Рахат Аманова: Көгүлтүр от менен маек…

…Хм-м… Көгүлтүр от… жылуусу жок, бирок казан-чайнекти калдыратып, чай кайнатып, тамак бышырганга жараган көгүлтүр от…тыкыйган, жылтылдап жуулган, таптаза, сулуу темирден чыккан көгүлтүр от… түтүктөн келип жылыткан от…

Ээ, койчу.. сен азыркы замандын отусуң да! Таарынба, бирок ошондойсуң. Бардыгы заманына жараша болот экен…сен ушу заманда жаралган зерикчээл, жалкоо адамдардын отусуң…сен го сен, сенин да шеригиң бар. Ал – ток печке. Анын да сеникиндей түрдүүсү бар: жылыткычы, кылдыратып тамак жасагычы. Дагы эмне кылат элеңер? Башка нерсеңер эсте жок. Болду, ушу сендей эле ал дагы…

This slideshow requires JavaScript.

А сен, билесиңби, силерге чейин кызыл жалыны үйдүн ичин кошо кызыл-тазыл түскө боёп, алоолоп күйгөн отуна булоолоп даамдуу тамак бышкан, кайнак суудан демделген кызыл чайын адам жыргап ичкен очоктогу от, мештеги от болгонун? Билеси-иң…

Очоктогу оттун кыпкызыл жалынын, анан кыпкызыл чогун карап олтурган кандай укмуш сыйкыр экенин билесиңби? Билбейсиң да-аа… аны билбейсиң…билсең уялат элең…

Ал отту карап эле олтургуң келе берет… Кызыл жалын оттун сыйкыры укмуш!.. Көсөө менен улам кыпкызыл чогун ары-бери оодарып коюп, дагы көң калап, жоон, ичке отун салып, термечик салып, тараша салып… бирде оттуу улуулатып жагып, бирде ичкертип коюп… Ойлонуп отту карап эле олтура бергиң келет адам…

А сенде андай сыйкыр жок…  билесиң да… сыйкыры жок көгүлтүрүм…апасный көгүлтүрүм…мелтиреген ылымта көгүлтүрүм…сени урушуп коюп, сага күнүм түшкүлүк кылбасын деп тилейм… себеби сенин үнү жок уулаганыңан… билинбей жарылып кетишиңен корком… ичим тап эмесиң мелтейип… мелтиребей калгыр десе!..

Билесиңби?.. азыр адамдардын көбү сага окшош: бери жакта сулуу, адеми, таптаза, ары жагында апасный түтүктөрү бар, кокус жарылып кете турган болсо жанды соо койбой турган… бир кылтың этсе эле өчүп кала турган араңжан…иши кылса ишеничи жок..

Бардыганан дагы, очоктун отундай сыйкыры, табы жок…

Баса, сага ишенич дагы жок, ток печкеге дагы ишенич жок…силер бир эле кичине зымыңар кылт үзүлсө,  түтүгүңөр, же сулуу печкеңер бирдеме болсо иштебей каласыңар….алтургай, тээ атам көрбөгөн алыстагы бирөө силерди өчүрүп койсо, алты миллиард акылдуу, билимдүү, менменсинген кыйындардын оокаты өтпөй калат…уу-дуу башталат акылдуу, билимдүүлөрдүн заманы куурулуп… Кудай андайдан сактасын деп олтурат билимдүү, илимдүүлөр жылтылдаган сенин көгүлтүр көзүңө карап, берки ток печкенин да мелтейген төгөрөк, төрт бурчтуу көзүн карап…

Анан дагы, «иштебей каласың» деген сөз кандай жаман угулат ээ? Азыркы желмаян заманга жаны тынбай иштегендер керек..ошондой…силер дагы жаныңар тынбай иштешиңер керек….Болбосо, алты саны аман, ары-бери жаны тынбай чуркап келип, чуркап кетип, өзүнөн-өзү кыйналып, сага окшоп иштей турган темир-тезектерди алыш үчүн, жумшак диванда жатыш үчүн жанын сабаган алты миллиард акылдуу адамдын сенсиз күнү өтпөйт… ызы-чуу башталат, силер «тык» этип койбой үнсүз өчүп калсаңар…

…силердин көзгө көрүнбөгөн, колго кармалбаган туткунуңардан азыр бир миллард эл эле эркин…

Күүлдөгөн темир машине цивилизациядан оолак калган азыноолак эл аман-эсен калды силердин капаска түшпөй…  Алар – али-бери силерсиз оокат кылган айыл-ападагылар, же бир бей-бечаралар, же алигүнчө өзү менен өзү жашап жаткан жапайылар…

А силерге ишенич жок…дагы кайталап айтып атам, тобо… силерге ишенген адам күйөт… жасалмасыңар да баары бир….а жасалма нерселерге ишенич жок…

Деги эмнени айтайын дедим эле? Эмнеге сен эсиме түшүп кеттиң? Аа, эстедим. Бирок сени эмнеге сөзгө салганымы билбейм. Кыш. Жаңы жылдын тоскону атабыз. Ошого сени менен сөзгө кирип кеттим окшойт…

Сага мактанайынбы, көгүлтүрүм?

