Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: “Бирөө үчүн канарейка”

(аңгеме)

Поезд кызыл таштан салынган үй жанынан зуулдап өтүп баратты. Үйдүн багындагы төрт жоон түп пальма дарагынын көлөкөсүнө үстөлдөр коюлган. Берки тарабында чалкыган деңиз жатат. Андан ары кызыл таштуу, ылайлуу жантайма жол башталып, жар түбүндөгү деңиз илең-салаң көрүнүп артта калды.

– Муну Палермодо сатып алдым, – американка аял сөз баштап калды. – Жекшембиде таң эрте жээкте болгону бир саатка токтоп калдык. Саткан адам доллар менен төлөсөңүз деле болот дегенинен, бир жарым долларга алып алдым. Сайраганы укмуш эми.

Поезддин ичи үп тартып, жарык купенин ичинде ысыктан дем кысылат. Же ачык терезеден шамал соккону билинбейт. Американка аял парданы жаап салганда, деңиз карааны биротоло көрүнбөй калды. Купенин экинчи тарабында айнек тосмо, анан ары коридор, андан ары ачык терезе жайгашкан. Ачык терезеден жол боюндагы чаң баскан дарактар, карала-торала майланышкан жол жана жүзүм талаалары, ыраакта боз таштуу дөбөлөр көзгө урунат.

Бийик морулардан чыккан түтүнгө чулганган Марселге кирип келгенде, поезд жүрүшүн жайлатып, жайнаган сан жолдордун бири менен келип, темир жол бекетине токтоду. Марселдеги бекетте поезд жыйырма беш мүнөт токтоп турганда, американка аял «The Daily Mail» журналын, кичинекей бөтөлкөдөгү «Evian» суудан бирди алды да, перрон менен басып барып, вагондун оозунда туруп калды, анткени Канн шаарындагы бекетте он эки мүнөт турган поезд сигнал бербестен жөнөй бергенде, ал аз жерден үлгүрүп калды. Американка аялдын кулагы бир аз оор, мүмкүн сигнал берген күндө деле, аны укпай калган чыгар.

Поезд Марселдеги бекеттен жылып кетти. Арт жакта электр чыңалуусун бөлүштүрүү станциялары, фабрикадан чыккан түтүн, деңиз жээгиндеги таштуу дөбөлөрдүн кучагында жайгашкан Марсель шаары, деңизге батып бараткан күн көрүнүп кала берди. Кечки иңирде поезд талаада күйүп жаткан малчынын үйүн жандай өттү. Жол боюнда унаалар токтоп, күйүп жаткан үйдөн чыккан буюм-тайымдар талаада ар жерде чачылып жатат. Топтошкон бир топ адам күйүп жаткан үйдү карап турушат. Көз байланганда, поезд Авиньонго кирип келди. Бекетке токтогондо, эл дагы топурап кирип-чыгып баштады. Парижге бараткан француздар гезит саткан күркөдөн француз тилдүү гезиттердин жаңы санын сатып алып жатышты. Перрондо ындыкара [1] жоокерлер турат. Күрөң аскердик формачан узун бойлуу жоокерлердин жүзү электр жарыгында жалтырайт. Бир караганда, шатыдай узун бойлуу, капкара жүздөр көзгө урунат. Поезд ындыкара жоокерлер турган Авиньон бекетинен жылып жөнөдү. Жоокерлерди коштоп пекене бойлуу ак терилүү сержант жүрөт.

Жарык күйүп турган купеде тейлөө кызматкери дубалдагы үч керебетти сууруп алып, уктаганга жай даярдап кирди. Катуу ылдамдыктан корккон американка аял түнү бою уйку бетин көргөн жок. Анын керебети терезе тушта жайгашкан. Шамалдап калбас үчүн үстүнө чүпүрөк жабылган капастагы канарейканы жуунчу купеге кетчү корридорго алып чыгышты. Купенин сыртында көгүш жарык күйүп, поезд түнү бою үрккөн аттай шашып жүрүп, катуу ылдамдыктан поезд кулап кетчүдөй корккон американка аялда дале уйку деген жок.

Эрте менен поезд Парижге жакындап калды. Жуунчу купеден чыга калган американка аялдын кебетеси түнү бою уйку бетин көрбөсө да, орто жаштагы аялдай бир топ чыйрак. Капастын үстүндөгү чүпүрөктү сыйрып алып, капасты күнөөс жерге илди да, вагон-ресторанга тамактанууга кирип келди. Ал жарык купеге кайтып келгенде керебеттер отургуч түрүнө келтирилип, ачык терезеден шоолдоп кирген күн нуру тийгенде, канарейка канаттарын серпип баштады. Бул убакта поезд Парижге омуроолоп келип калган.

