Мартин МАКДОНАХ: “Дүйнөдө жок сулуу”

Катышуучулар:

Морин Фолан,кырк жаштын тегерегинде, өтө сулуу болбосо да, дене мүчөсү келишкен, сымбаттуу аял;

МЭГ ФОЛАН, Мориндин апасы, жашы жетимишке келип калган;

ПАТО ДУЛИ, келишимдүү, кырк жаштын тегерегиндеги киши;

РЭЙ ДУЛИ, анын иниси, жыйырма жашта.

БИРИНЧИ КӨШӨГӨ

Линейн. Коннемарадагы чакан шаарча. Голуэй графствосу. Ирландия.

Кире бериш эшик сол тарапта, күңүрт кенен бөлмөнүн төрүндө көк майса чөп эгилген бакча көрүнгөн терезе, оң тарапта термел отургуч турат. Ашкана тараптан коридорго чыкчу эшик жайгашкан. Ашканада духовка, раковина жана дубалдын оң тарабынан бир нече шкафтарды көрүүгө болот. Дубалдын оң тарабындагы раковинанын маңдайында талааны караган терезе, андан ары эки чакан отургучтар коюлган тамактануучу үстөл турат. Сол тараптагы жапыз үстөлдө чакан сыналгы турса, ашканадагы шкафта радио-кабылдагыч жана электр чайниги турат. Мештин үстүндөгү дубалга рамкага салынган Роберт жана Жон Кеннедилердин портрети мык менен кагылып илинген. Мештин жанында килейген аташкөрөк, анын жанына «Тозокко түшкөнгө дейре бейиште бир аз жыргап ал » деген жазуусу бар чоң сүлгү дубалга мык менен кагылып илинген. Спектакль башталганда сырттан катуу жааган жаандын үнү угулат. Мэг Фолан – жашы жетимишке таяп калган, толугунан келген, тармал чачтуу кемпир. Кыска тармал чачын ак баскан. Кемпир термел отургучта өзүнчө ойго батып олтурат. Бырыш баскан сол колу кызыл-ала так. Кире бериш эшик ачылып, сырттан жупуну кийинген, кырк жаштагы анын дене-бою келишимдүү кызы – Морин кирип келет да, баштыгын көтөргөн бойдон ашкананы көздөй жөнөйт.   

Мэг: Эшикте жамгырбы?

Морин: Жамгыр төгүп жатат.

Мэг: Ох, ичикий.

Морин: (Пальтосун чечип, чарчагандай үшкүрүнүп, базарлыктарды текчеге коё баштайт.) Каап, шекерди унутканымды кара.

Мэг: Өзүмө буламык даярдадым бүгүн.

Морин: Болот экен го өзүң даярдасаң.

Мэг: Болот (Пауза). Бир аз бөлтөк-салтак болуп калды.

Морин: Бөлтөк-салтак болсо, мен эмне кылышым керек?

Мэг: Эчтеке.

Морин: Бөлтөк-салтак болсо, муну мага айтпай, ошону жасап чыгарган фирмага даттан.

Мэг: (Пауза). Сен даярдасаң эле бир жакшынакай бышат. Эч кандай бөлтөк-салтагы жок.

Морин: Жакшылап аралаштырбасаң ошол да. Ушуну да желкең тырышып жатып жасайсың.

Мэг: Жакшылап чалсам деле, бөлтөк-салтак бышат, өлгүр.

Морин: Сууга эптеп-септеп эле, арыдан-бери чалып кирбей, кутусунда кандай жазылган, ошого карап даярда.

Мэг: Ммм.

Морин: Мына ошондон болбой жатат сенде. Мен айткандай жасап көр, анан көрөсүң.

Мэг: Ммм. (Пауза). Кайнак суудан да өлгүдөй корком десең. Тим эле жыдып калчудай.

Морин: (Ага бир тиктеп алат.) Койсоңчу.

Мэг: Чын айтам, Морин, корком. Колум калтырап кетип, кайнак сууга жыдып калсамчы? Эмне кыл дейсиң анан?

Морин: Муну кара. Жаны эле азиз.

Мэг: Жаным азиз болгон үчүн полдо оонап жүрөм да.

Морин: Сенин ден-соолугуң аттай. Баары эле билет муну.

Мэг: Табарсыкка суук өткөндөн жарым жан болуп калдым окшойт.

Морин: Табарсыкка суук өтсө эле, боткого бир чөмүч суу куя албай, мен үйдө бир аз жок болсом эле, чачылып жатып калышың керекпи. Эчтеке болбойсуң андан.

Мэг: (Пауза). Далым да талыкшып калчу болду.

Морин: Далысы да талыйт мунун.

Мэг: Колумда күч жок. (Тырыш баскан колун өйдө көтөрөт.)

Морин: (акырын күңкүлдөп) Өлүп кеткир… (үнү калтырап.) Боткону сага мен жасап берем. Бүгүндөн баштап өлөр-өлгүчө. Бир нерсени сурайын. Кыздарың Анетт же Марго сага бир басып келип, ботконун ашын сатып берген күндөрү болдубу деги. Эч болбосо бир жумалык тамак-ашыңды алып берип кетишсе, өлүшөбү.

Мэг: Жок, кайдан.

Морин: Жок да. Өлсө да кылбайт алар. Дагы менин баркымды билбейсиңер, бирдеме болсо эле ким жаман – Морин жаман.

Мэг: Билем сенин баркыңды.

Морин: Кыйратасың.

Мэг: Макул, боткону деле өзүм даярдайм. Шашпай, жакшылап аралаштырып.

Морин: Ах, болдучу. Бардыкты кылып, жетим кыз сыңар жаным тынбаган жаным ушул ботко жасагандан өлмөк белем. Токтотчу, болду! Кылсам да, кылбасам да баягы шалп этек, шалтурук менмин да.

Мэг: Андай дебе, Морин.

Морин алып келгендерин шкафка салып, тарс эттире шкафты жаап, отургучту тарактатып сүйрөп келип, үстөлгө жакын олтура кетет. Пауза.

Мэг: Менин ботком эмне болду, Морин? Мен оозума наар ала элекмин, жасайсыңбы бирдеме? Жок, чарчадыңбы? Мейли бир аз эс алып ал. Анан деле…

Морин ордунан булкунуп турат да, ашканага ачуулуу кирип кетет, идиш-аякты болушунча калдыратып ботко даярдап кирет. Пауза.

Мэг: Радио уксак кантет?

Ачуулуу Морин радиону бурайт. Радио чуулдап барып, акыры бир каналды кармап, андан шотланд тилинде ырдаган эркектин заңкылдаган үнү угулат. Пауза.

Мэг: Ыр белек уктуруусунан Аннет менен Марго мага ыр жолдошкон экен. Кызык, эмнеге бербей жатат аны?

Морин: Алар радиодон сага ыр жолдошсо, түзүк адамдар болушпайт беле. Ошентип айтып коюшкан жөн эле. (Морин раковинаны жыттап, анан апасын карайт.) Раковина эмне жыттанат? Кызык.

Мэг: (актангандай.) Эчтеке, ботом.

Морин: Эчтеке жыттанбасын да.

Мэг: Эчтеке жыттанбай эле, Морин. Кудай урсун.

Морин кайнап жаткан ботконун жанына келет. Пауза.

Мэг: Радиону каңкылдатпай акырын кылчы, Морин.

Морин: Каңкылдап жатабы не? (Морин ачуулуу басып келип, радиону өчүрөт. Пауза.)

Мэг: Түзүк деле эчтеке жок. Качан болсо, каңкылдап ушул ырдап жаткан.

Морин: Өзүң ушуга кой деп айтпадыңбы?

Мэг: Кельт [1] жаңырыгы дегенден өтөрү жок.

Морин: Асанкайгы башталды дагы.

Мэг: Кайдагы бир былжырактар.

Морин: (Пауза.) Былжыраса да ирланд тилинде ырдап жатпайбы.

Мэг: Кулакка бир жаман угулат. Англис тилинде ырдашса куруп кетишеби?

Морин: Эмнеге англис тилинде ырдашы керек?

Мэг: Эмне деп жатканы түшүнүктүү болсун үчүн.

Морин: Кайсы өлкөдө жашап жатканыңды билесинби деги?

Мэг: Ыя?

Морин: Кайсы өлкөдө жашап жатканыңды билесиңби дейм?

Мэг: Билем. Голуэй.

Морин: Жок, кайсы өлкөдө жашайсың деп сурап жатам?

Мэг: Эхх, куруп кеткир…

Морин: Бул жер – Ирландия! Билип жүр.

Мэг: Ирландия.

Морин: Ирландияда жашаган соң, эмнеге адам англисче сүйлөшү керек?

Мэг: Билбесем.

Морин: Ирландияда адам ирланд тилинде сүйлөшү керек.

Мэг: Аның туура.

Морин: Ыя?

Мэг: Эмне «ыя»?

Морин: Ирландияда эмне англисче сүйлөш керекпи адам?

Мэг: (паузадан соң.) Ирландиялыктар Англияга жумушка барганда эле англисче керек болбосо, башка кереги деле жок да.

Морин: Кеп мында деле эмес.

Мэг: Туура айтамбы, Морин?

Морин: Англичандар биздин жерлерди тартып алып, тилибизди бурмалап, дилибизди бузбаса, ким билет, ушинтип алардан иш сурап, темселеп Англияга бармак белек.

Мэг: Кептин баары ошондо жатпайбы.

Морин: Балакеттин баары ушунда жатат.

Мэг: (паузадан соң.) Америка деле ошол.

Морин: Ал эмне дегениң?

Мэг: Америкада деле мамайдын көрү дегеним. Ирландиялык кургурга англисче кичине бирдеме билбесе, Америкада деле нан таап жеши кыйын да.

Морин: Кайда барба мамайдын көрү де.

Мэг: Ким билет, ошондой го.

Морин: Балдарды төрөп, чоңойтот экенбиз, анан аларды англичандар менен янкилерге [2] иштеп пул таап кел деп жөнөтөт экенбиз. Шор бешене эл болдук.

Мэг: Бул айтканың туура.

Морин: Ананчы.

Мэг: (Пауза.) Эгерде бир жакка кетип иштей турган болсом, Англиядан көрө Америкага кетмекмин. Себеби Америкада күн чайыттай ачык тиет имиш. (Пауза) Же ал жакта күн чайыттай ачык тиет деп жөн гана айта беришеби, ким билет, Морин? Же жандарын жеп ардемени айта беришеби?

Морин боткону алып келип, ага сунат. Дагы сүйлөнүп  кирет.

Морин: Карыганда калжыңдап деген ушул тура. Эмне деп тантырап жатканыңды деле билбесең керек. Ар кайсыны тантыбай, алдындагы боткону же, болду.

Морин тепе казанды раковинага салып, жууйт. Мэг боткого назарын салып, анан бурулуп Моринге карайт.

Мэг: Чайды ким берет мага!

Морин раковинанын чекесин кармап, туталанган бойдон башын шылкыйтып туруп калат. Андан соң демин басып, эчтеке болбогондой апасына чай демдейт. Пауза. Мэг өзүнчө бирдемелерди күбүрөнүп, тамакка карайт.

Мэг:  Жолдо келатып дагы бирөөгө жолуктуңбу, Морин? (Жооп жок). Бүгүн дегеним жок, дегинкисин айтам. (Жооп жок). Бирөөлөр менен саламдашпасаң, эмне, андан алардын бир тал чачы кыйшаят беле. (Жооп жок). Азыр бирөөгө салам бериштен деле коркосуң. Бир жаш жигит Дублинде өзү тааныбаган эле картаң кемпирди өлтүрүп салган имиш. Тообо кылдым. Жанылыктардан берди муну, сен укпадыңбы? (Жооп жок). Тааныбаган эле кемпирди муунтуп өлтүрөт дегени эмнеси? Мындай эркектерден өтө этият болгон жакшы. Көргөн жерде айланып өтүш керек андайларды.

Морин бир чыны чай алып келип берет да, үстөл четине олтурат.

Морин: Ошол жигитке жолугуп калсам, үйгө түз жетелеп келмекмин. Мага ошондой картаң кемпирлердин көзүн тазалай турган бирөө керек эле өзү.

Мэг: Тообо кылдым десеңчи.

Морин: Ошондойлор керек мага.

Мэг: (паузадан соң). Жолунан адашып, жаман жолго түшүп кеткен бирөө го сыягы.

Морин: Ошол жигит адашып, так ушул биздин үйгө кирип келсе, абдан сонун болмок да. Сени өлтүрүп, бир кумардан чыкмак.

Мэг: Андайлар менден мурда сага окшогонду жайлайт.

Морин: Сени менен чогуу жашап, тиги кемпирдин башын жанчып өлтүрөм десе, кудай жалгасын эле. Килейген балта менен башыңды кыя чапса, жашасын деп кол чаап карап турмакмын. Колуң дарт көрбөсүн деп алкайт болчумун. Күндө темселеп ботко кайнатып, буламык жасамай деген жок, жыргап калмакмын…

Мэг: (сөздү жыра тартып, чайды ага сунат). Куруп кеткир, кант салбаптырсың. Тур, кант алып кел.

Морин ага бир карап алып, чайды колунан алат да, раковинага алпарып, төгүп таштайт. Кайрадан келип жарым-жартылай жеген боткону алып, аны таштанды челекке алпарып таштайт. Мискейди раковинага ыргытат да, корридорго чыгып жөнөйт. Чыгып баратып, Мэгди акшыйып тиктеп өтөт. Эшик кыйч эте ачылып, кайра тарс жабылат. Мэг шыпты тиктеген калыбында жаткан бойдон калат. Күүгүм башталат.

ЭКИНЧИ КӨШӨГӨ

Мэг үстөл четинде колундагы күзгүдөн өзүн каранганча,  утуру күйпөңдөп чачтарын колу менен таранып олтурат. Сыналгыда эски «Салливандар» [3] сериалы көрсөтүлүп жатат. Сырткы эшиктен бирөөнүн баскан дабышы угулуп, бейкапар олтурган Мэг чочуп кетет.

Мэг: Ким?… Морин. Эшикте бирөө жүрөт, Морин.

Мэг ордунан туруп, калдаңдап ашкананын терезесине басып келет. Бирөөнүн баскан дабышы дагы угулат. Мэг калдаңдай басып сырткы эшикке келет.

– Ким бул?

Рэй: Бул – мен, Рэй Дули. Иштер менен.

Мэг: Дули?

Рэй: Рэй Дули, ооба. Тааныйсыз го мени.

Мэг: Дулилердин кимиси болосуң?

Рэй: Апеей, Рэй Дулимин дебедимби.

Мэг: Э, куруп кеткир.

Рэй: (паузадан соң чыдамы түгөнүп.) Ачасызбы эшикти же тура беришим керекпи?

Мэг: Ал жөжөлөргө жем берип жүрөт. (Пауза.) Кеттиңби?

Рэй: (Ачууланып.) Эй, какшаал, эшикти ач көп сүйлөбөй. Бир топ жерден салпактап жөө келдим.

Мэг: Көтөрүнүп-бөктөрүнүп келдиңби?

Рэй: Ошону айтып жатпаймынбы.

Мэг нымтырап жатып эшикти араң дегенде ачат. Сырттан он тогуз жаштардагы Рэй Дули кирип келет.

Рэй: Ыракмат! Бир саат акыйып турам го деп ойлодум эле.

Мэг: Э, кокуй. Бул сен белең?

Рэй: Мен да. Башка ким болмок эле.

Мэг: Сен Дулисиң да, байкең да бар сенин, ээ?

Рэй: Жыйырма жылдан бери мени миллион жолу көрсөңүз керек. Ырас айтасыз, байкеси бар жанагы Дули менмин. Ошол байкем кат берип жиберди. (Рэй сөзүн токтотуп, сыналгыны карап калат.)

Мэг: Морин жөжөлөрдү карап жүрөт.

Рэй: Азыр эле айттыңыз муну. Сыналгыда эмне кеп?

Мэг: Жаңылыктарды күтүп олтурам.

Рэй: Дагы көп бар ага.

Мэг: Чачымды тарап олтургам.

Рэй: Бул эски «Салливандар» аттуу сериал го.

Мэг: Билбейм.

Рэй: Силерде жакшы тартат экен.

Мэг: Жоктон көрө жогору.

Рэй: Бүт эле Австралиянын сериалдары жайнап кетти, кысталак.

