Жыргалбек Касаболот: Билерик, Үч чындык жана Кырк биринчи таш

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыргалбек Касаболоттун мамасы, сүрөтчү жана акын эже Шакен Мабетаипова 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КЫРК БИРИНЧИ ТАШ

(Шакен эже айтып берген уламыш) 

Төлгөчү санааркап отурду. Мындайды өмүрүндө биринчи көрүшү. Алыскы туугандарына баратып, жолум кандай чыгар экен деп адатынча төлгө салган. “Жолго чыксаң өзүң өлөсүң, үйдө калсаң аялың өлөт” деген белги чыкса болобу! Ишенбей кайра салды. Негизи жаңылбашы керек, анткени такай төлгөсү төп чыкчу эле, жаза кеткени болгон эмес. Төлгө таштардын эл биле бербеген сырларын беш колундай билчү.
Кайра салды да, жакасын кармады. Кайра баягы. “Жолго чыксаң өзүң өлөсүң, үйдө калсаң аялың өлөт” деген белги. Кудай урбадыбы. Бул эмнеси?
Үчүнчү ирет салган төлгө да өзгөргөн жок.
“Кой, аялымда эмне күнөө? Кудай маңдайыма жазганын бара көрөйүнчү” деп тобокелге бел байлап, эч кимге айтпай акырын аттанып кетти.
Айылдан мындай чыгары менен бир караан көрүндү. Учурашып ал-жай сурашса коңшу айылга мейманга келип кетип бараткан казак киши экен. Кебетесине караганда өзүнөн улуу. Кимге келгенин, эмнеге келгенин шашпай саймедиреп атканына жанындагы жолдошу көңүл кош, сыпаалык үчүн кулак төшөп баратканын байкап калып түз сурады:
– Ой-бай карагым, бэри жайындама? Жанатан бери үндемейсиң… Ой басып келатыр гой сени. Не болду саган?
– Ээ, аке, несин айтайын. Ал узун сөз. Мен төлгөчүмүн… Төлгөмдөн чочуп келатам жанатан бери…
Кыргыз сапарлашынын чоо-жайын өз оозунан уккан соң казак ойлонуп калды.
– Мен де төлгешимин гой. Салшы, тастарыңды, көрейик.
Төлгөчү бул жолу таштар башкача түшөт деп күткөн. Андай болбоду. Баягы белги кайра чыкканын бир карап, жанындагы казакты бир карап эндиреп турду.
– Карагым, үйиңден жолыңа не ала шыктың эди?
– Куржун эле. Тамак-аш бар. Башка эмне болмок эле, атымдан башка эч нерсем деле жок.
– Куржунум де… Йаа кудаа… Осы куржунуңду асте кармап, нары карай силкип жиберсеңши! Не бар, не жок а?
– Ичинде тамак-аш бар да?
– Ой баай, айтканды кыла берсеңши, карагым. Жолыңмен үйиңдин ортасында тек куржунуң бар экен гой…
Улуу кишинин сөзүнө каяша айта албаган төлгөчү куржунун түбүнөн кармап туруп нары карай силкип жиберди. Ала чыккан тамак-ашы чөпкө жайылып жатып калды. Көп өтпөй эле куржундун ичиндегилер чачылып кеткен жакты карап турган экөө тең жыйрыла түштү. Билектей кара чаар жылан капыс түшкөн туткундан кутулганына сүйүнгөнсүп тез-тез сойлоп наркы таштардын арасына бат эле жетти да, көздөн кайым болду.
Баарын эми гана түшүнүп, оозу ачыла таң калган төлгөчү нан-пан, эт-ашын кайра терип келип чакан дасторкон жайды. Экөө шашпай тамак жеп, көпкө үндөбөй отурду.
– Карагым, сен төлгениң кырк тасын билип, кырк бириншисин билмейди экенсиң гой! – деди бир кезде казак беркиге күлө карап.
– Кырк биринчи ташы эмне, ошондо?
– Кырк биринши тасы өзиңсиң гой, карагым. Өзиңдиң акылың гой…

Жыргалбек Касаболот

12.08.2022

***

ҮЧ ЧЫНДЫК

(Шакен эже айтып берген уламыш)

