Кубантай ЭРНАЗАРОВ: “Атанын керээзи”

(аңгеме)

Эшикте күндүн бети ачылбай, эки күн катар балбалактап кар жаады. Жааган кардын али токтой турган түрү жок. Мындан улам айлана аппак карга оронуп, жаратылыштын кооздугу балдардын да жашоосун кооздоп жибергенсиди. Мектептеги балдардын жааган карды тоголоктоп аяз ата жасашса, бирде кар бетине тоголо ойношуп, мектептин алды балдардын чуру-чуусуна толгон. Жаңы Жыл алдында балбалактап жаап кирген кар мектепти шаңга бөлөп, мектептин айланасы чуру-чууга жык толгон. Ошол маалда мектеп алдындагы токойду аралап ата менен бала үйдү көздөй ээрчишип баратышкан.

– Анан акырында чындык периштелери жоокерге айланышат да, баягы жалганчы жез кемпирди өгөй энеге кошуп сазайын беришет,  ̶  бала энтигип атасына бирдемелерди айтып баратты.

– Бир тууган инилеричи? – деп суроо узатты ата.

– Бир тууган инисин улакка айланып калган жеринен Улуу-Тоодон табышат да, кичинекей карындашы арчага айланган турпатынан кайра келишкен сулуу кызга айланат дедим го. Иниси келишкен, күчтүү баатыр жигитке айланат.

– Аларды кандайча таап алышат?

– Жакшылык арты жакшылык менен кайтат тура, ата. Улакты баягы кыз үйүндө кирин жууп, тамагын даярдап берген токойчу абышка тапса, арчанын кабарын ошол абышка жез тумшукка чокутпай сактап калган ак куу айтып келет.

Шаар четиндеги токой мектеп алдынан алардын үйүнө чейин созулуп жатат. Жааган кардан улам токойдун көрүнүшү да башкача кооз. Айлана жомок коюлган сахнадай шөкөттөлүп, көздүн жоосун алат. Карагай, кайың аттуунун баары үстүнө аппак кардан тон жамынып, аяздан мончок тагынып алгандай. Он жаштагы баланын үстүнө кийгени боз түстөгү куртка, артына чоң сумка асынган. Маанайы дале ошол сахнада олтургандай көтөрүңкү. Атасынын колунда кара сумка. Экөө токойдун так ортосунан кеткен жол менен баратышат. Түштөн кийин бири мектептен чыкса, экинчиси жумуштан кайтып, мектеп алдынан жолугушат да, ушул жалгыз жол менен үйдү көздөй кетет, дайыма ушул маалда колуна сумка көтөргөн атасын, анын артынан ыргылжың басып келе жаткан баланы көрүүгө болот. Бирок бүгүн бир аз башкача, тагыраагы баласы бүгүн алдыга түшүп, басканы чыйрак, атасы кадимки жүрүш менен анын артында баратат.

– Чындык көрсө эч качан жеңилбес тура,  ̶   бала дагы кеп баштап калды.

– Ырас айтасын, балам. Бирок чындык курган чыркырайт балам.

– Жок, чындык күчтүү жалгандан.

– Мунуң да туура. Анткен менен жалгандын тили ширин, жүзү ысык. Ичкенде бал даамданып, кийин өзөгүңдү өрттөп кетет, балам.

– Сен да ошол чындык периштелери сыңар, адилеттүү, чынчыл, күчтүү бол, ата.

– А сенчи? – атасы бырс күлдү. – Мен чынчыл болоюн, сен жаны жок түгөт болушуң керекпи?

– Мен дагы,  ̶   деди башын жерге салып сүйлөп бараткан бала. – Мындан кийин мен да сабакты жакшы окуп, чынчыл адам болом.

