлик бардыгы сатуучулар. Бири жашылча-жемиш, экинчиси кийим-кечек сатса, дагы бири “Сүт, каймак, айран!”- деп ары-бери өткөндөрдү чакырып, өз товарларын мактоо менен алек. Базардын чыга беришинде ак баштыктарга чемичкенин түрүн салып коропканын үстүнө кондуруп алган каз-катар тизилген кыз-келиндер. Батынып арасына кошула албай четтен карап турду. Мынча чемичкени ким алат дейсиң деди ичинен. Жок, алат окшойт. Келген кардар улам бириникин чагып көрөт экен да, жакканынан алып кетет экен. Баарынын даамы бирдей да. Эмнесин тандашат? Таң калып койду.
Чоочун элге аралашып көрбөгөн неме өзүн ыңгайсыз сезди. Тайжесинен коркконунан гана кайрылып кеткен жок. Тизилгендерге кошулайын дейт. Кантип? Ак баштыгын алардын катарына коё калабы? А тигилердикиндей коропканы кайдан алат? Тегерек четин карап койду. Андай коропка эч жерде көрүнбөйт. Эми кимден сурайт? Аларды акмалап кошула албай турганын байкадыбы, айтор келиндердин бири кел бул жерге деп жанын көрсөттү. Сүйүнүп кетти. Жанына барды да баштыгын жерге коюп ача баштады. Баары аны гана карап тургандай, уяттуу бир иш жасачудай калчылдап чыкты.
–Үшүдүңбү? – Жанына чакырган келин күлүп койду, –Азыртан үшүсөң, кышында кантесиң?
–Жо-ок, үшүгөн жокмун…
“Ух! Жакшы болбодубу!” Тааныбаган бирөөнүн жакшы сүйлөгөнүнө, баарынан да тайжесинин жемесинен кутулганына кубанды.
–Азыр күн жылуу болгону менен, бир жерде какчыйып тура бергенге билинбей үшүп каласың. Жылуураак кийинип жүр. Ии баса, атың ким?
–Калия…
–Меники Назик. Назик эже десең болот.
“Көп сүйлөгөн эже окшойт.” Ичинен баа берди. “Мейли, кайра жакшы го… Мага окшоп дыңкыйбай.” Өзүнүн элге аралаша албаган, сүйлөй албаган мүнөзүн жактырат дейсиңби? Билет мындай “жаман” жагын. Канчалык аракеттенбесин бул мүнөзүн жоё алган эмес. Мектептен деле ушул болчу. Такылдаган, шакылдаган кыздардын арасында өзүн эч нерсе билбеген келесоо сезип кетээр эле. Баарынан да өз түрүн өзү жектечү. Кыздардын баары татынакай. Мен эле! Кыздай кебетем жок! Эркек эле болсом не?! Ушинтип далай ойлоп, керек болсо далай ыйлаган…
–И-ий! Клекту китептен жасадыңбы?! Китеп айрыганга кантип кол барды?!
Китептен жасалган клекторду көргөн Назик кейип алды.
–Ооба… Тайжем… Үйдөн…
Не деп жооп беришти билбей жер карады. Китеп тытса не болуптур деди ичинен. Ансыз деле көрүнгөн жерде жатпайбы!
–Үйдөгү китептериңди тытпай алып кел. Жөн кагаздарга алмаштырып берем. Бул жерге эски-уску журнал-гезиттерди, дептерлерди сатып келишет.
–Макул…
Буга эмне мынча кейиди? Кызык неме окшойт. Жаңы таанышына таң калды.