– Күндү ушунчалык жакшы көрөт, – деди американка аял. – Азыр кубулжуп сайрай баштайт.

Канарейка канаттарын пыр серпип алып, жүндөрүн тумшугу менен чокулап кирди.

– Канаттуу куштарды ушунчалык жакшы көрөм, – американка аял сөзүн улады. –  Үйдөгү кичинекей кызыма алып баратам. Мына сайрайт азыр.

Канарейка чирк-чирк сайрап алып, моюн жүнү үрпөйө түшкөндө, дагы жүндөрүн чокуланып кирди. Поезд дарыяны кесип өтүп, таптаза иреттелген токой аркылуу, Париждин жака белиндеги көптөгөн шаарчалар аркылуу сапар карытып келди. Шаарда жайнап жүргөн трамвайлар, поездден көрүнгөн дубалдарга «Belle Jardiniаre», «Dubonnet» жана «Pernod» сыяктуу жарнамалар илинген. Поезд басып өткөндүн баары эрте мененки тамакка чейин болуп өткөн иштей болуп кала берди. Жубайым менен американка аялдын сүйлөшкөн сөздөрү бир топко дейре кулагыма кирбеди.

– Күйөөң да америкалыкпы? – бир маалда аял жубайымдан сурады.

– Ооба, экөөбүз тең америкалыкпыз.

– Мм. Мен силерди англичандар экен десе.

– Ой, жок.

– Асынма кур тагынып алсам, ошондой ойлогон чыгарсыз, – мен да сөзгө аралаштым.

«Асынма кур» дегенди атайын англис диалектине салып айттым. Американка аял муну укпай калды. Кулагы кыйла эле оор окшойт; сөздү ооз кыймылынан түшүнгөндүктөн, мен башка жакты карап айтсам, мунумду аңдабады. Терезеден сыртка үңүлдүм. Ал жубайым менен кобурашып кирди.

– Америкалык алтындарым, садагалар. Америкалык эркек – дүйнөдөгү эң мыкты күйөө, – аял кебин улады. – Бул жактан эмнеге кетип калганыбызды билбесеңер керек. Кызым швейцариялык бирөөнү сүйүп калып… – аял токтоп калды. – Экөө тең бири-бирин катуу сүйүп калышып… – аял дагы токтоп калды. – Кийин кызымды алып кетип калдым.

– Кызыңыз аны эми унуткандыр, ээ? – жубайым суроо узатты.

– Жок, кайдан, – деди америкалык аял. – Тамакка табити тартпай, уктабай койсо болобу. Канча аракет кылсам да, кызыма бар дүйнөнүн кызыгы кеткендей бардыкка кайдыгер болуп кетти. Башка улутка эрге бергенге такыр көңүлүм тартпады, – аял дагы токтоп калды. – Ошентип жүрсөм бир жакын курбум да айтат: «Башка улуттагы эркек америкалык аялга күйөө болуп жыргатмак беле» – деп.

– Жок, – жубайым да аялдын сөзүн коштоду, – Боло албайт эч кандай.

Американка аял жубайым кийген пальтого кызыгып, ал жыйырма жылдан бери кийимдерди «Saint Honor» көчөсүндөгү «Maison de couture» дүкөнүнөн алып кийерин божурады. Алар аялга чак келер кийимдердин өлчөмүн жакшы билишкенин, аял кандай өлчөмдө, кайсы моданы жактырарын эң сонун билген сатуучу Америкага салып жиберерин айтып берди. Почта Нью-Йоркто ал жашаган жерден анча алыс эмес да, кийимдердин салык төлөмү да бир топ арзан, себеби почтада жөнөтүлгөн көйнөктөрдү ачып караганда, көйнөктөр эч кандай алтын шөкөт кадалбаган, жупуну, арзан көрүнүп, ошого жараша кошумча салык төлөмү да текейден арзан түшөт. Азыркы «Therese» аталыштагы «vendeuse» эмес «Amelie» аталыштагы «vendeuse» көйнөктөр. Жыйырма жылдан бери көйнөктүн ушул эки түрү мододан түшпөй келатат. Булар «Couturier»  көйнөктөрүнүн эле эки түрү. Азыр эми баалар өсүп кетти. Бирок азыркы акчанын курсу менен алганда, мурунку эле бойдон калат. Баса, кызына чак келер көйнөктөр да бар. Кызы бойго жетип калгандыктан, кийиминин өлчөмү да мурдагыдай өзгөрбөйт.

