Жамила Сыдыкбаева: Боздоп ыйлап жатып ушул кесипти сурап алгам

Театрды, сахнаны аялуу ыйык нерсесиндей туткан актрисанын чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамы оңой башталган эмес.

КРдин эмгек сиңирген артисти, театрдын актрисасы Жамила Сыдыкбаева искусство үчүн көп эмгек жумшаганы айтпаса да белгилүү. Эгер убагында тагдырдын бурулушуна туш болбогондо Жамила Сыдыкбаева азыр театрда эмес, тилмечтик кесипти аркалап жүрмөк экен.

– Көпчүлүк сизди “Апамдын махабаты” сериалы аркылуу жакшы таанып калышты өңдөнөт. Сейилдин образына кандай баа бересиз?

– “Апамдын махабатына” тартылып калышыма драматург Жеңишкүл Өзүбекованын салымы чоң болсо керек. Ичимен ыраазычылык билдирип коем, себеби ал роль менен кошо кесиптештер менен көлдүн жээгинде унутулгус күндөрдү тартуулады. Аз каражат менен тартылса да ушул сериал элдин жүрөгүнөн түнөк тапканы сүйүнтөт. Ошол сериал элүү миң сомго эле тартылган. Сейилдин образы аркылуу ала качуунун азабын тарткан аялдардын жашоосун көрсөтө алдык. Кинодон кийин мага аялдар, апалар келишип сен аркылуу өз жашоомду кинодон көргөндөй болдум дешип, ал тургай ыйлап тагдырын айтып бергендер арбын болду. Эл мени ушул кино аркылуу жакшы таанып калды. Азыр базар аралап калганда кара көз айнек тагынууга туура келет. Кысталыш учурда жаныңа келип ар нерсени сурап, сүрөткө түшөм деген күйөрмандарыман тартынам. Тааныбаса экен деп кыйпычыктап көздөн далдоо болгонго аракет кылам. Кээ бири аны түшүнбөй теңине албай жатат деп кабыл алышы да мүмкүн.

– Алып баруучулук жөндөмүңүздү телеге чыгып сынап жүрдүңүз беле?

– Коомдук телеканалдагы “Табигый сырлар” берүүсүн алып барып жүрдүм. Зинагүл Термечикова суранганына макул болгон элем. Ошол учурда менин жашоомдогу оор абалдан алаксып, чөгүп кетпейин дегендин бирден-бир айласы да ишке алаксуу болду окшойт. Жаштар менен аралашканда жан-дүйнөң да жашарып башкача болот эмеспи. Азырынча ал берүү токтоп турат, кайра эфирге качан чыгаарын билбейм.

– Чекеңиздеги меңди алдырыптырсыз? Кайсы киного карата мындай кадамга бардыңыз?

– Меңди “Алай ханышасында” датканын ролун аткаруу үчүн алдырттым. Фотосынактан өткөндөн кийин Замир Эралиев чалып, чоң план менен ала албай жатабыз, алдыртып салбайсыңбы деди. Негизи мурдатан эле мага режиссерлор, сүрөтчүлөр ушул меңим тоскоол болоорун көп айтышчу. Ошондон улам алдыртууну өзүм деле ойлоп жүргөм. Бирок меңди алдырганда арты жаман болуп калабы деп чочулап чыгынбай жүрдүм эле. Замир Эралиевдин сөзү түрткү болду, тобокелчиликке салып онкологияга барып алдырып салдым. Жаш кезимде кичинекей мең убакыттын өтүшү менен кадимкидей чоңоюп кеткенине таң берем. Коркуп жатып алдырткан меңим кудай жалгап бир жуманын ичинде жакшы болуп кетти.

– Кичинеңизде ким болом деп кыялданчу элеңиз?

– Мен негизи кичинемде куурчактарга кийим тигүү менен кесибимди аныктагам. Атам сегиз сомго сайма менен тиге турган машинке сатып берген. Өзү журналист болгондуктан көп жерге чыгып, (ал кезде бул кесип чанда кездешчү) тамашалап менин кызым сүрөтчү-дизайнер болот деп айтып калаар эле. Сиңдилериме кийим тигип берип, жаңы жылда кымбат кездеме жок болгондуктан марлини боеп, крахмалдап түркүн костюмдарды тигүү менен алектенчүмүн. Апам качан кездеме алып келсе сиңдилерим ошол замат баса калып жаныман чыкпай түнү менен кийим тиктирип эртең менен жакшынакай жасанып сабактарына кетишээр эле. Кыздардын улуусу болгондуктан, апам кырк алты жашында каза болуп, үйдөгү жоопкерчилик мага жүктөлгөн. Окууну бүтүп Ош театрда жаңы иштеп баштаган кез болчу. Атамдын ойлогон максаты, тилеги менин күнүмдүк тиричилигиме жакшы жардам бергени менен ал каалагандай сүрөтчү –дизайнер боло алган жокмун.