Мэг: Билбейм. Баам-парасатым деле жетпейт буга.

Мэг: (Термел отургучка олтура кетет.) Морин жөжөлөрдү карап жүрөт.

Рэй: Муну үч жолу айттыңыз. Кайталай бересизби кечке?

Мэг: (паузадан соң кабатыр түрдө.) Аларга жем берип.

Рэй аны бир тиктеп алып, үшкүргөн бойдон ашканадагы терезеден сыртка карайт.

Рэй: Мен бул келесоо менен сүйлөшөм деп деле келген жерим жок. Салпактап эптүү жерден келсемчи. Адыр ашып келгенимди айт.

Мэг: Адырлуу тоону аштың.

Рэй: Адыр-адыр тоолордон.

Мэг: Типтик адыр.

Рэй: Типтик адыр, ылай-баткак.

Мэг: Ылай-баткак, жарлуу адыр.

Рэй: Ылай-баткак тик жарлуу  адыр. Эхх, кантип күндө ушул адырды ашып жашайсыңар?

Мэг: Авто-унаа деген бар.

Рэй: Албетте. (Пауза.) Мен да авто-унаа алсамбы деп жүрөм. Айдоочулукка окушум керек. Эптеп бир авто-унаа сатып алсам. (Пауза.) Эски болсо деле мейли эле.

Мэг: Минилген авто-унаа.

Рэй: Ии, минилген.

Мэг: Кимден чыкмак эле андай.

Рэй: Уэлш-Уолш Ата унаасын сатат имиш. Бирок молдодон авто-унаа сатып алсам кандай болот, билбейм.

Мэг: Койчу ошол Уэлш-Уолш дегенди. Жага бербейт эмнегедир.

Рэй: Мартин Хэнлонду жөндөн-жөн эле башка бир чапкан дешет.

Мэг: Кудай сакта!

Рэй: Ии. Уэлш Атаны эч ким андай адам деп ойлобойт. Башка жаш молдолорго караганда анча чоң муштум деле көрүнбөйт. Негизи аксакал молдолор ошентип башка чапкылашат. Билбейм, эмнеге андай. Өздөрү ошондой тарбия көрүшкөн го сыягы.

Мэг: Шаршемби күнү бир молдо тууралуу жаңылыктардан берди. Бир янки аял ошол молдодон тууп салган имиш!

Рэй: Бул жаңылык деле эмес. Эки күндүн биринде болууда мындай нерселер. Янки аялда да күнөө бар. Кунаажын көзүн сүзбөсө… Эгер ошол туулган баланы молдо башка чапкыласа, мына ошол даана жаңылык болмок да. Туурабы? Мен эмнени айтайын дегем? Ий, эсиме жара чыккыр, Моринге кат алып келбедим беле. Сизге калтырып кетсем, берип коё аласызбы, же унутпай берип кой деп жазып калтырып кеткеним дуруспу?

Мэг: Мен берип коём.

Рэй: Кудай жалгасын. Пато байкем силерди ажыраш аякка чакырды. Каррародогу Риордан залы.

Мэг: Байкең келди беле?

Рэй: Ооба.

Мэг: Англиядан келдиби?

Рэй: Ооба, Англиядан. Англияда жүрсө, Англиядан кайтып келет да. Тиги янки байкелер эмгек өргүүсү бүткөн соң, тиги түрү суук эки кызын алып, Бостонго кайтышат имиш. Кыздарынын бирин Долорес, экинчисин Хили дешеби, же Хулисиби, айтор, Риорданда чакан ажыраш аяк өткөрүп жатат байкем. Ошого Морин экөөңөр да келип, катышып кеткиле деп кабарын айтып турган кербези. Үйдөн чыгып, баш-аякты жазып келсеңиз, сизге деле жакшы эмеспи. Айтмакчы, бутуңуз ооруп жатабы?

Мэг: Жок.

Рэй: Эхх, анда кимдин буту  ооруп жатат?

Мэг: Билбесем. Менин табарсыгыма суук өткөн.

Рэй: Ммм, демек ошону айтышты окшойт. Айтып койгонуңуз жакшы болду.

Мэг: Менин табарсыгым.

Рэй: Билем, табарсыкта иш бар.

Мэг: Белим да сыздатат. Колдорум да күйүк.

Рэй: Об-боо эми. Эптеп катты берип койгонго жарасаңыз болду.

Мэг: Ыя?

Рэй: Катты берип коюшту унуткан жоксузбу?

Мэг: Ии.

Рэй: Кана кайталаңыз, эмне дедим?

Мэг: Кайтала?

Рэй: Ии.

Мэг: (бир топ паузадан соң.)  Ооруган буттарымды айтасыңбы?

Рэй: (ачууланып.) Тууй, энең!.. Кагазга бирдеме деп жазып берип кетпесем болчудай эмес. Ушуга корогон кайран жан!

Рэй ручка менен кошо бир барак кагаз алып, отургучка олтура калып, кагазга бирдемелерди жазып кирет.

– Мэ, карма, келесоо!

Мэг: (Пауза.) Кеткиче мага бир чыны чай даярдап берчи, Пато, ий, кокуй, Рэй белең же.

Рэй: Мен келесоонун аты – Рэй! Пато менин келесоо байкемдин аты!

Мэг: Унутуп калам бат эле.

Рэй: Сага корогон кайран сөз.

Мэг: Мага айткыча дубалга айт.

Рэй: Ии, ырас айтасыз.

Мэг: (Пауза.) Кичине чыз-пыз кыла койсоң кантет.

Рэй: (Рэй жазып бүтүп, ордунан турат.) Мынакей. Коё туруңуз чыз-пызды. Мына бул кат. Ал келгенде эсиңизге жара чыкпай, сөзсүз бериңиз. Карраро, Риордан залы. Эртең кечки саат жетиге. Бекер тамак жеп, жыргап кетесиңер. Жарайт?

Мэг: Жарайт, айланайын, жарайт. Дагы деле хордо ырдап жүрөсүңбү?

Рэй: Хордо ырдабай калгам азыр. Он жылдай болду.

Мэг: Убакыт учкан куш тура.

Рэй: Кыздар менен жүрүп баштаганда, хорду таштап салгам. Хордо бир-эки даңкыйган кыздан башка кыз деле жок. Дискотекага барчу болгом азыр.

Мэг: Туура кыласың.

Рэй: Мен эмне турам бул жерде? Катты сизге таштадым, эми кетип жоголоюн.

Мэг: Жакшы бар, балам.

Рэй: Жакшы калыңыз, энеке.

Мэг: Эшикти түртүп кой.

Рэй: Айтпасаңыз деле билем. (Эшикти тарс жаап чыгып кетет.)

Рэй чыгып кетер замат Мэг ордунан туруп, үстөлдөгү катты окуп кирет. Ашканага кирип, терезеде турган ширеңкенин кутусун алат да, үстөлгө келип, катты ширеңке менен өрттөп салат. Күйүп жаткан каттын барагын алып, мештин ичине ыргытат. Сырткы эшик жактан бирөөнүн баскан дабышы угулат. Мэг тамтаңдай басып келип, термел отургучка кынтая кетет. Сырттан Морин кирип келет.

Мэг: Эшик суукпу?

Морин: Суук сөөктөн өтөт.

Мэг: Охх, ичикий!

Мэг жанатан бери сыналгы көрүп олтурган адам кейиптенип сыналгыны карайт. Морин мурдуна бир жыт келип жаткандай бөлмө ичин жыттап-жыттап, үстөл четине аны карап олтуруп калат.

Морин: Эмне көрүп олтурасың?

Мэг: Эмне көрүп жатканымды деле билбейм. Жаңылыктар башталат азыр.

Морин: Жакшы. (Пауза.) Мен сыртта жүргөндө мага эч ким чалбадыбы?

Мэг: Жок, Морин. Эч ким чалбады.

Морин: Иий, каап.

Мэг: Эмне бирөө чалыш керек беле?

Морин: Ой, жок. Ким чалмак эле. Жок. (Пауза.) Эч ким келген жокпу? Ой, жок.

Мэг: Жок, ботом. Ким келмек эле?

Морин: Ой, жок, жөн эле.

Мэг Моринге уурдана тиктеп алып, кайра сыналгыга үңүлөт. Пауза. Морин ордунан туруп, сыналгыны көздөй ыргылжың басып барып, сыналгыны буту менен өчүрөт да, өтүп баратып Мэгди бир карап, анан ашканага кирип кетет. Чайникти күйгүзүп, шкафка жөлөнгөн бойдон Мэг жакты карап туруп калат.

Мэг: (кабатыр түрдө.) Жолдон өтүп бараткан Рэй Дулини көрдүм.

Морин: (иштин чоо-жайын түшүнгөндөй.) Рэй Дули өтүп кеттиби, ыя?

Мэг: Ооба, кетип баратып саламдашып өттү.

Морин: Сен азыр эле эч ким келген жок деп жатпадың беле?

Мэг: Эч ким келген жок, болгону алыстан өтүп бараткан Рэй Дулини көрдүм.

Морин: Ооба, ооба, ооба. Мага салам айтканы гана башын бурду дебейсиңби.

Мэг: Ии, болгону бир ооз кандайсыз деди, ошол. Жакшынакай жигит болуптур.

Морин: Ии. (Пауза.) Башка жаңылыгы деле жок дечи?

Мэг: Жок. Кандай жаңылыгы болмок эле.

Морин: Ооба, билем, жаңылыгы деле жок.

Мэг: Жок эчтеке. (Пауза.) Авто-унаа алса, ошону сүйүнчүлөп айтат ко дегем.

Морин: Ыя де?

Мэг: Минилген авто-унаа.

Морин: Ии?

Мэг: Айдаш үчүн, түшүндүңбү?

Морин: Ооба, айдаш үчүн.

Мэг: Тиги Уэлш-Уолш-Уэлш беле, ким?

Морин: Уэлш.

Мэг: Уэлш.

Морин чайникти өчүрүп, кутудагы даяр татым боткону кесеге салып, үстүнө кайнак суу куят.

Морин: Сага ботко жасап берем.

Мэг: Мен жана эле жебедимби ботко, Морин? Жедим болду.

Морин: Дагы бир кесе ич, өлбөйсүң.

Мэг: өңүл кош.) Болот ко дейм.

Морин муздасын үчүн крандан кесеге бир аз суу куят. Кашык менен бөлтөк-салтак кылып бир-эки аралаштырып, ага сунат. Андан соң үстөл четине олтуруп, анын кантип жегенин көргүсү келип, тиктеп олтурат. Мэг кесеге иренжий тиктейт.

Мэг: Бир аз бөлтөк-салтак болуп калыптыр, Морин.

Морин: Ага көңүл бурба, апа. Бөлтөк-салтагын жесең, ошол пайда сага. Ботконун даамы ошол бөлтөк-салтакта жатат. Бир кесе уруп ал.

Мэг: Чай кашыктан бирди алып келчи.

Морин: Эч кандай чай кашык жок. Бул үйдө жаны жок калпычыларга чай кашык берилбейт. Жок чай кашык. Тилиңди тартып туруп, ичип жибер.

Мэг тамакты биртке ичимиш болот.

Морин: Түгөтө ич!

Мэг: Кардыма батпай калды, Морин. Иче албайм башка.

Морин: Түгөтө ич дедим сени! Рэй Дули кат таштаган жок деп жаныңды жегенди билесиң! Мен ага жолдо жолукпады деп ойлодуңбу? Жаның болсо экен, как баш. Боткону бөлтөк-салтагына карабай түгөтө ич. Антпесең ашкан боткону башыңдан ылдый куюп таштайм, менин жиним жаман экенин жакшы билесиң. Жиниме тийбе!

Мэг калган тамакты көңүлү азып жаткан адамдай акырын жеп олтура берет.

Морин: Тажаттың го мени, ыя? Менин жашоомо кийлигишкенди качан токтотосуң? Жыйырма жыл бою мени эшек сыңар моюнума минип келесиң. Деги бир аяган күнүң болобу мени?

Мэг: Кыз деген кыздай болуп, көрүнгөн эркекке жабышпай, үйдө олтурат!…

Морин: Кыз! Кырктагы мени ким кыз дейт?! Тантырай бербечи!

Мэг тамагын ичимиш болуп олтура берет.

Морин: «Кыз деген кыздай болуп»! Күйдүрөт да кишини. Тиги Аннет менен Марго кыздарың кантип эрге тийишти эле? Эркектер менен жүрүп, анан ошолорго күйөөгө чыгыштыбы?

Мэг: Мен кайдан билейин.

Морин: Ич, көп сүйлөбөй!

Мэг: Өтпөй калды, Морин.

Морин: Башыңдан ылдый куюп салам, курган. Ич дедим көп сүйлөбөй.

Мэг дагы ичимиш болуп олтура берет.

Морин: Мен сага айтам. «Кыздын кыздай болгону жакшы». Уга берип тажадым ушуну. Кырк жашка келгени болгону эки эркек менен өбүштүм. Этегин ар кимге ачып басып жүргөн эч ким жок бул жерде.

Мэг: Эки эркек азбы сага?

Морин: Ич түгөтө!

Мэг: Түгөттүм.

Мэг кесени ары жылдырат. Морин кесени алып, жууп кирет.

– Эки эркек аздык кылган тура буга!

Морин: Эки эркек сага көптүк кылса, мага аз.

Мэг: Эки эркекти башыңа тартасыңбы?!

Морин: Эмне, бул жерде сени менен тиктешип олтурган жагат дейсиңби мага? Ыя? Үлүлдөй үлдүрөгөн сени тиктеп…

Мэг: Шуркуя дейт сендейди!

Морин каткырып күлүп жиберет.

Морин: Шуркуя? Жалапсың дебедиң да, аманы ушунча болду. (Пауза.) Эчтекени көргүм келбей турат азыр. Көрөйүн деген көзүм жок. (Пауза.) Билесиңби, кээде мага шумдук түштөр кирет?…

Мэг: Шуркуянын түшү кирет сага.

Морин: Түшүмө ардеме кирет. (Пауза. Акырын үнү менен.) Калааты түштөр кирет. Мындан да башка.

Мэг: Түшкө эмнелер кирбейт!

Морин: Ардеме эмес бул. Муну ардеме дешке болбос. (Пауза.) Калааты түштөрдү көрөм. Айтайынбы?

Мэг: Кереги жок.

Морин: Кээде түшүмдө аппак көйнөк кийилип табытта жаткан сени көрөм. Кара кийинип, табыттын жанында сени карап олтурган мага бир жигит көңүл айтып жаткан болот. Жигиттен атыр жыты буркурайт, бир колу менен белимден бекем кучактап алган. Андан кийин мага шыбырап жатканы: «Жүр, ичели, өлүп кетсин».

Мэг: А сен эмне дедиң?

Морин: Мен «Жүр, ичсе ичели» деп жаткан болом.

Мэг: Тообо кылдым десеңчи!

Морин: Тообосу жок мунун!

Мэг: Мен өлгөндөбү?

Морин: Сендей балээден кутулган күнү! Аз калды!

Мэг: Өлүгүңдү көрөйүн! Түшүң менен жерге кир!

Морин: Билем, бул жөн түш эмес, түш – бул кыял эмес. Бул мен эңсеген кыялдар болгону.

Мэг: Түш түлкүнүн богу дейт.

Морин: Кандай экенин ит билсинби.

Пауза. Морин үстөл четине олтурат. Колунда бир куту печенье.

– Сен мастан али-бери өлбөйт болушуң керек. Менин моюнума али далай минип, далай курутасың.

Мэг: Мен өлбөйм эч качан!

Морин: Ошону айтам да!

Мэг: Мен өлгөндө сен жетимишке чыгасың. Көрөм ошондо, кайсы атыр жыттуу эркек келип, белиңден кучактар экен.

Морин: Буту майрык, мурду бучук эркек да жок болот.

Мэг: Ошондой болот!

Морин: Ии, баса. (Пауза.) Печенье жейсиңби, Кимберли?

Мэг: (пауза.) Берки кумдуу печеньеден жок беле?

Морин: Жок. Чочкодон бетер баарын жеп салгансың.

Мэг: Ушул Кимберли дегендин даамы эле жакпайт. Эмнеге ушуну ала бересиң, билбейм. Даамы бир башкача.

Морин: Жакпаса мага айтасыңбы?

Морин ага печенье сунат. Мэг печенье жеп кирет.

Мэг: (пауза.) Эртең барасыңбы тиякка?