Атасы окумал адам, ошого бул жомок ага мурдатан тааныш. Кыскача мазмуну мындай: Илгери-илгери өгөй эне балдарын жок кылмакка жез кемпирди жалдайт. Бир күнү жез кемпир жетим балдарды азгырып, адам буту баспаган тоого алып кетет. Ал жерде жетим балдардын бирин улакка айлантса, жетим кызды арчага айлантып салат. Кыздардын улуусун өгөй эне күң катары жумшамакка өзүнө алып калат. Кыз өгөй энеден көп кордукту көрүп бойго жетет. Бир күнү үйдөн качып чыгат да, бир туугандарын издеп, сапарга чыгат. Жолду катар кезиккен адамдарга, жан-жаныбарларга жалаң гана жакшылык кылып жүрүп олтурат. Токойдо мээрман токойчу абышкага жолугат. Анын үйүндө бир түн түнөп, жалгыз абышканын кирин жууп, тамагын жасап берет. Анан үй жыйнайт. Бул жайдын көп сырларын билген абышканын айтканы менен жүрүп олтуруп, Улуу-Тоодо чындык үчүн күрөшкөн жоокер-периштелер мекендеген жайга кез келет… Мааниси чындыктын, адилеттин жеңиши тууралуу. Бул жомок мектеп сахнасында балдарга коюлуп, аны көргөн бала өтө таасирленип калгандай. Атасына улам жомок тууралуу божурап, эдиреңдеп келатат.

-Эй, ата,  ̶   алдыда келе жаткан баласы сөз баштап калды. – Сен өмүрүңдө канча жолу калп айткансың?

– Бир да жолу.

– Ммм. Бир жолу калп айткам.

– Кандайча?

– Баягыда короодо балдар менен ойноп жатканда. Менден улуу балдар тээтиги кызды сүйөсүңбү деп, мени эрмектеп, шылдыңга алышты. А мен жок дедим, антсем, атам мени урушат, мен азыр кичинекеймин дедим. Алар дагы күлүшкөн,  ̶   деди бала баягы ичинен эмнегедир жакшы көрүп, ал менен бирге ойногон кызды эстей салып. – Жанагы биздин короодогу кызчы. Сен тааныйсың аны.

– Эчтеке эмес, балам,  ̶   атасы уулун бир аз жоошута сүйлөдү. – Кээде жакшы нерсе үчүн жалган айтуу кечиримдүү.

– Чындаппы?

– Ии.

– Жаныңды жеп жатасың. Анда баягы чындыктын жоокер-периштелери келип өлтүрүп кетсечи?

Атасы үндөгөн жок. Токойдо аралап алардын үйүн көздөй кеткен өрүш жолдо ээрчишип баратышат. Алдыда бараткан баласы сүйлөп жатканда атасын бурулуп тиктеген жок. Алардын каршысынан беш-алты өспүрүм балдар-кыздар шарактап өтүп кетишти. Бала аларга жол бошото берди. Андан ары басып жөнөштү. Чындыгында кайсы деңгээлге дейре калп айтууга уруксат? Атасын ушул философиялык суроо кызыктырып, ушунун үстүнөн ойлонуп бараткан. Учурдан пайдаланып, чындык, адилеттүүлүк тууралуу баласына көп нерселерди керээз катары айтып кетүүнү ылайык көрдү. Баланы башынан тарбиялабаса дагы болбойт.

– Эми, балам, сен мага кулак сал,  ̶   кеп баштап калды атасы,  ̶   Чындык тууралуу көп нерселерди айта кетейин, ушуну эсиңден чыгарба балам.Угуп жатасынбы?

– Айта бер, угуп жатам,  ̶   баласы дале артына кылчайбастан алдыда баратат. – Анда Кукем, кулак сенде,  ̶   деди бала бир маалда. Атасы менен кээде кадыресе тамашалаша турган.

– Бир жолу Сулайман пайгамбар элди ыйманга чакырганы сапарда баратып, ээн жайдагы жолдо талашып-тартышып олтурушкан эки адамга кез келип калат.

– Ии, анан?

– Алардын талашы көрсө мындай экен: Бирөөсү бул алтын катылган кумураны жолдон мен биринчи таптым дейт. Экинчиси кумураны жолдон сен таптың, бирок бул жолду…   ̶  керээзин айтып баштаган ата бир маалда кыйкырып жиберди,  ̶   Ай, акырын, тебелеп кеттиң!

