Жыргалбек Касаболот: Тирүүлөргө сунулган кол

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тирүүлөргө сунулган кол

(Жолон Мамытовдун поэзиясындагы мезгил категориясынын кош мизи)

Адам баласынын маданий турмушунун ажырагыс бөлүгү болгон адабияттын өнүгүшү диалектикалык мүнөзгө ээ. Анткени кайсы гана чыгарма болбосун, бир жагынан ички-сырткы дүйнөнү дайыма өз доорунун көзү менен караса, экинчи жагынан муундан муунга кала бере турган мурас болгондору гана мезгил сынынан өткөн деп эсептелет. Ошондуктан адабияттын тарыхындагы зор материалдар катмары менен адабий мурас, адабий байлык деген түшүнүктөр дайыма эле бири-бирине туура келе бербейт.
Мезгилдин адабиятка тийгизген дагы бир таасири бар. Ал – мезгил темасынын өзү. Мезгил – акын-жазуучулар үчүн ар кыл өңүтүн карап, баалап, сезип, чагылдыра турган түгөнгүс кенч. Бул айрыкча доор алмашып, ири өзгөрүүлөр жүрүп жаткан убактагы авторлордун чыгармачылыгынан анык көрүнөт.
Өткөн кылымдын орто чени ошондой убак эле. Анткени кылымдар бою согушу да, ынтымагы да бир өңчөй эрежелер менен чечилип, салт-санаасы, үрп-адаты анча өзгөрбөй, тышкы таасирди өз баалуулугуна эптүү сиңирип алып бир калыпта жашап келген кыргыз элинин жашоо мүнөзү кескин өзгөрдү. Биринчиден көчмөн цивилизациянын эң типтүү өкүлү болгон эл отурук жашоого өтүп, оозеки сөздөн кагаз турмушка ооп, коомдук түзүлүш алмашты. Экинчиден ушунун өзү адабиятка да түздөн-түз таасир этип, прозадан тартып поэзияга чейин толгон-токой багыттар форманын да, мазмундун да ар кыл эксперименттерин баштан өткөрүп, көбү татыктуу ордун тапты. Ушул өзгөргөн турмуштун өзү да, аны чагылдырган адабияттын жаңылыгы да өз доорунун авторлоруна өтө терең таасир этип, бирин фольклордон ары чыгарбай артка тартса, башкаларынын кээ бир чыгармаларын өтө эле космоско көкөлөтүп, реалдуу турмуштан, кыргыз кыртышынан алыстатып жиберген да жайы бар. Алардын арасынан турмуштун өзгөрүшүн улуттук тамыры менен бирге карап, өз учуруна да жарактуу, кийинки окурмандар үчүн да актуалдуу чыгармаларды тартуулай алган калемгерлердин бири – Жолон Мамытов.

 

 

 

 

 

 

“Отту сүйгөн акындын” чыгармачылыгындагы мезгилдин илеби жана мезгил тууралуу ой толгоо анын бир нече чыгармасынан айрыкча даана көрүнөт. Аларды шарттуу түрдө өмүргө, табиятка, жарандык милдетке жана өнөргө тийгизген мезгилдин таасири деп бөлүп чыксак болчудай.

Өмүр жана мезгил
Атап айтканда, “Өмүр” аттуу философиялык ойлорго жык толгон ырында акын жашоонун өзгөрмөлүгүн моюнга алып, ошону менен бирге кийинки муундардын келечеги кең экендигине ишенип, ага каниет кылат:

Бойго жетип кара кыздар кечээги
кызыл-тазыл түргө бөлөйт көчөнү.
Суктандырат жаш балдардын алдыда
сеникинен өмүрү көп экени.
(“Өмүр”)

Билгенге бул нукура кыргыздык мамиле. “Келечектин баары силердики, айланайындар, силерге Кудай өмүр берсин” деген улуу канагат. “Силердин алдыңарга кетсем экен” деп кыргыздын улуулары бала-бакырасынын алдында дайыма Кудайдан тилек кылат. Калемгер биринчи иретте адам баласынын жашоосунда анын башына келген ойлордун жарыгына суктанып, ошону менен бирге өмүрдүн кайталангыстыгын, уникалдуулугун кыргыздык мүнөз менен бир кайрып өтөт:

Уюлгуган тунук ойлор андайда
чырак болуп жанып турат маңдайда.
Кызык, таттуу, табышмактуу жашоонун
бирок, даамы калбайт тура таңдайда.