ХХХ ХХХ
Суук эрте түштү. Балким убагында эле түшкөндүр…Үстүнө тамтыракайы чыккан эски пальто, бутуна суу кирме өтүк кийип жүргөнүнө ошондой сезилгендир? Кыш келбечүдөй жука кийимдери менен келиптир Бишкекке. Эми, айылдан киши каттабай минтип жүрөт. Ал жакта деле жыргаган үстүнө салаары жок болчу. Ошентсе да азыркы кийип тургандарына караганда жакшы эле да. Айла жок тайжесинин бергендери менен базарлап жүрөт. Таңдын атканы кечтин батканы ушул жерде. Эртерээк келип жакшыраак жерден орун алып койбосо сатуучулар көбөйүп кетет экен. Орун дегени мындай… Жол жээгине канчалык жакын отурсаң ошончолук жакшы өтөт. Жакшы өткөнү – бир баштык семичкени сатып түгөтсө чоң олжо. Сата албай калса кайрадан жеме угат. “Жалдырап турдуң да эс ооп! Кандай эле башкалардыкы шыпылдап өтөт да сага келгенде эле өтпөй калат?! Оозуңа талкан салып алгансып турсаң! Кебетең бу болсо! Сага ким жоломок эле?!” Болду, урушаарга жоо таппай араң турган тайжесине жага бербей калат. Бир эле айтса мейли… Кечке сүйлөйт. Тажабайт… Эстеген сайын айта берет. Суйлөгөндөн кандай чарчабайт деп ойлоп койгону да бар. Дегеле каяша айтып көргөн эмес. Коркот. Бир жолу жаман көрүп карай коём деп токмок жеген. “Алдагы акшыйган көзүңдү чукуп коём!-деген кыйкырып – Мени алдагинтип караганга жарап калдыңбы?! Мен болбосом жүрмөксүң селпейип айылда! Дагы бир жолу ушундайыңды көрөйүн, айылга жөнөтүп ийем!” Дагы далай жаман сөздөрду айтып, колундагы отун менен чаап жиберген. Кол кайрымак түгул жооп айтууга даабай, денеси ооруганына чыдап туруп берген. Айылга эле кете берейинчи деп айткысы келген. Ушинтип көр жеме угуп жүрө бергиче ата-энемдин жанына кеткеним жакшы дегиси келген. Бирок айта алган эмес. Керек болсо ыйлагандан да корккон. Сыртка отун алымыш болуп чыгып көз жашын төгүп алган.
–Ай, бүгүн да жука кийим менен келдиңби? Башында да эч нерсе жок… Кызык кыз экенсиң го!
Базарга жаңы келгенинде жакшы сүйлөп кел берилеп чакырып алган эжеси күнүгө ушул сөзүн кайталайт. Бүгүн жоолук ала келиптир.
–Ме, момуну салынып алчы… Үстүңө жылуураак бирдеме берейин десем жок болуп жатпайбы…
Күнөөлүүдөй жылмайып койду. Бирде жегенинен бөлүшсө бирде мунукун алыңыз даамдуу деп келген кардарын берүүгө аракет кылат. Назик эже болбогондо кантмек элем дейт өзүнчө. Базарга келе жатканда сөзсүз эстейт. Бар болсо экен деп тилейт. Караанын алыстан көрө сала кубанат. Бул да күнүгө ушул жерде. Бирок, алмашып турганга жолдошу бар. Бир маал ал келип турат да бул үйүнө кетет. Жүр мени менен үйгө, ысыгыраак тамак ичип келебиз деп далай чакырды. Ичи-ичине кирип өзөрүп, курсагы ачып турса да барган жок. Макул болуп кетип калса эле тайжеси издеп келип калчудай корко берет. Жадакалса чемичке чаккандан да коркот. Кетээрде стакандап санап салып, барганда стакандап өткөрүп алат. Акчасын кайра-кайра эсептейт. “Эч нерсе жеген жоксуңбу?! Сук курсаксың ээ, оңбогон?! Балдар ачка отурганда, сен бирдеме алып жеп жүргөнүңдү көрсөм таарынбагын!”-деп ар бир кеч айта бергенден тажабайт.
