Кыргыз комузчуларынын корифейи

Карамолдо Орозов – 1883-жылы 17-ноябрда Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Корумду деген кыштакта туулган. Карамолдонун өзүнүн ата-энесинин койгон аты Токтомамбет болгон. Атасы ошол кездеги өтө түшүнүктүү прогрессчил адам болгондуктан, Токтомамбетти айылдык медресеге киргизип окутат, анда бала беш жылдай билим алып арапча жазганды үйрөнөт. Кат тааныгандыктан, арапча окуп, жаза билгендиктен ага айылдаштары Карамолдо деп жасалма ат коюп алышкан. Өмүрүнүн акырына чейин ушул ат менен таанымал болгон.

Комузду черткенди атасы Ороздон үйрөнгөн. Карамолдонун кесипкөй комузчу болуп өнүгүшүнө ошол кезде Ысык-Көлдө, Нарында аты чыгып жүргөн Чыңгышбай, Бурулча, Байгабыл, Абак, Боккөтөн, Майлыбай, Кудайберген деген музыканттар менен жолугушуп, алардын комузчулук өнөрүнөн таалим алышы өбөлгө болгон. Карамолдо Орозов Октябрь революциясына чейинки турмушунда мыкты комузчулардын мелдешүүсүнө эки жолу катышкандыгы тууралуу маалымат бар. Анын биринчиси Байгабыл деген комузчу менен, экинчиси Муратаалы Күрөңкеев менен беттешүүдө өткөн. Карамолдонун жеңиши менен бүткөн бул эки музыкалык ат салышуу жаш комузчунун чыгармачылык өсүшү үчүн эң маанилүү жана чечүүчү ролду ойногон. Анысынан да жеңиштен кийин ага Муратаалы залкардын берген жолдомо сөзү менен бирге батасы чоң таалим, таасир эткен.Карамолдо Орозов жаш кезинде эле чебер комузчу болуп таанылган.

1928-жылы кыргыз эл музыкасын нотага түшүрүү үчүн Касым Тыныстанов баш болгон Эл агартуу комиссариаттын кызматкерлери тарабынан музыкант, фольклор таануучу А. Затаевич чакыртылып келгенде Карамолдо Ысык-Көлдөн атайын алынып келинген. А. Затаевич Карамолдонун аткаруусундагы 29 комуз күүсүн жазган. Аткаруучулук стиль жагына келгенде, Карамолдо башка, өзүндөй залкар комузчулардан таасын айырмаланып турган деп А. Затаевич белгилеген.

“Дайыма жана бардык жерде токтоолукту, сабырдуулукту өзгөртүүсүз сактайт, кээде гана анын аткаруусунда ичте катылып жаткан чоң темперамент жана арбаң-тарбаң кол шилтөөнүн илеби сезилип турат, алар анын эң мыкты техникасы, кандай гана ойноо кыйынчылыктары болбосун оңой эле жеңүүгө мүмкүндүк берет” – деп жазган фольклор таануучу А.Затаевич.

Карамолдо комуздун регистрдик жана тембрдик каражаттарын кеңдик, эффектүүлүк менен колдонгондуктан чакан камералык аспаптан, өзүнүн көркөмдүк-техникалык мүмкүнчүлүгүнүн чегинде универсалдык динамикалык аспаптын деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Анткени комуз чертүүнүн аткаруучулук мүмкүнчүлүктөрү даана кеңейген. Орозовдун аспабы тембринин кооздугу жагынан теңдеши жок, добушунун жаңырышы жагынан, айрыкча, дааналыгы менен айырмаланган. Ал өзүнүн комузунда зор жигердүүлүк менен “Сынган бугу”, “Ибарат”, “Терме Камбаркан” ж.б. классикалык залкар күүлөрдү ойноп тасмага жаздырган. Улуу комузчунун замандаштары ал абдан таза, так жана тышкы дене кыймыл каражаттарын колдонбой терең ой токтотуучулук менен чертчү деп эскеришет.

Карамолдонун эстөө жана угуу сезимталдыгы күчтүү болгон. Ал жөнүндө Кыргыз филармониянын музыканты, Кыргыз Республикасынын эл артисти Ж.Кыпчаков мындай деп эскерет:

“1958-жылы кыргыз эл ырчылары менен аспапчыларын тасмага жазуу үчүн Москвадан адистер келди. Карамолдонун күүлөрүн жазып жатканда иш күн аяктап калды, бирок, жазылып бүткөндө дубль деген кошумча көчүрмө жасап коюш керек экен. Ишти эртеси уланталы деп чечишти, бирок, эртеңки күнү Карамолдо мурунку “тональносттон” чыгып кетет го деп чочулашты. Бир күндөн кийин Москвадан келген адистер комузчунун мурункудагыдай “тональностто” таптак ойноп бергенине ушунчалык таң калышты”.