Бала токтой салып, артына жалт бурулду. Карай салса, атасы жерде жаткан булгаары капчыкты таап алып, карын үйлөп жатыптыр. Күрөң түстөгү булгаары капчыктын ичин аңтарса, биртке акчасы менен ар кандай эсептик карталар чыкты. Атасы тияк-биякты элеңдеп карады да, акчаларды алып чыгып, коюн чөнтөгүнө салып алды. Капчыкты жаткан жерине ыргытып жиберди. Дагы тияк-биягын карады. Эч ким көрүнбөйт. Дарак башында конуп олтурган карга гана аларга элейип карап, карагай түбүндө кар алдын казып, оозуна данек тиштеген тыйын чычкан аларга селейип караган бойдон калды.

– Жүр, кеттик,  ̶   атасы алдыга түшүп шашып жөнөдү. Азыр эле баласына айтып жаткан керээзи тууралуу башка үн каткан жок. Алардын баятан берки кызыктуу маегине ушул жерде чекит коюлду. Жолду катар жүрүп, токойдун экинчи учуна келип калышты. Алдыдан токойду көздөй шашып кирип бараткан кемпир аларды утурлай каршысынан чыкты.

– Ай, балам. Токтой турчу, бай болгур,  ̶   кемпир аларга кезигер замат атасына энтиге сүйлөй кетти. – Жолдон капчык тапкан жок белең?

– Ммм. Билбесем, энеке,  ̶   атасы шашып, карбаластап жиберди. – Эмне капчык жоготтуңузбу?

– Эсимди кудай алсын, каран калгыр, ай, каран калгыр,  ̶  кемпир өзүнчө кейип-кепчип. – Светтин акчасын төлөгөнү баратып, жоготуп албадымбы.

– Аай-иий, энеке. Жаман болгон экен,  ̶   атасы эмне кылышын билбей айласы куруду. Анан чын көңүлдөн кейигендей түр көрсөттү,  ̶   Билбесем, алдыбыздан өспүрүм балдар өтүп кетишкендей болгон. Ошолор эле таап албаса.

– Кайда кетишти алар? – деди кемпир карбаластап.

– Жанараакта эле ушул жол менен түз ылдый баратышкан.

– Ай, балдар! Токтогула, балдар дейм!  ̶   кемпир жолдун тээ башында көрүнө калган караандарга кол булгалай, кылтаңдап чуркаган бойдон кетти. Ата-бала андан ары сапар улады.

Токойдон чыкканда таштанды жайды аңтарып жатышкан эки-үч селсаяк адамдар көрүндү. Алардын жанында жүдөй түшкөн, сакал-муруту өскөн жашы улуу адам алардан бир нерсени тактап сурап жаткандай. Селсаяк адамдар аны анча жактырбагандай кабактарын чытып, таштанды аңтаруу менен алек. Ээрчишип келе жаткан ата-баланы көрөр замат бирөөсү колун жансай:

– Тигилерден сурап көрсөңчү,  ̶   дей салды да, мындан араң кутулгандай, контейнерге башын тыгып, таштанды аңтарып кирди.

Баягы адам кетип баратышкан ата-баланы көздөй аларга бир жамандык кылып, ошого кечирим сурап, моюнга курун илип келген күнөөкөр адамдай түр көрсөтүп, өзгөчө баланын атасына ушунчалык үмүттүү көздөрү менен тиктеп, аларга капталдан басып келди.

– Уулум, токтой турчу бир азга,  ̶   жашы улуу адам үмүттүү көздөрүн кирбиңдетип атасына карап калды,  ̶   Мени аракеч адам деп такыр ойлобо, балам. Болгону алыстан шаарга келип, акчамды жоготуп, өзүм мынтип…

– Анан? – деди атасы муну жактыра бербей.

– Ошого бир аз акчадан кайрыла кетсең? Бир аз эле…

– О, койсоңузчу, аксакал. Кайдагыны айтасыз да.

– Балам, токтой турчу. Бир аз эле, жолго…

– Акча жок… Болсо бермекмин, аксакал,  ̶   токтобой кетип бараткан атасы артына кылчайбай туруп, чөнтөктөрүн кармалап койду.

– Мэ, муну алыңыз, ̶  бала чөнтөгүнөн биртке акчасын алып чыгып кишинин колуна карматты.

