Мен сүйгөн театр неге ушундай?

Туш тараптан суроолор жаап, ага жооп таба албай калганда аргасыз калемге күнүң түшөт. 

Театрды жакшы билген үчүн эмес, таптакыр билбеген үчүн мен ага батыл киришиптирмин. 

6-класстагы балдарды 11-класска чейин окутам деген убадаман тайып, театрга ойлонбой кетип калган күнүмдү эстесем азыр жүрөгүм түшөт. Бир эки жылга чейин керемет дүйнөнүн шарданы менен эч нерсе билбей жүрө бердим, андан соң мага көзү сокур сүйүүнүн күчү менен билбей оорулуу күйөөгө тийип алганымдай күнүгө бирден талуу жерлери көрүнө баштады. 

Өтө коркунучтуу, өтө аянычтуу…

Көрсө театр эч жакшылык көрбөй, күнүгө мас, убадачыл күйөөсүнөн токмок жеп, анысы аз келгенсип абысындары, кайын журту күн көрсөтпөй, карыган кайын ата, кайненесин унчукпай багып, түйшүгү арылбаса да көчөдө сыр берей жаркылдап-жайнап жүргөн, эл арасына алымдуу, кадыр-барктуу сулуу, билимдүү, акылдуу келинге окшош тура. 

Күндөн-күнгө мага табияты менен келишкис сырлары ачылган сайын, жүрөгүм чүрүшүп барат.

3-4 миң сом айлыкка карабай, бир спектаклге бир жыл бою даярданышат. Каражатты эптеп ар кимден сурап жүрүп, декорация, костюмдарын даярдашат. Анан ушунча мээнет менен жаралган кереметтүү спектаклдин премьерасына 50-60 гана көрүүчү катышып, андан соң коюлбай да калганда кээде, күйүп гана кетесиң. 

Кызыгы, актерлер, режиссер муну боло бере турган иштей кабылдап, эч моюн бербей, кийинки спектаклдин үстүндө иштей беришет. Актер да, режиссер да, жалпы жамаат да бир нерсеге өкүнгөндү, жакпай жаткан нерсесин ачык айтууну, туура эмес нерсеге жапа тырмак каршы чыгууну да ойлонушпайт. Баарын көтөрө беришет, баарын көтөрө беришет. Бу касиет буларга кайдан келген, билбейм… Таң калычтуу кубулуш! Таң калычтуу керемет! Таң калычтуу азап!

Канча ирет мен сахнадан кереметтерди көрдүм. Ушунун баарын жалпы кыргыз көргөндө сонун болбойт беле. Ал энергияны алган интернет эмес, телевизор эмес, телефон эмес. Ал – тирүү исккусство!

Эми ушул кереметтин төрт тарабы төп келип турса жарашпайт беле. 

Күнүгө бир жери ооруй берип, оорусун сезбей калган жаш жигиттей жүрөктү оорутат да турат. 

Сырттан келген мага ушунча аянычтуу, а өмүрүн арнагандардын абалын түшүнгөндөн да корком. 

Биринчи талуу жери – театртаануу. Коңшу казактарда театртаануу факультетинде лекцияны поток-поток группага окушат экен адистер. Ал эми биздин театртаанууда бир курста ашып кетсе үч студент. Ага адистик сабактан берген мугалим экөө гана. Театртаанууну чет өлкөдөн бүтүп келген Б.Жунушов, Э.Турдубекова сыяктуу жаш мыкты адистер бар экен. Бирок, алар эмнегедир азыр өз кесиби менен иштешпейт. Театртаануу бөлүмүндө окутуучу адистер көп болсо, жаштар сөзсүз келип окушат болуучу. Алардын өз кесиптерине кайтып келүүсү зарыл деп эсептейм. Себеби, театртаануучу Ж.Кулманбетов бир эле театртаанучуларга эмес, режиссерлорго да, актерлорго да сабак берет. Сабак бергенде да үч-төрт предметтен сабак берүүгө аргасыз болуп жүрөт. Бул маселе келечекти кооптондурган өтө талылуу маселе. 