Муну кыргыз Жеңижоктун дили менен “кайран бир гана жыйырма беш, кайраты жандан ашкан кез, кайпактабай отуруп казалын ырдын тапкан кез, калың кыргыз-казакка казалы менен жаккан кез” деп арман кылган. Токтогулдун тили менен “ат арыбас болсочу, жаш карыбас болсочу, жаратканы чын болсо деги жай-жайына койсочу” деп кыялданган. Болгону, ар бир доордун өзүнө тиешелүү “уюлгуган тунук ойлору” болот. Жолон Мамытов өзү жашаган мезгилге тиешелүү өзгөрүүлөр да адам өмүрүндө кайра келбей тургандыгын туюндурганын көрөбүз. Ошол эле учурда акын өмүрдөгү эң баалуу нерсесин да ырдын аягына коюп, атайын баса белгилейт:

Туйбайсың сен турпатымдан күмөндөп.
калаар болсом сезимдерди үнөмдөп:
качандыр бир кайра баштап жаралсак,
мен өзүңө келээр элем “Сүйөм!” деп…

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бул болсо ошол доорго таандык жаңы ойлордун бири. Өмүр жана өлүм тууралуу совет мезгилинде чыккан акындар диний алкактан нары чыгып, кыйла кызыктуу философиялык ойлорду айтышкан. Николай Морозов “өлгөндөргө тирүүлөрдү жок кылып, өлгөндөрдү тирүүлөргө бар кылган” (!!!) кубулуш жөнүндө өтө терең ой жүгүртсө, Расул Гамзатов ушул Жолон Мамытов мисал келтиргендей эле кырдаалда эмне кыларын ойлонуп, эки вариантына тең даяр болгон:

Ал тараптан келсем, менден айрылып
Калган дүйнө кандай болот? Көрөөрмүн.
Кайгырганың билсем – сага кайрылып,
Кайгырбасаң – кайра тартып жөнөөрмүн.
(Которгон Ж. Касаболотов)

Салыштыруудан көрүнүп тургандай, “тулпар тушунда, күлүк күнүндө” демекчи, Жолон Мамытов бул өмүргө кайра кайрылып келсе, тандай турган нерсесине алда канча жаш, турмуштун ачуу-таттуусунан көңүлү кала элек, жашоону сүйгөн жигиттин көзү менен карайт. Кайра жаралса жаш жигит катары, башка учурга эмес, дал ашыгына кайрылып келгиси келет. Мындай жүрөгүнүн жаштыгы, анын оргуштаган энергиясы – ошол учурдагы көп акындардан айырмалап турган фактор.

Табият жана мезгил

Жолон Мамытов табиятты да мезгил категориясынан өткөрүп, андагы өзгөрүүлөрдү да замандын агымы менен бирге караган. Ошону менен катар ушул азыркылар азыркы эле көзү менен карап жаткандай образдарды калтырганы байкалат. Мунун таасын мисалын кыргыз үчүн эң баалуу көрүнүштөрдүн бири болгон тоолордун жана Ысык-Көлдүн сүрөттөмөсүнөн көрөбүз.

