Жылдызча: Белен(Аңгеме)

Көңүл” китебинен алынды, 2008-жылы жарыкка чыккан

ЖЫЛДЫЗЧА

БЕЛЕН (аңгеме)

 

 

 

 

 

 

 

 

Белен аттуу чүрпөнүн жарык дүйнөгө келишин белгиледик…
Бир айлык кезинде энекесинин курсагында калганын, атакеси баш болуп, бирөөбүз да билбептирбиз.
ХХХ
Атасы токой чарбасында иштейт. Февраль айынын башында, “эркектик каада” көрсөтөйүн дегениби?.. Же башка айымга алаксыганбы?.. Келинчегине “мени эмнеге кызганбайсың?” — деген шылтоо менен чыр баштап, анан бир-эки сыйра кийимин колтугуна кысып алып, кабагын карыштырып:
— Кеттим… Токойдо жашап-иштейм, — деп күңкүлдөп сүйлөнүп, жөнөөгө камынат.
— Токоюңдун каеринде? Дайын- дарегиңди айтып кетпейсиңби? — дейт, келинчеги да тоотпогонсуп.
— Ал жакта көчө болмок беле?! Дайын-дарегим — Токой! — деп ачуулуу үн менен жооп берип чыгып кетет.
Жубайы да өчөшүп, артынан “издөө” салбайт.
ХХХ
Айланып алты ай өткөндөн кийин, токойдо “жашап-иштеген” мырза кечээ “каркырадай кайтып келиптир”.
Арып-ачып келсе, үйү бек. Кыздары го белгилүү, мектепте. Аялы кайда?
Коңшуларынан сурап баштайт. Сүйлөшүп алышкансып, жалаң эле айымдары чыгышып оозу-мурдун чүйрүшүп, оңгулуктуу жооп беришпейт. Жакында эле той өткөргөн бир үйдөгү жаш келин гана үлбүрөп, колу менен жаңсап төрөт үйү жакты көргөзгөнгө араң жарайт.
ХХХ
Төрөт үйүнүн дүпүйгөн багынын арасына чогулуп алышкан: көптөн бери көрө элек достору, коңшулары (кожоюндары гана), дагы башка бейтааныштар токой кызматкерин жарптары жазыла кубанышып, бапырашып-шатырашып тосуп алышат:
— Охо-оо! Токойчу! Бешик боо бек болсун!
— Салкын абанын эркеси келди!
— Деги кыйынсың, кыдыргыч…
— Бу сен астрологсуң го?! Кайсыл күнү аялың төрөп, досторуң, кошуналарың саат канчаларда аялыңды чыгарып кетүүгө келип калышканын билген! — дешип, маңдайлары жарыла кубанышып, токойдон узакка келбей койгон мырзаны ар бири көкүрөктөрүнө сыга кучактап көрүшүшөт.
— Түшүнгөн жокмун… Менин аялым минеге төрөйт?!! — дейт, жана эле жайдаңдап келе жаткан токойчу жүзүн өзгөртүп, обу жок тамашалашып жатат дегенсип, тосуп алгандарга жактырбаган түр көрсөтүп, четке жылып, бөйрөгүн таянып туруп калат.
— Эй, сен эмнеге бул жерге келдиң анда? Дөөдүрөбөчү! Сенин аялың төрөбөй эле, менин аялым төрөптүрбү?! — деп көзүн алайта карайт, мурда классташ, кийин курсташ, азыр кошуна болуп жашап калган эң жакыны.
— Токтоткулачы! — деп бакырат, эки жакка басып, эч нерсе түшүнбөй турган токойчу. — Мен токойдо алты ай жүрдүм, иш деп! Андай болсо… Кетип жатканымда аялымдын боюнда үч ай болушу керек эле да! Эчтемкеси билинчү эмес! Токсикозу да… Анан кандайча? — деп нымшыган чекесин бир колу менен сүртөт.
Ак халатын чечип жанындагы мөмөсү бышып турган топ малинанын үстүнө таштап койгон, колуна шарап куюлган чөйчөк кармап турган төрөт үйүнүн башкы дарыгери кызарып, туталанып, мушташууга даяр турган кыймылы менен айлананы жаңыртат:
