КРнын Эмгек сиңирген артисти Чоро ДУМАНАЕВ: «Актер үчүн ойноло элек роль кызык»

Алтымышка жашы таяп калса да бүт өмүрүн театр сахнасына арнап, кыргыз киносуна да, театрга да чоң салым кошуп, бир канча образдарды жараткан КРнын эмгек сиңирген артисти Чоро ДУМАНАЕВ бүгүн биздин төрүбүздө. Театр көйгөйү, жеке жашоосу, артисттердин азыркы иши тууралуу кеп кылдык.

– Чоро агай, театрда ремонт иштери жүрүп, артисттердин иши токтоп калгандай. Сиз эмне менен алектенүүдөсүз?

– Эмне кылмак элем, эл катары кыбырап күн өткөрүп жүрөбүз да. Театрда ремонт болгонуна карабай иштеп атабыз. Маданият министрлиги имарат берип, драматург Бурул Калчабаеванын «Махабат баяны» спектаклин даярдап, УТРКнын концерттик залынан көрсөттүк. Учурда жер-жерлерге гастролго чыгып атабыз. Азыр жогорку окуу жайларга жөнөгөнү турабыз, анан Көл тарапка кетебиз. Клубдары жакшы жерлерде спектакль коебуз. Театр болсо ноябрдан тартып ишке кирет деп атат. Күздөн тарта бир нукка түшүп иштейбиз го.

– Региондордон чакыруу келип атабы же өзүңөр эле жер кыдыралы дедиңиздерби?

– Азыр каяктагы чакыруу. Өзүбүздүн демилгебиз менен эле чыгып атабыз. Театр жетекчилиги уюштуруп, артисттер колдоп дегендей. Бирок барган жерлерде жатакана деген жок, бензин кымбат. Ошого карабастан демилге көтөрүп, жергиликтүү элдер кандай кабыл алат деген ойду ишке ашырып атабыз. Азыркы кризис да жалпы тармакка залакасын тийгизип атпайбы. Артисттер деген эл ток болсо ток болот. «Чыгармачылык адамдары элдин солдаттары» деп бекеринен айтылган эмес да. Анын сыңарындай эл ток болсо токпуз, ач болсо ачпыз. Ошентсе да жок дегендин арты жок болот. Ооз ачып отура бербей, жоктон бар кылуу зарыл. Эл деле жакшы кабыл алып аткандай.

– Бүгүнкү күндө театр эмнеге суусап, эмнеден аксап атат?

– Азыр режиссурадан бир аз аксап атабыз. Режиссерлор жокко эсе. Драматургдар жазбай, драматургия жок болуп атат. Жетекчилер ушуларды издеп, изилдеп атышат. Жакында министрликтен калем акы дегенди иштеп чыгышыптыр. Эми драматургдар жазып баштаса керек. Себеби мурда калем акынын жоктугунан эч кимиси жазбай калган да.

– Кыргыз драма театрында улуу муундарынын катарына кирип калбадыңыздарбы, жаштарга тарбия берип, кеңеш айтып театрды өнүктүрүүгө салым кошуп атасыздарбы?

– Биз азыр орто муундагыларданбыз. Улуу муундар Осмонов, Далбаев, Раимкулова, Жунушалиева сыяктуу алтымыштан ашкан эл артисттерибиз бар. Ошолордун тарбиясын алып, кеңешине кулак салып келатабыз. Кээде жаштарга таалим айткан учурлар болот.

– Быйыл театрда чоң жоготуулар болбодубу. Ичиңиздер ачышып, театр аңгырап калса керек?…

– Аябай чоң жоготуулар болду. Режиссер Алмаз Сарлыкбеков, Эл артистти Мамбет Асанбаев, биздин курагыбыздагы Тургун Бердалиев, эжекебиз Гүлшара Дуулатованы жоготтук. Албетте ич ачышат экен. Театрга келгенде бир нерсе жетишпей аткансып, аңгырап жаман болуп калдык. Кудай сактасын деп артында калгандар түлөө өткөрдүк. Тургун Бердалиев менен 70-жылдан бери кинодо да, сахнада да бирге иштешип, кан-жаныбыз сиңишип калган. Жакын санаалаштарды жоготуу оор болот эмеспи.

– Бир ирет сиз менен маектешкенимде эски жатакана турам дедиңиз эле. Мамлекет тарабынан ушул маселе каралып атабы?

– Эч кандай жылыш жок. Угуп атабыз, мамлекет тарабынан үйү бар артисттерге дагы үй берип атыптыр. Биздин бир бөлмөлүү эски жатаканада жашап, өмүрүбүз өтүп атканы мамлекеттин жетекчилерин ойлонтпосо деле керек. Кудайдын буйругу экен, эмне кылабыз.

– Театрда, кинодо бир топ мыкты образдарды жараттыңыз. Өзүңүздүн көңүлүңүзгө толуп, эң кызык болгон ролуңуз кайсы?

– Ар бир образдын өзүнүн кызыгы, рахаты болот. Менин жараткан образдарымдын да ар биринин өзүнчө өзгөчөлүктөрү бар. Ал эми эң кызыгын айтсам, бир кесиптешим айткандай, артисттер үчүн ойноло элек роль кызык.

«Айат», («Кыргыз гезиттер айылы»), 30.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.