Купуя дүйнөнүн ой-кыял чабыты

Айзат Кудайберди кызынын “Бешик дүйнөм” ыр китебине адабий сереп

Улуттук университетте, анын башкы имаратынын тегерегинде 20-кылымдын этегинде доор тогошкон учурда, 1990-жылдары менин да жаштыгым, студенттик күндөрүм өткөн. Ошол күлгүндөй 18-19 жашымда:

Жапжашыл жалбырактар
кечээ эле кулпурушкан
суктанган сулуу бийкеч…
Тепселип бүгүн мына жерде жатат, – деп жазган элем.

Ал эми 21-кылымда ушул эле улуттук университетте окуп жаткан, ушул эле имараттын тегерегинде студенттик күндөрү учуп жаткан (ал күндөр зымырап куштай эле учуп өтүп кетет эмеспи) “чачтары тармал-тармал” Айзат Кудайберди кызы өзүнүн тырмак алды “Бешик дүйнөм” китебиндеги бир ырында:

Алдыда күз… Жашагым жок бу күздү,
Кан көчөдө басып жүрөм,
аралап жалбырактын өлүп калган денесин…, – деп жазыптыр.

Эки башка доордо, эки башка реалдуулукта жашаган ыр жазган кыздардын бул саптарындагы окшоштуктун менимче, мыйзамченемдүү себеби бар. Ошол 90-жылдарда, Сагын эже айтмакчы, “бир заман урап, бир заман келген” кыйын кезде, студент кыз ырында ачка-ток жүргөнүн, замандын оордугун айтып кейибей, саргарып жерге түшкөн жалбырактар тепселип жатканына кейийт.

Ошондой эле 21-кылымдагы студент Айзаттын көңүлүн да технологиянын, глобализациянын заманында адамдардын жылуулукту, мээримди жоготуп, карым-катыштары муздап баратканы эмес, кан көчөдө өлүп жаткан жалбырактар бурат.

Демек, кайсы заман болбосун, кандай көйгөйлөр адамзаттын башына келбесин, акындар дүйнөнүн өзгөрүлмө ташпишине эмес, түбөлүктүүлүктүн өзөгүнө маани беришет тура. Айрыкча, акын кыздар оомалуу-төкмөлүү дүйнөнүн кыйсыпыр түшүп жатканына эмес, жерде тебеленип жаткан жалбырактарга бүшүркөп, ошого жандары ачыганын кара. Көрсө, алардын ыр тапкан жүрөктөрүн С.Эралиевдин айтылуу ырындагы “жүз жылдар мындан кийин да боло берчү түбөлүктүү нерселер” качан болбосун козгой берет тура.

Күнүмдүк маселе менен журналисттер алпурушар, ал эми акындар адамзаттын дилин түбөлүктүүлүктүн өзөгүнө бурушу абзел. Деги эле адамзат акын-жазуучулар козгогон ой-сезимдерге маани бермейинче, жашоонун ташпиш-көйгөйү күчөгөндөн күчөй берери турган иш.

Эгер акындардын дирилдеген сезимдери, ай-ааламды чапчыган ой-фантазиясы, дүйнөнүн купуя сырларын сезе билген туюмдары болбогондо, адамзаттын жер үстүндөгү жашоосу небак кыйрап калса керек эле.

Ошондой ой-фантазия, кыял-сезимдер, купуялуулук Айзат Кудайберди кызынын ырларында өтө эле арбын. Жаш акындын ары фантазиялуу, ары абстракциялуу ойлорунун артында бир карасаң, жашоого баладай баёо караган жаш кыз тургандай болсо, экинчи тараптан карасаң, анда терең ой калчаган, талдаган, турмуштун өзүндөй кээде так кесе бүтүм чыгарган зирек акыл, жан дүйнө көрүнөт. Ырлардагы абстракция, дирилдеп кармалып-кармалбаган сезимдер окурманын ушинтип “алдап, адаштырат”. Мындай абстракция, б.а., эч кандай семантикалык коннотацияга ээ болбогон, эч кандай мааниге ээ болбогон сөздөр, акылга сыйбаган, кээде эркин тутумдашкан сөз айкаштары, түпкү маанисин сактабай башка маани жаратуу үчүн колдонулган сөздөр бул ырларда ого эле көп учурайт.