Поезд Парижге кирип келди. Тирөөчтөр жерге жармашып, бирок чөп анчалык көтөрүлө элек. Жол катар көптөгөн вагондор турат – кечки саат беште Италияга жөнөй турган күрөң түстөгү жыгачтан вагон-ресторандар жана уктоочу вагондорго «Париж-Рим» деп жазылган. Азыр деле кечки беште ордунан жылат болуш керек. Чатырында орундуктары бар шаар сыртына кирип-чыккан вагондор эгер азыр да мурункудай болсо, толтура жүргүнчүсү менен жайнаган терезелүү үйлөрдүн аппак дубалын бойлой жүрүп олтурат. Эч ким оозуна наар ала элек.

– Америкалык эркектер – чыныгы болочок куйөөлөр, – деди аял жубайыма. Мен сумкаларды түшүрүп жаттым. – Америкалык эркектерге турмушка чыкканга не жетсин.

– Швейцариядан кеткениңизге көп болдубу? – жубайым сурады.

– Кеткениме ушул күздө эки жыл толот. Бул канарейканы  ошол кызыма алдым.

– Кызыңыз жактырып калган эркек улуту швейцар беле?

– Ооба, – деди америкалык аял. – Веве шаарындагы жакшы үй-бүлөнүн баласы болчу. Болочокто инженер болом деп жүргөн. Экөө ошол Веве шаарында таанышып калып жатышпайбы. Андан соң жолугушуп, көпкө сүйлөшүп жүрүшкөн имиш.

– Веве шаарын жакшы билем, – деди жубайым. – Биз ал жерде баш кошкон соң бал айын тосконбуз.

– Иэ, ал жерде болдуңар беле? Баары сонун өткөн экен да. Кызым ал жигитти эмнеге анчалык катуу сүйүп калды, түшүнсөм өлөйүн.

– Аябай сонун шаар, – деди жубайым.

– Ананчы, – деди америкалык аял. – Сонун болбогондочу. Кайсы жеринде болдуңар эле?

– «Trois Couronnes» деген жайда.

– Билем, аябай кооз эски мейманкана.

– Айтпаңыз, – деди жубайым, – Жашаган бөлмөбүз да сонун, берекелүү күздүн кооздугун айт ошондо.

– Күздө бардыңар беле?

– Ооба.

Бири-бири менен кагышып кеткен үч авто-унаанын жанынан өтүп бараттык. Авто-унаалар майышып, бири-бирине жармашып калган.

– Карагыла, – дедим мен, – Унаа кырсыгы болуптур.

Америкалык аял жүзүн буруп, акыркы авто-унааны элейип тиктеп калды да, анан:

– Иий, кокуй, ушундай бир кырсык болорун түндө жүрөгүм сезип жаткан. Кээде жүрөгүм жаман ишти алдын-ала укмуш сезет. Ылдам поездге түшкөнүм ушул болсун. Башка деле жайыраак жүргөн поезд табылар.

Андан соң поезд Лион бекетиндеги караңгы жайга келип токтогондо, жүк ташыгандар терезе тушка жабалактап чуркап келишти. Мен сумкаларды терезе аркылуу берген соң, узатасынан кеткен күңүрт платформага чыгып келдик. «Кук» компаниясынын кызматкерлери – үч эркектин бири аялга: «Бир аз күтө туруңуз, айым, мен сиздин аты-жөнүңүздү тизмеден издеп жатам» –  дегенде ошол кызматкердин жанында калды.

Жүк ташыгыч адам арабаны сүйрөп келип, жүктөрдү ага жүктөй салганда, жубайым экөөбүз америкалык аял менен кош айтышып, ушул жерден айрылыштык. Аялдын аты-жөнүн «Кук» компаниясынын кызматкери машинкага терилген кагаздан таап, чөнтөгүнө салып жаткан жерден окуп калдым.

Арабаны түртүп жөнөгөн жүк ташыгычты ээрчип, поезд жанындагы узатасынан кеткен бетон платформада басып келип, чыга бериш дарбазада билеттерди ошол жерде турган кишиге тапшырып, чыгып кеттик.

Жубайым экөөбүз ажырашуу тууралуу документ иштерин бүтүргөнү Парижге атайын келген кербезим.