Морин: Сөзсүз. (Пауза.) Патону бир көрбөсөм болбос. Анын келгенин деле билбептирмин.

Мэг: Бирок жанагы жерге киргир янкилери да келишет имиш.

Морин: Келсе эмне экен?

Мэг: Кечээ эле янки аттуунун баарын көрөйүн деген көзүм жок дебедиң беле?

Морин: Эми биз аялдар ошол да. Бүгүн бирди, эртең дагы башканы сүйлөй беребиз.

Мэг: (акырын гана.) Ыңгайына жараша сүйлөп, баарын былгытып коюп, басып жүрөсүңөр.

Морин: Түшүнбөгөн соң ар кайсыны айта бербечи, апа.

Мэг: (Келекелүү түрдө. Пауза.) Эгер билсең ал жерге мени да чакырышкан.

Морин: (болор-болбос жылмайып.) Сен да барасыңбы анан?

Мэг: Жок. Мага эмне бар ал жерде.

Морин: Туура кыласың. Барган күндө деле ал жерде өзүңдү билбей уктап жатасың да, кайра келесиң.

Мэг: Сөз жок кыскасы.

Морин: Жок болсо, жок. Унчукпай олтур анда. (Пауза.) Эгер жамгыр жаабаса, Уэстпортко бир аз кечигип барсак деле болот.

Мэг: (жандана түшөт.) Авто-унаада барабызбы?

Морин: Өзүбүз үчүн аз болсо да авто-унаада сейилдеп.

Мэг: Ошентели болбосо. Унаада сейилдеп, жолдон кумдуу печенье сатып алалы.

Морин: Кийин алабыз аны. Айттым го сага.

Мэг: Кийин? Азыр эмеспи?

Морин: Азыр эмес. Азыр ботко ичип тур.

Мэг аны тыржыйып тиктеп калат. Пауза.

Морин: Ии, баса, Уэспортто өзүмө жарашыктуу көйнөк алып, ошону кийип барайын.

Морин бурулуп ага карайт. Мэг анын артынан тыржыйып тиктеп турган. Күүгүм башталат.

ҮЧҮНЧҮ КӨШӨГӨ

Түн. Көшөгөнүн ичи меште күйүп жаткан оттун жарыгына жарып турат. Ашканадан радионун акырын үнү угулат. Сырттан кирип келаткан Морин менен Патонун дабышы, кобурашкан үндөрү угулат. Экөө тең бир аз кызуу.

Пато (сырттан ырдап кирет.) «Үйгө токтоп ак кадиллак…»

Морин: Чүшш, акырын, Пато…

Пато: (акырын ырдайт.) «Ичи толо янкилер…» (өзүнчө күбүрөнөт.) Дагы кандай эле?

Морин: Эмне кандай эле?

Морин эшикти ачып, экөө ичкери кирип келишет. Морин үстүнө жарашыктуу, этеги кыска кара көйнөк кийип алган. Пато – келишимдүү, Морин менен жашташ мырза. Бир аз тырыш баскан жүзүндө турмуш жыргалына караганда көргүлүктү, азап-тозокту көп тартканы билинип турат.

Пато: Калган саптары дагы кандай эле? Тилимдин учунда турат.

Морин: Чай ичесиңби, Пато?

Пато: Мейли.

Морин: (Морин чайникти күйгүзөт.) Бир аз акырын сүйлө.

Пато: (акырын.) Жарайт, жарайт. (Пауза.) Калган саптары эсимде жок.

Морин: Карасаң, радиону өчүрбөптүр тиги шүмшүк.

Пато: Эчтеке эмес. Өчүрбө, тим кой. Үн угулбай турсун.

Морин: Кандай үн?

Пато: Өбүшкөнүбүз.

Пато аны акырын белинен өзүнө имере тартып, экөө көпкө өбүшөт. Андан соң бири-бирин жайдары тиктеп туруп калышат. Чай кайнады. Морин анын кучагынан акырын суурулуп чыгып, жароокер күлүп, чай даярдап кирет.

Морин: Печенье менен чай ич.

Пато: Мейли. Кандай печенье?

Морин: Ммм, Кимберли.

Пато: Ушул Кимберли печенье эч жакпайт, Морин. Эң жаман көргөнүм ушул.

Морин: Мага да жакпайт Кимберли. Муну апама жедириш үчүн эле алам.

Пато: Кимберли жашоочулары муну кантип жешет билбейм. Коулман Коннор мындан бир куту жей коём деп, кийин бир жума ооруп жатты. (Пауза.) Микадосту айтсаң. Анын да даамы жаман.

Морин: Коулман Валендин итинин кулактарын кесип алып, сумкага салып, бөлмөсүндө бир жума сактап жүрүптүр дешет, чын бекен ушул?

Пато: Ал кесилген кулактарды мага да көрсөткөн.

Морин: Иттин кулактарын кесип салган кандай таш боор неме.

Пато: Жеткен таш боордук.

Морин: Таш боор болуп, жат бирөөнүн итин ошентсе да бир жөн. Бир тууган инисинин ити экен.

Пато: Аябай сүйкүмдүү ит болчу.

Морин: Ии. (Пауза.) Ооба.

Бир топко үнсүз турушат. Пато артынан келип, аны кучактайт.

Пато: Кучактаган сага кандай жарашат.

Морин: Ошондойбу?

Пато: Кандай сонун.

Пато артынан кучактаганын капарына албай Морин чай демдеп кирет. Анын бейкапар турганына түйшөлө түшкөн Пато аны кучагынан бошотуп, ары-бери баса баштайт.

Морин: Олтуруп бир аз эс алсаңчы, Пато.

Пато: Жарайт. (Отургучка олтурат.) Сөз берем сага.

Морин: Жакшы. Мен бүгүн биринчи жолу байкадым сени. Колдоруң ойноктоп, шок болуп калыптыр.

Пато: Туура, колдорум ойноктоп калыптыр. Алар кандай ойлосо өздөрү билсин. (Пауза.) Сени буга анча деле маани бербейт деп ишенем. Анча деле!

Морин: Колдоруң янки аялдын белинен кучактаса, көрүп алып, бир жиним келет.

Пато: Ооба, мен анда сени байкабай калыпмын, Морин. Бир убакта сулуулуктун ханышасы, дүйнөдө жок сулуу – Морин кирип келет деп ким ойлоптур.

Морин: Дүйнөдө жок сулуу? Койчу, ай.

Пато: Тамашасы жок мунун!

Морин: Жыйырма жыл эмне жоголуп кеттиң?

Пато:  Жыйырма жылда кыйла чыйралдым.

Морин: (жылмайып.) Кыйраттың, жаным, кыйраттың!

Пато да ууртунан жылмаят. Морин чай демдеп келип, анын жанына олтурат.

Пато: Билбейм, Морин. Билбейм.

Морин: Эмнени?

Пато: Сени менен көбүрөк байланышып, сени бат-баттан жолугушууга чакырбай бок жеп жүрдүмбү десең? Ай, ким билет? Бул кудай урган жерден анда-санда келип-кетип жүргөнүм эле болбосо.

Морин: Англияны айтасыңбы? Англия көңүлүңө көк таштай тийген окшойт, ээ?

Пато: (паузадан соң.) Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет. Баары акчага такалып жатпайбы. (Пауза.) Шейшембиде дагы иштегени кетип баратам.

Морин: Шейшемби? Мына келатканбы?

Пато: Ии. (Пауза.) Мына янкилерди коштоп, ушулардын шылтоосу менен гана келип калдым. Келип-келбей жатып, кайра жол тартам артка.

Морин: Эхх, кайран Ирландия, кайран ата-журт. Ирландиядан бүт эле кеткен адам.

Пато: Ирландиянын бешенесине ушул жазылса…

Морин: Өтө кыйын заман болду.

Пато: Эмне кылат элек башка?

Морин: Сыртка кетпей эле коюшсачы?

Пато: Өз жеринде жакшы жумуш табылса, ким эле сыртка жумуш издеп кетсин? Бул жерде эч качан жакшы жумуш табылбайт, эч качан. Эптеп бир жумуш табылса, ата-журтту таштап, эч кайда кетким жок. Кандай жумуш болбосун иштемекмин. Лондондо тынбай жааган жаанга карабай, эшектей иштейсиң. Иштегени барган жаштар карта ойнойт, ичет-чычат, сийдик жыттанган, сасыган матрастын үстүндө жатып, эхх, куураткан турмуш деп коюп жүрө бересиң… Ал жакта жүргөндө ата-журт көздөн учат. Жүрөгүң туулган жерди эңсейт. Туулган жерин ким эңсебейт? Бул жакка келгенде, алгач баары сонун, анан чөнтөктө акча түгөнгөндө Англияга кеткиче шашасың. Мына ушундай мигранттык жашоо.

Морин: Эмнеге, Пато?

Пато: Билбейм неге. (Пауза.) Бул жерде жашоо керемет экени сокурга да сезилет. Бейиштей мекеним бар. Абасы тунук, жапжашыл тоолор. Тоолуктар менен баарлашкандын өзү ыракат. Бирок бул жерде ким кандай экени бири-бирине беш колдой белгилүү… Билбейм. (Пауза.) Линейнде бир аз чеки иш кылган адамды жыйырма жыл сөз кылып жатып калышат.

Морин: Айткан сөзүңдө жан бар.

Пато: Мына ушундай. Англияда бирөө менен бирөөнүн иши да жок. Ким кандай жашайт – өз эрки. Бул бир жагынан жакшы, экинчи жагынан алганда жаман. Эхх, билбейм кыскасы.

Морин: (паузадан соң.) Акыры күлүң бир жерге додо болгон күнүң болобу, Пато? Дарак деле бир жерден көгөрөт. Үйлөнүп алсаң да болот эле, колоктоп бойдок жүргөндөн не оопа.

Пато: (ууртунан жылмайып.) «Колоктоп бойдок жүргөндөн…» Хе-хе.

Морин: Үйлөн да эртерек. Деги үйлөнүш деген оюңда барбы?

Пато: Буга бирдеме дей албайм. Башым деле катты.

Морин: Көрүнгөн менен жатып-туруп жүргөнүңө курсант болбой, үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуш керек да эркек сөрөй.

Пато: (жылмайып.) Ким жатып-туруп жүрөт?

Морин: Сен да. Узун чачтуудан бир-экини чаап алсаң керек эмдигиче?

Пато: Бир-экини чаап алган күндө деле, сага эч ким теңдешсиз.

Морин: Ыя? Мен?… Койчу, ай.

Пато: Чындап эле. (Пауза.) Жаным, мен эч ким менен…

Морин: (Пауза.) Эч ким менен?

Пауза. Пато далысын куушуруп, башын кайгылуу чайкап олтура берет. Пауза. Радиодон Делия Мэрфинин аткаруусунда «Чимирилген ийик» ыры чыгып баштайт.

Морин: (турган калыбында.) Апама да ушул ыр аябай жагат. Делия Мэрфи ырдайт.

Пато: Жан-дүйнөңдү эзип жиберет.

Морин: Сезимдерге бүлүк салат.

Пато: Үнү да кайгылуу, муңдуу. Кичинекей кезимден бери тааныш үн. Уккулуктуу үн. (Пауза.) Тиги кемпир жаткан бойдон өлүп калган жокпу, же уктап калдыбы?

Морин: Уктап калган го.

Пато: Ммм.

Морин: (паузадан соң.) Ал аңгыча талаада колдор колго кыналып, Айлуу түн жатат суналып…

Пато: Ии, анан.

Морин: Айлуу түн, түнкүсүн… Сен жанымда жүрчүсүң.

Пато: (башын чайкап.) Алар эми мындай ырларды жазбай калышпадыбы. Кудайга шүгүр. (Морин каткырып жиберет.) Ошол айлуу түн азыр болуп жатпайбы, Морин?

Морин: Ооба десең.

Пато: Жылдызы учкан түндөрдүн жылдызын кимдер санаптыр.

Морин: Биз санадык ко, чиркин.

Пато: Сагынычтан көзгө жаш алып.

Морин: Жүрөк курган туйлайт от алып.

Пато: Ыя?

Морин: Туйлаган жүрөк, сыздаган көңүл.

Пато: Ии, жылдызын эңсеп түндөрдүн, кусада өтөр күндөрүм.

Морин: (паузадан соң.) Тиги сен колун кармалап олтурган янки аял ким өзү?

Пато: үлүп жиберет.) «Колун кармалап…» дегениңди токтотчу. Көңүл үчүн деп эле кармалап койдум болгону.

Морин: Көңүлү жерге кирсин!

Пато: Менин тайкемдин эки ата өтүшкөн карындаштарынан болуп кетет экен. Долорес бирөөсү. Бирөөсүн Хили дештиби, же Хооли дешкендей болдубу, айтор, ушундай. Бостондо жашашат имиш.

Морин: Сенин тайкеңдин эки ата өтүшкөн карындаштарынан болсо, сага жакындаганга болбойт. Жакын туугансыңар.

Пато: Эмнеге жакындаганга болбойт? Мага жакын деле тууганчылыгы жок анын. Ал тайкемдин эки ата өтүшкөн карындаштары болуп жатпайбы, түшүндүңбү?

Морин: Болбойт! Баары бир жакын туугансыңар.

Пато: Билбейм. (какшык менен.) Бул боюнча юристтен сурап көрүшүм керек экен. Кийинкиде камалып кетпесем болду. Мен ар кимге эле жалпаңдай бербейм. Көйнөгүнө бир нерсе жабышып жүргөнүнөн акырын колум менен алып койдум болгону.

Морин: Көйнөгү көтүндө калсын, Пато Дули!

Пато: Туура айтасың! (айласы куруп.) Мына минтип…

Пато колун акырын сунуп, Мориндин көкүрөгүнөн сыйпалайт. Пато көкүрөгүн сыйпалап жатканда, Морин анын колдорунан кармалап, ордунан акырын туруп, анын тизесине олтурат да, эмчектеринен өпкүлөп, кармалап жаткан Патонун чачтарынан акырын сылап туруп калат.

Морин: Ал мага караганда сулуурак окшойт.

Пато: Жок. Сен ага караганда сулуусуң.

Морин: Жок. Ал сулуу.

Пато: Мен сени жакшы көрөм.

Морин: Сүйкүмдүү көгүш көздөрүң жагат мага.

Пато: Ии.

Морин: Бүгүн түнү мени менен бол.

Пато: Билбейм, Морин.

Морин: Калчы мында. Болгону бир түн.

Пато: (паузадан соң.) Апаң уктап калдыбы?

Морин: Эмне болсо, ошол болсун. (Пауза.) Ылдыйраак карма.

Пато колун акырын түшүрүп барып, анын этегин ачат.

Морин: Дагы ылдыйдан… Ылдыйдан кармачы…

Колдор ылдыйлап барып, ич кийимдин ичине сойлойт. Морин башын чалкалатып, көздөрүн жумат. Радиодо ырдалып жаткан ыр тып токтойт. Күүгүм кирет.

ТӨРТҮНЧҮ КӨШӨГӨ

Таң эрте. Мориндин кара көйнөгү үстөлдө жатат. Мэг ичкери бөлмөдөн колуна күлтүктү кармап чыга келет да, андагы сийдикти раковинага төгөт. Күлтүктү ичкери бөлмөгө алып кирип, колдорун түнкүсүн кийип жатчу көйнөгүнө аарчыганча чыга келет. Үстөлдө жаткан кара көйнөктү көрөр замат, булкунуп сүйлөнүп, көйнөктү колуна алат.

Мэг: Өлүгүңдү кана көрөйүн! Көчүгүн түзүк жаппаган көйнөгүн бул жерге ыргытканын!

Мэг көйнөктү алып, бурчка ыргытат. Чайнекти күйгүзөт да, Морин уксун деген тейде үндү бийик көтөрүп сүйлөнүп кирет.

Мэг: Ушул кийсең көчүгүң көрүнгөн көйнөктү кийип алып, көчөдө далактап жүргөндөн көрө мага буламык даярдап койсоң боло, канчык. (Акырын күңкүлдөп.) Көйнөгүң менен жерге кир. (Заңкылдап кыйкырат.) Өлүгүңдү көрөйүн, ушуну кийгенден көрө көчөдө жылаңач жүргөн жакшы эмеспи! (Акырын күңкүлдөп.) Сасып жата бербей, тур да ары. Карыган кемпирге буламык жасатып коюп, кайран десе. Боткону ким жасайт. Айтып коёюн, буламык да жасабайм, ботко да жасабайм, жетишет болду. Өзүм темселеп буламык жасашым керекпи? Шашпай тур, мен өлгөндө түшүнөсүң. Сен мени акыры жеп тынасың.

