Ашира Кулишова: Биз сүйүшсөк болгулачы көрмөксөн…

ДИЛ МААНАЙЫ

Кыялбастан күн кылчайып караган,

Күүгүм дагы салкын, жука көйнөкчөн))

Табиятты- сүйүшкөндөр жашартат,

Биз сүйүшсөк болгулачы көрмөксөн…

 

Алдыдагы күндөр кыска кусалуу,

Жамалымды өөп качып кызарткан-

Ызгаары да мендик, бирок тушалуу,

Мени сүйсө чалат, күтөм, узактан…

 

Дил маанайын, көңүл сөзүн сүйлөшүү,

Буюрган күн- Жараткандын белеги.

Алыстардан чабалактап талпынып,

Тартылышкан жүрөктөрдү сүйөлү.

 

 

ӨТТҮ ЖЫЛДАР

Өттү жылдар – курч мезгилдер жарышкан,

Мизи чарк-чурк, көз уялтып кызыл-ак.

Калпты сүйлөп, бир каткырып алуудан-

Мен тартынбай, сен коштогон ошол чак…

 

Өттү мезгил – кол кармашкан түн-күндөр,

Көңүл бийин – кыялдарда ыргалткан;

Биз суктанып, бизди карайт ай-булут.

Шамал бизге арманы жок сыр айткан.

 

Өттү күндөр- эркин учкан ой-тилек,

Мага жаккан гүлдөр ээлеп кучагым.

Арзуум мага сырдаш курбу, дилдешим,

А кыялым – таттуу мөмө кыямы…

 

Өттү жаштык -күйүп жанган каректер,

Табындагы сезим азыр айыпкер…

Жолугалы дил маанайын көтөрүп,

Жолду улай жобурашып салып кеп.

 

 

ЖАНЫМ

Мен сизди “Жаным” деп айтайынчы,

Анткени жанымдай жакшы көрөм…

Дүйнөңүз кең асмандай сырдуу мага,

Макул- деңчи, дүрбөлөңдү салып жөнгө.

 

Чачыңызды салаалап алаканым,

Жан дүйнөмүн эзилип баратканын.

Улуу сүйүү, керемет жолугушуу,

Буйруса экен ошол күндү жаратканым.

 

Мен сизге ырларымда айтарымды,

Дилиме, көңүлүмө бекем түйгөм.

Айтылган азыноолак кеп сыяктуу..?

Кандайча кабылдайсыз аны билбейм.

 

Азыр бизде күн кыска, түн узарган,

Борошо болуп турат, бир аз туман.

Үйдөгү жылуулукту көөдөндөгү –

бушайман жерип турат улам-улам.

 

Мен сүйбөй, сиз сүйсөңүз не болот деп,

Ич таруум кысат кээде жүрөгүмдү…

Кудайым берешен, кереметтүү,

Берип калар балким эх тилегимди…

 

Шамалдын кылыгы не бир тентек,

Кар бүртүгүн далдоого үйүп салган.

Чыйыр жол салган элем, дагы салам,

Ишеним жанымда болсун жардам.

 

 

БИЛБЕЙМИН…

Кантип кирдиң… Качан келдиң дүйнөмө,

Үлбүрөгөн көңүл менен жүргөнмүн..?

Кең асмандай, жайык төрдүү дүйнөңө-

Татыксызбы, менин сүйүүм билбеймин?

 

Чечкиндүүлүк керек, балким ишеним –

жетишпейби? коштобойбу туруктуу..?

Кандай айла табарым да белгисиз,

Кантип бүтөйм сүйүүдөгү сыныкты!

 

Дилдиреген сезим – үлкөн оор жүктү,

Майышпаган эрки менен каршы алат.

Күрөш жүрөт.  Кекчилдигим  карманып,

Урушкум бар:-“кетчи менден, барчы ыраак”

 

 

СИЗДИН МИЛДЕТ

Сүйүүм күчөп, эбедейим эзилсе,

Ойлогонум, жүрөк отун күчөтпөө…

Эрким жетпей алсыз болсом, ушул кеч,

Сиздин милдет: кучактоо да үшүтпөө.

 

Менменсинүү бийлеп алса акылым,

Жан дүйнөмөн угасызбы үнүмдү..?

Кежирленсем өз ичимде күрөшүп,

Сиздин милдет: күтүү жана түшүнүү.

 

Өч алганда, көз жашымдан, ыйымдан,

Ала качың, ойлорумдан жыйылган.

Жазыма да, кышыма да өзгөрбөй…

Сиздин милдет: алыстабоо сыйымдан.

 

 

* * *

Көркүн боёп, кою тарткан кечимдин,

Көөдөн бошоп, айттым сага, чечилдим.

