Академик Бүбүйна Орузбаева: Бүт өмүрүм эне тилге арналды

Кыргызстан боюнча, дегеле илим жаатында кыздардан жана кыргыздардан биринчилерден болуп докторлукту 1964-жылы жактаган академик Бүбүйна Орузбаева жакында эле 85 жашка чыгып, бул маараке жогорку окуу жайларыбыздын бир нечесинде белгиленген эле. Ал эми, Бүбүйна эже өзүнүн узак жана сергек жашоосунун сыры эң эле жөнөкөй дейт биз менен болгон маектешүүсүндө.

Жон жукарган сайын…
– Бүбүйна эже, буюрса кыштан да чыкканы калдык. Айтсаңыз, кыш мезгили сизге жагабы? Дегеле, жандүйнөңүз төрт мезгилдин кайсынысын көбүрөк эңсейт?
– Жаш кезде мезгилдин баары эле жакшы сезилип, жылдын төрт мезгилин тең жакшы көрчүмүн… Окуп жүргөн кезде күткөн мезгилим кыш болчу. Анткени, Караколдо кышкысын кар укмуштай калың түшчү. Кышты кыштай лыжа, чана, коньки тээп ойноп чарчачу эмеспиз. Эми азыр кайдагы чана… Ал эми азыркы учурда Чүйдүн шарты менен, жаз, күздү жакшы көрүп калдым окшойт. Себеби, Бишкекте азыр да (терезеге тигиле) же кыш эмес, же жаз эмес, аба ырайын түшүнбөйсүң. Анүстүнө жонуң жукарган сайын, суукту каалабай калат экенсиң.

– Бош убактыңызды эмнеге жумшайсыз? Негизи сизде бош убакыт болобу?
– Эмнеге болбойт. Адам деген иштей да, дем ала да, ден соолукка карай да билиши керек. Мен, мисалы, үйгө барганда жумушта иштеп үлгүрбөй калган ишимди иштебейм. Үйдө телевизор көрүп, көбүнчө радио угам. Анткени, акыркы кабарларды сөзсүз билишим керек. Андан сырткары, түндө уйкум качып уктай албаганда, (85 жаш деген оңой жаш эмес да) туруп алып китеп окуйм. Түндө туруп китеп окуганымдын сыры, китеп – менин жан дүйнөмдү эс алдырат.

– Кээде эч ким жокто кыңылдап ырдап койсоңуз керек?
– Жок. Кайдагыны айтасың да. Ырды дагы, үнү бар адамдар ырдайт. Менде андай шык жок, биз ырдаганды угушубуз керек. Өмүрүмдө ырдап көргөн жан эмесмин. Мен ырдап кетсем, эмгекти ким жазат, ыя?

– Айткандай, Бүбүйна эже, дал ушул тапта эмне менен алектенип жүрөсүз?
– “Кыргыз тилинин этимологиялык сөздүгүнө материалдар” деген китебимди жазып бүтүп, УИАнын басмасында турат. Буюрса жакын арада чыгарып беребиз деп жатышат. Бул болжол менен 6-7 басма табак болот го. Ошондой эле, андан башка дагы “Илимдерге саякат” деген экинчи китебимдин аягына чыгып калдым. Бул китебим эскерме түрүндө. Мен ушул жашка келгенге чейин дүйнөнүн көп жерлеринде болдум. Ар кандай илимий конференцияларга катыштым, бир топ улуу инсандар менен тааныштым дегендей. Башкача сөз менен айтканда, ошол чет өлкөлөргө барып катышкан чогулуш, жыйындарда талкууланган маселелерден мен өзүмө эмне сабак ала алдым, эмнелерди үйрөндүм? Мына ушулар тууралуу жаздым. Бул бир чети өзүмдүн өзүмө берген отчетум да болду.

Тандап алган кесиптин жан дүйнөңө жагышы
– Эже, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде белгиленген 85 жылдык мааракеңизде: “Силердин мага көрсөткөн сый-урматыңар үчүн, 100 жыл жашоого сөз беремин”, – дедиңиз эле. Өзүңүз айткандай, 85 жаш деле оңой жаш эмес. Эми ошол узак жана сергек жашооңуздун сыры эмнеде?
– 100 жыл жашайм деп убада бергеним, чындыгында ошол учурдагы кубанычтан, сүйүнүчтөн улам жүрөктөн чыккан сөз болчу. Ал эми узак жашоонун эң биринчи жана эң жөнөкөй сыры бул – тандап алган кесибиңдин жан дүйнөңө жагышында. Экинчи сыры – менин ата-энем бир да жолу инфекциялык оорулар менен оорубаптыр. Алардын балдары биз да ооруган жокпуз. Мектепке чейин мен, менин бир туугандарым баарыбыз эле боз үйдө өсүп чоңойдук. Бирок, ооруйт деген эмне экенин деле билген жокпуз.

– Анда мектепте окуп жүргөндө сабактан бир да жолу калган эмес турбайсызбы?
– Дагы сурайсың. Окуп жүргөндө Кудайдан тилеп да ооруй албай койбодумбу (күлүп). Балдар сасык тумоолоп 3-4 күн, ал тургай бир жумалап сабакка келбей калышчу. Аларды карап, мен да оорусам сабакка келбей калбайт белем дечүмүн. Анткен себебим, класста мени эч ким теңине алчу эмес. Эч ким мени кошчу эмес, кичинекей деп. Бирок, чындап эле алардан кичүү болчумун. Анүстүнө бою-башым да пас болуп, азыр ойлосом баласынтышчу окшойт. Отурсам партадан боюм көрүнчү эмес да…

