Жылдызча: Мен сени ойлоп таптым (Миниатюралар)

Жылдызча

МЕН СЕНИ ОЙЛОП ТАПТЫМ
(Сүрөттөргө миниатюралар)

Мен сени ойлоп таптым


Жоктон таап алдым. Кубандым. Өзүмдү өзүм куттуктадым. Таап алып, карегиңди карадым. Кашыңды сыладым. Оозуңа алча салдым. Алча кып-кызыл болуп, жутулуп-жутулбай эриниңде туруп калды. Уй жаныбар да өзүңдү жакынсынып жаныңа басып келди.
— Биригип алып, кимди, эмнени күтүп баштадыңар? — дедим.
— Жамгырдын жаашын…
— Көзүңөрдө кимдин элеси турат?
— Бөбөк менен сары музоонун..
— Ыйлаганы турасыңарбы?
— Билбейбиз… — дедиңер.
Экөөңөрдүн эки оюңар — эки чекитке токтолгон. Уй жаныбардыкы тарам-тарам болуп чачырай баштады. Сеники топтолуу бойдон, токтолуу.
— Экөөңөр тең жаралуу болуп калдыңар да!?!
Жаратсыз таптым эле силерди…

***

Түлкү

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыш. Өрттөлгөн токойдо келин жүрөт. Үстүндөгү жылтыраган түлкүнүн териси, башында, кийген жылуу кийимине кошо тигилген. Далысына түлкүнүн булактаган куйругу ташталган.
Келин көзүн жумду. Жазды эстеди. Жашыл токойду. Анда бачкилери менен ойноп жүргөн түлкүнү көргүсү келди.
Жок. Карээгине жаз тартылбай кыш тартылды. Ок жеген түлкү ак карда жатат. Сулуулук менен мерездиктен ого бетер чымырата көзүн жумду.
Өрттөлгөн токойдо келиндин да жүрөгүн өрт басты.
Жумулган карээгинде: түлкү — жан берүүдө, кызыл кан, аппак кар…

***

Үйдүн артында

Бутуңар болсо чуркап кетмек экенсиңер, тал-дарактар! Бул үйгө баарыңар эңкейип, башыңарды ийип калыпсыңар. Бөбөк төрөлгөн го? Кубанып куттуктап жатасыңарбы? Куттуктагыла! Чогуу куттуктайлы!
Силер бутактагандай, жаш аял да бутактады. Ал кеч кирээрде, жаныңардан бирөө болуп эле үйүнө кирип кетти беле? Бирөө — экөө болду. Экөө кийин — үчөө болот. Анан төртөө. Бешөө…
Силер да көбөйгүлө! Балким, бирөөңөрдөн да чыпалактай бутак чыгып, бир бүчүр жалбырагы менен бой талашып өсүп баштагандыр. Күнгө саламын айтып…
Силер жапырт ийилген үйдүн ичинде өмүр менен өлүм кармашты. Өмүр жеңди! Күн келатат. Ана! Күн да куттуктайт, балалуу болгон үчүн энесин, энелүү болгон үчүн баласын куттуктайт!

***

Шторм -1


Түн менен таң жолугушкан учур. Түндөн чарчаган аба… Шамал бузган деңиз үстүндөгү жол… Ак көбүгүн чачып ачууланган толкун. Алдыга жүткүнүшөт, кайра артка тартылышат.
Туман.
Таарынган булут.
Шыбыраган суу үнү.
Буулуккан деңиз.
Түндү жутуп бара жаткан жарык.
Баарына күбө — Асман…

***

Терезеде

Сырттагы караңгылыкты карадым. Жарганат, үлүл анан куштун тырмактары тереземе жармашып, жабышып алышкансыйт. Андан арыраакта үкү карап тургансыйт. Анын көзү эле даана көрүнөт.
Астындагы чагылган капа кылып койгонсуп, асман жашын агызууда тереземе урунуп.
Мен баарын көрүп туруп, көргүм да келбей турат. Терезем да силерге чыдай албай баратат.
Жер гана баарын көтөрөт, жерге түшкүлө…

  • 2006-жыл.
    Сүрөттөр: Каракеев Болотбектики
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.