Көптөн бери капа болуп жүргөнмүн,

Көргүм келип, мен өзүңдү кечирдим…

 

Көөдөй кара көрүнбөгөн түнүмдүн,

Көмүскөсүн көрүү үчүн үңүлдүм…

Тарынуудан табалбаймын бактымды,

Таптым мына табышмагын гүлүмдүн

 

Жаздык жалгыз, мен да жалгыз билесиң,

Жалгыз өзүң, ойго батып жүрөсүң.

Жаным- деген жакшы сөзүн арнаган,

Жалгандагы жалгыз гана бирөөсүң.

 

 

* * *

Чокусунда жүрчү элем – кылдаттын,

Дүйнө калып, асман – жерди сындапмын.

Кыйынчылык кыл көпүрө болсо да,

Кыйчалышта сыр алдырбай ырдапмын.

Эми болсо өз дүйнөмдө жоголуп

Неге сага, өзүмдү да уурдаттым???

 

Чачым учуп күчтүү шамал сапырган,

Чакчалекей будуң чаңда жанчылгам.

Жеңемин деп жүрөгүмө атаандаш,

Чыктым далай, канат күүлөп талпынган.

Бийиктерге бийлеп чыккым келди эле,

Бийиктикте, бийик чыктың каршымдан.

 

Көзүмдө нур, күлкү ойноп чачырап,

Сүйлөйт элем сөздү уруп камчылап…

Кызгалдактай кызыктырган кыялым,

Күндөн күнгө таш алдында жанчылат.

 

А көздөрүм көрүү үчүн өзүңдү,

Сагынычтан жашы агат, тамчылап…

 

 

* * *

Сурадыбы мен жөнүндө.., эмне деди..,

Сагынгандыр, өткөн күндөн кеп салгандыр?

Айткандырсың ага мени: -“Гүл өстүрүп,

Терип жүрөт, бактылуу ал”- деп, жалганды.

 

Эмне деди, эмнелерди табыштады,

Сени көрүп сүйүнгөндүр, мени эстеп…

Эх курбум ай, бактылуулук каалап ага,

Өзүмдү- өзүм өмүрдө келем жектеп.

 

Баягыдай тамашалуу, жайдарыбы –

Бал сөздөрү. Таарынычын билдиргендир.

Сурап турчу дайым менден жарашыгын,

Үйрөнүп алыптырбы ээ, кийингенди?

 

Галстугун байлай албай ал мага келчү:

– “Жектенин өңүнө шайкештигин айт” – деп.

Ошондогу жашайт менде, жүрөгүмдө,

Окчун жерде кулагыма айткан бир кеп.

Мен жөнүндө сурадыбы, эмне деди…

 

 

* * *

… Азыр сизге кыйын болуп жаткандыр,

Жан дүйнөңүз жанчылгандыр ызага.

Ысык кофе… дилден сүйлөп төгүлүп,

Бийлейлиби..? Чакырамын музага…

 

Азыр сизге эч ким жакпай жаткандыр,

Айткан сөзү оор тийип ар кимдин.

Улуу максат – чыңалткандай ынтымак,

Ызазы окшош адам керек деп билдим.

 

Азыр сиздин маанайыңыз жок чыгар,

Турмуш жүгүн улам -улам арткандыр…

Жашоо кыска, өмүр өксүк болбосун,

Күндү эстейли чексиздикке баткан бир.

 

 

КҮДӨР ҮЗБӨС

Жылуулукту неге күттүм, билбеймин,

Алыстардан, өзүмчүл бир дүйнөдөн.

Үмүт берген сөзү себеп болгондур?

Жообун дагы сурай албай иймендим.

 

Кыттай уюп, көңүлумдөн түнөк таап,

Куру чирен сезимимди жылмайткан.

Кыял болуп күздүн канча түндөрүн,

Кыйбас достой сырдаш болуп узаткан.

 

Үмүт жиби – тартылышып үзүлүп,

Улам мени алсыратып баратат…

Күз бүтсө да күздүн кышка артылган,

Күдөр үзбөс күмөндүгү жадатат…

 

 

* * *

Мен сизди билемин го, калыс сөзүм,

Алыста болсоңуз да мени ойлосуз.

Жүрөгүм алдабайт эч, барын сезем,

Жүдөткөндө сагыныч.., боломун суз…

 

Мен сизди түшүнөмүн.., ичтен тарып –

Кызганып, сүйсөңүз да айталбайсыз.

Сезимдин сепилинде ойлуу жалгыз,

Узакта мени аяп, калгандайсыз.

 

– Ишенчек, ак көңүлсүң, аруужансың,

Алданып калбагын – деп тескеп турган.

Жөнөкөй, ичиң таза, жаралгансың –

Дегендей бир “ишеним” колун сунган.

 

Сеземин мен, жүрөгүм алдабайт эч,

Билемин сизди көптөн, дайым ойлоп,

Эстейсиз, сагынасыз, аяп анан,

Сезимдерди тыясыз, кыйналат – деп.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.