— Сен, эй! Уяты жок десе!.. Ал жактан Кудай ура турган немеге айланып келгенсиңби?! Бала сага сөзсүз эле тогуз айлык болуп төрөлүшү керекпи? Балаң аялыңдын курсагында бир айлык учурунда калыптыр! Сен деген, алты ай жоголдуң! Ошондо, жети айбы? Жети айлык болуп төрөлдү! Текшердик, ден соолугу чыйрак, кадимки тогуз айлык баладай! Бизге жалынып, көзүбүздү карагандын ордуна керсеңдеп, кайра бизди кекетесиң, келесоо десе!..
Мендей акушерлерге да убал жок! Гиппократтын анты урсун, эгер сөзүмө турбасам! Үйүмө алып кетип калам балаңды! Сен бала кылбасаң, мен бала кылып алам! Уулум жок эле…
— Уул?! Уулбу? Уул бекен? Кечиргиле, сөзүмдү кайра алдым… Жана эле уул дебейсиңерби! Айланайындар, жаңылсам кечиргиле! Түшүмбү же өңүмбү? Апам уктубу? — деп, токойчу акылдан адашкансып ойду-тоону сүйлөп карбаластап калат. Эсине келе калып, шап башкы дарыгердин моюнуна асылып өпкүлөп, андан кийин берки коңшуларын, досторунун бирин калтырбай кучактап чыгат. Аягында актана баштайт…
“Токойчу эле, эми маскарапозго айланып кетпесин…” — деген тамашалуу ойго бирдей батып алышкансып, беркилердин ачуулары да бат эле таркап кетет.
ХХХ
Шарап мелтиреп толгон кичине чөйчөктү токойчунун колуна карматып, наристени “майламай” майрамы эми күчүнө киргенсип уланат.
Токойчу уулун көрө электе эле чөнтөгүнөн тутамдап акча сууруп чыгып, куттуу кабар айткандарга бөйпөлөктөп “сүйүнчү”, “көрүндүк” деген ырымга таянып ар биринин колуна бир кагаздан карматат. Анысы аз болгонсуп, төрөт үйүнүн “чоң атасы” аталган башкы дарыгерге тирүү карышкыр, өтө жакын кошунасына тирүү аюу, калгандарына калтар түлкү, аркар-кулжаларды токойдон жетелеп келип берээрин жарыялайт. Ал жарыясын бышыктайт: — Куру сөз дебегиле, бирден жетелеп келип берем, эгер айтканыма турбасам… — деп карганып да жиберет.
Бир татынакай наристе аркылуу “тирүүлөй баалуу байлыктарга” ээ болушканы үчүн топтошкон мырзалар колундагы чөйчөктөрүн бошотушат.
Дагы бир сыйра айлантып, шараптан куюп чыккан досу өзү сөз баштайт:
— Тилибизди ук эми. Келбесең эмне кылып алат элек? Келинчегиңди өксүтпөйлү, сени жоктотпойлу деп… Жоро-жолдошторуң минтип чогулганбыз. Ушунча болду эми, азыр эле, биротоло, уулуңдун ысымын коёбуз. Эгер, макул болбосоң, анда, карышкыр, түлкү, аюларыңды албайбыз дос! — деп жанындагыларга карайт, силер да коштогула дегенсип.
— Маселенин маңызы туура…
— Кетем десең кетип, келем десең келип… Чыныгы эркиндик сенде болду. Азыр эми, сага эркиндик бербейбиз, уулубузга ушул жерден чогулуп ысым коёбуз!
— Кырк бешке чыкканда уулду болсоң, бирок, сенден мурда уулуңдун мурунун биз өпсөк… Анан… Ысымын биз койбогондо, ким коёт? Акыбыз аттын башындай! — дейт дагы бири.
Бат эле мас болуп калган токойчу атаке кубанычы денесине батпай:
— Каалашыңарча, каалашыңарча! Мага жаны аман эле болсо болду. Керек болсо, онуңар он ысым таап метрикасына жаздырып койгула! Уруксат бербедимби, жан биргелерим! — деп, жаш баладай так секирип кубанганын токтотпойт.
— Атасы келген күнгө төрөлдү, ысымын Келдибек коёлу, — дейт бирөөсү.