К.Орозов 1931-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик музыкалык драмалык театрында комузчулук өнөрүн улантып аткаруучу катары да, күү чыгаруучу автор катары да эмгектенди. 1935-жылы – Кыргыз АССРинин эл артисти деген мамлекеттик ардак наамга татыктуу болгон. 1936-жылы филармония ачылганда Кыргыз эл аспаптар оркестринин комузчу солисти болуп иштеди. Москвада өткөн эки жолку (1939 жана 1958- жылдары) Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын декадаларына катышкан. 1939-жылы  Москвада өткөн Бүткүл союздук элдик аспаптардын аткаруучулардын сынагында экинчи сыйлыкка ээ болгон. 1939-жылы  элдик музыка боюнча биринчилерден болуп СССР композиторлор союзуна мүчө болуп кирген. 1940-1941-жылдары — Москвада СССР композиторлор союзунун алдындагы обончулардын курсунда стажировкадан өткөн. Согуш мезгилинде жана согуштан кийин Карамолдо кесиптештери менен гастролдорго барып колхоз-совхоздорго, айыл–шаарларда концерттерге чыгып турган.

1958-жылдан көзү өткөнгө чейин Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргызстан мамлекеттик музыкалык окуу жайынын комуз бөлүмүндө сабак берип, кийин белгилүү музыкант болушкан Чалагыз Исабаев, Бейшеке Жандаров, Чоро Кожомжаров, Тукан Молдогазиевдерге устат болгон. Кыргызстан композиторлор уюмунда сакталып турган өздүк ишинде жазылып тургандай, 23 комуз күүсүнүн автору болгон.

1977-жылы чыккан Б.Алагушов менен Т.Медетовдун “Карамолдонун күүлөрү” деген китебинде 23 күүсү ноталары жана түшүндүрмөлөрү менен жарыяланган. Улуу комузчунун репертуары өзүнүн аткаруусунда өз учурунда Москванын жана Кыргызстандын радиофондусуна жазылган. Кара молдонун көп күүлөрү бир нече симфониялык жана опералык чыгармаларга, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптар оркестринин репертуарына негиз болуп кирди. Асанкан Жумакматов “Ибарат”, “Сынган бугу”, “Көкөй кести” сыяктуу күүлөрүн эл аспаптар оркестри үчүн иштеп чыкты.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, эки “Ардак Белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган. 1961-жылы 25-февралда Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому боюнча Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү филармониясынын эл аспаптар оркестрине жана Нарын шаарындагы музыкалык мектепке Карамолдонун ысымы берилген.

Карамолдого таандык деп эскерилген күүлөр:

“Айда ботой”, “Ал сабак” (1917), “Анжиян калкы”, “Арман күү”, “Атчандар шыңгырамасы”, “Бешик күү”, “Декада”, “Дүнүйө”, “Ибарат” (1905-1909), “Жаа толгоо” (1909-1911), “Жаңы доор” (1945-1949), “Жаш кербез” (1914-1915), “Жетекчибиз Ленин” (1921-1924), “Жөө калды”, “Жумалык ботой”, “Кайра чап”, “Кайра качпа”, (1912-1922), “Каныкейдин арманы”, “Кара өзгөй”, “Карылык”, “Келиндердин кер толгоо”, “Койчулардын коңур күү”, “Колхоз багы” (1939- 1942), “Колхоз камбарканы” (1930-1931), “Колхоз куралы”, “Коммунизм таңы” (1949-1953), “Көкөй кести” (1915-1916), “Кубаныч”, “Кызыл чок” (1918-1919), “Мас күйөө”, “Насыйкат” , “Кеңеш же Насыйкат” (1901-1903), “Ой, селки”, “Сал моюн” / “Сал моюнга” (1929), “Сыздат”, “Сынган бугу” (1916-1917), “Такмаза” (1903-1905), “Терим күү” / “Терим күүсү” (1942-1945), “Терме камбаркан”, “Үч коо”, “Чар жайыт ботой” / “Чар жайыт” (1924-1927), “Чоң камбаркан” (1901), “Чоң кербез” (1911-1914), “Шайыр камбаркан”, “Эл тилеги тынчтык” / “Эл жыргалы тынчтык”.

К.Кыдыралиева, “Ош жаңырыгы”, 12.09.2023

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.