–Апээй ай! Салынганың кантет? Алдагы чачынды киргизип, тыкандап салынсаң…
Назик эжеси бир тууганындай эркелете сүйлөп жоолугун оңдоп салды. Эже дегени эле болбосо тең курактуудай көрүнүнөт. Андан да эки баласы бар экен. Өзүнүн айтымында турмушка эрте чыгып катар төрөгөн. Жатаканада жашашат имиш. Ал жерде жакшы дейт. Кошуна-колоң бири-бирибизге жардам берип турабыз. Ошондуктан балдарымды деле таштап кете берем. Карап турушат деп кубанат. Эч качан бирөөнү жамандаганын уккан жок. Керек болсо милицияга баштыгын жулдуруп жибергенде да аларды жек көрө сүйлөгөн эмес. “Аларды да түшүнсө болот. Көчөнүн томунда турсак… Биздин чемичкелер жердин баарын булгап жатса…”-деген кейип. Милиция демекчи… Ушул тегеректи караган, тартипке салган ар бир милицияны таанып калды. Аларды көргөндө тизилип отурган келиндер баштыктарын чогулта качышат. Кээ бири көрмөксөнгө салып өтүп кетсе, кээ бири чоң кылмышкерди көргөндөй кууп жүрүп кармап кетишет. Аялдардын ыйлагандарына да, жалдырап сурангандарына да карашпайт. Арасында “Ач күзөн” деп ат коюп алгандары бар. Эң жаманы ошол. Ал келе жатканда “Ач күзөн! Ач күзөн келе жатат!”-деп кыйкырыкты салып, фашистти көргөндөй калчылдашат. Анан кантишсин? Колуна түшкөндү коё бербейт. Баштыгын тартып алганы аз келгенсип, таштандыга төгүп салат. Канча аялды жулкулдата сүйрөп участокко алып барып, бакыйта штраф жазды. Баарынан да курсагы салаңдаганына карабай күлүктүгү жанда жок…
ХХХ ХХХ
Калиянын ошол күнү маанайы жакшы болчу. Ага себеп кайра эле тайжеси эле. Негедир көнүлү күндөгүдөй түнөрбөй күлө сүйлөп жөнөткөн. “Ысыгыраак чай ичип алчы. Тамак ичип ал дейин десем кечкиден балдарга эле калыптыр. Эми жок дегенде нандан жеп, жакшылап тоюп ал,”-деген камкор. Болбосо, нанды да көп жедиң деп сүйлөнүп калчу. “Чемичкем жакшы өтө баштаганга кубанып калган го.”-деген оюнда. Базарга келсе Назик жалгыз туруптур. Буга чейин Назик эжесин жактырып турганы менен ачылып сүйлөшө элек болчу. Ал күнү баарын айтып берди. Кайдан келгенин, ким менен жашаарын, ата-энесин сагынганын, бир туугандарын… Деги койчу, болгонун… Тайжесин айтаарда гана тайсалдып калды. Бир тууган эжесине даттангандай даттангысы келди. Бирок анте алган жок. Ишенбейт го деди ичинен. Ишенгенде не деди дагы бир ою.
Ошентип сөздөрү түгөнбөй турган маалда кайдан-жайдан “Ач күзөн” пайда болду да, экөөнүн тең коробкаларын каңтара тепти. Чемичкелери кар аралаш ылайга аралашып жайнап калды.
–А-ай! –дешкен боюнча жалдырап туруп беришти. Кылганына корстон боло каткыра күлгөн “Ач күзөн” мантая басып кетип баратты.
–Эшек! –деди Назик ачуулана, – Мынчалык акмакты көргөн эмесмин. Колуман эч нерсе келбейт да… Болбосочу! Болбосо, жүгүрүп барып казандай көчүгүнө бир тепмекмин!
Назиктин ачууланганын Калия биринчи ирет көрдү. Өңү өзгөрүп калчылдап кетет экен. Эмне кылышты билбей дабдырай түштү. Отура калып чемичкелерди чогулта баштады. Кайдан чогулмак. Бир заматта сууланышып, ылайлуу карга аралашып калыптыр. Жүзү ылдый жаш куюлду. Шуу эттире мурдун тартты да, майланышып кирдеген жеңи менен жүзүн аарчып алды. “Эми эмне болот?” –деди ичинен – “Тайжемен токмок жейм да! “Ач күзөндун” кылыгын айтсам ишенбейт го. “Калп айтпа! Чемичкеңди сатып, акчасын коротуп келдиң да!” – деп албуутанса керек. Сууктун күнүндө сыртка тургузуп койбосо болду…”
Өткөндө сыртта калганы көз алдына тартылды. Анда да акча жетпей калды деп урушкан. Чынында ошол күнү ачка болгонуна чыдабай пирожки алып жеген эле. Андан соң суусаганынан чай да сатып алган. Көп болсо эки-үч стакан чемичкенин акчасы кеткенине карабай билип койгонуна таң калган. Бирок мойнуна албай “коротконум жок…”-деп калп айтууга мажбур болгон. “Ооба, чай ичип, пирожки жедим эле,” –десе өлтүруп койчудай корккон. Эми болсо бүтүндөй баштыгы төгүлүп жатат.
–Болду эми ыйлай бербей. Аларды жөн кой, чогулта алмак белең? Болоор иш болду. Андан көрө эртерээк үйгө барып башка алып келели. Болбосо, бүгүнкү күн бош өтөт.
Назик Калияны колунан тарта тургузуп, соорото сүйлөдү. Ызага муунуп турган неме ыйын токтото албай солкулдай берди.
–Ай, болдучу үңүлдөбөй! Кичине нерсеге да ушунча ыйлайт бекен?!
–Үйгө барбайм… – деди ый аралаш, – тайжем өлтүрөт. Ага эмне дейм?
