Марат Токоев: Тоңгонбу түнү? Зарыгып ай да күтөт…

 

 

Марат Токоевдин жаңы ырлары жана котормолору

* * *

Тоңгонбү түнү?
Зарыгып ай да күтөт
Кечиккен күндү.

Декабрь, 2021

***
​Орус Украинага кол салган күндөрү

Жаздын илеби.
Бирок ойлор алыста –
Түтүн жыттанган…

Февраль, 2022

​***
* * *

Өзүңдөн башка эч кимге
Айталбас сырлар бар болсо,
Байкушум, анда билесиң
Жалгыздык эмне экенин.

Көбөйүп сырлар Кудайды
Жүрөктөн сүруп салышса,
Анда сен жакшы билесиң
Жалгыздык кандай экенин.

Белгисиз жактан үн чыгып,
Сырларың ырга айланса,
Эми сен жалгыз эмессиң,
Акындык болот жолдошуң.

Көбөйүп ырлар жан дүйнөң
Сыр болбой калса эч кимге,
Анда сен жакшы тааныдың,
Акындык кандай экенин.

15-18.07.22

***

КОТОРМОЛОР
Жапон поэзиясынан

* * *

Таппайм жолумду.
Жалбырактар жашырды
Эски кепемди.
Эрте келди бул жолу
Жалгыздыгым кыштагы.

Сайге/Сато Нарикие

​***
Эшигим чертти.
Досум деп, ача койсом.
Жаан экен тентек.

Автору белгисиз (“Хайку”, М., “Олма-пресс”, 2000)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.