Бишкекте кыргыз-жапан музыкасынын фестивалы болот

Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз-жапан музыкасынын «Алтын күз» фестивалы болот. Бул туурасында Кыргыз Республикасындагы Жапан эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) коомчулук менен байланыш боюнча менеджери Светлана Алелекова билдирди.

Быйылкы жылы төртүнчү ирет өтүп жаткан бул музыкалык фестивалда жапан улуттук аспаптары, салттуу бийлери менен катар “Таберик” ансамблынын өнөрү тартууланат. “Концертте улуу муундун өкүлдөрү кото – байыркы жапан улуттук аспабында жапан жана жергиликтүү чеберлердин ойногонуна күбө боло алышат. Ошондой эле кыргыздын белгилүү “Боз салкын” күүсү дал ушул жапан аспабы менен аткарылмакчы. Мындан тышкары кыргыздын улуттук музыкалык аспабы комузда жапандардын ойногонун көрүүгө болот”, – дейт С.Алелекова.

“Алтын күз” фестивалынын алкагында жапандардын салттуу бийлери менен катар балдардын “Таберик” вокалдык-хореографиялык ансамблы кыргыз улуттук бийлерин тартуулашат.

Аталган концерт ишемби күнү саат 14.00дө башталат жана кирүү акысыз.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 18.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.