– Ыракмат, балам,  ̶  киши бала мээримине ичи жылып кетти. Артын карабай бараткан атаны олурайып бир карап, анан баланы алкап кирди:  ̶  Өмүрүң суудай узун болсун, балам. Атадан артык уул бол. Сага батамды берем.

– Ыракмат, ата,  ̶   дей салып, бала узап кеткен атасынын артынан дикилдеп чуркап жөнөдү.

– Эй, ата,  ̶   бир топтон кийин бала атасына кайрылды.

– Ии.

– Жанагы кишиге тапкан акчадан биртке берип койбодуң.

– Чоң атамдай болбой жөн басчы.

Жолду катар ушундай окуяларга туш болушкан ата-бала ошентип үйгө да жакындап калышты. Жатаканадагы бир бөлмөдө турушат.

– Дүкөнгө бурула кетели? – деп калды атасы бир маалда.

– Ананчы! – бала буга сүйүнүп кетти.

– Демек, сабиз, пияз, ун…   ̶   атасы бүгүнкүгө керектүү нерселерди апасы жазып берген алакандай кагаздан күңкүлдөп окуп кирди. – Анан бир литр суу май алат экенбиз. Жүрү.

– Анан албетте чипсы менен пепси,  ̶  атасынын сөзүн кошумчалады бала.

Атасы үндөгөн жок. Дүкөнгө кирип кетишти.

– Жалпы жети жүз жыйырма сом,  ̶   деди сатуучу аял атасы алган керектүү нерселерди чоң желим баштыкка салып жатып.

– Токтой туруңуз. Анан үч бөтөлкө сыра бериңиз.

– Кандайынан?

– Ммм. Тээ ортоңку текчеде тургандардан.

– Жарайт.

– Анан чипсы менен пепси,  ̶  деп кошумчалады жанында турган баласы.

– Иий, ананып кетейин десе,  ̶  баланын сөзүнө сатуучу аял жибип кетти. Аны жакшы тааный турган. – Ал тамактар организмге зыян. Билесиңби ушуну?

Бала унчуккан жок. Ал маалда атасы да бирдемеге ичинен саресеп сала, ойлонуп туруп калган.

– Анын ордуна мен сага башкасын берем,  ̶  жүзүнөн али жылмайуусу тарай элек аял балага кайрылды. – Накта жүгөрү ундан жасалган печенье менен сабиздин кант кошулган ширеси. Ушулар ден-соолукка пайдалуу.

– Ыракмат,  ̶  деди бала шире менен печенье колго тийер замат.

– Ошондо жалпы тогуз жүз сом,  ̶  сатуучу аял үч бөтөлкө сыраны текчеге коёр замат атасына кайрылды.

Атасы чөнтөгүнөн акчасын сууруп чыгып, сатуучуга сунду.

– Бул сиздин кайтарым акчаңыз,  ̶  сатуучу аял акча сунду.

– А тиги шире менен печеньенин акчасычы? – атасы баланын колундагыларды көрсөтүп сатуучуга суроолуу кайрылды.

– Жок, жок, тим коюңуз,  ̶  деди сатуучу аял колун шилтеп. – Ал менден балакайга белек.

– Ыракмат,  ̶   деди эмнегедир шашып чыгып бараткан атасы.

– Ыракмат,  ̶  деди бала да сатуучу аялга карап.

Сатуучу аял балага мээрим того кол булгалай аны узатып кала берди.

Түн. Бир бөлмөдө атасы менен баласы үстөл үстүндө  маңдай-тескей олтурушат. Баланын колунда сатуучу аял тартуу кылган печенье менен ичкени сабиздин кант кошуп жасалган ширеси. Бала кытыратып печенье жеп олтурат. Атасы үстөл үстүндө китептери менен алек.

– Чарчадым, охх,  ̶  колундагы окуп жаткан китебин таштай сала, атасы керебетке кынтая кетти.

– Бир литр май алып ырас кылыптырсың,  ̶  деди кире бериште дасторконго камынып жаткан апасы,  ̶  Каран калгыр бир жумага жетпей түгөнөт.