Ааламда теңдешээри жоктойсуңар.
Жаңырып кыйкырыкты коштойсуңар.
Көк сүзгөн бийик тоолор, силер дале
билинбей кемий берет окшойсуңар.
(“Тоолор”)

Мындай тыянак тоолорду өзгөрүүсүз караган кыргыздар, башка да тоолук элдер, ал тургай “беш мүнөттүк көрөр күнү калса да” күйгүлтүк түшкөн адамдарга салыштырып тоолорду түбөлүктүн символу катары берген тоолук Расул Гамзатов үчүн да жаңы ой эле. Турмуш чындыгы Жолон Мамытовдун бул жаңы тыянагын факты жүзүндө да, коомдук аң-сезимдин өзгөрүшү түрүндө да айгинеледи. Мурунку баалуулуктар жок болуп, ордуна али түшүнүксүз тенденциялардын келиши Чыңгыз Айтматовдун өзүн “Тоолор кулаганда” чыгармасын жазууга аргасыз кылганы ушул эмеспи. Мөңгүлөр эрип, аны казууга жол берген кем акылдардын жоругу Зайырбек Ажыматовду “мөңгү, мөңгү, мөңгүм, келбейт сени көмгүм” дегизип мөгдөткөнүн кайда катабыз?

 

 

 

 

 

 

Акындын “Ысык-Көл” аттуу ырындагы жанаша турган эки куплетте кыргызга баалуу бул табият кереметинин байыркылыгы менен жаңы замандын таасири ширелишип калган:

Сен бир балык, ортосуна тоолордун,
Түшүп калып, өзөн-сайды шимирип.
Арбын кылым алдын келген жоолордун,
Торош үчүн туруп калган тирилип.

Бул – дүйнөгө мифтик аң-сезим менен карап көнгөн, эки тоо талашып, ортосунда көлгө айланып кеткен сулуу жөнүндө жомокторго кынык алган кыргыз үчүн мүнөздүү, ошол эле учурда жаңы көз караш. Тоолордун ортосуна түшүп калган балыктын образы жаңы. Автор Ысык-Көлдүн кылым карыткан байыркылыгын жаңы салыштыруу менен мыкты байытат.

Күзгү болсоң миң-миң жылдык турмушка,
Мөлтүр кашка эбегейсиз денесиң.
Сен бешинчи Океансың кыргызга,
Берип турган океандын элесин…

Ал эми акыркы эки сап – замандын таасирин чагылдырган психологиялык мааниси бар салыштыруу. Анткени Океан тууралуу аздыр-көптүр так түшүнүктөр салыштырмалуу кийин эле, илим менен билимдеги күргүштөгөн маалыматтар менен кошо кеңири кире баштаган. Бирок “ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө” демекчи, Жолон Мамытов Ысык-Көлдүн кыргыздарга баалуулугун дүйнөлүк кубулуш аркылуу берип жатат.

Мекен жана мезгил

Туулган жердин баалуулугун дүйнөгө салыштырып, дүйнөдөн артык көргөн бул көз караш кийин кыргыз поэзиясында өрчүдү. Акын Толук Бек Байзак “мекенчил уулдар көбөйсүн, Мекеге сени теңеген” деп эгемен өлкөсүнө жалынса, акын Нарсулуу Гургубаева өз өлкөсүн “сен аман бол, себеби жок кырсыктан, бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү” деп кыргыз үчүн көкөлөттү. Кыргыз аман турганда, кыргыз адабияты тирүү турса мындай мамиле ого бетер өрчүй береринен шек жок. Ушунун өзү мекенге карата Жолон Мамытов баштап кеткен ой чыйырынын негиздүүлүгүнөн кабар берет.
Мекен демекчи, ал табигый түрдө кичи мекенден чоң Мекен деген улуу жалпылыкка өсүп чыгат. Жолон Мамытов мунун акындык да, жарандык да эң сонун формуласын калтырган:

Биз өмүрдү коротобуз эркинче,
соодагерче жашабайбыз майдалап.
Кайсыл жайда калк кайгыдан мертинсе,
дал ошол Жер Ата-Журтка айланат!
(“Асырет”)