Ичкериден кийимдерин шашып-бушуп чала кийинген Пато атып чыгат.

Пато: Кутман таң, энеке. Жакшы уктап турдуңузбу?

Мэг күтүүсүз чыга келген Патону аңкайып тиктеп калат.

Мэг: Ии, ботом, сен белең? Кел.

Пато: Буламык бышырып жатасызбы?

Мэг: Көрүп турбайсыңбы.

Пато: Мага бериңиз, мен укмуш бышырам буламыкты.

Мэг: О, кайран десе.

Пато: Сиз олтуруңуз, энеке. Мен азыр муну…

Мэг термел отургучуна барып олтурат. Дале болсо буламык бышырып жаткан Патодон көзүн албай, аны аңкайып тиктегени тиктеген.

Пато: Илгери мектепте окуган иниме күндө эртең менен буламык жасап жүрүп, буламык бышыргандын устасы болгом. Кечээ янкилер менен болгон отурушка барбадыңыз го?

Мэг: Жок, баралбадым.

Пато: Бутуңуз да ооруп жатыптыр. Морин айтты.

Мэг: (Дале Патону таң кала тиктеп.) Ии, туура айтасың. Бут да иш көрсөтүп. (Пауза.) Морин кайда жүрөт?

Пато: Ммм, беш-он мүнөт жата турайынчы дейт. (Пауза.) Чынын айтсам, мен азыр… Кандай десем…  Мен азыр сиз тургуча кетип калайын дегем, антсем Морин: «Биздин эмне жаштыгыбыз калды дейсиң. Жата бер.»  дегенинен жата турбадым беле. Билбейм, мага деле бир чети ыңгайсыз, кечиресиз. (Пауза.) Янкилер эмдигиче Бостонго жетишти. Кудай жалгасын. Ооба. (Пауза.) Отурушту жакшы эле өткөрүп бердим го дейм. Ичерин ичип, жей турганын жешти. Ооба. (Пауза.) Агынан да, кызылынан да куюп бердим. (Пауза.) Болот да. (Пауза.) Буламык жегиңиз келдиби?

Мэг: Ооба.

Пато буламыкты аралаштырып, анын алдына коёт.

Пато: Карыган адамга буламыктан өтөрү жок өзү.

Мэг: Жок, кайдан. Жакпайт такыр.

Пато: Эмнеге?

Мэг: Ичким келбей калса деле, ич деп кысташат.

Пато: Карыган адамга буламык жакшы эмеспи?

Мэг: Ооба, карыган адамдын тамагы да бул.

Пато: Ооба. Тооктун эти даамданабы?

Мэг: Билбейм эмне даамданат.

Пато: (Буламыктын кутусун алат да, капталын окуп кирет.) Ооба, курамында тоок эти бар деп жүрөт. Аябай даамдуу. (Пато буламык бышырып кирет.)

Мэг: (өзүнчө күбүрөнүп.) Жегеним бөлтөк-салтак буламык болсо, кайдагы даам. Кашык да жок.

Пато: (буламык алып келип берет.) Кана, тамакка караңыз, энеке. (Пауза.) Колго эмне болду? Кызыл-ала так болуп жүрөт.

Мэг: Менин колумду айтасыңбы?

Пато: Майга күйгүзүп алдыңызбы?

Мэг: Ооба.

Пато: Этият кылсаңызчы карыганда.

Мэг: Этият? Эхх… Кайдагыны айтасың да.

Ичкериден жука ич көйнөкчөн, жарым жылаңач Морин чыгып, Патонун жанына келет.

Морин: Эмне этият? Этият эле кылдык ко, туура айтамбы, Пато? (Келип Патонун тизесине олтурат.)

Пато: (уялып.) Морин, эй?…

Морин: Бала тууп салбашым үчүн баарын өтө этият жасадык. Бул үйдө ансыз деле жаш баладан бетер бирөө бар экени кокодон жетет мага.

Морин Пато менен узакка өбүшөт. Мэг аларды жактырбай, ачуулуу тиктейт.

Мэг: (өзүнчө күбүрөнүп.) Шуркуя. Болбой калган экен да көрсө.

Пато: (дале уялып.) Морин, болду дейм, эй.

Морин: Мага ажайып түндү тартуу кылдың, кымбатым. Ушуну жыйырма жыл күткөм. Ушуну күтүп жүргөм.

Пато: (өзүн ыңгайсыз сезип.) Жакшы.

Мэг: Колумдагы күйүк тактарды сурап жаткан бул. Анан эле сен энеден туума жылаңач чыга калдың!

Морин: Колуң мага демектен чирип калсын. (Патого кайрылат.) Менин эсимди түнкүдөй дагы оодара койчу, Пато. Эми дагы качан көрүшөбүз. Мени сүйүүгө кандырып, кусалыгымды таркатып, анан кетчи, суранам.

Пато: Морин дейм, эй… Эмне болуп жатасың?

Морин Патону дагы өпкүлөп жиберип, ашкананы көздөй бараткан апасын карап калат.

Морин: Өлүп кетсин. Эмне болсо, ошол. Эхх…

Пато ордунан тура калып, ары-бери басат.

Пато: Кой, мен көйрөңдөнбөй, эртерек кетейин. Ала турганды алып, анан ким бирөө айтмакчы…

Мэг: (Моринге сөөмөйүн кезеп кыйкырат.) Менин колумду мына желмогуз куйкалаган! Мына азыр баарын айтып берем! Болгонун болгондой айтам! Дакталган майды колума куюп, анысы аз келгенсип, доктурга колун өзү күйгүзүп алды дегеничи жаны жок!

Морин: (паузадан соң бейкапар гана.) Эч болбосо бир чыны чай ичсеңчи, Пато.

Пато: (паузадан соң.) Макул. Кел батыраак алып кел анда.

Морин бир чыны чай сунат. Мэг тиги экөөнү алмак-салмак карап калат.

Мэг: Мен эмне дедим уккан жоксуңбу?!

Морин: Пато сага окшогон келесоонун сөзүн угуп эмне кылсын.

Мэг: Келесоонун? (Сол колун өйдө көтөрөт.) Ким кылды муну?

Морин: Бери кел, Пато. Мына раковинаны менин көзүмчө жыттап көрчү.

Мэг: Раковинаны коё тур!

Морин: Бери кел дедим, Пато.

Пато: Ыя? (Пато ашканага кирет.)

Морин: Жытап көрчү муну.

Пато эңкейип, раковинаны жыттайт. Андан соң жийиркенип, башын тартып алат.

Мэг: Раковинаны коё тур, эй, эшек!

Морин: Эмнеге коё турат? Эл да билсин сенин кылыктарыңды.

Пато: Раковинага эмне болгон? Канализация жакшы иштебей калдыбы?

Морин: Канализация иштейт жакшы эле. Тиги келесоо күндө эрте менен күлтүккө сийген сийдигин төгөт. Раковинага куйбай, дааратканага алып барып, унитазга төк деп жүрүп тилим тешилди.

Мэг: Бул жерде менин колум жөнүндө сөз болуп жаткан. Сийдикти кайда төгөсүңөр деп сураган жок эч ким!

Морин: Шакмар неме же артынан суу менен чайкап койгонго жарабайт. Анан кайдагы тазалык? Табарсыгына суук өтүп, саңсар болуп калганы качан. Үй ичи сийдик сасыйт. Раковинага мен идиш жууйм. Мэ, чай ич, Пато.

Пато чыныны колуна жийиркеничтүү алып, ичимиш болот.

Мэг: Жарым жылаңач болбой, кий үстүңө бирдеме! Кыркка чыккан аял дейт сени, канчык!

Морин: Мага ушундай жарым жылаңач жүргөн жагат. Өлүп кетпейби.

Мэг: Ким бирөө баштанбачы.

Морин: Ырас болуптур.

Мэг: Ой, өлүгүңдү гана көрөйүн. Бекеринен Диффорд Холлдун жиндиси дешпейт да сени. Англияда жүрүп…

Морин: (ачууланып.) Оозуңду жапчы…

Мэг: Ал жерде жылаңач жүрүп жаман үйрөнгөн бул, туура айтамбы?

Морин: Эй, тантырак, оозуңду жап дедим сени!…

Мэг: Узун көйнөк гана кийип жүрөсүң ал жерде…

Морин муштумун түйүп, апасына атырылат. Пато ортого арачы түшүп, Мориндин колдон кармап калат.

Пато: Ой, экөөңдүн ортоңордо эмне кеп деги?

Мэг: Диффорд Холл! Диффорд Холл! Диффорд Холлдун жиндиси!

Морин: Ооба, Диффорд Холл, болдубу? Мен ойлойм сенин…

Мэг: Диффорд Холл! Өлүгүңдү көрөйүн, Диффорд Холл мээсинен айныган!

Морин: Демек, мен бөлмө сийдик сасыбаса деле, сийдик сасып жатат деп, бет тырмачылык кылып жатыпмын да, ээ?

Мэг: Токтот сийдик-пийдик дегенди! Токтот! Диффорд Холл кандай жай экенин билесиңби, ай, жигит? (Патого карайт.)

Морин: Оозуңду жап! Азырчы сени!…

Мэг: Жиндикана! Англиядагы белгилүү жиндикана! Бул Англияда темселеп жүрүп, акыры жиндиканага түшүп, сандалып калганда, сакалдуу башым менен барып, ортого түшүп, чыгарып алганмын. Мунун оорукчан деген справкасы бар. Кааласаң көрсөтөм азыр, көрсөтөм. (Мэг бөкчөңдөй басып ичкери кирип кетет. Ичкериден сүйлөнөт.)

– Сага далил керекпи? Өлүгүңдү көрөйүн, мээсинен айныган жинди! Өзүнүн жинди экенин билбейт да, мен буга келесоо, шакмар имишмин. Башымдан ылдый чычып жибергенден да кайра тартпайт бул.

Баары жымжырт. Морину үстөл четине олтура кетет. Пато чыныдагы чайды ичпестен, раковинага төгүп жиберип, чыны менен колдорун чайкайт.

Морин: (акырын гана.) Ооба, психикалык жактан жабыркап, ал жайга түшүп калганым чын. Кудайдан жашырбаганды пендеден жашырмак белем. Көп жыл илгери.

Пато: Эчтеке эмес. Адам башына эмнелер келбейт. Адам көп нерсени башынан өткөрөт.

Морин: Ооба десең. Кудайдан жөө качкандардан башкасы.

Пато: Баары эле кудайдан жөө качканга кирбейт. Билимдүү, түшүнүктүү адамдар деле нервден ооруп жатпайбы. Ээ, кайран дүйнө. Бул жалган дүйнө тескерисинче түшүнүктүү, ыймандуу пендени акылынан бат айнытат. Бечара Спайк Миллиган деле нервден ооруп калбадыбы. Менин деле акыркы күндөрү акылым ордунда эмес. Жашырганда эмне. Мунун эч күнөөсү жок. Бечара түшүнүктүү, эстүү жандар баарын жүрөккө жакын кабыл алып, акыры бир күн же нервден, же жүрөктөн кетет тура. Бул жалганда эчтекени жүрөккө жакын кабыл албаш керек экен көрсө.

Морин: Демек, бир ай бою жиндиканада жатып калганым уят эмеспи? Койчу, ай, сен да ким бирөөчө…

Пато: Болгону сенде жиндиканада жатып чыкты дегенди ойлогон сайын оюңа ардеме келет. Муну ойлоп, кыжаалат болуштун кажети жок, Морин. Өзүң түшүнүктүү, эстүү жансың.

Морин: Билем.

Пато анын маңдайына олтурат.

Морин: Англияда пол жууп иштеп жүргөнүмдө ушинтип ооруп калдым. Анда жыйырма беш жаштамын. Англияга алгач барып, иштеп жүргөн кезим. Улуу эжем турмушка эбак чыгып, экинчи эжем эми турмушка чыккан маал. Лидого барып, ал жерде офистерди, дааратканаларды жууп иштедим. Бир нече адам иштейбиз. Баары англичан аялдар. Менден башкасы. «Темселеп эмне келдиңер бул жерге? Кеткиле ары өз жериңерге… Мэ, сага, өз жеринен тентип, Англияга келген чочколор…» Ирландиядан барып, алгач иштеп жүргөн кезим. «Ирландиядан бок жегени келесиңерби бул жакка? Англияны ушулар басып кетер болушту. Салпактап бул жакка келбей, өз жеринде апийим чегип жүрө беришсе эмне?…» Мына ушинтип басмырлап, кордошчу мени. Бөтөн жерде ким чекеңден сылайт. Жарым сөзүн түшүнсөм, жарымын анча түшүнбөйм. Түшүнбөгөн жеримди жанымда кошо иштеген ындыкара аялдан сурайм. Ал да мага окшоп Тринидаддан иштегени келген. Ал курганды да көрдөн алып, көргө чаап жемелешет. Англисче жакшы түшүнбөгөн бечара жөн гана күлүп кутулуп кетет. Бети табактай, күлсө оозу аржайган аял. Бир күнү туулган жеринин сүрөтүн көрсөтүп калды. Мен ага айттым: «Ата-журтту таштап, Англияда сасыган даараткана жууп иштеген жактыбы сага?» Бир жолу ага туулган жерим Коннемаранын сүрөтү түшүрүлгөн календарды көрсөтүп калбаймынбы. Анда ал мага айтат: «Ата-журтту таштап, Англияда сасыган даараткана жууп иштеген жактыбы сага?»  (Пауза.) Кийин Лондондо иштеп жүргөн күйөөсү кайтыш болгондо, Лондонго биротоло кетип калды. Ал кетсен соң, англичан аялдарга таланып, жалгыз өзүм калдым.

Пато: (паузадан соң.) Ал күндөр сен үчүн артта калды. Морин: (Ага карап.) Кандай дейсиң, мен азырга чейин ооруйт болушум керек?

Пато: Жок, азыр баары жакшы.

Морин: Койчу? Мени ушул… (Морин ордунан атып туруп, ашкананы көздөй жөнөйт. Бир аздан соң жашка чайыган көздөрүн жууп, кайра келет.)

Пато: Эчтеке эмес. Мунун баары артта калды. Эчтекеден чүнчүбө. Баарын унутуп ташта.

Морин: Унутуп ташта? Ушул эч көз алдымдан кетпейт. Чүнчүп да кеттим. (Пауза.) Канчалык ачууланбайын аны колуна чапкылап урган эмесмин. Мен жокто өзү картошка кууруп жемекчи болуптур. Экөөбүз уруша кетип, бир саатка сыртка чыккам. Мен кеткен соң, өз билгенин кылыптыр. Тепе казанды көңтөрүп салыптыр. Бир кудай билет. Келсем жерде оонап жатат. Мени Диффорд Холлдо жатып чыккан жиндиге теңеп, адам ордуна көрбөйт. Мени эмне кылып, эмне сүйлөп жатканын билбеген жинди санайт. Өзүн эми тим эле укмуш билерман, укмуш иш билги эсептейт, жезкемпир.

Пато: Кой, антип катуу сүйлөбө, Морин.

Морин: Эмнеге сүйлөбөйм, Пато? Бул соо адамды бат эле жинди кылат.

Пато: үлүп.) Ооба, ошондой окшойт ко.

Пато: үлүп.) Эхх, кайран сөз. Дагы ушуга чыдап, акылынан айныбаган Морин экенсиң десеңчи!

Экөө тең күлүп калышат. Пауза.

Пато: Кой, мен кетейин эми, Морин.

Морин: Жарайт, Пато. Чай ичтиңби?

Пато: Жок. Раковинага төгүлгөн сийдик тууралуу сөз болгондо, ичким да келбеди.

Морин: Туура кыласың. Мен деле ошентмекмин. Мунун азабын качанга дейре тартып жашайм? (Ойлуу.) Качанга дейре муну менен алышам? (Патого тике карап.) Мейли, маңдайга жазылганын көрө жатарбыз.

Пато: (пузадан соң.) Үстүңө кийчи бирдеме, Морин. Үшүп каласың суук бөлмөдө.

Пауза. Мориндин кабагы дагы түнөрүп баштайт. Үстү-башын бир сыйра карайт.