Сени көрсөм, келе түшөт эсиме
Эстеликтер көчөлөрдө жашаган.
Адамдардын көздөрүнө суз карап,
Бүгүн Күндү,
Түнү жылдыз санабай,
Баш кийимсиз төбөсүнө сезилбей,
Жаздын, жайдын ысыгы…
Сени көрсөм, келе түшөт эсиме
Эски үйдүн терезеси
Арча, тагдыр жыттанган.
Айнеги жок көргөзүүчү келечекти, жамгырды.
Сүртө албайсың, суулап андан өтмүшүңдү тумандуу…
Айнеги жок терезеби терезе?..
Терезесиз Үй болобу о деги?..
Андай үйдө, балким, болор эркиндик,
болбойт бирок бейпилдик…

Бул ыр саптарында акын, лирикалык каарман, жолуктурган кишисин адамдардын көздөрүнө суз караган эстеликтерге, эски үйдүн терезесине салыштырып, аңтара талдап, ой жүгүртөт. Бул ой жүгүртүү 21-кылымдын кыздарынын сергек мүнөзүн, миң романтикага берилгенде да, реалдуулукка тике карап саресеп салып талдап-калчаган акылын көрсөтөт. Ошентип ой, эс-акыл, рационалдуулук менен ираационалдуулук, кыял-чабыт, эмоционалдуулуктун айкашы ишке ашат. Мунун натыйжасында “Эстеликтей муздак, терезесиз үйдө эркиндик болсо да, бейпилдик болбойт” деп бүтүм чыгарылат. Бул бүтүм азыркы жаштардын ой-бүтүмү, көз карашы. Маалымат заманында, ар тараптуу билимдин доорунда азыркы жаштардын өздөрүнө болгон ишеними күчтүү, жашоодон, жанындагы адамдардан күткөн талабы бийик.

Айзаттын ырларындагы ой-идеялардан анын адабий камылгасы, бышып-жетилип келаткан ички даярдыгы бар экени баамга урунат. Ал бир ырында “Текеберлик күнөөм эмес/ Текеберлик – тереңдик” деп жазат. Бир караганда, текеберлик кантип тереңдик болсун дейсиң. Жаш акын ырдын ыргагына кирип кетип, жөн-жай гана бул сөздү айтып салган го деген да ой келет. Бирок мында эсибизге Антуан де Сент-Экзюперинин “Кичинекей ханзада” чыгармасы аргасыз эске келет. Ал чыгармада ханзада кайдандыр уругу учуп келип, андан өнүп чыккан ажайып гүлдү, Розаны, сүйүп калат эмеспи. Ал эми Роза ханзадага текебер, ашкере кежир болуп туруп алат. Айзаттын лирикалык каарманы да Ханзаданын Розасындай ички маңызын, жылуу сезимин “текеберлигине” жашырып, көкүрөк арзуусун ачык билдире албайт:

– Билесиңби?
Билбейсиң сен.
Аялмын мен – аял деген жакшы атымдан,
Аруу деген ак атымдан аттап кетпеген.
Текеберлик күнөөм эмес,
Текеберлик – тереңдик.
Унчукпастан кыйкыруум,
Унчукпастан жактыруум.

Роза – сүйүүнүн, сулуулуктун жана аялдыктын символу. Кичинекей ханзада сулуулуктун чыныгы ички маңызын дароо байкай алган эмес. Бул жашоонун аксиомасындай. Айзаттын ырында да “Текеберлик күнөөм эмес, текеберлик – тереңдик, унчукпастан кыйкыруум, унчукпастан жактыруум” дегени кичинекей ханзада Розанын текебер көрүнгөн мүнөзүнүн артындагы гүлдүн дирилдеген сезимин, ички терең маңызын түшүнө албаганын, аны кийин гана кеч түшүнүп өкүнгөнүн эске салат.

Бир караганда, Айзаттын ырларында ой ырааттуу башталып баратып эле орто жолдон чаржайыт, түшүнүксүз болуп кеткен өңдүү көрүнүшү мүмкүн. Мисалга төмөнкү ырын карап көрөлү:

17 жыл жашап жаткан өмүрдө,
Болду шу эки нерсе:
Ыр жаздым, Адам сүйдүм.
Ыр жаздым, Адам сүйдүм.
Мындай экспрессияны жараткан кайталоолор менен башталган ой андан ары:
Кичинекей болчу менин жүрөгүм,
Батчу эле Кудай гана.
Мен билген сүйүүлөрдү,
Эң бийик ишенимди,
Эң улуу акыйкатты,
Күнөөсүз баёолукту өзүнө камтып алган.
Сүйүүлөр – Кудай болчу.
Кудайым – сүйүүм эле.

Эң таза ааламдарды сүйүү деп тааныйт элем… – деген сыяктуу абстракциялуу ойлор менен уланып, нарративге, баянга, өтөт.

Мындай учурлар Айзаттын ырларынын жеке өзгөчөлүгүнө мүнөздүү көрүнүш. Ырын ырааттуу ой менен баштаган жаш акын бара-бара эргүүнүн күүсү менен оргуштап, бир туруп абстракцияга, бир туруп предметтүүлүккө алмак-салмак өтүп отурат. Жогоруда биз мисал катары келтирген ыр ушундай мүнөзгө ээ.