Кыргызда “кайсы жериң ооруса жаның ошол жерде” деген кеп бар. Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнүн аймактык бүтүндүгү үчүн күрөш мизинде келатат. Айрыкча бул чек арадагы тилкелерге тиешелүү. Ал жерлерди алып калалы деп кыйла саясий күрөш жүрдү, Шералы Назаркулов сыяктуу эр-азаматтарыбыздын башы сайылды, далай жоокерлерибиздин өмүрү курмандыкка чалынды. Жердин тагдыры үчүн талаш айрым учурларда мамлекет башындагылардын тагдырын чечип, өлкөнүн келечегин аныктаган актуалдуу маселеге айланды. Бул талашта “сен ал жерди бир барып көрдүң беле”, “билбегенден кийин талашып эмне бар”, “биздин жер болбогондон кийин эмне кыласың” деген өңдүү бөөт-чөөт түшүнүктөр азыр деле бар. Алардын баары Жолон Мамытовдун жогоруда мисалга тартылган төрт сабын маңдайына илип алса туура болгудай.

Өнөр жана мезгил

Акын өз өмүрүндө чыгармачылык тууралуу абдан көп ой жүгүртүп, анын табияты жөнүндө өтө баалуу түшүнүктөрдү калтырганын билебиз. Алыс барбай эле калемдештеринин жыйындарынын биринде сүйлөгөн сөзүн мисал келтирели:

«Өз окуучусунан алдыда болуу үчүн эмне кылуу керек? Бир эле жол…
Бүгүнкү жаш акын билиминин, ой жүгүртүүсүнүн байлыгы жагынан өз окуучусунан алда канча жогору туруп, таланты жагынан бардык таланттуулардан бийик болуш керек! Мына бүгүнкү жаш акындын портрети!
Мына ошондо гана анын чыгармалары балким өр тартып, биз сөзүбүздүн башында эскерип өткөн 2000-жылдын окуучу колуна тийип калаар. Бул туурасында Байдылда Сарногоев: «Биз өлгөндө ырыбыз кошо өлбөсө болгону», – деп, кашкайтып айтып салган.
А турмушта болсо ыры өзүнөн мурда жарык көрөрү менен эле эч ким окубай коюп, ырлары өлгөн акындар толуп жатат…»

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жолон Мамытов өз ырларынын биринде акындыктын табиятын булутка салыштырып, анын вазийпасын адамдарды тазалоодон көрөт.

Ый тамакты бууганда ыйлаш керек эчкирип,
сен түбөлүк ыйыңды күлкү менен алмашсаң;
Жашаңдыктын дооруна күтүлбөгөн кеч кирип,
Жашыл, токой жаш гүлдөр, соолубайбы калбастан?
(“Булут”)

Анын чыгармачылыкка койгон талаптарынын квинтессенциясы жогоруда кеп болгон “Асырет” поэмасында ачылган. Анын ичиндеги мазмуну бир тең да, адресаты бир тең. Көбү аны бир акын экинчисине жакшы каалоо арнап, поэзиянын мүнөзү тууралуу кадимки сүрөттөмө жазгандай түшүнөрү да анык. Бирок чын-чынына келгенде аны совет доорундагы адабий чөйрөдө жүргөн күрөштүн формасы, анын алкагындагы тескери көрүнүштөргө каршы принципиалдуу чакырык деп түшүнсө да болот. Мыкты чыгарманын артыкчылыгы – кайсы учур болбосун жаңы өңүтүнөн ачылганы. Ошол кездеги чыныгы адабият менен халтуранын, сый менен сыйлыктын, чыныгы талант менен чырдуу атактын маселеси ушул азыр да эч кайда кеткен жок. Жолон Мамытов койгон маселелер мезгилдин өтүшү менен чечилбей эле, тескерисинче биздин доордо мурдагыдан да курч коюлуп, күчөп чыкты:

“Акын калкы эмне келсе оюна
шилтей берет” деп калышат. Ал туура.
Ал тийиштүү тиги менен мобуга
жана буга, тынбай жазган халтура!