– Актрисалык кесипти өз каалооңуз менен аркаладыңызбы же түрткү болгондор барбы?

– Атам журналист, агам театр сүрөтчүсү болгондуктан алтынчы, дем алыш күндөрү үйгө чыгармачыл адамдар көп келишчү. Үйүбүз кыргыз драм театрынын жанында болгондуктан, премьераларды калтырбай көрчүбүз. Сайра Кийизбаева, Бүбүсара Бейшеналиевалар мен үчүн кол жеткис жомок эле. Кинотеатрларда бир күндө беш сеанс болсо бешөөнө тең улам кезек менен кире берчүмүн. Ушунун баары мага таасирин тийгизди окшойт. Артист болгум келээрин эч кимге айтчу эмесмин, ал сыйкырдуу дүйнөм менен бөлүшүүгө кудуретим жетчү эмес. Мектепте да жакшы окуп, иш чараларга активдүү катышчумун. Окууну бүтөөрдө класс жетекчим Людмила Черниваны ушул күнгө чейин жылуу сезим менен эстейм. Анткени, башкаларга билинбеген жан-дүйнөм ошол адамга сезилиптир. Сыртынан сыр бербегени менен мүнөздөмө берип жатып чыгармачыл окуу жайга тапшырууга сунушталат деп жазып койгон экен. Бизде Актерлор үйү бар экенин, актриса болгум келип жүргөнүн үйдөгүлөргө айта албаган соң тымызын маалымат чогулта баштадым. Кыргыз драм театрында агам директор болуп иштеп турса өз алдымча иликтеп маалымат издегениме күлкүм келет. Эл артист Абдыгашим Көбөгөнөв сабак берип жатканын сахнанын артынан акырын көрүп кетип калчумун. Анткени, орус мектепти бүтүп кыргыз тилинде чала сүйлөп, ошонуман тартынып турчумун. Жогорку окуу жайга тапшыраар маал жакындап калгандыктан ата-энемдин капа кылбайын, бир жылым жөн эле өлбөсүн деп чет тилдер бөлүмүнө тапшырдым. Бирок ошол эле учурда чыгармачыл жактан мүмкүнчүлүк болсо дароо кетем деген ой бар болчу. Сессия тапшырып жаткан учурда “Москвадагы ГИТИСке кыргыз жаш улан-кыздар кабыл алынат” деген жарнама илинип туруптур. Бутум үзүлгүчө чуркап бардым. А кезде Даркүл Күйүкованын кызы Райма менен дос элем. Ага апаңа айтып көр менин актердук чеберчиликке даярдаганга жардам берсин деп айттым. Макул болуптур, бир тамсил, ыр жаттадым. Курманбектин Айганышты түш көргөн жерин окуп даярданып алдым. Даярдыгымды Даркүл эже көрүп кээ бир жерин оңдоп-түзөп кеңешин берди. Биринчи турга кирсем кыргыз элинин мен деген аттын кашкасындай таанымал инсандары отуруптур. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүковаларды көргөндө эле тизелерим калчылдап баштады. Москвадан ГИТИСтин ректору Матвей Гарбунов жардамчысы менен келиптир. Жүздөгөн жаштардын арасынан мага де кезек келди. Ары-бери бастырып, бийлетип сынашты, өзүм орус мектепти бүткөн соң орус тилинде көбүрөөк сүйлөгөнгө аракет кылып жатам. “Пионер кыздын өлүмү” деген ырын жатка айтып, өлгөн жерине келгенде көзүмөн жаш куюлуп образга кирип кеттим. Эртеси күнү экинчи турга өткөндөрүн тизмесиен карасам фамилиям жок. Ызама чыдабай ыйлаганга даяр болуп турсам, катчы кыз чыгып дагы бир тизмени илип койду. Көз жүгүртсөм биринчи турдан дароо үчүнчү турга өткөндөрдүн тизмесинде экенмин. Калыстар тобунун көз карашынан эле жактырышканын сезгем да. Жанымдагы курбумду кучактап так секирип сүйүнгөнүмдү сураба.