Мен кудум  очоктун отундай эки курдаш таптым… алар ишеничтүү… ал экөө очоктун отундай таптуу, жыпжылуу… анан…ишеничтүү… ичиндеги от жалындап турат…өчпөйт…тан калычтуу… сыйкырдуу от экөө…

Себебин айтайынбы эмнеге ал экөө андай экенин?

Себеби экөөнүн табигый табияты сакталып калган… Кол тийгис аруу, жапайы, табигый табиятын назик дүйнөсүнө жашырып, сактап калышкан… Күүлдөгөн темир жандуу жырткыч цивилизациядан жандарын оолак кармап сактап калышкан… Экөө мага окшош кыскасы…)

Сенин көгүлтүр көзүңө алданбай, темир-тезек замендын азгырык жасалма сулуу  капасына түшпөй калгандар бар, көгүлтүрүм…

Анан дагы…аларды унчукпай очоктогу отту арбалып карагандай карап  олтура бересиң адам…

Алардын кыпкызыл жалын оту тээ түпкүрүндө жарык чачып турат… Жылуулук берип турат адамга… Сырдуу дүйнөсүнө арбап турат…кудум Жердин түпкүрүндөгүдөй өчпөс жалын оту бар сырдуу сулуулар….

Унчугуп да кереги жок…Аларды угуп, тыңшап, арбалып карап олтурган бакыт…

Билесиңби, мелтейген көгүлтүрүм, алардын өзү турган-турпаты менен сыйкыр…өөнө боюна сөздүн сыйкыры сыйган өзгөчө сулуулар…дүйнөсү сулуу, өздөрү да сулуу, анан экөө тең унчукпас, мен жакшы көргөндөй унчукпас жан экөө тең…

…жаным жыргайт тим эле..алар унчукпай жанымда турса дагы, божурап сүйлөсө дагы, унчукпай алыста жүрсө дагы жаным жыргайт…ушундай сезимтал сыйкырдуу кыздар…тээ алыстан жылуулугу менен жаныңды жыргатып турган жылуулугун айт…дүйнөсүнүн сулуулугун айт…

Бар болгула, алыстагы асылдар, жылуу, сулуу дүйнөсү менен менен жаны бирге, асылдарым…

Рахат Аманова, 
31.12.2022, Ош шаары.

 

 

БРИЛЛИАНТ ЖҮЗДҮК

ДИНАРА ЖЕҢЕМИН СЫРЛАРЫ:

Кыз, сага деп бир китеп арнап койдум. Буюрса, жакында келсең чардайбыз, жеңелер жана кайынсиңди болуп…
Эң башкы жаңылык алыстан ат арытып келген акын досум кулагыма бриллиант сөйкө такты (сүрөтү бар).

Бүтүн адамзатка, бүтүн жан-жаныбарларга боорукердиги ошол төгүн-чачын дүйнөсүндө ал акын кыздын. Чалкып жаткан бир океан. Таазим кылдым акын досума…

 

* * *

…Ырлары да, сырлары да окшош достор… Бриллиант Жеңелерим...

Жаңы китептин бет ачарында Венера Жылдызча Үсөн кызы досу Динара Бейшеналиевага бриллант сөйкө салды. Ким эле кимге ушундай төгүлүп-чачылып атыптыр?.. Андай чанда…Ооба түштүк африка брилланты деп аталган сөйкөнү көпчүлүктүн көзүнчө досунун кулагына салды Айкөл Жеңем… Айкөлдүгү ааламга сыйбаган Жеңем…

Айкөлдүгү жанда жок, Жеңекебайым… Бар болгула, Көөхар, Жакут Жеңелерим!.. Достугуңар түбөлүк болсун! Достугубуз түбөлүк болсун, Асыл Курбуларым, Көөхар, Жакут, Бриллиант Жеңелерим!