– Дүкөндө баягы сени менен тааныш аял экен,  ̶  деди атасы.

– Иий, ошол бекен? Жакшы аял бечара. Мага акчам жетпей калганда карызга деле бере салат,  ̶  кире бериштен үн катты апасы.

– Ал келесоо эмне кылды, билесиңби?  ̶  деди атасы мыйыгынан жылмая, керебеттен обдула берип.

– Ии?

– Тогуз жүз сом дейт. Миң сом сунсам, кайтарым акчаныз деп, кайра мага беш жүз сунат эси ооп. Алдым да, баса бердим. Хе-хе-хее!

Иий, бечара,  ̶  апасы буга анча ыраазы болбогондой күңк этти. Бир аздан соң атасына кайрылды  ̶  Кел, китептериңди жыйнаштыр. Тамак ичели.

– Азыр,  ̶  атасы үстөлдөгү китептерди шкафка салды. Анан керебет астында жаткан сырадан бирди алды да, капкагын керебеттин кырына ачып жиберип, бөтөлкөдөн кулкулдатып сыра иче баштады.

– Сени бүгүн чындыктын жоокер- периштелери даана өлтүрүп кетишет,  ̶  деди баласы атасына сөөмөйүн кезеп. Ал баятан бери үстөл четинде зериге жаагын таянып, ата-энесинин маегине назарын салып, тыңшап турган.

– Эмне дейт бу? – дасторконго тамак коюп жаткан апасы чочуп кетти.

– Атасын бүгүн соттошот экен,  ̶  деди сырадан ичип, көнүлү жай боло түшкөн атасы баланын сөзүн коштоп. Сыраны бөтөлкөдөн бошото тартып жиберип, экинчисин ачууга камынды.

– Кой, жаталы эртерээк,  ̶  деди апасы тамак желип бүткөн соң, дубалдагы саатты карап. Анан күйөөсүнө кайрылды. – Эртең тогуздабы иш? Жат анда, пивону бүгүн көрсөң да.

Алар жатууга камынышты. Апасы төшөк салып кирди. Андан соң атасынын каршысында олтурган балага кайрылды:

– Жүр берекем, жаталы.

– Мени менен жатасыңбы?

– Экөөбүз кучакташып жаталы,  ̶  деди апасы баланы маңдайынан өөп. – Бери болчу, футболкандын колтугу айрылып жүрөт.

– Ии, тиги… Билбейм, – деди бала буга актангандай. – Өткөндө тиги балдар менен күрөшкөндө… Аркы көчөдөгү…

– Тентегим, – деди апасы баланы өөп-жыттап. – Сен жата кой. Мен муну бүрүп бере салайын.

Жатаканадагы тар бөлмө. Жанатан өзүнчө күдүңдөп жүргөн атасы, булар ээн-эркин жатсын дедиби, айтор эшиктин кире беришине төшөгүн өзү сала кетти. Керебеттин астынан дагы бир бөтөлкө сыра алды да, стол лампасын күйгүзүп, жарыкты өчүрдү.

– Жаттык.

Апасы стол лампасынын жарыгында, төшөктүн этегине коомай олтуруп, футболканын айрылган колтугун бүрүп кирди. Бала апасына карады да, апасын бетинен өөп, төшөккө бутту сунду.

– Эгер уктап калсам, мени кучактап жат.

– Макул, каралдым. Азыр бүрүп бүткөнү калдым.

– Сумкага жегенге бирдеме салдың беле?

– Эки котлет менен суу. Үчүнчү сабактан кийин мектептин ашканасына бар да, чай менен шашпай ичип ал.

– Самса салган жок белең?

– Жок, кайдагыны айтпачы,  ̶  апасы кыткылыктап күлдү,  ̶  Аны ким жасайт, балам.

– Сен да.

– Макул, каралдым. Бирөөлөрдүн робот апасы бар. Айткан буйругун аткарат.

– Ой, жаткылачы чурулдабай,  ̶  тээ кире бериште жаткан атасы сөзгө аралашты,  ̶   Уктатасыңарбы кишини.