Көптү көргөн Сулайман падыша бул жолу башы катып, айласы алты кетип отурду. Өмүрүндө көп эле маселени чечкен, кара кылды как жарган калыс бүтүмдөрдү чыгарып келген, бирок өз башындагы мүшкүл ушунчалык оор болорун билбептир. Жапжаш, сулуу, акылдуу аялы бала ордуна баш-аягы, буту-колу жок эле жумуру таш төрөйт деген эмне шумдук? Таш, кадимки эле таш. Болгону тептегиз, жыпжылма, жумуртканы узартып койгондой. Же бир элге-журтка айта алсачы. Же буга чейин балалуу болсочу. Ушунча жылдан бери эңсеп күткөн перзенти. Үч уктаса түшкө кирбеген бул кайгыдан улам каныша өңдөн азып, жинди болгону калды. Таш салынган бешикти терметип, же эмизе албай, же түңүлүп басып кете албай жарым эс болуп отурат.
Кой, отура бергенде эч нерсе чыкпайт. Же нары, же бери кылып бир жаңсыл чечиш керек, муну. Кудайга эмнесинен жазды экен? Өзү го өзү, мобу жапжаш, сулуу, бечара аялында эмне күнөө?
– Бакшы кемпирди чакыргыла! Бир билсе ошол билет.
Кемпир көп күттүргөн жок. 100гө чыкса да акыл-эси ордунда, сөзү оозунда жүргөн тымызын кеңешчиси аса таягына сүйөнүп, тааныш босогодон кирери менен кеп баштады:
– Башыңа сыноо келиптир, падышам. Кудайдан түшкөн сыноо экен. Өз көзүм менен көрмөйүнчө эмне экенин так айта албай турам.
Падыша канышанын жанында жаткан бешикти ачты.
– Мынакей, сен айткан сыноо. Бир эле нерсени айтчы. Бул таш бала болобу же түңүлө берелиби? Бул эмне деген шумдук?
Бакшы кемпир таштын бетин сыйпалап көрүп, ичинен күбүрөнүп бир аз отурду. Анан күлүп жиберди.
– Падышам, мунун жолу оңой эле экен! Кудай адамга өз күчүнө жараша сыноо берет. Бул таш кайра бала болушу үчүн өзүңүз баш болуп эң жакын үч киши эч кимге айтпаган чындыгыңарды айтышыңар керек. Болду, башка шарты жок.
Каныша ишенген жок, бирок үндөбөй тим болду. Падыша ойлонуп калды. Эң жакын кимиси бар? Аялы, анан өмүр бою далай кыйынчылыктан бирге өткөн баш вазири эле болбосо… Сулайман кемпирди жылуу-жумшак узатты да, жанындагы жигитке кайрылды.
– Чакыргыла, баш вазирди.
Ээн бөлмөдө үчөө гана калып, падыша башындагы мүшкүлдү, бакшы кемпирден уккан кеңешин айтып баш вазирге түшүндүрдү. Кимиси сөз баштаарын билбей, бир топко тымтырс отурушту.
– Мен айтайын, – деди баш вазир акыры. – Падышам, сиз чыныгы даанышман башчысыз. Дүйнөдө сизчелик калыс эл башы болбосо керек. Бирок өлбөстү Кудай, сынбасты адам жараткан эмес. Жашыңыз келип калды… Мен сиздин жаныңызда жүрүп жетиштүү эле тажрыйба топтодум деп ойлойм. Эгер эртедир-кечтир сиз көз жумсаңыз ордуңузду баса турган менден татыктуу адам жок деп эсептейм. Ушул, менин чындыгым. Алсаңыз башым тартуу. Эрк өзүңүздө.
Булардын жанындагы бешик бүлк эте түштү. Каныша селт этип жабууну ача коюп көргөн көзүнө ишенбей өңгөчүн тартып жиберди да, берки экөөнө көрсөттү. Жумуру таштын үчтөн бир бөлүгү өзүнөн өзү муз сыяктуу эрип түшүп, баланын буттары кыбырап туруптур. Бакшы кемпирдин койгон шартына ишенер-ишенбесин билбей дендароо отурган үчөө бирин бири карап калды. Падыша эми канышаны суроолуу карады.
– Падышам, муну эч качан айткым келген эмес, – деди ал. – Балким өзүмө да айтпас элем. Муну ойлогонум үчүн да өзүмдү күнөөлүү сезем. Сизге чын ыкласым менен келдим, бактылуу жашадым. Бирок баш вазир туура айтты. Жашырганда эмне, сиз менден кыйла улуусуз. Өтө эле улуу… Сиздин ордуңузду сиздей эле даанышман, эрктүү, калыс, бирок алда канча жаш, алдуу-күчтүү жигит баса турган болсо, мен аны менен бактылуу болмокмун деп ойлойм. Айып этпеңиз.
Бешиктеги таштын ортосу эрип жок болуп, баланын курсагы, бытыйган колдору кадимкидей көзгө урунду. Баш вазир менен каныша эми падышанын өзүн үмүттүү карашты. Ал оор күрсүндү.
– Муну эч ким билбейт… Силер да билбейсиңер. Мен өмүр бою кара кылды как жарган калыс деген атак күттүм. Эч кимисине жан тартканым жок. Элдин баары муну оңой деп ойлойт. Бирок бир эле маселени тартышып келген эки кишинин бири мага жок дегенде бир эле тоголок алма ала келсе, ошого ичимден жан тартып турам. Бири эле мага жылуураак сүйлөсө, көңүлүм ошол тарап болот. А мен көңүлүмө жараша чечим чыгарганга акым жок. Антсе да ичимден жан тартканым жан тарткан…
Бешиктеги баланын башы ачылып, ыңаалаган үн угулду. Балканактай эркек бала экен. Бөлмөдөгү үчөө бирин бири аяп да, азыр эле уккан чындыкты эмне кыларын билбей алдастап да ойлуу отурушту.