– Үйдөгүлөрүңүз да так секирип сүйүнүштүбү же?…

– Апам сүйүндү, бирок атам менен чоң согуш болду. Анткени, чет тилдер бөлүмүндө окуп жүргөндө эжейлер атама мени мактап, кызың жакшы окуйт, шыгы бар Лондонго стажировкага жиберебиз дешиптир. Атам өзү коммунист болчу, үйдө да жумушта да жоопкерчиликти катуу кармачу. Азыр университетте окуп жатасыңбы деп ата-энелер көзөмөлгө деле албайт го. Ошол кезде атам баарыбыздын окуубузга барып, мугалимдер менен сүйлөшүп кокус бирөөбүз начар баа алып калсак апамды баш кылып тизип койчу. Биздин айыбыздан апам да тил угуп сенин тарбиялаган балдарың деген жемени угар эле. Анан атам менин Лондондо жүргөнүмдү элестетип алып жүрсө, мен келип эле артист болом деп жатсам… Эки жумадан ашык мен ыйлайм, апам мага кошулуп ыйлайт. Атам тултуюп сүйлөбөйт. Ошондо байкуш чоң энем баланын көз жашын төктүрбөгүлө деп мага болушуп, байкем бир жагынан чыгып, апам кошулуп жатып атамдын макулдугун алдык. “Ата, сизден бир тыйын сурабайм. Жалаң беш менен окуйм, сизди уят кылбайм” деп тизелеп ыйлап жатып ушул кесипке ээ болгом.

– Үйдөн бир тыйын сурабасаңыз бөтөн жерде кантип жан бактыңыз?

– Кыргызстандан жыйырма жети улан-кыз бардык. Жан багыш үчүн басмаканада бир жылдай иштедим. Түнү иштеп, күндүз окуганда кыйналып калат экенмин. Басмакананын жанында байланыш түйүнү бар эле. Ошол жерге пол жуугуч керек экен. Таң атпай алтыда барып пол жууп, жетиде сабакка барып, түштө кайра бирде келип жууп кетем. Ошентип окууну бүтөөр-бүткүчө пол жууп тапкан акча менен жашадым. Балдар көчө шыпырып, ал тургай арасынан көчө шыпыргычтардын гимнин жазгандар да болгон. Бактылуу күндөрүм ошол жакта өттү. Бир убакта телевизордон көрүп, атын угуп жүргөн адамдар менен чогуу жүрүп иштешип калганыма сүйүнгөм.

– Кол өнөрчүлүктөн сырткары дагы кандай нерсе келет колуңуздан?

– Кээде ушу картайып, бырыш баскан колдорума рахмат айтам. Колуман көп нерсе келет, болгону аракет кылуу керек. Аял затынын колунан келбеген иш жок. Эгер кааласам текчени деле өзүм кагып коем, ремонтту деле жасай алам. Кээ биринин ийнени колго кармаганды билбейм дегендерин угуп таң калам. Бул жөн гана шылтоо. Эгер адамдын башына түшсө, ошол оокатка муктаж болсо баарын жасайт. Жасаганды билбейм деген сөз, демек ал нерсеге көп зарылчылыгы жок. Мурда көп кабаттуу үйдө жашачумун, кийинчирээк жер тамга көчүп кирдим. Анан эшиктин алдына тепкич куйганга туура келди. Жасата турган кишимди колу бошочудай эмес. Айлам кетип, цементти өзүм куюп, тактайчаларды коюп тепкичти куюп койдум. Азыр ошол тепкичтен көтөрүлгөн сайын сыймыктанып калам.

– Жоктон бар кылган айымдардансызбы же бар нерсени жок кылгандардансызбы?

– (Күлүп) Жоктон бар кылганга жөндөмдүү эле болсом керек. Үйдө картошка, сабиз, пияздан башка эч нерсе жок болсо ошондон деле фантазияны ойготуп беш алты тамак жасаганга кудуретим жетет. Бардан жок кылуу деген сөздү айтсаң чүпүрөктөр эсиме түшүп кетти. Бир жолу сахнага чыкканга кийимим жок. Башкаларга көйнөк тигип берип жүрүп өзүмө убакыт жетпей калды. Кесиптештерим күн мурунтан кийимдерин даярдап жүрүшөт, менин кийип чыгаар эч нерсем жок. Мына жарым сааттан кийин сахнага чыгабыз деп жатканда апликацция менен эски майканы алдым. Шифон юбка менен кездеме таптым да, бир жерде жылтырак кездеме жатыптыр аны алдым. Баары ызылдап даярданып жатса мен кийим тигип отурам. Апплекацияны төшүмө чаптап, шифон юбканы тийип, сыртыман бир жарым метр кездемени мойнума илип алдым. Сахнага чыксам кыздар макташат, жөн эле ийне менен тепчип жабыштырып койгонумду көрүп таңкалышып күлүштү.

– Азыр ушул өнөрүңүздүн пайдасы тийип жатабы?

– Үйдө көп буюмдар өз колуман чыккан. Кесибимдин пайдасы мага кайра куруу жылдарында көп жардам берди. Эл кыйналган жашоого туш болуп турган кезде кийим тигип үй-бүлөнү, балдарды бакканга аздыр-көптүр мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кээде актрисалык кесипти таштап, тикмечиликти алып кетсемби деген ойлор да болгон. Бирок ушунча убакыт, эмгек жумшап туруп жеткен кесибиңди таштап баса бериш оңой иш эмес экен.

Анара Дүйшөналиева, «Кабар ордо», 20.10.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.