* * *

[1]. Ындыкара – африкалык, афро-америкалык адамдын адабий тилде аталышы.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

 

АДАБИЯТ ТЕОРИЯСЫНАН АҢГЕМЕ ТУУРАЛУУ

Кандайдыр бир шартта көркөм деталь көркөм символдун ордун ээлеп калат. Символ – аныктыктардын маңыздуу жалпылыгынын негизинде бириктирген көп маанилүү предметтик образ. Символ жарыш кубулуштарда, тиешелештик системага карап куралат; поэтикалык чийинде метафоралык башталышка ээ болуу аркылуу терең идеялар менен байытылат. Символдук образдын көп кырдуулугу болуп болмуштун аспектилерине бирдей негизде камтылгандыгы эсептелет (Русова, 2004: 82).

Азыркы адабиятта символика тууралуу көп нерселер жазылган. Адабий сынчылар бир эле чыгармадан ар кимиси өзүнчө ар кандай символдорду бөлүп көрсөткөн учурлар арбын учурайт. Бул албетте символдун көп кырдуулугуна барып такалат. Символ түшүнүк жана анын чагылдыруу ортосундагы метонимдик катыштарды туюнтуу кызматын аткарат. Бир байкалган нерсе түрдүү контексттерде жана кырдаалдарда байма-бай кайталанып олтурат; расшифровканын бир түрдүүлүгү түшүнүк менен символдун туруктуу өз ара катнашына алып келет (Кухаренко, 1988: 103).

Символдун дагы бир аткарган кызматы болуп эки же андан көп кубулуштарды окшоштуруу аркылуу бир кубулуштун маңызын ачып бергендиги. Окшоштуруу категорияларында эч кандай реалдуу байланыштар жок. Алар бири-бирин сырткы окшоштугу, аткарган функциясы аркылуу гана эске салып турат. Символ менен түшүнүк ортосундагы байланыштардын ассоциативдик мүнөзү баяндалып жаткан түшүнүктүн ачык-айкындуулугун камсыздоодо символ-окшоштурууну колдонуунун көркөм мүмкүнчүлүктөрүн арттырат. Символ-окшоштурууну расшифровкалоо «Символ негизги түшүнүк катары» деген акыркы жыйынтыкка алып келиши мүмкүн (Кухаренко, 1988: 103).

Деталь кээ бир шарттарда символдун ролун аткарып калат. Бул шарт болуп деталь менен ал чагылдырган түшүнүктүн ортосундагы кокустук байланыш жана аны туюнткан сөздөр берилген текстте бир нече жолу кайталанышы эсептелет. Түшүнүк жана анын айрым өңүтү ортосундагы байланыштын туруксуз, кокустук мүнөзү алардын өз ара катнашын түшүндүрүүнү талап кылат. Ошондуктан символдук деталь алгач түшүнүккө түздөн-түз жакын колдонулуп келип, андан ары символ катары каралат. Кайталоо деталь менен түшүнүктүн ортосундагы кокустук байланышты мыйзамдаштырып, бекемдесе, кырдаалдардын катарындагы аналогиялык байланыштар деталдын символдук функциясынын мүмкүнчүлүктөрүн арттырат (Кухаренко, 1988: 103).

«Бирөө үчүн канарейка» (“A Canary For One”) аңгемеси «айсберг теориясынын» негизинде көптөгөн көркөм деталдарга шыкалып жазылган.

Бир караганда, аңгеме сапарда кокусунан кездешип калган жүргүнчүлөрдүн – кызына канарейка сатып алган кулагы оор аял менен Парижге ажырашуу тууралуу документ иштерин бүтүргөнү баратышкан жубайлардын  маегинен башталат.

Жубайлар тууралуу бир караганда түшүнүктүү – өчкөн сүйүү, жубайлар ажырашканы эң романтикалуу шаар – Парижге баратышат. Муну менен автор жалп өчкөн сүйүүнү романтикалык атмосфера да жандыра албашын белгилеп, атайын Париж шаары тандалып алынган. Жубайлар бири-бири менен Парижге келгенге дейре эч кандай диалог түзүшкөн эмес, б.а., өз ара мамиле эбак сууган.

Кулагы оор американка аял бир топ символдоштуруп берилген. Эң маанилүү көркөм деталь катары капастагы канарейка тандалып алынган. Канарейка бакыттын символу болуу менен бирге эркиндик жана интелект менен да көркөм байланышта. Капастагы канарейка эрксизден кармоодогу бактысыз адамдын образын ачып берген көркөм деталь. Канарейка – бул жерде бактысына апасы балта чапкан аңгемедеги аялдын кызы. Сүйүктүүсүнө турмушка чыкканга апасы каршы болуп, Америкада капастагы куш сымал калган байкуш. Кыздын абалы төмөнкү диалогдо берилет:

«Тамакка табити тартпай, уктабай койсо болобу. Канча аракет кылсам да, кызыма бар дүйнөнүн кызыгы кеткендей бардыкка кайдыгер болуп кетти…» – “She wouldnt eat anything and she wouldnt sleep at all. I’ve tried so very hard, but she doesn’t seem to take an interest in anything. She doesn’t care about things”.