Жыргалбек Касаболот

08.08.2022

***

БИЛЕРИК

(Таенеси Бытыкан эне айтып берген окуя) 

Жигит эки жагын карап, жакын арада эч ким жок экенине көзү жеткенден кийин жалгыз аяк жолдо шашпай бастырып келатты. Жол бир топ узак. Айылындагылар Кытайга качып келатып кырылган кыргыздар жаткан бул жерди жакшы билип калган. Ушуну менен бул жакка үчүнчү жолу келиши. Буга чейин улуулар менен келип, өлүктөрдүн мойну-башынан алынган зер буюмдарды көбүнчө алдуу-күчтүүлөрү менен чоңураактары алып, олжосуна анча ичи чыкпай калган. Жолдун ыгын билип, кынык ала түшкөн жаш талоончу бул жолу эч ким жолтоо кылбай турганына ыраазы болду. Кыргыздар боо түшүп кырылган жерге жакын атын байлап, эми каргаша болгон жерди кунт коюп үңүлө карады.
Өткөндө туугандары алтын-күмүшүн мойнунан, колунан чечип кеткендери бериде жатат. Башкалары үшүп, биринин үстүнө бири үймөлөктөшкөн бойдон катып калгандары бар. Астында тоңуп калган жаш балдар. Улуураактары жылытып атып өздөрү тоңуп, анысына карабай бороон кичинекейлеринин жанын жайма-жай тартып жүрүп отурса керек. Кызык эле эл экен, ушу. Же колунда куралы жок, төшүн окко тосуп көтөрүлбөй эле койбойбу? Же башынан эле боору бүтүн, мал-жаны аман кезинде качпайбы? Бир чыны талканга кызын сатып кор болбойт эле го? Орус менен кытай эчак тагдырын чечип койгонун түшүнбөйбү? Өткөндө дагы бир топторун орустар “колуңарды байлагыла, ошондо силерге тийбейбиз” десе ишенип бири-биринин колун байлап туруп беришиптир дейт. “Ырас болот! Таалайлуу менен талашпааа!” Өзү кытай императору же ак падыша болгонсуп негедир табасы канып, өзүн бул дүйнөнүн амалын таап алган жандай сезип турду.
Өлүктөрдүн арасын шашпай кыдырды. Караса маркумдардын кийиминен башка жарытылуу эч нерсе деле жоктой. “Алууга жарактуу эч нерсе жок го?” деп ындыны өчө түшкөндө нараакта жаткан жаш келин көзгө урунду. Жаңы эле күйөөгө тийип, он гүлүнүн бири ачылган неме, бу кебетеси. Мойнунда шурусу менен чачпагы, кулагында сыргасы да жүрөт. Манжаларында шакектери да бар экен. Байдын келини же кызы окшойт. Кызык, өткөндө эки сыйра келген жолдоштору кантип байкабай калды? Оңой оокат таап алганына сүйүнүп турган неменин колундагы анча-мынча олжосун тартып алып шашып кетишкенде элес албай калышкан го? Бирок мындайды көрбөй калыш да кыйын. Эчак тоңуп өлгөнүнө карабай бети-башы бүтүн, супсулуу бойдон жатат.
“Берейин деген кулуна белен кылат жолуна. Эми талаша да албайсыңар!” Ушинтип ичинен күбүрөп алган жигит келиндин кулагындагы сөйкөсүн чечти. Чөнтөгүнө салган соң шакектерин бирден чыгарды. Муну сатса кымбатка түшөт. Чөнтөктөрүн, жанында жаткан баштыктарын аңтарды. Акыры колундагы билерикке көзү түштү. Күмүштөн жасалган, кымбат билерик. Эң баалуусу ушул окшойт. Тартса чыкпай койду. Акыры жанындагы балтасын алып келип, тоңуп калган өлүктүн колун кести. Билеригин чыгарды. Эми балтаны унутуп калбашы үчүн кайра ордуна салышы керек. Балта да табылгыс оокат.