Морин: (акырын гана.) «Үстүңө кийчи бирдеме»? Мен эми сага кебетеси келишкен түрү суук көрүнүп калдымбы? «Үстүңө кийчи бирдеме…».

Пато: Жок, Морин, мен андай ойдо айтпадым. Мындай жүргөнүң болбойт… Суук өтүп калбасын.

Морин: Түндө менден өткөн адам жок болуп, эми эле көзүңө кебетеси суук көрүнүп калдымбы?

Пато: Жок, Морин, жок, айланайын. Андай дебедим. Эмне болуп…

Морин: Түндө эле мени дүйнөдө жок сулуум деп жатпадың беле? Азыр эми «Кий үстүңө бирдеме» деп. Эркектер ошол да. Иши бүткөн соң. Жүрөктү сыгып жибердиң.

Пато: (ага жакын келип, жагалданып.) Апеей, ботом. Эми балээ болбодубу. Эмне болуп кетти заматта…?

Морин: Эми түшүнүктүү баары.

Пато: (токтой калып.) Эмне түшүнүктүү?

Морин: Менден көңүлүң сууса, кетер жолуңа түш. Жолуңду тоскон эч ким жок.

Пато: Сенден көңүлүм сууган жок.

Морин: (ыйламсырап.) Сен менден кеткиң келди…

Пато: (жанына басып келип, анын далысына колун таштап.) Морин…

Колуна кагаз кармап, энтеңдеп Мэг кирип келет да, Патого басып барат.

Мэг: Ыя? Мына ага жиндиканадан берилген кагаздар. Мен шалтурук, шакмар имишмин. Ыя? Окуп чыгасыңбы муну, ыя? Мына сага далил, чакага сийген жинди ким экен билип жүр! (Пауза.) Ыя дейм!?

Пато: Морин…

Морин: (өзүн сабырдуу кармап.) Сен эми жолуңа түш, Пато.

Пато: (паузадан соң.) Англияга барар замат сага кат жазам. (Пауза. Сүрдүү карап.) Уктуңбу, Морин! (Пауза. Жай гана.) Англияга жетер замат кат жазам сага.

Пато үстүнө пиджагын кийип, чыгып баратканда акыркы ирет Моринди бир карап, беш-алты кадам аттап үйдөн чыгып кетет. Пауза.

Мэг: Ал мынаны жазат эми сага. (Турмугун көрсөтөт. Пауза.) Шуркуялар кийчү кара көйнөгүңдү бурчка ыргытып жибергем эбак эле!

Пауза. Морин ага айласы түгөнгөндөй, ыйламсырап, зааркана карап калат.

Морин: Эмнеге? Бул эмне кылганың?

Пауза. Морин кара көйнөгү жаткан жерге басып келет да, чөгөлөй олтурат. Көйнөктү колуна алып, аны көкүрөгүнө бекем кысып, бир топко үн чыгарбай, бүлкүлдөп ыйлайт. Анан ордунан туруп, апасынын жанынан шалдая басып өтүп кетет.

Морин: Сен биринчи өзүңдү эптеп алчы. (Морин ичкери кирип кетет.)

Мэг: Мени коюп, сен өзүңдү эптеп ал башта. Өлүгүңдү гана көрөйүн… (Морин ичкери бөлмөнүн эшигин тарс жаап алат.) …Балакеттин баарын сен баштайсың.

Мэг колдору калчылдап, кагазды кармаган бойдон. Пауза. Кагаздарды таштай салып, тырманып кирет. Андан соң желип бүтө элек буламыкты көрүп, ага сөөмөйүн салып көрөт. Өзүнчө күбүрөнөт.

Мэг: Буламык муздап калыптыр. (Кыйкырат.) Буламык муздап калыптыр дейм, көркоо!

Жооп жок. Мэг маңдай жагын аңкайып тиктеген бойдон олтуруп калат. Күүгүм кирип баштайт. Узакка созулган жымжырттык.

БЕШИНЧИ КӨШӨГӨ

Көшөгө караңгылыкка бөлөнгөн. Англиядагы өзү жашаган бөлмөдөгү үстөл четинде Пато кат жазып олтурат. Прожектордун жарыгы Пато олтурган жерди гана жарытып турат. Пато жазган катын алып, үн чыгарып окуп кирет.

Пато: Саламатсыңбы, Морин берекем. Пато Дули сага алыстан сагынычтарга толгон, кусалуу катын жолдоп турганы. Көйрөңдөнүп жүрүп, сага убагында кат жазганга деле жарабапмын. Сен менден үмүтүңдү үзүп, мени эстебей деле калсаң керек. Ары-бери ойлонуп, акыры сага кат жазайын деп чечтим. Бирдекеге шыгы жок жаным катты деле эптеп-септеп жаздым окшойт. Алдын жетишинче баяндап берейин. Уэксфорддон келген жумушчу тууралуу гана бирдемелерди божурап бербесем, сага айтар жарытылуу жаңылыгым деле жок. Күндүзү курулуш аянтында иштеп жатканыбызда анын башына үстүдөн бир үймөк кыш кулап түшсө болобу. Башын кырк жеринен тиктирди байкуш. Кудай жалгап, дагы өлбөй тирүү калды. Жашы да элүүдөн ашып, бир топко барып калган байке болчу. Ошол айтар жаңылыгым. Жума же ишемби күнү бир күн эс алып, ал күнү бир аз сыра ичип коймой адатым бар. Бул жерде эч кимди тааныбаган үчүн божурашар адамым жок. Өзүм менен өзүм. Мага окшогон мандикер-гастарбайтерге бир чети эч ким менен иши жоктугу деле көп балээден сактайт. «Гастарбайтер» деп туура жаздымбы билбейм, себеби, мындай сөздү бизге мектептен окуткан эмес да. Же ары эмес, же бери эмес, англичандар айтмакчы «Бир баскан жеримди, миң тегеренип» коюп, каңгып жүрөм. Чынын айтсам, ойлогонум эле мен жана сен. Экөөбүз бири-бирибизге арзыбай калганыбызды билип турсам да, сен жөнүндө ойлоп, сен тууралуу гана сүйлөшкүм келет. Баягыда янкилерди узатып коюп, экөөбүз узакка божурашып олтурганыбызды, андан соң ар кайсыны сүйлөшүп сенин үйүңө келгенибизди сыздап сагынам. Ошол түнү мен сени дүйнөдө жок сулуум деп эркелетип, азырга чейин менин дүйнөдө жок сулуум бойдон келесиң. Ошондо сен мени тиги янки аялдан кызганганыңчы. Анда мен ичкиликке кызып калып, өзүмдү бир аз башкара албай калсам керек. Мен ошондо мастыгым менен янки аялга тийиштик кылбасам, сенин сүйүктүүң бойдон калсам керек эле, аттиң. Сени кеч таап, эрте жоготконумду эстеп каңырыгым түтөйт.  Ошол кечедеги тентектигим алиге чейин мени өкүндүрөт. Ошол кечеде сен мага жүрөктөн сүйүү чачып турган кезде, шагыңды сындырып алганымды эстесем башым катат. Мени сен тууралуу, жиндиканада жатып чыкканың тууралуу укканда, Пато мага башкача көз карашта калды деген ойдо чыгарсың. «Үстүңө бирдеме кийип алчы» дегенимди да туура эмес түшүнүп алганың ошондон уламбы деген ойдо калдым. Жок, такыр сен ойлогондой эмес. Сени карап олтургандан тажабасмын. Сага кандай кийинсең да жарашат. Кийим сага эмес, сен кийимдин көркүн ачып, кийимге жарашып каласың. Муну сендеги кудай берген табигый сулуулук деп билсе болот. Сенин ич кийимчен турган элесиңди кайра-кайра көргөндөн көз кумарым канбасы бышык. Сени кайра көргөн күндү кудай мага насип кылсын. Тилегеним ушул. Мени кечирип койчу, Морин. Мен келесоону кечире көр да, ортодогу сүйүүнү өчүрбөйлү. Эгер кечирбесең, анда жакын достордон болуп түбөлүккө калалы. Сенден байланышты үзгүм келбейт такыр. Анда кандай акыбалда калышымды элестете да албайм. Эч кандай жаңылык жок деп жалган айтып жиберипмин. Менде жанылыктар толтура: тайкем мени Бостонго келип иште деп чакырып жүргөн. Уэксфордо башына бир үймөк кыш кулаган адамдын акыбалын көргөндө, акыркы чечимди кабыл алдым. Курулушта иштеп жүрүп, бир ирландец-гастарбайтер кокустуктан өлүп кетсе, жергиликтүү адамдарга ит өлгөнчөлүк сезилгидей эмес. Керт башымдын амандыгын ойлоп, бул жерден кетүүнү туура көрдүм. Бостондо кандай жумуш болсун иштейм. Иши коопсуз болсо болду. Эки жумадан кийин Линейнге барам да, ажыраш аяк уюштуруп, эртеси Бостонго кетем. Сен мени менен чогуу кеткенге макулсуңбу деп сурагым келет. Эгерде эки-үч айдан кийин десең, анда Бостонго барар замат биртке акчага иштеп, жол киреге сага акча салайын. Эгер мени кечире албасаң, анда менин жүрөгүмдү кыйнабастан, бири-бирибизге жолукпаганыбыз деле дурус. А эгер кечире алсаң, анда сени Ирландияда кармай турган эчтеке жок деп ойлойм. Өзүңдү түзүк карабай, апаңдын оту менен кирип, күлү менен чыгып жашап келдиң. Мындан ары апакеңди кароону эжелериң да өз колдоруна алса болот деген ойдомун. Эгерде эжелериңдин колунан келбесе, Отерардагы карылар үйүнө берип салганың дурус. Ал жерде карылар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн деп уккан жайым бар. Үйдө шыпты тиктеп олтургандан көрө, карылар үйүндө жакшы эмеспи. (Пауза.) Акыркы чечимди чыгарыш өзүңдө калды, Морин. Дарегим менен байланыш номерди конвертке жазып койдум. Англиянын кодун билесиң. Телефон сыртта жайгашкан, эгер телефон чалсаң, чакырууну узакка карма. Телефондон сенин жан эргитер үнүңдү уксам кана. Эгер кабарлашкың келбесе, мунун баарын туура түшүнөм. Экөөбүз бирге өткөргөн түндү эстеп гана өзүмдү бактылуу санап жүрөм. Кабарлашпай калсак, бул мендеги жакшы эскерүүлөр болуп түбөлүккө кала берет. Өзүң эстүү жансың, жакшылап баарын ойлонуп көр. Өзүңдү карап, жакшы жүр сулуулуктун ханышасы, менин дүйнөдө жок сулуум. Сени урматтап, Пато Дули.

Прожектордон берилген жарык өчүрүлөт. Караңгы көшөгөдө Пато инисине кат жазып кирет. (Үн чыгарып окулат.)

Аман-эсен жүрөсүңбү, Рэймонд кубатым? Агаң сага алыстан сагынычтуу кат жолдоп турганы. Ар кандай көздөрдөн сак болоюн деген тейде, сага бир нече катты бирге жөнөтүп жатам. Каттар колуңа тиер замат, окубай туруп тиешелүү адамдарга жеткирип бере көр, иним. Мик Даудга жазган катымды ал ооруканадан чыккандан кийин берсең деле болот. Анын акыбалы кандай экенин, аны бул ишке кириптер кылган кызды кармашыптырбы, ушулар тууралуу мага кабарлап кой. А тиги Гирлин бечарага кудайдын куттуу күнү жолуксаң керек, ошого ага жолдогон катым дароо колуна тиет деп ишенем. Гирлин мындан ары чиркөөдөгү кайдагы бир молдо-солдо дегендер менен сүйүү мамилесин түзгөндү токтотуп, алардан алыс жүрсүн. Муну менин атымдан сөзсүз айтып кой. Сага андан башка дагы өтө чоң аманатым бар, иним. Моринге жазган катым колуңа тиер замат, түптүз үйүнө барып, өз колуна тапшыр. Сага айтар башка жаңылыгым жок. Америкага кетерим тууралуу сага жакынкы күндөрү шашпай кат жазам. Менде баары жайында. Өзүңдү карап, жакшы жүр, иним. Көрүшкөнчө.

Саламым менен,

Пато байкең.

P.S: Моринге жазган катым колуңа тиер замат, токтоосуз барып, Мориндин өз колуна тапшырганды унутпа.

АЛТЫНЧЫ КӨШӨГӨ

Түштөн кийин. Рэй жаркырап күйгөн мештин жанында өзүнчө ойго чөмүлүп сыналгы көрүп олтурат. Колуна кармаган конвертти утуру тизесине чапкылап коёт. Мэг термел отургучуна олтуруп, Рэйден жана анын колундагы конверттен көз албай тиктеп турат. Узак паузадан соң Рэй сөз баштайт.

Рэй: Бул качанкы Уэйн го.

Мэг: Ошолбу?

Рэй: Ошол. Ушунун жаагы басылбады.

Мэг: Эхх.

Рэй: (паузадан соң.) Патрициянын чач жасалгасын көрдүңүз беле? Көргөн адамдын жүрөгү түшөт. Уэйнге сөз жок, аман эле болсун. (Пауза.) Мага «Балдар жана кыздар» көрсөтүүсү аябай жагат, аябай.

Мэг: Ошондой де?

Рэй: Бири-бири менен тынбай атышып-тытышып, купальник кийип, апаппак сандарын көрсөткөн кыздарды көргөндө шилекей агат. Өтө сонун көрсөтүү.

Мэг: Мен жаңылыктарды качан берер экен деп олтурам.

Рэй: (паузадан соң.) Ал башталганча али көп бар. өрсөтүү бүтөт. Рэй олтурган жеринде керилип алат.) Мына бул да бүттү.

Мэг: Эми жаңылыктар башталабы? Ыя?

Рэй: Жок. Австралиялык сериал башталды. Бүгүн бейшемби беле?

Мэг: Өчүрүп салчы ары. Жанатан бери жаңылыктарды күтүп олтурса.

Рэй: (сыналгыны өчүрүп, зериге баштайт.) Жаңылыктарды саат алтыда берет. (Кол саатын карап, бушайманга түшөт.) Тууй ата… (Пауза.) Ал саат алтыда келип калат дебедиңиз беле же андай эмеспи?

Мэг: Ошондой. (Пауза.) Бирөөгө жолугуп, ошого кармалып жатса керек. Бирөө менен деле анча иши жок. Качан болсун өзү менен өзү.

Рэй: Билем анын бирөө менен эч иши жогун. (Пауза.) Бирок кызыңыз кыйла бар, менден сурасаңыз муну. Баягы теннис тобун кайда катып салган? Мартин Хэнлон экөөбүз теннис ойноп жатканда, топ силердин бакчага ыргып келип түшкөн. Кызыңыз топту алып, жалдырап сурансак да, топту кайтарып бербей койгон. Он жыл мурда болсо да, баары күнү-күнүнкүдөй эсимде.

Мэг: Ким бирөө айтмакчы, бирөөнүн баш оорусу менен менин ишим канча.

Рэй: Он жыл өтсө да унутпайм муну!

Мэг: Андай эмей эле Мартин экөөңөр биздин бакта жүргөн жөжөлөрдү топ менен бирин өлтүрө урган турбайсыңарбы. Ошондон улам силерге ачууланып, бербей койгон.

Рэй: Биз теннис ойноп жатканбыз болгону!

Мэг: Ооба сага.

Рэй: Кайдагыны айтпаңызчы. Теннис ойноп жатканбыз. Ошондон кийин теннис да ойнобой калдык. Топ жок болсо, чокубузга ойномок белек.

Мэг: Топ да жок, балакет да жок олтуруп калдыңар.

Рэй: Туура! Балакет да жок. (Пауза.) Энеңдурайын!

Мэг: (паузадан соң.) Катты мага ташта да, өзүң жорголоп жолуңа түш, эрке. Келери менен катты колуна карматам. Тобуңду бербей койгон энеңдурайынды күтүп эмне кыласың.

Рэй: (Анын сунушуна азгырылып барып, кайра андан баш тартат.) Жок. Бул бирөөнүн аманаты.

Мэг: (буйрук бере сүйлөйт.) Бир чыны чай берчи мага.

Рэй: Чай бергидей, мен сизге малай белем. Кызык эле адамсыз. Мен бирөөнүн тапшырмасы менен келдим. Сизге чай берейин деп келген жокмун.