–Кызык го. Айт да “Ач күзөнду”.
–Ишенбейт…
Ансыз да араң жүргөн Калия тайжесинин жасаган мамилесин, андан көргөн кордугун Назикке айтып да, ыйлап да жатты. “Апээй ботом!”, “жинди го…”, “неге антет?” деп таң кала кулак төшөгөн Назик аягында чыдабай кетти:
–Сен эмне кичинекей кызсынбы?! Же ал-күчтон тайыган кемпирсиңби?! Жалдырап тура бербей тайжеңе бирдеме дебейсиңби? Катуураак жооп айтсаң зомбулугун токтотоор. Же болбосо апандарга айт да! – деди ачууланып.
–Апамдарга кантип айтам? Аларга жетиш үчун акча керек. А менде жок… А тайжемден бир тыйын чыкпасын түшүндүңүз да.
Көз жашына кошулуп улам аккан мурдун шуу тартып төмөн карады. Назик Калияны кантип сооротушту, эмне деп кеңеш айтышты билбей кыйналды.
–Болду эми… Менде деле болгон мындай окуя, – деди калп айтып, – Өзүңө-өзүң тың болбосоң ушинтип запкы жей бересиң. Бүгүн тайжең кол көтөрсө “милицияга арыз жазам!” –деп коркут. Балким айбыгып калаар…” – өз сөзүнө өзү ишенбегендей үн катты.
ХХХ ХХХ
Суук күчүнө кирип чилде түшкөн маал. Баягы каз-катар тизилип чемичке сатчулар азайып калган. Болсо да бир-эки саат араң чыдашат. Бирок мындай мезгилде соода жакшы болот экен. “Суукта үйдө чемичке чагып отура беришет шекилдүү. Булар акчаны кайдан табышат болду экен? Тегерек четимдеги кошуна колоңдордун чемичкеге эмес нанга акча таппай жүргөндөрүн көрүп эле жүрөм го…” Калиянын оюна ушул келет: “Неси болсо да мага жакшы болду. Алып келгенимди күнүгө түгөтүп кетем. Бирок… Тайжеме жакпай койдум го.”
Бүгүн бөтөнчө суук… Үшүгөн колун укалап келген кардарга чемичкени эптеп салып берип жатты. Бутунун тоңгонун эбак сезбей калган. Жылытыштын амалы кылып ары-бери басат же таманын жерге койгулайт. Анткенден манжалары ооругандан башка майнап чыкпай койду. Аты бар, заты жок өтүгүн чечип ыргытып бутунун башын ушалагысы келип араң турат. Назик эжеси эртерээк келсе болот эле. Ал сөзсүз чырпык-чурпук ала келип от тутандырат. Болбой баратса картон жагат. “У-уф! У-уф!” Колун үйлөп жүзүн сылап койду. Ошентсе эле сууктан карышайын деп калган бети жандана түшчүдөй… Айылдын жылуу очогун, тандырга бышкан нанды сагынды. Апасынын чачынан сылап, маңдайынан өөп эркелеткени эсинде жок. Бирок анын “Жылуураак кийин, үшүп калба”, “Мектептен келгенче ачка болосуң, тоюп алсаң боло!”, “Бөбөктөрүңөн катып койдум эле, ме мобу момпусуйду…”-деген сыяктуу кайрылгандары эркелеткени турбайбы, аттиң! Кезинде түшүнбөптур, түшүнмөк түгүл этибар деле алчу эмес экен.
– Тоңуп калдыңбы?!
Селт эте түштү. Назик эжесинин келгенин байкабаптыр. “Жылынып, балдарды да карап келейин. Жүрү мени менен… “-дегенине адатынча көнбөй койгон. Банкага бир аз тамак ала келиптир.
–Ме, мобунун жылуусунда жеп ал… Мен тиги отундарды жагайын. Атайын ала келдим. Бир аз да болсо жылынып аласың.
Колундагы баштыгын Калияга сунуп, жол жээгиндеги арыкчаны тазалап, от тутандыра баштады. Ным тартып калган отун бырыксып жатты да, бир аздан күйө баштады.
–Кел, –деди Назик Калияны жанына чакырып,- бир аз жылынып ал… Жыргаган табы деле жок. Ошентсе да от эмеспи.
Капкара, туурулган колун отко жакындата берген Калия уялып кетти. Айылда жүргөндө да мынчалык туурулган эмес. Бетинин колундай болсо болоттур, кем калбайт. Аны кайдан билсин… Күзгүгө качан каранганы эсинде деле жок.