– Ай, жигит! Уятың барбы?
Артынан чыккан жапжаш аялдын үнүнөн талоончу селт этти. Караса эчак өлдү деген келин бери карап таң калгандай суроолуу тиктеп турат. Бети башына толгон кар менен муз да жок. Бирөөлөрдүн амалы дейин десе аска-зоонун арасында тирүү бир жан көрүнбөйт. Аркасынан тартып дене-бою дүркүрөп, оозунан келмеси түшүп таштай катып калды. Ишенейин десе билерик өз колунда. Ишенбейин десе небак тоңуп калган, колу кесилген келин эч нерсе болбогондой өзүн суроолуу тиктеп турат.
– Кооз бекен, ээ? Мага да жакчу…
Жигит калтырагандан башкага жарабай купкуу болуп отурду.
Келин муңайым күлүп койду.
– Аа, жолуң болгур. Сен да кызык экенсиң. Мага буюрбаган сага буюрат дейсиңби?..
Жигит көргөн көзүнө ишенбей аптыгып эки жакты жакшылап карады. Мунун баары атайын жасалган амал экенине ишенгиси келди. Кимдир-бирөө шылдың кылып, өткөндөгү жолдоштору байкап калып жазалагысы келгендир?
Көзүнө тегерек-четтеги тоолордон, туш келди тоңуп жаткан өлүктөрдөн башка эч нерсе көрүнгөн жок. Кайра келинди карагандан коркту, бирок актанып, кечирим сурагысы келди. Кайра караса келин баягы эле жерде жатат. Бетинде муз менен кар. Азыркы эле болуп өткөн нерседен эч кабары жоктой. Колун кармаганда муздагы сөөккө өтүп кетти. Тоодогу күн бат эле кырга жашынып, көлөкө түшө калган соң чачылып жаткан өлүктөр, катып калган келиндин сөөгү мурункудан да сүрдүү көрүнүп, бул муздак дүйнөдө өзү гана жалгыз калганын сезди.
Талоончу үйүнө тез эле жетти. Үйүнө жетип-жетпей кан кусуп жиберген немени туугандары курчап калды. Ошол бойдон төшөктөн турган жок. Болгону бул күнү баштан өткөнүн төкпөй-чачпай айтып берди.
– Мындан кийин булардан эч нерсе албагыла. Мен оңбой калбадымбы. Мен оңбой калдым… Албагыла, коку-уй. Бул эл да жөн эл эмес экен. Албагыла. Албагыла…
Жигит ошол түндөн чыккан жок. Андан кийин жашыруун жол менен барып зер буюмдарды өлүктөрдөн чыгарып ала турган баягы жерге эч ким барбай калды. Ак падыша тактан кулатылып, үй-бүлөсү менен атылып тукуму калбай калганын да Үркүндөгү элдин каргышынан көрүштү. Окуя эл ичинде ооздон оозго өтүп, кеңири кеп болгону менен сөөктөрдү чогултуп ак кепиндеп аруу жууп көмгөн да эч ким болбоду. Аны кеп кылып, козгогон ал кезде кайдаа?.. Кийин гана, 75 жылдан кийин айрымдарын жыйнап көмүштү. Бирок арасында бул окуяга себеп болгон келин ким экени табылган жок.
“Мага буюрбаган сага буюрмак беле?..” дегени гана кез-кезде айтылып жүрөт.

Жыргалбек Касаболот

04.08.2022

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.