Дүйнөлөрү сырдуу, сулуу, аруу, назик,  Жеңелерим, силердин барыңар кандай бакыт!..

( Кыргыз сураша келсе тууган чыгат, Жылдызча Венера Жеңем жеңе чыгып калды сүрүштүрүп олтурсак, Жеңе деп алгам дароо))

Динара Жеңемин (Жеңем да, Жеңем эмей ким болот эле? Мамат акебиз Оштон болот тура. Кыргызча эле дароо Жеңе деп алгам Жеңеми))  купуя сыры: Кыз, Венера укмуш кутучадан керемет кооздукту алып чыгып, тагып жатканда ыйлагым келди. Сөйкөгө эмес, сөйкөдөн кымбат бриллиант досторумдун бар экенине…Венераны, Сени табыштырган Кудайга ырахмат.

Сизге ырахмат, Жеңекебайым…Бар болгула, Көөхар, Жакут курбу Жеңелерим!

Рахат Аманова,
31.12.2022

 

This slideshow requires JavaScript.

ДИНАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА: АКЫН КУРБУМ

Бул ыр мындан эки жылдай мурун жазылган. Жазып жаап койгом. Венерага да жөнөткөн жокмун. Бирдеме чиймелей салып эле көрсөтө берейинби? Кой, уят деп тим болгом.

Ноябрь айында “Ак” ырлар жыйнагымдын бетачары болду. Сагын Акматбекова, Лариса Асанбекова, Фатима Абдалова, Нурлан Калыбеков, Абдиламит Матисаков, Айнагүл Базарбаева, Дүйшөмамбет Орозалиев, Махабат Саидрахманова жана башка акын, жазуучулар бар эле.

Венера жакшы каалоо-тилек айтты:”Мен Динаранын китеп тоюн өмүр бою күткөм”- деди. Эргип кетип баягы ырды окуп жиберипмин. Бу жерде да тартынчаактыгым кармап, окубай эле коёюн деп жаткам. Анын үстүнө, эл да чарчагандай көрүнгөн. Суроолор боюнча Нурлан Калыбеков кайра окуду ырымды. Кыраатына келтире жакшы окуйт экен өзү да, элдер дүркүрөтө кол чаап калды. Аа, жакшы эле жазып койгон окшойм деп бактылуу болуп калдым…

Венера Токтогулда. Кат-кабар алышып турабыз. “Проза жыйнагың качан чыгат?”- деп сурап калды. “Кудай буюрса, 22-декабрда бетачары болот.Бирок, сууктун күнүндө келем деп убара болбо, досум” -дедим чын ниетимден. “Убарасы деле жок, как раз 21-декабрда тоюм бар”- деди. Аа деп койдум.

Бетачар күнү эртең менен кирип келди. Ордуман кандай атып турганымды билбейм, кучактап калдым. Бир тууганым кирип келгендей эле болду…

Кийин кафеде чай-пай ичип отурдук. Ошондо:” Менин тоюм жок болчу, сени сарсанаа болбосун дедим”-дейт. Кирпигимдин ирмелишинен бери билген досум ай, чын эле санаа тартмакмын…

 

АКЫН ДОСУМ ЖЫЛДЫЗЧА ВЕНЕРА ҮСӨН КЫЗЫНА

Бу жалган маган ынап тур, досум.
Ый, күлкү бизге сынак бил, досум.
Ыйлаган жашың дүйнөнү сактайт,
Ыр-мөлтүр шогон, кулап тур, досум.

Өлүмдөр чеке сылап тур, досум.
Көңүлдөр шогон сулап тур, досум.
Өмүрлөр шондой чайпалган деңиз,
Өйдөгө, төмөн жылат бир, досум.

Күчтүүлөр алсыз кыйнаган, досум,
Күркүрөйт заман кыйладан, досум.
Өлбөстөй өкүм сүйлөгөн өтөөр,
Өтпөгөн ким бар кыйлага, досум.

Жер үстүн эч ким жыйбаган, досум,
Жер асты баарын жыйнаган, досум…
Жакшы деп тандап, жарыгын берип,
Жараткан сени сыйлаган, досум.

Демиме дем-күч кадаган, досум.
Ден-соолук каалайм,садагам, досум.
Жадабай жалгыз олтуруп алып,
Жаманга жакшы жамаган, досум.

Пейлиңен сенин, кеп-кенен, досум.
Пенденин кеби – кеп бекен, досум.
Периште болуп учалык, келгин,
Перилер дүйнө чеп бекен, досум…

Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.