–Өтүгүңдү чечип, бутуңду жылытып алчы. Тайжең абдан эле жаман киши экен. Жок дегенде бутуңду жаңыртпай койду. Тоңуп калды го.
Өтүгүн чечип ыргыткысы келип араң турган Калия отургучка көчүк басып бутун отко жакындата берди. Манжаларын эбак сезбей калган.
–Апээй ай! Чокоюңдун таманы ээрип калып балээ болбосун! Чечип жылыт! – Назик үнүн катуу чыгарып Калияны далыга нукуду, – Ажаан тайжеңден тил уга турган алым жок…
Калия бутун оттон тарта берип, “жок.”дегендей башын чайкап ылдый карады. Эриндери көгөрүп денеси титиреп турганын Назик эми байкады. Жүрөгү ооруп кетти.
–Уялбай эле чече бер… Экөөбуздү ким карап турат дейсиң? Биз эле эмес, тигил жактагы “байлар” деле үшүгөндөрүнөн от жагып алышыптыр, – деди колун жаңсай төмөн жактагы кыз-келиндерди көрсөтүп. Алар тамекинин турлөрүн, сагыз, момпосуйларды столго жайнатып коюп отурушат. Кардарлары буларга салыштырмалуу көп. Соодалары жакшы жүрөт. “Чемичкечилердей” болбой жакшы кийинип, жасанып-түсөнүп алышат. Ошол үчүн “байлар” деген атка конушкан.
–Чечпей эле коёюнчу… Бутум үшүгөн жок. Колум эле…
–Ай, кандай үшүгөн жок?! Уялбай эле чеч, чече бер… Көп болсо жамаачыдыр. Мен деле жамап-жумап кийип жүрөм.
Назик отура калып, Калиянын бутундагы чокоюн чече баштады. Кысынып араң турган неме бутун жашыра тартты.
–Жөн коюңузчу…
–Жөнбөйм-этпейм! Сун бери бутуңду!
Калиянын өтүгүн колуна алган Назик чоочуп кетти.
–Ап-иий! Ичинин баары суу го! Көрсөтчү таманынды!
Суу болгон байпагын көрсөтпөштүн айласы кылган Калия бутун жашырды. Бирок кыраакы Назик баарын көрдү.
–Ой! Бул эмнеси?! Суу болгону аз келгенсип, бир кат го! Ай, ичинде эч нерсе жокпу?! Апээй ботом, шымың да бир кат беле?! Оо Кудай! Кантип чыдап жүрөсүң?! Суукка бышкам дегениң чын экен эй! Болбосо башка адам качан эле өпкөсүн жоготмок! Тур жөнө үйүңө! Шым бер де! Гамаж бер де! Тайжең акмак турбайбы!
ХХХ ХХХ
Жепирейген тамдардын арасынан бир караан серең этип көрүнө калды да жок болду. Анда-санда гана иттердин үргөнү угулбаса айлана тынчтыкта. Жанагы караан кайрадан көрүнө калды да, элеңдеп эки жагын карап бир жакты көздөй шаша жөнөдү. Сөлөкөтү кемпирдей… Жоолукту бетине жаба салган. Бутундагы көчөчтүн шалпылдаган үнү угулат. Мурдун кайра-кайра тартып, колу менен жүзүн аарчый бергенине караганда ыйлап алган. Чоң жолдун жээгине жете бербей тайгаланып жыгылды. “Апа!”-онтоп алды. Ансыз да ур-токмоктон ооруп турган денеси жанчыла түшкөнсүдү. Эптеп турду да кайрадан жол улады. Тигине! Назиктин караанын көрүп сүйүнүп кетти. Бул жеткенче кетип калбаса экен. Ансайын жол арбыбагандай…
Жакындай берип токтоду. Жанына баруудан туртынды. Эмне деп айтат? Тайжемен качып чыктым, мени үйүңүзгө киргизип алыңыз дейби? Жок деп койсочу? Жолдошум макул болбойт десечи? Бас, тайжеңе жеткирем деп урушсачы? Ою онго бөлүндү. Артка жол жок. Кайрылып барса тайжеси өлтүруп коюудан тартпайт. Артынан издеп келип калсачы? Калчылдап чыкты. Далдоо жерге жашынды да ызасына, үшүгөнүнө чыдабай өксүп жиберди…
Назик баштыгын чогултуп кетүүгө даярдана баштады көрүнөт. Жолунан утурлай тосууга белсенди. Башка айла жок…
–Назик эже-е… –добушун акырын чыгарып жанынан өтө берген Назикке кайрылды. Үн чыккан жакка кулак салган Назик токтой калды. Капталынан чыга калган караанды көрүп чоочуп кетти.
