Классикалык музыкага жаштардын кызыгуусу төмөндөөдө

Республиканын музыкалык окуу жайларында классикалык музыкага кызыгуулар төмөндөөдө. Бул туурасында бүгүн “Кыргызстанда профессионалдык музыка билимин өнүктүрүүнүн проблемалары жана перспективалары” деген республикалык илимий-практикалык конференцияда эстрада ырчысы жана педагог Гүлзинат Суранчиева билдирди.

Анын айтымында азыр ата-энелер көбүнчө өзүлөрүнүн балдарына музыкалык окуу жайлардын элдик инструменттер бөлүмүн сунуш кылышат. “Бирок студенттердин өзүлөрү эстрада багытын тандап жатышат. Ал эми классикалык музыкага жаштар чоң маани беришпейт. Фольклор жана эстарада менен бирдей эле классикалык музыканын да өнүгүүсү зарыл. Азыркы убакта бул эң негизги көйгөй болуп саналат.”- деди ал.

Н.Жумалиева, «Кабар» МА, 19.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.