Айзат Кудайберди кызынын ырларында метафоралар жана символдор жыш учурайт. Аларды кээде чечмелеп окуу да мүмкүн эмес.

Мисалы, Айзаттын ыр китебинде эки түшүнүк, эки сөз символ катары арбын колдонулган. Алардын бири – “асман” деген сөз 21 жолу, экинчиси – “деңиз” деген сөз 27 жолу кезигет. Ырлардагы бул эки сөз учураган саптардын айрымдарын карап көрө турган болсок, бул сөздөр ар бир учурда ар түрдүүчө мааниде жана максатта айтылганы баамга учурайт.

“Кенен жайгын асмандай канатыңды!
Батсын ага коён көз кыялдарым” деген сапта “асман” салыштыруу иретинде берилген.

Ал эми:

“Өзүмө таажы жасап,
Асмандын наристеси,
Деңизге Ай ханыша болгон элем” деген сапты карай турган болсок, мында Асман – бул Көк. Байыркы кыргыздар көккө сыйынган. Көк Көкө Теңирди түшүндүрөт. Андай болсо, “Асмандын наристеси” Кудайдын наристеси катары да кабыл алынышы ыктымал. Ал эми “деңиз бул жерде чоң дүйнө. Асман менен деңиз бири көктө, бири жерде туруп, бирин-бири чагылдырган алп дүйнөлөр. Жаш акын өз дүйнөсүн ошол алп дүйнөлөр менен ассоциациялайт.

“Келишти ким бирөөлөр,
Сүйүштү, сүйдүрүштү,
Деңизим көлчүк көрүп,
Асманым айнек дешип,
Башымдагы таажыны ыргытышты…

Анан мен кетип калдым.
Кеттим да, кайтпай койдум,
Токойдон көлчүк таап,
Асманды көлчүктөгү,
Жылдызды асмандагы мекен кылдым.

А бирок, Деңиздей Асман баткан,
Асмандай деңиз баткан жүрөгүмө,
бир көлчүк батпай койду”
– деген ырында “асман” “деңиз” менен бирге лирикалык каармандын бүтүндөй ыйык, аздек болгон бар дүйнөсүн чагылдыргансыйт. Анын ошол аздек дүйнөсүн айнекке, көлчүккө теңеп, басынтып, тебелеген учурда, ал дүйнө талкаланат, жок болот, жашоо маңызын жоготот. Демек, мында асман – лирикалык каармандын, ошол эле учурда акындын өзү десек да болот.

“Деңиз элең бир ууртам. Асман элең бир үзүм. Аярладым эле сени бекем кармап колума” – эгер жогоруда келтирилген саптарда асман да, деңиз да алп дүйнөлөр болсо, ал эми бул сапта деңиз бир ууртам, асман бир үзүм болуп калды. Жаш акын мында литотаны ыктуу колдонгон. Мындай стилдик ыкма бизден өтө алыс турган, чексиздиги менен бизди апкаарытып жат болгон алп деңиз менен алп асманды кичирейтип, ууртап ичип алчудай, үзүп кармап алчудай кылып ушунчалык жакындатып сүрөттөп жатат. Мунун өзү жаш акындын көркөм-эстетикалык бийик сапатка умтулуусунун бир белгиси.

Дагы бир жерде асманга таптакыр башка маани берилгенин көрөбүз.

Жүзүндөгү жылмаюуга,
Төрөлө элек сүйүүнү алмаштырган.
Айыбы жок кичинекей жүрөгүндө
Асманы бар кыз элем.

Бул үзүндүдөгү асман – тазалыктын, аруулуктун символу. Ал тазалык, аруулук бар жүрөк кичинекей болгонуна карабай, турмуштун катаал чындыгын түшүнүп кабыл алып, аны зирек акыл менен нардай көтөрө билет:

Жүрөгүңө жамгыр жаабай,
Жүзү тунук кар учпай.
Билем азыр жүрөгүңдөн
Үнүн уктуң шамалдын.
Жалгыз гана сени ырдап,
Ыр жазсын деп сен жайлуу,
Кудай мага берген сени!
Бакыт эмес ыр кылып.
Буту жерге, Күнгө тийбей,
Асман менен чуркаган –
экөөбүздүн ак сезимди
Улуу жолдор уйпалаган,
Улуу жолдор кошпогон.

Улуу жолдор уйпалап кошпогон тагдырга зээни кейип, жер чапчып кайгырып жатып калбай, акылга салып “кудай мага берген сени, бакыт эмес ыр кылып” деген чындыкты мойнуна алып, сүйүүсүн алып, ыр берген тагдырын бекем эрктүүлүк менен кабыл алып жатат.