–Ким бул? – деди караңгыга үңүлө тиктеп, – Калиясыңбы? Кечинде бул жакта эмне кылып жүрөсүң?
–Сизди күтүп…
–Мениби?
Таң калычтуу үн катты.
–Ооба…
Калиянын жүзүнө үңүлө тиктеп ыйлап алганын байкады. Эмне болгонун айттырбай сезди.
–Жүрү, –деди алдыга басып,-үйгө барганда сүйлөшөлу. Көк муштум болуп калыпсың го… Мен да үшүдүм.
Унчукпай артынан ээрчиди.
–Сезгем ушундай болоорун… Жана эртелеп кет деп коюп жаман болдум. Же сага жардам бере албайм. Же кийимиңди көрүп чыдай албайм. Өлмөксөк болбой тың болчу дедим… Чоң эле кыз кантип бир аялга каршы боло албайт, я?!
Назиктин урушканыбы, боор ооруп турганыбы айтор, адатынча сүйлөп бара жатты.
ХХХ ХХХ
– “Өлбөгөн жанга жаз келет” дегендей, мына, жаз да келди. Балким, айылыңа кетүү жөнүндө ойлонорсуң? Жол киреңди таап берем. Биз деле кыйналып жашап жатканыбызды көрүп турбайсыңбы… Башка жардам бере албайм.
Назиктин мындай сунушун буга чейин деле уккан. Бирок жооп бербей кутулган. Тек гана жаз келсинчи деп койгон. Айтканындай жаз да келди. Эми кетиши керек. Бирок кантип? Үйүнө эмне деп барат? Тайжесинен кетип калганын алар укту бекен? Угушса издешет эле го. Үйдөн качып чыккан күндүн эртеси тайжеси келип жаңжал салган. “Милицияга арыз жазам! Сен буздуң Калияны! Бузукусуң!” –деп Назикке кыйкырган. “Билгениңизди кылыңыз. Мага десе милицияларыңызды бул жерге ээрчитип келиңиз. Эч нерсе кыла албайсыңар! Керек болсо мен жазам арызды! Калия жазат арызды! Ур-токмокко алып жүргөнүңүздү алар билчү болсо сизди камашат!”-деген Назик жалтанбай, – Андан да, Калиянын жашы 18ден ашканын, ошондуктан ким менен кайерде жашаарын өзү гана чечип коёорун унутпаңыз!” Назиктен мындайды күтпөгөн тайжеси тил ооздон калган немедей жалдырап туруп калган. Акыры Калияга карап – Эй, келесоо! Бул жерден жыргайм деп турасыңбы?! Күң болосуң! Балдарын бактырганга киши таппай сени азгырыптыр да! Бас дегенде бас үйгө!” –деп жулуна баштаганын көргөн Назик сыртка түртүп чыгарган. Жапжаш туруп кыйын экен деп таң берген. Мен неге мындай боло албайм деп өзүн-өзү жемелеген. Ошондон соң кайрылган жок тайжеси… Ата-энеси да издеген жок. Демек, эч кимге керегим жок деген бүтүмгө келген. Эми минтип Назик эжеси да кет деп турат. Жок кетпейм деп кантип айтат? Ансыз да бир айдан ашык жашады. Балдарын карап, анда-санда тамак жасап койгону болбосо эс алып жатты. Назик да жолдошу да жаман айтышкан жок. Көнө да түшүптүр. Баарынан да эки баласын өз бир туугандарындай жакшы көрүп калган.
–Эже… Мен айылга барбайм. Эптеп жумуш тапсам иштейт элем.
Назиктин сунушуна макул эмес экенин билгизип башын жерге салды.
–Жумуш? Кайдагы жумуш?! – деди Назик көңүлсүз. Бир азга ой басып отурду.
– Билбейм… Балким сен табаарсың. Бирок мен ишенбейм. Баарыбыз эле жумушсуздуктан базарлап жүрөбүз го. Жумуш болсо мен деле иштейт элем. Байкең да иштейт эле… –деп үшкүрүп койду.
Анын минтип үшкүргөнүн уга элек болчу. Акыркы күндөрү көңүлсүз жүрөт. Жолдошу менен да кер-мур айтышканын угуп калган.