Түн. Баары уйкуга киришкен. Негедир бала азыр өңүбү же түш көрүп жатабы түшүнүксүз. Түш дейин десе каармандардын элеси кадимкидей көрүнөт да, сүйлөгөн сөздөрү даана угулат. Ал бая мектеп сахнасынан көргөн жомоктун уландысын көрүп жатты.

Сахнада адаттагыдай эле адилеттүүлүк жана чындык үчүн күрөшкөн баягы мээримдуу кыз менен аны коштогон чындыктын жоокер-периштелери. Бул сапар жаңы каармандар кошулган. Алар: баланын атасы, бая жолдо капчыгын жоготуп жиберген кемпир, мусаапыр киши жана дүкөндөгү сатуучу аял. Кире бериш эшик чоң ачылган. Баланын атасын майка-турсийчен тургузуп алышкан. Майка-турсийчен атасы алар менен бир нерселерди талашып-тартышып жатат.

Кыз: Биз бул жерге чындыкты издеп келдик.

Атасы: Чындыкты издесеңер, менин үйүмө келесинерби?

Жоокер-периште: Сиз чындыкты чыркыратып жатасыз.

Атасы: Чындыкты чыркыратмак тургай, көргөнүм да жок.

Сатуучу аял: Кечиресиздер, эмне болуп кетти?

Жоокер-периште: Анда бул ким сизге? ( жанагы капчыгын жоготуп жиберген кемпирди көрсөтөт)

Атасы: Билбейм. Капчыгын жоготуп жиберип карайлап жүргөн экен. Мен тээтиги балдар алса керек дегем, ошол…

Жоокер-периште: Ой, жаныңды жегир!

Атасы: Ким жанын жеп жатат?

Кыз: Калыстык менен чындыктан тайбаңыз, мырза.

Атасы: Ой, энеңдурайын. (Айласы куругандай.) Деги буларга эмне десе болот?

Жоокер-периште: Мусаапырга жардам кылбаганынызга да жол болсун.

Атасы: Мен дегеле мусаапыр көргөн жокмун, айланайын.

Жоокер-периште: Мында келиңизчи, мырза. (Корридор жакка карап кимдир бирөөгө кайрылат. Ал жактан бир киши энтеңдей жетип келип, алардын артынан атага карап калат. Баягы токойдун чыга беришинен жолуккан мусаапыр киши. Спектакль көрүп олтурган бала аны жазбай тааныды.) Ушулбу жанагы киши?

Мусаапыр: Ии, ооба, ооба (Атага бир сыйра көз жүгүртүп карап калат)

Кыз: Адам чындыктан тайганда, адамдык баалуулуктардан тайып, өз каалоосунун гана кулу болуп калат. Ушуну эсиңизден чыгарбасаныз, мырза.

Атасы: Сен мага антип философ болбой эле кой, карындаш. Биз да окумал адамбыз.

Жоокер-периште: Калыстык сөзүн айтканды эле антип философ деп шылдың кылганды токтотуңуз. Ал эми окумал адам болсоңуз бул жакшы нерсе. Бирок адамдык сапат бир гана алган билим менен чектелбейт, мырза.

Атасы: (Аларды келекелей) Кайдагы философтор келип алып, күйгүздүңөр да адамды (Керебет астынан бир бөтөлкө сыра алып, алардын көзүнчө кулкулдатып иче баштайт.) Ай, апендилер, мен силерге айтаарым…

Кыз: Коңшу менен жакшы мамиледе калмак ата-бабадан келген салт, мырза.

Атасы: Жакшы болбой мен эмне коңшумдун алдында шымымды шыпырып салдымбы, кокуй?

Кыз: Сатуучу аялды да жок жерден куруттуңуз.

Сатуучу аял: Ой, деги эмне болуп жатат? Түшүнсөм өлөйүн. Коңшулар аябай жакшы адамдар. Адамгерчиликтүү келинчеги, мотурайган жаш баласы бар коңшумдун. Өзү да жакшы адам.

Спектакль көрүп жаткан бала биринчи сатуучу аялга, анан апасына карады. Апасы баланын буттарын бек кучактай, үрөйү учуп, бирдеме дешке жарабай, аларды тиктеп турат. Көрсө спектаклдин уландысын апасы да көрүп жаткандай шекилдүү.