Эми “деңиз” тууралуу төмөнкү саптарды карап көрөлү:

Деңиздей көздөрүңө дилимди чайкайын да,
Эриним тийгизейин…
Деңиздер өлбөйт, жаным!
Кечээ эле чайпалган бүгүнкүдөй,
Бүгүн дагы чайпалат кечээкидей…
Миң кылым мурда беле?..
Жашагам бир аралда
Деңизден башка аалам көрүнбөгөн,
Деңиздин үстүндөгү асман дагы.
Деңиздин астындагы таштар да меники эле.
Сени эч ким “Деңиз жигит” атабайт,
Деңиз болуп төгүлбөйсүң эч кимге.
Деңиз болбой каласың сен бир күнү,
Оюнчугу болосуң сен шамалдын.

Эгерде жогоруда мисалга тартылган ырларда асман көбүрөөк кыздын дүйнөсү катары чагылдырылса, бул ырда деңиз жигитке мүнөздүү берилет. Жигиттин көздөрү деңиздей, өзү “Деңиз жигит” аталат, деңиз болуп эч кимге төгүлбөйт, бир күнү деңиз болбой, башкача айтканда, бууга айланып, ал эми бууну шамал учуруп, анын оюнчугу болуп жок болору да айтылат. Демек, жаш акындын ырында лирикалык ой-толгоолордогу картина физикалык кубулуштар, жашоонун логикалык мыйзамдары менен салыштырылып берилет.

Негизи деңиз – эч нерсеге, эч кимге ээ-жаа бербеген, баш ийбеген зор күч. Аны эркектик башатты алып жүргөн майтарылбаган кубаттуу энергия катары кабыл алсак да болот. Айзаттын ырларында да деңиз жигиттин образын жаратат. Лирикалык каарман “Деңизден башка аалам көрүнбөгөн/ Деңиздин үстүндөгү асман дагы” деп, сүйгөн адамынан башка эч нерсени алтургай, өзүн да көрбөй калганын айтат. Ырлардагы асман – бул биз жогорудагы ырларда чечмелегендей, лирикалык каарман, кыз, автордун өзү.

Айзаттын ырларындагы купуя ой-туюмдар, ассоциативдүү дүйнө, фантазиялык ой-чабыт мына ушундай символдор менен чечмеленет.

Айзаттын ырларында адаттан тыш стилдик фигуралар, троптор – салыштыруулар, сөз айкаштары, ассоциациялар өтө арбындыгы да жаш акындын эргүүнүн күүсүн кармоодо ой менен кыялдын чабытын айкалыштырууга болгон аракетин билдирет. Ырас, алардын баары текши оригиналдуу, ийгиликтүү чыккан деп айтуудан алыспыз. Бирок алардын арасында көркөм-эстетикалык жагынан да, идеялык-мазмундук жагынан да жаркын мисалдар аз эмес.

Мисалы, жаш акындын ырларында көздөр тууралуу айтылган ой-элестерге көңүл буралы. Анда көздөр кээде сынат, кээде тоңот, кээде өрттөнөт, а кээде аларды колго кармап көрсө да болот, кээде болсо көздөн жылуу жаш эмес, жамгыр төгүлүп жаайт.

“Жол бою жамгыр жаады көздөрүмдөн,
Түн бою тагдыр жаады кучагыңа”.

“Колуңа кармап алып көздөрүмдү,
Муунуп, улуйттурсуң”.

“Чакадагы суудай тоңду,
Чексиз жылга көздөрүм”.

“Сага арналган көздөрүмдү, көйнөгүмдү өрттөдүм.
Өзүмдү-өзүм өрттөдүм”.

“Топтоп берчи күзгүлөрдүн сыныгын,
Көздөрүңдүн сыныгын…”

Жыйынтыктап айтсак, Айзат Кудайберди кызынын уйкаштыкты кубалабаган ырларын окурмандарга тартуулаган “Бешик дүйнөм” китебинен ой менен сезим айкалышып, образ менен сөз жаралып, реалдуулук менен кыял-фантазиянын жиги билинбей эриш-аркак жупталып, акындын эч кимге окшобогон өз дүйнөсү таасын да, даана да көрүнөт. Ушунун өзү жаш акындын жеңиши, жетишкендиги, ийгилиги.

Айзат алгачкы эле жыйнагында өзүнүн чыйыр жолун таап, аны менен ишенимдүү кадамын таштады, буйруса. Жаш таланттын ошол арышы кенен, жолу узак, сапары байсалдуу болсун дейли…

Гүлзада СТАНАЛИЕВА,
ф
илология илимдеринин кандидаты, адабиятчы

Фейсбуктагы баракчасынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.