–Калия укчу,-деди бир аздан соң, – сени да түшүнүп турам. Бирок, мени да түшүн. Жолдошум экөөбүз таарынышып жатабыз. Көрүп турасың, үтөлөктөй бир бөлмөдө тыгылып… Анын үстүнө жакында айылдан апам да келет экен.
Назиктин кыйыта сүйлөгөнүн Калия түшүнө бербеди. Жолдошу экөө таарынышса менде эмне айып деди ичинен. Жөн эле жүрөм го деди ойлонуп. Апасы келсе… Эмнеси бар экен? Келсе кайра кетет да.
–Апаңыз силер менен жашайбы? – деди маңыроо, – Же… кайра эле кетет да. Эгер кетпей калса анда мен кетем. Азырынча жүрө турайынчы.
Калиянын мындай жообуна Назик таң кала карады.
– Мен базарга кеттим. Балдар ойгонсо тамагын берип коёсуң да, –деп сыртка чыга жөнөдү…
ХХХ ХХХ
–Кел мындай… – жанын көрсөтө берип нары жылды, – сүйлөшөлү. Чоо-чайыңды Назиктен уктум. Кетейин деген оюң жок окшойт. Буларды көрүп турасың, эптеп жан багып жүрүшөт. Борбордо жашаш эле оңой бекен? Эгер макул десең мени менен жүр, айылга ала кетейин…
Айылдан келген Назиктин апасы ушундай сунуш киргизди. Оор басырыктуу, көз карашы сүрдүү, талапты каттуу койгон аял экен. Ал келгени Назиктин жаны тына элек. Апасы эки күндө төшөнчүлөрүн жамап, оңдоштуруп берди. “Таза бол! Базарда жүрөм деп эле бытылдап жата бербе! Балдарыңды азыртан жумшап үйрөт! Тиги кыз деле колондоп жүрө берет окшойт. Өзү араң жүрөт да бирөөнү багып… ” –деп Назикти урушуп да коюп жатты.
Апанын сунушуна Калия же макул болушту же жок дешти билбей ойлоно калды. Кетейин дейт сүрүнөн тартынып турат, кетпейин дейт чын эле ашка жүк башка жүк болуп качанкыга чейин буларга батат.
–Мени менен кеткиң келбесе өз айылыңа бар… Булардын мойнуна качанкыга чейин отурасың? –Калиянын эки анжы болуп турганын көргөн апа катуу айтты. Ооба апаныкы туура да. Качанкыга чейин ушинтет? Кете бериш керек…
–Сиз менен кетем… – Калия араң жан күбүрөдү, –Ал жактан эмне иш кылам?
–Барганда көрөбүз. Айылда жумуш толтура. Сен жакшы жүрсөң эле өз кызыбыздай болуп каласың…
Апа Калиянын жообуна ыраазы болгондой жумшара түштү.
ХХХ ХХХ
Айылга келгенден бери оңолуп калды. Назиктин апасы талаптуу катуу койгону менен берекелүү экен. Дасторкону жайнап турат. Кааласа каймак-май, кааласа эт, кааласа жумуртка… Айтор, баары түгөл. Кээде гана “кыз деген аздап жейт.” –деп койгону болбосо тамак аяганын көргөн жок. Баарынан да ата абдан жакты. Малды жайгарып, короо тазалап жаны тынбайт. Анан да: “Ээ байбиче! Тамак даярбы-ы? Өзөрдү-үм!” –деп койгонучу…
Апа күнүгө таң эрте “Тур, уйлар бададан кечигет, саай калалы,” –деп ойготот. Калиянын айылда өсүп-чоңойгонуна карабай уй саай албасын көрүп таң калган. “Апээй ботом!” –деген чоочуп, “Айылдык кыздар уй саап чоңоюшчу эле. Сени көрдүм саай албаган. Апаң эмне, үйрөткөн жок беле?” “Жок.” –деген адатынча башын жерге салып,-“Өзү эле саачу…” А чынында уйлары жок болчу. Жалаң кой багышаар эле. “Кыз болобу, уул болобу эмгекке бала кезден бышырыш апанын милдети. Демек, апаң өз милдетин аткарбаптыр.”-деген нааразы боло. Ошол күндөн баштан уй сааганды үйрөттү. Бош отургузбайт, бирде кийиз жасайбыз дейт, бирде нан жап дейт… Камыр жууруганын көрүп, “Ушинтип да жууруйт бекен? Мына минтип ийле!”-деп көрсөтүп да берген. Айтор, кыз-келинге тийешелүү жумуштардын баарын үйрөттү. Баарынан да бош боло калганында текчедеги китептерди көрсөтүп “Тээтиги китептерди четинен алып оку! Көп окуган адам ийгиликке жетет.” –деп мажбурлаганычы. Эң жакпаганы ушул эле. Мектепти кыйратпаган неме мынчалык көп китепти кантип окуйт? “Назик эже китепти неге мынча барктайт десе үй толтура китеп турбайбы! Бирок булардын баары кимге кереги бар? Мунун баарын Назик эже окуду бекен? Китеп окуган киши ийгиликке жетет дейт го апа. Анда неге Назик эже алигиче ийгиликке жеткен жок! ” –дейт оюнда. Кээде колуна китеп алып окумуш болуп отура бермей да адат таап алды.