Мэг: (паузадан соң.) Мешке отун таштап койчу, бай болгур. Үшүп кеттим.

Рэй: Мен сизге малай эмесмин дедим го.

Мэг: Койчу эми, балакай. Рэй, сен жакшы баласың. Кудай өмүрүңө береке берсин.

Рэй үшкүрүнүп алып, колундагы катты үстөл үстүнө коёт, андан соң мештеги чокту аташкөрөк менен жайып, отундан калап, көөрүк менен үйлөп кирет.

Рэй: Теннис тобу жерге кирсин. Өткөндө кызыңыз менен жолдо бет мандай кезигишип калдым. Анан салам бердим. Ал эмне кылды, билесизби? Саламга алик албай, дулдуюп басып кетти.

Мэг: Эмнеге алик албайт, ботом?

Рэй: Ачуум келип, ашата сөгүп таштайын деп, кармандым. Артынан барып, ашата сөгүп таштасам болчу экен.

Мэг: Ашата сөгүп таштасаң ажап болмок. Сен өзүң түшүнүктүү, жакшы жигитсиң. Билбейм, акыркы күндөрү ал кызыктай болуп баратат.

Рэй: Кийингени да бир кызыктай. Муну элдин баары билет. (Аташкөрөк менен мештеги чокту калап, арткы дубалда илинип турган чоң сүлгүнүн бетине жазылган сөздү үн чыгарып окуп кирет) Тозокко түшкөнгө дейре бейиште бир аз жыргап ал [4].

Мэг: Ырас айтасың.

Рэй: (жайдары түрдө.) Тозокко түшкөнгө дейре бейиште бир аз жыргап ал. Ой, атаңгөрү, сөз эмес бекен, ээ.

Мэг: (күлүп.) Ыя де.

Рэй: (аташкөрөктү колуна кармап, ары-бери баса баштайт.) Сонун аташкөрөк тура.

Мэг: Ыя?

Рэй: Сонун жана оор.

Мэг: Оор анан узун.

Рэй: Сонун, оор жана узун. Ушуну менен тиги кызыл шапкечен иттерди (полицияны) канжалатып сабап-сабап таштаса, сооп болмок. (Пауза.) Мага сатпайсызбы муну?

Мэг: Жок, айланайын. Муну менен эмне жоого түшөсүңбү? Же кызыл шапкечендер менен тытышасыңбы?

Рэй: Бешке сатыңыз мага.

Мэг: О, жок, кокуй. Бул бизге от калаганга керек.

Рэй: үңк-мыңк этип, аташкөрөктү ордуна коёт.) Албетте, бул үйдөн бир күнү жок болот бул.

Рэй ашкананы көздөй жөнөйт. Үстөлдө жаткан каттан көз албаган Мэг ордунан турат.

– Кааласам шаардан мындай аташкөрөктү мунун жарым акчасына таап алам.

Мэг энтеңдей басып келип, катка эми жеткенде, ашкана жактан Рэй чыгып келет. Басып баратып үстөлдөгү катты колуна алат. Мэг эчтеке болбогондой түр көрсөтүп, отургучуна барып олтурат. Рэй сырткы эшикти ачып, Моринди издеп, жол карайт. Үшкүрүнүп, эшикти кайра жабат.

– Аны кечке күтө берип, боозуп кете турган болдум. (Пауза.) Мындан көрө үйдө сыналгы көрүп жатсам мени бирөө урат беле. (Үстөл четине олтура кетет.)

Мэг: Жаның чыкпай күтүп тур. Кеч кирди, эми келип калат.

Рэй: (ачууланып.) Мен алгач сураганда саат үчтө келип калат деп айткансыз мага!

Мэг: Ооба, демейде саат үчтөрдө келчү. (Пауза.) Кээде кечинде келет. (Пауза.) Кааласа жатар конок. (Пауза.) Кааласа түндөсү келет. (Пауза.) Кээде эрте менен да келет…

Рэй: (андан бетер ачууланып.) Болду, болдучу! Башты оорутуп жибердиңер!

Мэг: Дегинкисин айтам да.

Рэй: Ай, болду дейм! (Оор үшкүрүнөт. Узак пауза.) Бөлмө ичи сийдик жыттанабы?

Мэг: (Пауза. Жер карап уялып.) Мышыктардын кылганы да.

Рэй: Мышыктар?

Мэг: Ооба. (Пауза.) Раковинага жайлап салышат.

Рэй: (паузадан соң.) Эмнени жайлап салышат?

Мэг: Сийип салышат! Кандай түшүнбөйсүң.

Рэй: Сийип салышат? Раковинага барып сийген кандай акылдуу мышыктар болду экен, ээ?

Мэг: (паузадан соң.) Мен кайдан билейин.

Пауза. Рэй үстөлгө башын коюп, үстөл үстүн манжалары менен ыргактуу тыкылдатып кирет.

Рэй: (манжалары менен үстөлдү тыкылдатып, өзүнчө кыңылдап баштайт.) Тажадым го бул жерден, тажадым го бул жерден, тажадым мен бул жерден… (Рэй үстөлдөн башын көтөрүп, катка көпкө үңүлүп карайт. Андан соң катты ары-бери оодарып, өзүнчө тажап баштайт.)

Мэг: (паузадан соң.) Мага бир чыны чай берчи, Рэй. (Пауза.) Эч болбосо бир кесе буламык жасап бер. (Пауза.) Жакшылап аралаштырып, бөлтөк-салтак кылбай.

Рэй: Мен сизге жакшылап, бөлтөк-салтагы жок буламык даярдап беришим керек экен да, ээ? Кой, бул жерден кетип жоголуп гана кутулбаса киши. Тиги жезкемпир моюнга минет азыр. Сөз барып ээсин табат!

Мэг: (паузадан соң.) Кайнатма жасап берсең сонун болмок, балам.

Муну укканда Рэй тиштерин кычырата жаалданып, айласыз ыйламсырайт.

Рэй: (айласы куруп.) Эхх, Пато, Пато, Пато. (Пауза.) Деги бул катта эмнең бар өзү? (Пауза. Кемпирге каардуу карап.) Катты калтырып кетем. Көп калжаңдабастан, Мориндин өз колуна тапшырасыз, айтып коёюн.

Мэг: Албетте, өз колуна тапшырам, садагасы. Мен тапшырбаганда, ким, таэнең тапшырмак беле.

Рэй: (паузадан соң.) Катты ачып, окуганга такыр болбойт. Түшүндү?!

Мэг: Албетте, айланайын. Мага окшогон караңгы адам бирөөнүн катын окуп эмне кылсын.

Рэй: Эгер катты окусам, колум чирип, көзүм агып түшүп калсын деп карганып бере аласызбы?

Мэг: Кааласаң нан, туз кармап касам ичип берем. Карганган эмне болуп калыптыр.

Рэй: (паузадан соң.) Катты сизге аманат таштадым анда.

Рэй ордунан туруп, катты үстөлдөгү туз салган идиш менен нан турган жерге таштайт. Бир аз ойлонуп, бирде кемпирге, бирде катка назар таштайт да, дагы ойлонуп калат. Акырында колун шилтеп, катты калтырып кетүүнү ылайык көрөт.

– Жакшы калыңыз, энеке.

Мэг: Жакшы бар, Пато, жакшы бар. Ий, кокуй, Пато дейм да. Рэй дегеним.

Рэй чыгып кеткен адам болуп, эшикти жарым-жартылай ачык таштап, эшик артынан акмалайт. Мэг отургучтан обдулуп, катты алмакчы болуп, кайра Рэйди эстеп, шашып ордуна олтура калат. Пауза. Сырткы эшик акырын ачылып, Рэй кемпирди аңдып карайт. Аны байкап калган кемпир шек алдырбай, ага карап жылмайып коёт.

Рэй: Жакшы калыңыз. (Эшикти тарс жаап чыгып кетет.)

Рэйдин баскан үнү угулбай калганда, Мэг ордунан акырын туруп, катты колуна алат. Катты шашып-бушуп ачып, мештин жанына келип, анын эшигин ачат да, күйүп жаткан оттун жарыгында катты окуйт. Биринчи барагын окуп бүтөр замат аны дароо күйүп жаткан отко таштайт, экинчи барагын окуп кирет. Көшөгө караңгыга бөлөнөт.

ЖЕТИНЧИ КӨШӨГӨ

Түн. Мэг термел отургучта үргүлөп олтурат, Морин үстөлдө китеп окуп жатат. Радио кырылдап жакшы иштебей, үнү чыгып баратып эле, кайра чуулдап баштайт. Бир топтон соң Мэг үн катат.

Мэг: Радио жакшы тартпай жатат.

Морин: Жакшы тартпаса эмне кылайын?

Мэг: (паузадан соң.) Кырылдап-чуулдабай өлсүн. (Пауза.) Ыр деле укпай калдык. (Пауза.) Башка өлкөлөрдүн жаңылыктарын деле укпай калдык.

Морин: Мага жакшы эле угулуп жатат.

Мэг: Ыя?

Морин: (паузадан соң.) Кулагың да керең болуп бүткөн окшойт.

Мэг: Кулак кудайга шүгүр азыр. Жакшы эле угат.

Морин: Жакында сени дүлөйлөр үйүнө тапшырам. (Пауза.) Сага эч ким ылгап тамак жасап бербейт ал жерде. Карандай чай менен бергенин жеп олтура бересиң. Жебей көр, чокудан ары бирди жейсиң.

Мэг: (паузадан соң.) Менин сөөгүм ушул үйдөн гана чыгат.

Морин: Ошондой болсо кана.

Мэг: (паузадан соң.) Балыкты жакшы кайнатып жасаптырсың, Морин.

Морин: Ырас болуптур.

Мэг: Аябай даамдуу болуптур.

Морин: Баштыкта турган жеринен алып, бычак менен кесип даярдадым болгону. Жагалданбай эле койчу мага.

Мэг: Акыркы күндөрү өтө орой болуп баратасың, кызым.

Морин: Болсо болгондурмун. (Пауза.) Орой болсом, сага өткөн жума сагызды ким сатып берди, ыя?

Мэг: (паузадан соң.) Пато Дулини эстей берип, өлө турган болдуң. (Пауза.) Эмне ажыраш аякка сени чакырбай койдубу?

Морин: Пато Дули өз тиричилигин кылсын ары.

Мэг: Сенден кызыгы таркаган соң, жок болду да аның.

Морин: Анын менден кызыгы таркадыбы же менин андан кызыгым таркадыбы, айырмасы канча. Аял менен эркек бирдей азыр. Сенин кыз кездеги учур эмес.

Мэг: Менин кыз кезиме асылба.

Морин: Азыр эркектерди аялдар башкарып калган. Каалаган эркекти чекесинен чертип тандайсың. Кааласаң жүгөндөп, жетелеп ал.

Мэг: Ушул жакшыбы эми, Морин?

Морин: (Апасынын жинине тийгиси келип.)  Өлө сонун да.

Мэг: Болуптур. Эң негизгиси ушул өзүңө жакса болду.

Эмне дешин билбеген Морин ашканага барып, ал жактан печенье алып келип, жей баштайт.

Мэг: Өзүмө жагат деп жүрүп, ошондон боозуп, бир күнү шермендең чыгып, тууп сал анан. Көрөм ошондо.

Морин: Андай болбойт. Биз сактанабыз.

Мэг: Сактанабыз?

Морин: Албетте. Биз бири-бирибизди сүйөбүз, сыйлайбыз. Ошого сактанабыз, эгер билсең.

Мэг: Ммм. Бири-бириңди сүйүп, сыйлап, кыйратып жатыпсыңар. Атаны кайрандар десе.

Морин: (паузадан соң.) Дагы кычып, сасып баштадың мага.

Мэг: (паузадан соң.) Ушуга жеткирген сен.

Морин: Дагы ит кыялың тутуп баштады.

Мэг: Ит кыялым кармабай, жакшынакай элемин.

Морин: Кызык. (Пауза.) Ооба, Пато менен жакшы учурларды өткөрдүм. Эркек төшөктө гана мыкты болбостон, башка жагынан да шайкеш келиши шарт тура. Түгөйлөр бардык жагынан жалгашып турса кана. Мисалы, окуган китептери, көз караштары, эмнени жактырганы, бүт жагынан. Ошондон улам мен ага эгер бири-бирибизге шайкеш келбесек, жолубуз эки башка деп айтууга туура келди. Төшөк мамилеси мага маанилүү деле эмес.

Мэг: Муну качан айттың эле?

Морин: Качандыр бир кезде. Артка…

Мэг: (сөздү жула тартып.) Мына ошондон улам ал сенден айныды го.

Морин: Мен муну жакшы ниетимде айткам. Ал деле муну туура кабыл алгандай болгон.

Мэг: Ырас болуптур. Туура кабыл алса, мага айтасыңбы.

Морин: (паузадан соң.) Кетеринде ага барып, эч болбосо бир ооз жакшы бар деп койбогонум чеки иш болуптур. Ушул да анын көңүлүнө катуу тийди окшойт.

Мэг: Бейдабанын ошондон көңүлү ооруп калган го. Ооба. (Пауза.) Демек, көңүлдөр туура келбей айрылыш жолго түштүк дечи?

Морин: Ооба, ырас. Бири-бирибизге капа болбой, айрылыш жолго түштүк. (Пауза.) Жок. Эч кандай таарыныч жок. Экөөбүзгө эстен кеткис өткөргөн бир түн жетиштүү болду.

Мэг: (жылмайып.) О, кайран, бейдабалар. Ошол түнү көкшүүн сууганча, эсибиз оогончо дебейсиңби.

Морин: (каткырып күлөт.) Бүгүн маанай жакшы го сенде. Кетип жоголсунчу ошол Пато. Кызыңды коруй берип, сага деле кыйын болду.

Мэг: Ошондой эле болсун. Ушул Пато деген чекеге чыккан чыйкандан кутулбас болдум.

Морин: (жылмайып.) Чекеге чыккан чыйкан сенсиң. (Пауза.) Узун печенье жейсиңби?

Мэг: Алып кел, кудай жалгасын.

Морин: Мэ.

Мэг: Ыракмат.

Морин печеньени итке сөөк ыргыткандай ыргытып берет.

Морин: Узун печенье мага бир нерсени эске салат.

Мэг: Мага дагы.

Морин: Сага бул бир нерсени эске салгандан бери көп убакыт өттү, сен эмнени эске саларын унутуп да калсаң керек.

Мэг: Ошондой. Аябай эле кыраакы, кайраным десе.

Морин: Болсо болгондурмун.

Мэг: Ооба десең.

Морин: Кыраакынын көзүрү.

Мэг: Эң туура. Сөз жок. Кыраакынын көзүрү.

Морин: (паузадан соң шектүү карап.) Эмне ишенбей жатасыңбы?

Мэг: Пато Дули экөөң менин эл караган бетимди жер каратар болдуңарбы, уятсыздар? Качан… (Мэг бир нерсени айтып жибере жаздап, кайра өзүн карманат.)

Морин: (паузадан соң. Жылмайып.) Эмне качан?

Мэг: Кой, тантырабай жөн олтурайын. (Сөздү башкага буруп.) Аябай даамдуу печенье экен, ээ?

Морин: (өзүн кармана албай.) Эмне качан?

Мэг: (бүшүркөп.) Ай, эчтеке, ботом.

Морин: (кекетип.) Эмне качан, ыя? (Пауза.) Ким менен сүйлөштүң?

Мэг: Ким менен сүйлөшмөк элем?

Морин: (такып сурайт.) Жаңынды жебе. Сен бирөө менен сүйлөшкөнсүң. Сен сүйлөшкөнсүң…

Морин: Ой, мен ким менен сүйлөшөм, айланайын. Өзүң  деле көрүп турбайсыңбы. Пато мага бирдеме деп айтмак беле. Же мен… (Мэг оозунан эмне деп сөз чыгып кеткенин дароо аңдап, тилин тишине катып жым олтуруруп калат.)

Морин ага бир топко дейре жаалданып карай да, булкунган бойдон ашканага кирип, ал жактан тепе казанды алып келет да, газды улуу күйгүзүп, тепе казанды газга коюп, ага жарым бөтөлкө май куят. Колуна резина колкапты киет. Иштин чоо-жайын түшүнгөн Мэг ордунан турмакчы болгондо, Морин аны курсакка бир тээп, олтургуза коёт.  Отургучка кулаган Мэг аны үрөйү учуп, коркуу менен тиктеп калат. Морин анын көзүнө тике карап, акырын сурайт.