(Алардын талашы бир топко созулат. Кыз менен жоокер-периштелер атасына кылыктарын моюнуна коё алышпай убара. Атасы жанагы кылыктарын моюнга алып, куп деп кала турган түрү жок. Сөз арасында кемпир, мусаапыр киши жана сатуучу аял да утур сөзгө аралаша калышат. Атасы аларды да угайын деген түрү жок. Талаш андан ары уланып олтуруп, жоокер-периште менен атасынын кайым айтышуусуна айланат. Андан ары чатак башталат).

Атасы: жоголгула дейм бул жерден, жоголгула баарың! (Кызаңдап кеткен атасы үстөл үстүнөн бычак ала калып, жоокер-периштеге тап берет. Жоокер-периште найзасын сербеңдетип, атасы ага утур бычак менен тап берип, чакчалекей, будуң-чаң түшүп жатып калышат)

Атасы: Сен найзаңды пеш кылбай эле кой мага!

Жоокер-периште: Чындыкка кыянат кылган адамга өлүм болсун! (Найзаны атанын тамагын көздөй  шилтеп жиберет.)

Атасы: Ааа! Энеңдурайын, акмак, жеди кишини…

(Тамактан шырылдап кан аккан жерин колу менен басып, экинчи колундагы бычак менен жоокер-периштеге тап бермекке обдулуп барып, теңселе түшөт. Жоокер-периште кире бериш эшикти тарс жаап салып, баары көздөн кайым болот. Атасы моюндан шырылдап аккан канды колу менен жапкан калыбында турат да, бир маалда оң колундагы бычак тарс жерге кулайт. Андан соң сол колу менен тамагын жапкан бойдон ордунда теңселип туруп, анан эшиктин оозуна күп кулайт. Муну көрүп күйгөнчө, көрбөй күйүп өлөйүн деген апасы баланын тизесин кучактаган бойдон жүзүн көрпөгө катат. Бөлмө ичин дагы мунарык каптайт).

Бала ойгонуп кетти. Ойгонор замат элеңдеп апасын издеди. Апасы анын бутун кучактаган бойдон этекте жатат. Үйдүн ичин коюу туман каптагандай көздөрү бозоруп эчтеке түзүк көрүнбөйт. Тумандын арасынан тээ кире бериште тамагынан кан агып, кыркырап өлүп бараткан атасын көрдү. Кыйкырып жибермекчи болгондо, тамагына бирдеме тыгылгансып үнү чыкпады. Көздөрүнөн мөлт-мөлт жаш агып, бозоргон туманды аралап атасын көздөй сойлоп жөнөдү. Сойлоп баратканда, мектеп сахнасынан спектакль көргөнүнө ушунчалык өкүндү, атасын аяды. Алар болбогондо бул иш болмок эмес. Атасына сойлоп жетер замат, андан кечирим сурагандай кыркырап жаткан атасын бетинен сүйдү, чачтарын сылады. Шейшепти акырын сыйпалап көрсө, эч кандай кандын изи билинбейт. Бала атасына үңүлүп карады. Эмнегедир тирүүдөй сезилет. Буга ишенбестен, атасынын мурдун акырын чымчып жапты.

– Уххх-хук!… Ким бул? – дем жетпеген атасы ойгонуп кетти да, үңүлүп карап турган баласын көрүп, чочуп кетти. – Сенби? Эмне уктай элек белең? Жат эртерээк… Саар мектепке кетебиз.

Ушуну айтар замат атасы дагы уйкуга кетти. Көрсө атасы үй менен бир коңурук тартып жаткан экен. Ойгонуп кеткен балага ал тамагынан кан чууруп, кыркырап өлүп жаткандай туюлган тура! Атасы тирүү экен! Бала буга ушунчалык жаны эргип сүйүнүп кетти да, уктап жаткан атасын желкесинен жыттай, атасын кучактап жаткан бойдон уйкуга кетти. Бая күндүзү жалганды өкүртө айткан атасын чын көңүлдөн кечирди. Атасын ушунчалык жакшы көрөрүн эми билди.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.