Алгач бул үйдөгү жашоо жакканы менен бара-бара “Ээк! Неге келдим экен?! Бош отургуза койбой жумшай беришет экен! Мен эмне буларга келин белем? Же кызы болбосом!” –деген ойлор кылт эте баштады. Мындай ойлордун келишине кошуна кыз түрткү болду. Анда-санда кире калган ал Калиянын жасап жаткан иштерин көрүп “Сен эмне эле келиндей болуп жүрөсүң бул үйдө?! Анча-мынча алып берген кийимдерине кызыгып жатасыңбы? Сенин ордуңда болсом кетип калмакмын. Биз шаарга жетпей жүрсөк, сен шаардан айылга келген макоо экенсиң! ” –деген шылдың кыла күлүп… Ошол кезде бир нерсеге түшүнө алган эмес. “ Баары жайнап турса кызын неге базарлатып коюшкан? Акча жөнөтүп турушса болбойбу? Күнүгө сүт, жумуртка өткөрүшөт. Короолорунда мал деле көптөй. Кызык…” Назиктин атасынын “Ар бир адам өз турмушун өзү курат. Ийгилик жараткысы келген эмгектенет. А эмгек деген бир күндүк иш эмес. Иш жасоо менен эмгектенүүнүн айырмасын биле жүрүш керек. Ата-энеден же башкадан жардам күтө берген адам келечегин кура албайт.” –деген сөздөрүн этибар алчу эмес турбайбы… Өз ата-энеден акыл-насаат укпаганга Назиктин ата-энесинин акыл-насааты жөн гана сөздөй, ал эми кошуна кыздын боор тартымыш эткени акылдай сезилиптир. “Бул кыз чын айтат! –деген анын айтканын туура көрүп, – Бул жакта эмнеге жүрөм? Өз кызына бербеген жардамды мага беришмек беле? Эптеп кетип калбасам болбойт…” Ошондон баштап сүт, жумурка өткөзгөн сайын акча кымыра баштады. Билинбей бир топ чогулган эле. Акыры кошуна кыздын жардамы менен шаарды көздөй тыз койду. Назиктин, анын ата-энесинин жумшаганын, аны-муну билип ал деп үйрөткөнүн, окуш керек деп акыл айтканын ошол кезде барктабаптыр. Барктамак түгүл жаман көрүптур. “Өх! –үшкүрүп алды, –Ошондо неге жашынып качтым экен? Жөн гана айтсам жиберишмек да. Ага чейин деле кетем десең айтып кой, бир сыйра кийим-кечеңди алып берип узатып коём. Кызымдай эле болуп калдың деп калчу эле го апа.” Андагы кылыгына өзү түшүнө албай кетти. “Мени туура эмес жолго түрткөн ошол кошуна кыз!” –деди өз күнөөсүн башкага шылтап… Мына эми, арадан 20 жылдай өткөн соң Назик эжесин теледен көрүп, суктанып да көз артып да отурат. “ Мени өмүр бою базарлап жүрө берет деп ойлойсуңбу? Анда эле жаңылышканың… Көрөсүң го, буйруса зынкыйган адвокат болом.” –дечү кыялданып. Демек, кыялына жеткен экен да! А менчи?! Э-эх!”
–Эй! Эмне отурасың жалдырап?! Көзүм бир аз мындай болсо эле конок үйгө жашынып телевизор көрөт экенсиң го! Тур жумушуңду жаса!
Теле менен ойдун ортосунда чайналып отуруп үйдүн кожойкеси кирип келгенин байкабай калыптыр. Ордунан ыргып туруп, телевизорду өчүрдү да, колундагы нымдалган чүпүрөк менен адатынча чаң тазалаганга өттү.
Көкүрөктү өйүгөн ыза менен өкүнүч көз жашка айланып жүзү ылдый куюлду…
Аягы. 2020-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.