Морин: Сен кайдан билесиң муну?

Мэг: Мен эчтеке билбейм, Морин.

Морин: Ошондой де?

Мэг: (паузадан соң.) Же Рэй мунун чекесин кылтыйтып кеттиби? Ооба, Рэй айткандай…

Морин: Пато муну инисине айткыдай келесоо беле.

Мэг: өз жашын көлдөтүп.) Мен болгону сени бир жерин тыйып жүрсүн деп гана айттым, Морин. Үйдө мага окшоп олтурган кемпир эмне билсин. Жөн гана айтып койдум.

Морин: Сен бардыкты билесиң, жезкемпир. Мунун баарын жүзүң айтып турат. Экинчи жана акыркы жолу сурап жатам: сен кайдан билесиң муну?

Мэг: Муну менин эмес, сенин жүзүң айтып турат, Морин. Сен кыз бойдон экениң жүзүңдөн билинет. өн гана.) Сен кыз бойдон каласың.

Пауза. Тепе казандагы май түтөп кайнап баштайт. Морин ордунан туруп, радионун үнүн бийик чыгарат да, газды өчүрөт. Тепе казанды алып, анын жанына басып келет.

Мэг: (калтырап-титиреп.) Сага келген катты мен окуп чыктым!

Морин эчтеке болбогондой апасынын бырыш баскан колун бекем кармап, тепе казандагы кайнак майды колуна жылжытып куя баштайт. Колу жыдыган Мэг бар күчү менен айкырат.

Морин: Кат кана?

Мэг: (кыйкырып.) Мен аны өрттөп салдым! Кечирип койчу, Морин!

Морин: Эмне деп жазыптыр катта?

Мэг коркконунан айкырып-кыйкырып, түзүк бирдеме айта албайт. Морин тепе казанды ордуна коюп, анын колун коё берет. Мэг майга жыдыган колун көкүрөгүнө бекем кысып, көмкөрөсүнөн жаткан калыбында сай-сөөктү сыздатар үн чыгарып, уңулдап ыйлап кирет.

Морин: Эмне деп жазыптыр катта?

Мэг: Ичип кеттим деп жазыптыр! Сенин эч кандай күнөөң жок бул жерде!

Морин: Ичип кеткенин сураганым жок. Дагы эмне деп жазыптыр?

Мэг: Апаңды карылар үйүнө тапшырып сал дептир!

Морин: Кайдагы карылар үйүн айтып жатасың? Дагы?

Мэг: Калганы эсимде жок, Морин. Эсимди кудай алсын!…

Морин аны колдон алат да, тепе казандан дагы май куя баштайт.

Мэг: Болду, Морин! Суранам… кызым!

Морин: Дагы эмне деп жазыптыр дейм?! Ыя?!

Мэг: өз жашын көлдөтө кыйкырып.) Мени менен чогуу Америка кетесиңби дептир!

Муну укканда таң калган Морин анын колун коё берет. Тепе казанды кайра ордуна коёт. Жыдыган колун көкүрөгүнө кыскан Мэг көмкөрөсүнөн жатып, сыздап ыйлаган боюнча калат.

Морин: Эмне?

Мэг: Мени таштап, аны менен кантип кетесиң? Сен кетсең көргөн күнүм эмне болот?

Морин: (толкундануудан өзүн баса албай.) Эмне мени Америкага өзү менен кошо ала кетем дептирби? Пато мени Америкага ала кетет бекен?

Мэг: (уйпаланган куудай чачтары жүзүн жапкан Мэг башын көтөрүп, аны тиктеп.) Анда мен шордуунун көргөн күнү эмне болот, Морин?

Бир аз убакыттан соң Морин тепе казанды акырын алып, анда калган кайнак майды апасынын курсагына, андан соң уйпаланган куудай аппак чачтары жаап турган жүзүнө чачып жиберет. Майга жыдыган Мэг жансоогалап кыйкырып, жерде тыбырчылап, уйпаланган бойдон жатып калат. Морин аны карабастан, бир кадам артка жылат.

Морин: (өзүнчө кыялданып.) Ал мени Америкага ала кетем дептирби…? (Бир аз өзүнө келип.) Саат канча болду? Алда кокуй, ай! Ал кетип баратат! Аны бир көрүп калышым керек! О, Кудай…. Үстүмө кандай кийинсем? Ии, баса… Кайда менин кара көйнөгүм! Менин этеги кыска кара көйнөгүм кана! Кара көйнөкчөн мени көргөндө, ошол кечти, ошол түндү эстейт чыгарсың, Пато түнөргөн курганым!

Морин ичкери бөлмөгө кирип, кара көйнөгүн дароо таап чыгат. Басып баратканча үстүнө кара көйнөгүн киет.

Мэг: (жаткан жеринде акырын уңулдап ыйлап.) Мен болбой калдым, Морин… Жардам кыл мага.

Морин: (өзүнөн өзү сурайт.) Кебетем кандай? Жакшы элеби? Мен аны бир көрүп калышым керек. Саат канча болду? О, кудай…

Мэг: Мени бир карап койчу, Морин…

Морин: (чачын тарап жатып.) Жардам керекпи? Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, эми сага жардам керекпи? Жардам керек имиш. Сага кылган жардамды итке кылган артык. Эгер ага жетишпесем, мына ошондо көрсөтөм сага көргүлүктү. Кач ары жолдон…

Морин жерде оонап жаткан апасын аттап өтүп, сырткы эшикти көздөй жүткүнөт. Пауза. Жерде оонап жаткан Мэг акырын жөрмөлөп баштайт. Кире бериш эчик тарс ачылып, Морин кирип келет. Мэг жерде жаткан калыбында аны карап калат.

– Авто-унаанын ачкычын унутуп калыпмын.

Морин үстөлдө турган ачкычты алып, эшикти көздөй жөнөйт. Кайра үстөлгө келип, радиону өчүрөт.

– Ток кетет буга.

Андан соң эшикти тарс жаап чыгып кетет. Пауза. Сырттан авто-унаанын от алып, жүрүп кеткен үнү угулат. Пауза.

Морин: (үнү каргылданып.) Мен шордууну ким карайт кетсең?

Мэг калтырап-титиреп, майга жыдыган колун көкүрөгүнө бекем кысып, куудай чачы бетине жабылып, жерде түпкүчтөй түйүлүп, оонап жаткан жеринде үн чыгарбай, көпкө бүлкүлдөп ыйлаган боюнча калат. Көшөгө ичи караңгыга бөлөнөт.

– (үнү каргылданып.) Сен кетсең, мен шордуунун көргөн күнү кантет, кызым?

СЕГИЗИНЧИ КӨШӨГӨ

Түн. Мештен чыккан жарыктан термел отургучта кыймылсыз жаткан Мэгдин элеси көрүнөт. Кара көйнөгүн кийип, колуна аташкөрөк кармаган Морин бөлмөдө ары-бери жай басып жүрөт.

Морин: Бостон. Бостонго баратам. Ии, баса, ага-ини Кеннедилер да ошол шаардан эмес беле? Роберт Кеннедиге караганда Жек Кеннеди жагат мага. Угушума караганда ал аялзатын өзгөчө сыйлайт имиш. (Пауза.) Бостон. Кулакка кандай жагымдуу угулат. Англияга караганда ал жакта сонун болуш керек. Англияга караганда бардык жер сонун. Ал жакта жашоо сонун; пол жуубайсың; эч ким сени кожоюндук кылып урушпайт. Пато жанымда турганда, мени бирөө урушуп көрсүнчү, Пато эмне кылар экен. Бирок янкилердин ирландиялыктарга көзү түз. Америкада эч ким урушпайт бизди. (Пауза.) Бечара Пато мага жалынып-жалбарып, тизелей алдыма чөгөлөсө жүрөгүм элжиреп да, тилинип да кетти. Бекеттен беш мүнөт алдын жолуктум ага, ыракмат сага. Мен үчүн күйүп-бышканыңа ыракмат. Эми баары кеч. Жок. Сени кеч таптым да, эрте жоготтум, ардагым. Бечара Пато. Сени сүйбөсөм, сүмүрөн калайын, акмак. (Пауза.) Көрүшөр замат өбүшкөнүбүз. Сүйкүмдүү көздөрүңдөн жоодураган. Мени кучактаган булчуңдуу колдоруңдан, ий. «Катка эмне жооп жазбайсың?» – деп бир аз таарынычтуу, кучак толо кусалык менен карап турган элесиң өмүр бою эсимде, кымбатым. Анын баарын сага айтып бергени ээлигип келгенимди айтсам, жаакка чапкандай акыбалда калмаксың. Бирок мен: «Ал акылынан айныган бир келесоо да. Битке өчөшүп, көйнөктү отко ыргыткандан не пайда» деп сени жооткоттум. Ал жерде сенин таламыңды талаштым. (Пауза.) «Бостонго барып, бир аз акчага иштесем, сага жол киреге акча салам. Менин жаныма келесиңби, Морин берекем?». Мусаапыр сыңар жалдырап, мени тиктеген көздөрүңдөн. Ошондо жүрөктү эзип салдың. Антпечи, Пато. «Барам сага, Пато. Жаныңа сөзсүз барам, жаным. Мага биротоло үйлөнөсүңбү же жокпу, мага айырмасы жок. Бизди ушактаса, ушактай беришсин. Ушактарга кулагым бышкан. Сен жанымда турганда, ушактан эмнеге корком. Тилде сөөк жок, ушактай беришсин. Бири-бирибизге денелер тирелип, жүрөктөр кыналып, уйкусурап сага эркелеп жатар күн менин эңсеп жүргөн кыялым эмес беле. (Пауза.) Пато менден: «Сен кетсең тиги шордуу апаңдын көргөн күнү эмне болот?» деп сурайт. – Карылар үйүндө кургур кыйналып калбайбы?». «Эч кандай кыйналбайт, болгону ал жакка калтыруунун машакаты толтура». «Эжелериңчи?». «Эжелерим аман эле болушсун. Анын азабына чыдабайт алар. Рождестводо жарым күнгө келип, апасынын акыбалын сураганга жарабаган немелер апамды карап кыйратышмак беле. Эч болбосо туулган күнүндө бир келип, куттуктап койгонго жарашпады». Алар менден кайра: «Ушуну кантип чыдап карап жүрөсүң?» дешет. Анын арты менен  жүргөнсүп. (Пауза.) «Бир чечимге келиш эми өзүңдө калды», – деди Пато мага карап. Бул ирет ал поезд менен кетти. Поезд жылып жөнөгөндө, биз ушундай өбүштүк дейсиң, тим эле кинодогудай. «Чечим чыгарыш өзүңдө калды, Морин. Бир ай болсо, бир ай күтөм. Эгер апамды таштап эч кайда кете албайм десең, анда ичимден кан өтүп сыздап турсам да, түшүнүү менен ага да кайылмын. Бир жыл десең, бир жыл күтөм. Жол карап, сени күтөм, аппак таңдан, жапжашыл жайдан күтөм, Морин. Мени унутпа.» «Жок, Пато!, – деп кыйкырып жиберипмин поезд жылып баштаганда, – Бир жыл сени күттүрө албаймын. Сенсиз бир жума жашай албайм. Бир жумага жетпей барам сага! Барам сага…»

Бир маалда ары-бери термелип жаткан термел отургуч тык токтойт. Мэг отургучтан акырын суюлуп барып, жансыз денеси жерге күп кулайт. Жерге кулаганда майга жыдып күйгөн төбөсү тасырайып көрүнөт. Морин жерде өлүп жаткан апасын кайдыгер карап турат да, жакындап келип, буту менен түртүп көрөт. Андан соң анын үстүнө бир бутун коюп, ойлуу туруп калат.

– Жыгачка чалынып, бийиктен башы менен кулап түштү. Ушул дурус. (Пауза.)  Ушинтип койгонум дурус.

Пауза. Көшөгө ичи караңгыга бөлөнөт.

ТОГУЗУНЧУ КӨШӨГӨ

Жамгырлуу кеч. Сырткы эшик ачылып, үстүнө аза көйнөгүн кийген Морин кирип келет, күрмөсүн чечет да, ар кайсыны ойлоп бөлмөдө ары-бери басат. Мештеги отту күйгүзүп, радиону иштетип, анан термел отургучка олтура кетет. Бырс күлүп алып, ашканадагы текчеден буламыктын кутуларын алып келип, мештеги отко таштайт. Төркү бөлмөгө кирип, ал жактан эски чемоданды көтөрүп чыгат, үстөлгө коюп, чаңын аарчыйт. Ошол маалда эшик тыкылдайт. Морин ойлуу туруп калат да, чемоданды ары жакка ыргыта салып, чачтарын оңдоп, анан эшикти ачат.

Морин: Салам, Рэй

Рэй: (эшик сыртынан.) Салам, кандайсың.

Морин: Кел, үйгө кир.

Рэй: Сени үйүңө кирип баратканда көрүп калдым.

Рэй ичкери кирип, эшикти жабат. Морин ашкана жакта өзүнө чай даярдайт.

– Мен сени эрте келет деп ойлогон эмесмин. Кабылдамага барбадыңбы, жанагы «Рори» деп аталат беле, кандай?

Морин: Жок. Зарыл иштерим чыгып калды.

Рэй: Түшүнүктүү. Эжелериң бардыбы?

Морин: Ооба, барышты.

Рэй: Бул жакка бир тийип өтүшсө керек анда?

Морин: Жок, кайдан. Менин билишимче түз үйлөрүнө кетет имиш.

Рэй: Албетте. Бул жактын жолу да алыс. Далай жерден келүүгө туура келет. (Пауза.) Кандай, жакшы өткөрүп алдыңарбы баарын?

Морин: Ооба, өткөрүп алдык.

Рэй: Жаанга карабастан.

Морин: Ии, жаанга карабастан.

Рэй: Минтип тажиясында жаандын тынбай жааганын кара.

Морин: Ырас. Бир ай мурда көмүлсө, эч болбосо күндүн бетин бир көрүп калмак бечара. Полиция да далилсиз жалаалар менен каралай берип, тажатып жиберди.

Рэй: Үйдөй балээден кутулуп, сүйүнүп калдың окшойт.

Морин: Өтө сүйүндүм.

Рэй: Алардын иши ошол да. (Пауза.) Мен деле полицияны анча жактыра бербейм. Мас болуп, жиндилик салып алардын колуна түшкөнүмдө, иттей сабап, бутумдун эки манжасын сындырышкан, энеңдурайындар.

Морин: Бутумдун эки манжасын?

Рэй: Ананчы.

Морин: А мага Том Хэнлон эшикти байпакчан буту менен тепкенде манжалары сынып кеткен деп айткандай болду эле.

Рэй: Келжирей берет да. Полициянын айтканына ишенбегиле. «Бирмингемдин алты эренин» [5] кантип жеп тынышкан билбейсиңби?

Морин: Кайран десе. Бутуңдун манжалары сынганын «Бирмингемдин алты эренине» салыштырбай эле койчу, Рэй.

Рэй: Мейли, жерге кирсин. (Пауза.) Мен азыр эмнени айтып жаттым эле?

Морин: Ар кайсынын башын.

Рэй: Ар кайсынын башын? Жок. Апаңдын тажиясы жөнүндө сурап жаткам, туурабы?

Морин: Ошону айтып жатпаймынбы.

Рэй: Тажиясына көп адам келгендир?

Морин: Эки эжем күйөөлөрү менен, Мэрижонни Рафферти жана чиркөөдөн ким, баягы Уолш-Уэлш Ата беле, ошол келди. Ушулар эле.

Рэй: Уэлш Ата бир жолу Мартин Хэнлонду жөндөн-жөн эле башка бир чапкан. (Пауза.) Сыналгы көрбөйсүңбү?

Морин: Жок. Австралиянын кызыксыз берүүлөрүнөн башка эчтеке жок.

Рэй: (таң калуу менен.) Мага жагат ал берүүлөр. Сыналгыдан Ирландияны ким көргүсү келмек эле?

Морин: Мен көргүм келет.

Рэй: Ирландияны кызыгы таркаганча терезеден эле тиктей бер да. (Пауза.) Тажадым бул жерден. Тажадым. Же кыйраткан иш жок. Күндөн күнгө кымбатчылык. (Пауза.) Лондонго барып, иштеп келиш керек эле. Же Манчестерге кетсемби. Угушума караганда Манчестерде чеккенге апийим көп имиш.