Апасы буга маани бербестен, кызым көңүлү ачылып калабы деген ойдо капастагы канарейканы кызына белек катары сатып алат. Бул жерден аялдын кызына болгон энелик мээрими анча жакшы эмес экендигин байкоого болот. Американка аял айтып жатат:

– «Канаттуу куштарды ушунчалык жакшы көрөм…»  – “I’ve always loved birds”

Өзү эмнени кааласа, башкалар да ошону сүйөт деген ойдо бирөөнүн каалоосу, табити аялды кызыктырбайт. Аялдын өзүмчүлдүгүн автор аңгеменин башталышында кыйытып өтөт:

«Поезддин ичи үп тартып, жарык купенин ичинде ысыктан дем кысылат. Же ачык терезеден шамал соккону билинбейт. Американка аял парданы жаап салганда, деңиз карааны биротоло көрүнбөй калды…» – “It was very hot in the train and it was very hot in the lit salon compartment. There was no breeze coming through the open window. The American lady pulled the window-blind down and there was no more sea, even occasionally”.

Вагондун ичи үп тартып турганына карабастан, американка аял парданы жаап салганы бирөө менен эсептешпеген жеткен өзүмчүлдүк.

Аялдын кулагы оор экендиги да атайын көркөм деталь сыңар кошулган. Кереңдик – бул жерде өзүн курчаган адамдарды уккусу келбегендик, бирөөнү сыйлоо жөндөмүнөн ажырагандык катары берилген. Аялдын сөзүнөн ал америкалыктарды гана биринчи орунга коюп, башка улуттарды теңине албастыгы байкалат. Кызынын сүйгөнү башка улуттан болгону үчүн гана апасы кызы ага турмушка чыгуусуна каршы:

«…Башка улутка эрге бергенге такыр көңүлүм тартпады, – аял дагы токтоп калды. – Ошентип жүрсөм бир жакын курбум да айтат: «Башка улуттагы эркек америкалык аялга күйөө болуп жыргатмак беле» – деп…»  – “I couldn’t have her marrying a foreigner. Someone, a very good friend, told me once, No foreigner can make an American girl a good husband”.

Ошол эле учурда кызынын сүйгөн жигити жакшы үй-бүлөнүн баласы болгондугун байкоого болот:

«…Веве шаарындагы жакшы үй-бүлөнүн баласы болчу. Болочокто инженер болом деп жүргөн. Экөө ошол Веве шаарында таанышып калып жатышпайбы. Андан соң жолугушуп, көпкө сүйлөшүп жүрүшкөн имиш» – “He was from a very good family in Vevey. He was going to be an engineer. They met there in Vevey. They used to go on long walks together.”

Аңгемедеги дагы бир кызыктуу жагдай – америкалык аял америкалыктарды Айга, Күнгө теңеп, америкалык эркектер – дүйнөдөгү эң мыкты күйөөлөр деп мактап жатса, америкалык жубайлар Парижге атайын ажырашуу тууралуу документ иштерин бүтүргөнү келатканы. Муну менен жазуучу: «Жаман улут болбойт, жаман адамдар болот» – деген ойду айтып жатат. Бизде деле өзүнүн жерлигине, уруусуна, улутуна мактанып, өзүн өзгөлөрдөн бийик сезип жашаган замандаштар кездешет. Бул аңгемеде автор өзүмчүл, улутчул, шовинисттик көз караштагы адамдарды сынга алган.

Муну менен төмөнкүдөй жыйынтык жасоого болот:

  • Хемингуэйдин подтекст түзүүдөгү негизги ыкмасы катары көркөм деталдары тургузуу эсептелет;
  • Хемингуэй көркөм деталдар аркылуу каармандын бүткүл образын ачып берүүдө анын айрым гана мүнөздөмөлөрүнө токтолуу аркылуу текст куроодо сүрөттөө каражатын үнөмдөөгө жетише алган;
  • Көркөм деталдын үч түрүн бөлүп көрсөтүүгө болот. Алар: тастыктоо, мүнөздөмө, боолгоп-божомолдоо деталдары.

 

Пайдаланылган адабияттар

  1. Русова Н.Ю. Терминологический словарь-тезаурус по литературоведению. От аллегории до ямба. М., 2004. – 304 с.
  2. Кухаренко В.А. Интерпретация текста. М., 1988. – 327 c.
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.