Опералык ырчы Кайынбек Кускаков жаңы партияларды алып чыгат

Опералык ырчы Кайынбек Кускаков атактуу италиялык композитор Джузеппе Вердинин опералары боюнча жаңы партияларды даярдоодо. Ырчы жаңы партиялары менен чет жактарга чыгармачылык сапарга чыгуу алдында турат.

Кайынбек Кускаков 2010-жаңы жыл алдында Кыргыз президенти Курманбек Бакиевден эки бөлмөлүү квартира алды жана ага удаа эле “Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти”  наамы ыйгарылды. Мындай ийгиликтер анын чыгармачылыгына жаңы дем, жаңы шык берүүдө:

– Президенттин бул сыйлыгы жеке эле мага, менин үйбүлөмө берилген сыйлык эмес, Кыргыз искусствосуна болгон мамилеси, камкордугу деп эсептейм. Анын үстүнө бул сыйлык мени чоң  жоопкерчиликке алып келет.

Кайынбек Кускаков өмүрүндө 40 тан ашуун опера жазган италиялык атактуу композитор Джузеппе Вердинин “Риголетта” операсындагы Риголеттанын партиясын алып чыкты. Бул партияны алып чыгуу композиторлордун пикиринде бир топ татаал.

Кайынбек Кускаков 2010-жыл ичинде Казакстанга, Түркияга, Орусияга, Азербайжанга жана Италияга чыгармачылык сапар менен баруусу күтүлүүдө. Андыктан ырчы жаңы партиялардын үстүндө иштеп жаткан учуру:

Жаңы жылдагы жаңы сезондо Джезеппе Вердинин “Аида” операсындагы Аманасронун партиясын алып чыксамбы деп жатам. Анан дагы Франциянын улуу композитору Бизенин “Кармэн” операсындагы Эскамилио Торедордун партиясын аткарып чыгам. Анан буга чейин мен опералык партияларды орус тилинде аткарып келсем, эми италия тилинде аткарып чыкмакчымын.

Кайынбек Кускаков 1976-жылы Мамлекеттик опера жана балет театрынын алдындагы опералык студиядан окуп, андан кийин Мамлекеттик консерваторияны аяктаган.

Учурда Кайынбек Кускаков лирикалык-драматикалык баритон үлгүсүндө ырдаган Кыргызстандагы алдыңкы опералык ырчы болуп саналат.

Абдылас Малдыбаев атындагы Мамлекеттик опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов Кайынбек Кускаковдун чыгармачылыгын ошол 1976-жылдан бери билет:

Кайынбек Кускаков учурда мамлекеттик опера жана балет театрында баритондук партияларды аткарган алдыңкы солист болуп эсептелет. Мына өткөн сезондо “Риголеттаны” абдан жакшы алып чыкты. Жакында “Трагатта” операсына катышат. Негизи Кайынбек баритондук партиялар менен Кыргызстандын чет жактарга да чыга турган алдыңкы опералык ырчысы.

Фатима Абдалова, «Азаттык», 18.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.