— Согуштан келиптирби атасы? Келсе токойдон келди да… Наристебиз элибиздин асыл уулдарынан болсун, ысымы — Асыл болот!
— Таптым, таптым! Энесинин этегинен түшөөр менен атасын баш кылып, башкы дарыгерди төш кылып, аяш аталарын кошуп ушул куттуу жерге чакырып алган уулубуздун ысымын — Чакырчак деп коёбуз! — дейт бирөөсү.
— Тамашаны токтотолу, туугандар! ысым коюлуп жатат… — дейт, салабаттуу тартып, “тирүү карышкырлуу” дарыгер.
— Жарайт, жарайт тартипти сактайлы.
— Жигитти көп күнөөлөбөйлү. Жашыл тоолорду “мекендеп” келди, ал жакка кетпесе, уулу төрөлгөнчө чыдабай чыдамы кетмек. Ырас эле кылыптыр! Эми жаркырап-жайнап жаныбызда. Мунун токойго кеткенине менин аялым өзүнчө эле туталанып жүрдү… Өзүнүн күйөөсү — башка бирөөгө кетип калгансып… А дейбизби, бу дейбизби… Бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе сезбесе, досубуз! Жүрсө, арча-кайыңдын арасында… Үйүнө келсе эле, көксөгөн уулу белен! Ошон үчүн, ысымы Белен болсун! Элде жок ысым! Илимий жактан алганда да бул ысымда, ийгиликтердин, жакшылыктардын баары жолунда даяр турсун, белен турсун деген тилек жашырылган. Колдойсуңар деген ойдомун!.. — турган турпаты, кыймылы, сүйлөгөн сөзүнөн бери ак сөөк көрүнгөн кошунасынын ушул сунушу баарына жагат. Илимге байланыштырып жиберди да!
— Таамай! Так! Ысым туура табылды!
— Өзгөчө ысым коймок болдук…
— Белен! Белен — атасы менен бизге эле уул болбостон, элдин уулу болсун! Өмүрлүү болсун! Бешик боосу бек болсун! — дешип, агынан жарылып, ак тилектерин айта башташат.
— Ма… Макулмун секеттерим! Айланайындар! — Белендин атакеси эки колун өйдө көтөрүп, көзүн чылк жумуп, буттарын тыбыратып, турган жеринде тегеренет. — Мага музыка! Музыка гана жетишпей турат! Эми бийлеш гана керек! Вальс! Танго, твист, полька, ча-ча-ча…
— Музыкага кечинде бийлейбиз, досум… — деп күлмүңдөйт жанындагылардын бири.
ХХХ
Аңгыча эле, бөбөктү аярлай көтөргөн ак халатчан айым, аны колтуктап алган алсыз келинчеги катарларына билинбей басып келип туруп калышат.
Кызуу болуп калган, өзүнүн денесинин ичинде “жаңырган музыкага” эле тегеренип бийлеп жаткан токойчуга, тигил айым назик үн менен жылмая кайрылат:
— Токтоңуз, токтоңуз эми… Уулуңуз менен көрүшүп алыңыз, бешик боосу бек болсун! — деп наристени колуна карматат.
Ороо-чулгоодогу “биринчи тукум улоочусу” абадан эле пайда боло калгансып, келинчегинин жүзүнө бир бурулуп карап коюу да оюна келбейт. Кубанычы коюнуна батпаган, “жаштык-мастыктагы” атаке уулун бооруна кыса кучактаган бойдон олтура калып, тура калып чүрпөсүн аймалап өпкүлөп баштайт. Анан бүкчүйүп бир колун шымынын алдыңкы чөнтөгүнө салат. Уулун колуна карматкан айымга ыраазычылык ырымын жасап, акча сунуу үчүн. Бирок, уулун көрө элек жатып эле “көрүндүк”, “сүйүнчү” деп болгон акчасы менен жанында тегеректеп тургандардын бирин калтырбай сыйлап, таратып берип койгондуктан… Белен аттуу наристенин атакесинин чөнтөгүнөн бырышкан бет аарчысынан башка эч нерсе чыкпайт…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.