2010-жылы кыргыздын белгилүү акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин 100 жылдыгы белгиленет

Жогорку Кеңештин «Ак Жол» фракциясынын кезектеги жыйынында кыргыздын белгилүү акыны жана коомдук ишмери Жоомарт Бөкөнбаевдин туулгандыгынын 100 жылдык маарекесин белгилөө жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору боюнча Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрайымы Лейла Сыдыкова маалымат берди.

Жоомарт Бөкөнбаевдин маарекеси 2010-жылы белгиленет. Токтом долбооруна ылайык, КР Өкмөт келерки жылдын бюджетине киргизип, иш-чараларды иштеп чыгууга тийиш. Депутаттар Жогорку Кеңештин мааракеге байланышкан токтомун жактырышты.

“Кабар” МА, 18.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.