Экинчи талуу жери – режиссура. Учурда театрларга профессионал режиссерлор аба менен суудай керек болуп турат. Бир театрдын репертуарын эки эле режиссер алмак-салмак спектакль коюп, толтурууга аргасыз болуп жатышат. Кыргызстанда профессионал театр режиссеру жок дейин десем, Улан Карыпбаев, Баатыр Шамбетов сыяктуу таланттуу режиссерлорубуз казак элинде жүрөт. Нурлан Абдыкадыров, Э.Ибрагимов сыяктуу өзгөчө стили бар, өзгөчө көз карашы бар профи режиссерлор жумушсуз жүрөт. Кээ бири кино тартып кетишкен. Булар эмне чын эле кыргыз театрына кайдыгерби? Жок, мен аларга ишенбейм анан ушул абалга түшүнбөйм. Айрыкча, башына укмуш жүгү бар идеяны көтөрүп жүрүп, күнүмдүк тиричиликтин айынан концерт коюп жүргөн театр режиссерлорун көргөндө жүрөгүм тилинет. Маселен кыргызда бир эле Нурлан Асанбеков бар го ээ? Ал булбулга эмне үчүн араба чегебиз? Бир чийбес акын дегендей, бир чийбес режиссер Э.Ибрагимова ушу тапта дегеле жумушсуз жүрүүгө акысы бар беле? 

Булар эмнеге өз деңгээлинде ишке чегерилбей жүрөт. Мен буга абдан ичим күйөт. Канчалаган идеялар, табылгалар, театрдын эволюциясын жарата турган учурлар күнүмдүк турмушка жутулуп кетти. Үнсүз өлүп жатат. 

Үчүнчү талуу жери – драматургия. Ар бир драматургияга кызыккан калемгерди Ж.Кулманбетовдон башка бир дагы театр өкүлү кандайсың деп бир үндөөгө, колдоого жарабайт. Бүгүнкү күндө драма жазууга кызыккан, жазууга кудурет-күчү жете турган А.Масылбекова, Л.Бакыбаева, А.Нурбайыл уулу, Нурзада Тыналиева сыяктуу жаштар көп эле. Бирок, аларда да тиричилик бар да. Алардын жылдап жүрүп жазган драмалары кээде колдоо таппаса, кээде кайсы бир “генийдин” сынынан улам жарабай да калат. Алар дароо драматург болуп төрөлгөн эмес да. Аларга шарт түзүлүшү керек.

Төртүнчү талуу жери – аймактагы театрлар. Бүгүнкү күндө интернет жеткен жерге, цивилизация да жеткен. Демек алардан калбай театр да жетип барышы керек эле. Искусство университетинен, Манас университетинен дагы жылына жайнаган актерлор даярдалып чыгарылып жатат. Алар кайда? Кайда кетип жатышат? Чын эле таланттуу актерлор ушунча кайдыгерби? Аймактарга барып иштесе болот да. Бирок дагы деле аймактагы театрларда атайын билими жок актерлор иштешет экен. Алар кээ бир ырчы болсо, кээ бири тамада. Ал жакта сүрөтчү да, бутафор да, музыкант да жетишсиз. Бир эле сүрөтчү менен бардык спектаклдерде иштей берип, физикалык жактан да, моралдык жактан да жетишпей, кайсы бир спектаклдерде сүрөтчүнүн чарчап калганы ачык сезилип турат. 

Мурда го “айлык аз” деген шылтоо бар эле. Эми ал маселе деле чечилип калды го. 

Азыр өлкө жаңы уйкусунан ойгонгон адамга окшоп, көзүн ачып, колу-буту кыймылдап, мээси иштей баштады. Бирок көкүрөгү дагы деле эс-мас абалда тургансыйт. Бул адам-өлкө бу сапар күндөгү ойгонгонундай эле ойгонбой, башкача бир дем менен, башкача бир укмуш ой менен ойгонушу керек. Азыр жеке амбицияны да, жеке карьера жеке жеке атакты, кадыр-баркты ойлой турган чак эмес.

Өз ишин мыкты билген профессионал адистер өз ишине, өз ордуна кайтып келиши керек. 

Кыял ТАЖИЕВА

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.