Морин: Бешиктен белиң чыкпай жатып, апийим чеккенди койсоң, Рэй. Апийим акыры түбүңө жетет.

Рэй: Түбүңө жетип тынат? Апийимби?

Морин: Муну өзүң жакшы билесиң.

Рэй: Ошондой болушу мүмкүн. Бирок түбүңө жетер башка нерселер да толтура. Заматта түбүңө жетет.

Морин: (астыртан гана.) Мисалы?

Рэй: (паузадан соң, далысын куушуруп.) Мисалы мына бул каргыш урган биз жашаган шаарча.

Морин: (паузадан соң, кайгылуу) Аның ырас.

Рэй: Бул жерде азап тартып жетимиш жыл гана жашайсың. Муну сага айтып жатам. (Пауза.) Мисалы, апаң канчада көз жумду?

Морин: Жетимиш жашында.

Рэй: Бирок ал жыргап жашап алды. (Пауза.) Жакшы күндө жыргап жашады. (жыттагылап.) Күйүк жыттанабы?

Морин: Буламыктын, ботконун кутуларын өрттөп жибердим.

Рэй: Эмнеге?

Морин: Аларды ким жемек эле. Аларды апам гана жеп жүргөн. Керексизин ыргытып өрттөп, үйдү бир сыйра тазалап чыктым.

Рэй: Эй, ырыс кесер, убал эмеспи?

Морин: Чоң атамдай болбочу.

Рэй: Мага берип койсоң деле болмок да. Кетери кетердин келини түпкүч тебет болуп, антип шүйкүмү бузук ырыс кесер болбой жүрсөңчү.

Морин: (жай гана.) Мамадааны.

Рэй: Ботко тамакты мага берсең болмок. Боткону жакшы көрөм. Буламык жакпайт, кичинемде жей берип, көөнгө көк таштай тийген.

Морин: Кимберли печенье кутусу менен турат. Кааласаң алып кет ошону.

Рэй: Жарайт. Кимберлини жакшы көрөм.

Морин: Көрүнүп турат.

Рэй: (качыратып Кимберли жеп жатып.) Бир аз эскире түшүптүр. (Шашпай чайнайт.) Жаңысы даамдуу болот. (Пауза.) Мен эң жакшы көргөн печенье. «Яффа» да жакшы. (Пауза.) Же «Вэгон Вилз». (Пауза.) «Вэгон Вилзди» печенье деп айтканга деле болбойт ко. Шоколад деп койсо жарашат. Бир жолу печенье жеп жатсам…

Морин: (сөздү жула тартып.) Менин иштерим бар, Рэй. Эмне иштер менен келдиң, же печеньени талкуу кылганы келдиңби?

Рэй: Ой, жок. Ии, баса, Пато байкемден кечээ мага кат келди. Ошондон улам келгеним.

Морин: (термел отургучка олтуруп, аны кулак түрө карап калат.) Кат келдиби? Эмне дейт катта?

Рэй: Катында сага апаңдын кайтыш болгону тууралуу көңүл айтыптыр.

Морин: Ыракмат. Дагы эмне дептир?

Рэй: Болгону ошол. Сага ушуну эле жеткирип кой дептир.

Морин: Бечара ишинен бошой албай, түзүк деле бирдеме жазышка үлгүрбөй калган го.

Рэй: Бечара ишинен бошой албай? Жок, койсоңчу.

Морин: Мен ойлойм…

Рэй: Ыя?

Морин: Ыя?

Рэй: Кетип баратканда Морин менен коштошо албай калганыма аябай өкүнөм деп жазыптыр катында. Коштошкону барып койсоң, хандыктан түшмөк белең. Жакшы эмес мунуң. Коштошкону барып деле койсоң болмок.

Морин: (ордунан атып туруп, таң калуу менен.) Ал кетип баратканда биз көрүшпөдүк беле. Поезд бекетинен.

Рэй: Кайсы поезд бекети? Пато байкем такси менен кетпедиби. Сен эмнени айтып жатасың өзү?

Морин: (ордуна олтуруп.) Билбейм. Поезд бекетинде мен ким менен коштоштум анда?

Рэй: (аны тиктеген калыбында.) Мен кайдан билейин.

Морин: (эчтекеге акылы жетпей.) Түшүнсөм өлөйүн.

Рэй: Пато байкем такси менен кеткен. Кетеринде сени бир көрүп алсам дегенде аябай жаман болду. Экөөңөрдүн ортоңордо эмне бар билбейм. (Пауза.) Эгер мени жаман көрбөсөң, бир нерсени белгилеп коёюн, апаң бул үйдөн жок болгону бөлмө таза жыттанып калыптыр.

Морин: Мейли, бир чети бул жакшыгадыр? Мен биз поезд бекетинде көрүштүк деп ойлоп жүрсө. Поезд жылып жөнөгөндө…

Рэй: (Моринге таң калуу менен, күмөндүү тиктеп.) Ошондой, сен айткандай. (Өзүнчө күбүрөнүп.) Эс алышың керек болуптур. (Пауза.) Айтмакчы, баягыда келген янки аялчы, Долорес Хули же Хили беле. Ошону тааныйт белең?

Морин: Аты тааныш угулат.

Рэй: Баягыда янкилер биз жакка келип, Пато байкем аларды сыйлаганда, Пато байкем менен өлгүдөй бийлебеди беле? Сен деле көргөнсүң аны.

Морин: Пато менен бийлеген? Ии, эстедим. Аны ошондо чачын жулуп, бетин тытып салгым келген. Шуркуя тынбай Патого жабышып жатканын көргөндө.

Рэй: Анысын билбейт экенмин.

Морин: Шуркуяга окшоп кеткен бирөө. Аны сетердей сербейтип Пато кайдан таап келген.

Рэй: Мага ал аябай келишимүү көрүнгөн. Көгүш көздөрү тим эле сүйкүмдүү. Жоодураган көгүш көздөр жагат мага. Жанагы «Боско» аттуу кинодогу кыздын көзүндөй. Ошол кыздын көзү да жоодурап, көгүш болсо керек эле. Биздин ак-кара сыналгыдан билинген эмес. (Пауза.) Мен азыр эмне деп жаттым эле?

Морин: Кебетеси келишкен, темтейген шалтурук, шуркуя чалыш Долорес Хоолини кеп кылып жаткансың.

Рэй: Ии, жакшы. Бир жума мурун Пато байкемдер анын алдына барып келишиптир. Катында ушуну жазыптыр.

Морин: (аябай таң калып.) Кандайча алдына барышыптыр?

Рэй: Алдына кандайча барышмак эле. Куда түшүп да. Пато байкем экөө үйлөнгөнү жатышыптыр. Кызык. Алдына эмне жөн-жай чай ичкени барышты дейсиңби!

Морин тил-ооздон калып, ордунда селейип калат.

Рэй: Байкем андан жашы кичүү экен, мейли бактылуу болушсун. Сүйүү кары-жашка карабайт дешчү беле. Нике-кайып кыскасы. Үйлөнүү-үлпөт тоюн июлга белгилешиптир. Мен тойду июль айынан ары, же бери жылдыргыла деп кат жазсамбы дейм. Июль айында футбол боюнча Европа чемпионаты өтөт. Кызык, Америкада Европа чемпионатын теледен көрсөтөт бекен? Келесоо янкилер көрсөтпөшү да мүмкүн. Аларды футбол кызыктырбайт. Жакшы. (Пауза.) Долорес Хули жеңем Пато байкеме тийгенден кийин Долорес Дули болуп калат экен да. Биздин фамилия Дули эмеспи. Ха-ха-хаа! Түзүк. (Пауза.) Хилиби, Хулиби же Дулиби иши кылса экөө бактылуу болушса болду. (Пауза.) Байкеме эртең кат жөнөтөм. Эмне деп коёюн?

Морин: Мен… Мен түшүнбөй турам. Долорес Хооли?

Рэй: (паузадан соң. Бир аз ачуулуу.) Ооба, Долорес Хули! Мен түш айтып жатамынбы сага! Катка сенден бирдеме деп жазып коёюнбу же жокпу?

Морин: (паузадан соң.) Эмне дедиң?.. Долорес Хооли…?

Рэй: (айласыз үшкүрүнүп.) Ой, энең… Бул үйдөн жалаң дааналарды көрөсүң? Качан болсун!

Морин: Эмне?… Ким даана экен?

Рэй: Ким даана болмок эле!

Рэй бырс күлүп жиберип, башын буруп, терезени тиктеп калат. Морин аташкөрөктү алып, аны капталына кармап, Рэйдин артынан келет.

Морин: (ачууланып.) Ким даана экен?

Рэй терезенин текчесинде турган эки жуп кутучаны байкап калат.

Рэй: (өзүнөн кетип.) Охх, жаныңдан, ий, ушул да, ушул!

Рэй шашып-бушуп кутучаны ачып, ичинен теннис тобун алып чыгат. Кубангандан топту ыргытып ойноп кирет. Артында Морин колуна аташкөрөк кармап турганын да байкабайт. Морин ордунда тык токтойт.

– Ушул кудай урган текчеде көп жылдар бою саргарып жаттыңбы, курганым? Бечара атам менен апам муну мага 1979-жылы сатып беришкен. Ал кезде бул бир топ акча турар эле. Болгону эки ай гана ойнодум. Андан соң алдырып жибердим. Эмнеге мага кайтарып бербей койгонсуң? Мен сенден сурап жатам? Муну бул жерге таштап коюптурсуң, бечара жата берип, өңү бозоруп кетиптир. Ушуну алып, мага бербей, эмне, башыңа мүйүз чыктыбы, же себиңе катып жүрдүңбү? Мага жинденип, жөндөн-жөн эле бербей койгонсуң. Дагы менден ким даана экен деп сурап коёт, кайран. Сен даанасың, уктуңбу! Акылың ордунда эмес сенин!

Морин аташкөрөктү полго тарс ыргытып, термел отургучка олтура кетет.

Морин: Тобуңду башыма тартмак белем, Рэймонд. Эсимде жок такыр. Ал кезде башым айланып, өзүм араң жүрсөм керек.

Рэй: «Өзүм араң жүрсө» деп коёт дагы. Аташкөрөктү полго тарс ыргытып, кайдагы поездди айтып, тантырап. (Рэй аташкөрөктү жерден алып, ордуна коёт.) Бул сонун аташкөрөк. Мындан күчүңдү чыгарбай жүр, макулбу?

Морин: Макул.

Рэй: Бул өтө сонун аташкөрөк. (Пауза.) Мага муну сат, анан экөөбүз элдешели. Бешке сат мага.

Морин: Жок, сатпайм, Рэй.

Рэй: Алтыга болобу?

Морин: Жок. Бул мага өтө баалуу буюм. Көп эскерүүлөр калды мында.

Рэй: Сатпасаң таарынам сага!

Морин: Рэй, болду. Ар кайсыны айта бербечи.

Рэй: Жок, анда таарындым сага. (Рэй сырткы эшикти ачып, жөнөп калат.)

Морин: Рэй! Байкеңе кат жазасыңбы?

Рэй: (үшкүрүнүп.) Менби? Эмнеге?

Морин: Менин сөзүмдү жеткирип коёсуңбу катта?

Рэй: (үшкүрүнүп.) Ой, энең… Сөзүм-пөзүм, сөзүм, сөзүм! Эмне сөзүң бар анда? Айт кыскача.

Морин: Азыр айтам… (ойлонуп калат.)

Рэй: Бол батыраак, эй.

Морин: Азыр айтам… Азыр… Сулуулуктун ханышасы… Жок, андай эмес, коё тур. Айтам азыр… Дүйнөдө жок сулуу сизге салам айтты, аман-эсен жүрөсүзбү, жаныңыз тынчпы, агатай деп жаз. Жетет ошол.

Рэй: «Дүйнөдө жок сулуу сизге салам айтты».

Морин: Жок, андай эмес. Коё тур.

Рэй дагы үшкүрүнүп туруп калат.

Рэй: Болчу, эй. Ардеменин башын бир айтпай.

Морин: Жакшы бар анда.  Дүйнөдө жок сулуу кош деди сизге, кош деди. Сиз эсен болсоңуз болду мага, агатай. Кааларым ошол.

Рэй: «Дүйнөдө жок сулуу кош деди сизге, кош деди». Макул, ушинтип айтып коём. Теннис тобумду алып, бербей койгонуңда сага кекенип жүрдүм эле. Мейли, эчтеке эмес, кекчил болбоюн. Айтам сөзсүз. Жакшы калыңыз, эжекеси…

Морин: Кетип баратып, радиону жандыра кетесиңби, Пато. Ий, кокуй, Рэй дегеним.

Рэй: (жинденип.) Тууй ата… Ушинтесиңер да. (Рэй радиону жандырат.) Отургучта какайып, ар кимге буйрук берип, ойду-тоону сүйлөп, ыраматылык апаңдын эле өзү болуп калыпсың, тообо. Жер кабар айтпасын.

Морин: Эшикти толук жаап кет.

Рэй: (кыйкырат.) Жабам айтпасаң деле!

Рэй эшикти тарс жаап чыгып кетет. Морин отургучта термелип, радиодон чыгып жаткан ырга кулак төшөп олтуруп калат. Андан соң радиодон диктордун жагымдуу, коңур үнү чыгып баштайт:

Саламатсыздарбы, урматтуу биздин радио угармандар. Адаттагыдай эле жагымдуу ыр белек уктуруубузду баштайбыз. Тоолуу Линейн аймагында кадырлуу карылык доорун сүрүп жашап жаткан Мэгги энекебиз бир ай мурда жетимиш бир жашка толушу менен кыздары Анетт жана Марго Фоландар куттукташат: Апаке, жетимиш бир жашка толушуңуз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ар дайым биздин таалайыбызга бар болуп, дөөлөттүү карылык доорун сүрүп жүрө беришиңизге жан дилибиз менен тилектешпиз. Ылайым ден-соолукта көп жашаңыз. Куттук ээлери – кыздарыңыз Анетт жана Марго. Анда эмесе төмөнкү жагымдуу ырдесте Мэгги энекебизге арналат.

Радиодон Делия Мэрфинин «Чимирилген ийик» ыры бериле баштайт. Отургучта термелип олтурган Морин ырды төртүнчү куплеттин ортосуна дейре кайдыгер угат. Андан соң ордунан акырын туруп, чаң баскан чемоданын колуна алат, анын чаңын акырын сүртөт. Термелип жаткан отургучту бир топко карап турат да, чемоданын көтөргөн бойдон сырткы бөлмөнүн эшигин көздөй жай басып жөнөйт. Бош отургуч термелген боюнча калат. Пауза. Морин эшикти артынан жаап, сыртка чыгып кетет. Радиодогу ыр бүтөр замат термел отургуч тык токтойт. Бөлмөдөгү жарык акырындап өчө баштайт. Көшөгөнүн ичин караңгылык каптайт.

 

АЯГЫ.

 

 [1]. Кельт тили  ̶  Батыш Европа тили. Бүгүнкү күндө бул тилди колдонгон өлкөлөр: Ирландия, Уэльс, Бретани жана Шотландия;

[2]. Янки – америкалыктардын ылакап аты;

[3]. «Салливандар»  ̶  1976-1983-жылдар аралыгында Австралияда тартылган сериал;

[4]. Ирландиялыктар тост көтөргөн учурда айтылчу, ылакап сөздү айтып жатат; (May you be half an hour in Heaven afore the Devil knows you’re dead – түпнускада.);

[5]. Бирмингемдин алты эрени – 1974-жылы Англиянын Бирмингем шаарындагы эл көп топтолгон эки жайда өтө чоң террордук жардыруу орун алган. Натыйжада 21 адам көз жумса, 182 адам ар кандай жаракат алган. Англия полициясы кылмышка шектүү катары теги ирландиялык алты адамды кармап, сот аларды 1975-жылы өмүр бою абакта камоо чечимин чыгарат. 16 жылдан кийин бул иш кайрадан каралып, полиция аларды кыйнап мойнуна алдырганы далилденет. Натыйжада алтоо тең акталып чыгып, Англия өкмөтү аларга күнөөсүз 16 жыл абакта отурганы үчүн кенетме төлөп берген. Акталып чыккан алтоонун кадыр-баркы ошондон кийин өз мекени – Ирландияда болуп көрбөгөндөй артат.

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.