Тетигиге тийиши бар анан да
жазуучунун ичиндеги жанбакты.
Жаратканы топон менен саман да,
өз төрүндөй ээлеп алган Парнасты!

Чындык сөздүн жок аларга жүйөөсү,
сындаганга кек сакташып, өпкөлөп:
“Кайдан чыккан машаяк – деп, – бул өзү?!
эртең сени миң электен өткөрөт.
(“Асырет”).

Сөз соңу

Бул макаланын жазылышына бир топ жыл мурун кесиптешим Азамат Тынаев менен болгон сөз себеп болду. Көрсө Кыргызстандын кино тармагын жетектеп турганда Жолон Мамытов бир топ кыргыз жаштарын Москвага окууга жөнөтүп, акыл-насаатын айтып, камкордук көрүп, жол көрсөткөн экен. Азаматтын жылуу эскерүүсүнө жооп катары Интернеттен атайын таап келип окуган бул ыр мага өткөн кылымдын адамдары тирүүлөргө күлө карап сунуп жаткан карылуу кол сыяктуу сезилет:

Мелмилдеп кылым жүзгө толгон күнү
Жарыкка төрөлгүлө, мен силерге
Биз жашап жаткан ушул жылдан салам
Айтамын, бакыт каалап энчиңерге.

Ишенем, ошондо да адамзатка
Таалайдын керегине аба сыңар.
А силер бул саламды китебимдин
Саргарган барагынан табасыңар.

Учурам турмуш сүйгөн үнүмдү мен
Силерге көз кайкыган закымдагы
Жыйырма биринчинин сулуулары,
Жыйырма биринчинин акындары.

Бүтүндөй жердин шарын, мейкиндикти
Силерге ишенгени отурамын.
Адамдык сүйүү, чындык, эркиндикти,
Ак мөңгү Ала-Тоонун топурагын.

Өбөмүн жүзүңөрдөн кучактап бек
Жыйырма беш жазды көргөн эрдим менен,
Өпкөндөй сүйгөнүмдү алгачкы ирет
Ак ийрим суу жээгинде мелмилдеген.

Махабат болооруна ошондо да
Ишенем, ошондо да күлкү болот.
Тоолордо тоолук сүйгөн кымыз менен
Айтуяк үйүр-үйүр жылкы болот.

Ишенем сенин жолуң алысына,
Ата Журт, алаканда сакталасың.
Апасы түнү бою “Манас” угуп,
Баласы соруп уктайт ак мамасын.

Учурам турмуш сүйгөн үнүмдү мен
Силерге, көз кайкыган жылдыздагы
Жыйырма биринчинин урпактары,
Жыйырма биринчинин кыргыздары.

Көрүнүп тургандай, акын абстракттуу кимдир-бирөөгө эмес, сага, мага, ага, азыркы адамдарга өткөн кылымдан кайрылып, салам айтып жатат. Саламына алик алып, татыктуу кабыл алалы.
Жакынкы жылдардын биринде Жолон Мамытовдун чыгармачылыгына арналган китептин бет ачары болду. “Жыйырма биринчинин акындары” анын да, өздөрүнүн да ырларын окушту. “Жыйырма биринчинин сулуулары” жаркылдап жаныбызда отурушту.
Ал эми “жыйырма биринчинин урпактары” менен “жыйырма биринчинин кыргыздары”, анын арасында биз, тирүүлөр баштан кечирип жаткан сыноолордун кыйласына жооп табыла элек.
Мезгилдин өзү ошондой. Мезгил дайыма кайталангыс, тегерегибиздеги дүйнөнүн эскилиги менен жаңылыгы эриш-аркак кошо жүрөт.
Мезгил көп учурда Жолон Мамытовдун поэзиясындай.

Жыргалбек КАСАБОЛОТ

Стамбул, 10.11.2022

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.