– Кандайча улуулар менен окуп калгансыз?
– Атам мени билимдүү болсун деп Караколго алып келип, өзүнүн инисиникине коюп: “Кызымды
шаардан окутам, силердикинде жүрсүн, мектепке сүйлөшүп киргизгиле”,-деп таштап кетсе, курган жарыктык кишилер атамдын иниси менен жубайы экөө тең караңгы кишилер экен. 3-классты эле бүтүп келсем, мени 6-класска отургузуп коюшуп жатпайбы. Мен анда математикадагы 4 амалды окуп үйрөнө да элек болчумун. Алар болсо алгебраны өтүшөт экен. Эч нерсени түшүнбөй делдейип, эки көзүмдү тостойтуп карап турсам, мугалимим: “Бар эшикке чыгып ойноп келчи”, – деп чыгарып жиберчү. Алгебрадан гана кыйналганым болбосо, башка гуманитардык сабактардан тим эле сайрап, эч кимди алдыма чыгарбайт элем. Ошентип, мектепте өзүм теңдүүлөр менен окубай, курбу-дос күткөн жокмун.

– Бүбүйна эже, мурда студенттик отряд деген бар эмес беле. Сиз да мүчө болуп, иштеп калдыңызбы?
– Жок, мен иштеген жокмун. Бирок, студенттерди жетектеп, кызылча чапканы, чөп отогону чогуу барып калдым. “Жаштык бар жерде, жалын бар” дегендей, көрсө ал кез оюн-тамаша аралашкан жакшы учур турбайбы. Алыскы айылдарга барганда күндүзү иштеп, кечкисин ар кандай кызыктуу оюндарды уюштуруп, жакшынакай ойноп-күлүп кайра келчүбүз. Анда ичкилик ичүү деген деле жок болчу. Бул нерсени согуштан аман-эсен кайтып келген жигиттер үйрөнүп келишти, анан башталды… Ал эми азыр кээде туруп, кыргыздар башка улуттардан да көп ичип калдыбы деп ойлоп кетем. Кечээ жакында эле, жумуштан кетип бараткам. Алдымда эки кыз кетип бара жатат. Эми бир буттарына тура албай кызылдай мас. Жанындагы милиция кызматкерлерине ээ-жаа беришпейт. Күндүзү кудай урган го десем, алар айтат: “Азыр жанагы кичинекей суусундуктарга ар кандай дары, арак кошуп саткандар табылууда”, – деп. Бул не деген шумдук.

Тил үчүн эчен кордукка чыдадым
– Азыр мектептерде рэкетчилик деген да күчөп жатпайбы, апа.
– Бул кандай гана кулак укпаган жакшылык. Мектеп бул – алдыңкы бир тартиптин, алдыңкы, чыныгы маданияттын элементтерин үйрөтүүчү үй болбойбу. Мугалимдер ошол балдарга айтып, түшүндүрбөйбү, тигиге, буга деп акча чогултуунун ордуна. Жаш бала деген бул камыр. Камырды кандай жууруп, кандай ийлесең, ошондой токоч бышат. Анын сыңары жаш өспүрүмдөрдүн туура калыптанышына, туура жолдо жүрүшүнө чоң кишилер жооптуу. Ал эми, чоң кишилер өз милдеттерин, жоопкерчиликтерин дайыма сезе билүүлөрү керек.

– Мектеп жөнүндө сөз болуп калды, эже. 1970-жылдары мектептерге кыргыз тилин сабак катары киргизүү үчүн болгон күч-аракетиңизди жумшап күрөшкөнүңүз белгилүү. Азыркы абалды көрүп, эмнелерди ойлойсуз?
– А балам, мен кыргыз мектептерге, кыргыз балдарга өзүбүздүн эне тилибизде сабак өтүлүп, эне тилинде окуулары үчүн тырышып жүрүп, укпаган сөзүм, жаман көрүнбөгөн жерим калган эмес. Ошол 70-жылдары кыргыз тилинин абалы абдан жаман болуп кеткен. Орус, өзбек мектептериндеги ага чейин өтүлүп келген кыргызча сабактар алынып салынып, ал аз келгенсип, болгон кыргыз мектептер орусчаланып калган. Ошондо бул туура эмес, мындай кылуу жарабайт деп тызылдап жүгүрүп жүрүп нени гана көргөн жокмун. Менин бир жерим – өзүмдүн оюмду жеткирип, түшүндүрүп, максатыма жетмейин, мени атып ийсе да айтыша берем. Анткени, мени эч ким мүңкүрөтө албайт! Тилди сактап калыш керек деп жатып, Борбордук Комитеттин бюросуна барып “талкалангам” да… А кезде бюро деген эң сүрдүү чогулуш эле.

Тил дегениң бул азаптуу нерсе
– Кандайча чогулушка түшүп калдыңыз?
– Ошол маалда бир документалдык фильм тартылып, Касымбеков, Байжиев, Адышев, Булатова ж.б. интервью бериптирбиз. Ошондо мен, кыргыз мектептерди кайрадан жандандыруу керек, айрым бир адамдардын жеке кызыкчылыктары үчүн (карьера) кылган иштери туура эмес деп, кыргыз мектептерди баарын орусчалатуу ишинин башында турган А.Каниметов деген депутатка каршы сүйлөгөнүм БКке жетип калыптыр. Анан баарыбызды чогулушка чакырса, жалгыз мен барыптырмын, калгандары качып кетишип. Чогулуш он бир саатка созулду, ар кимиси ар кай жагымдан: “Буга профессорлукту ким берген?” – деп чыгышты. Бир жагымда К.Кондучалова, бир жагымда К.Каракеев кечирим сурап, меники туура эмес болуп калыптыр деп айт дешет. Анан эмне кылам? Акыры, идеологиялык жактан караганда меники бир аз туура эмес болуп калыптыр. Бирок, анын түшүндүрө турган жактары да бар дедим. Т.Усубалиев тил маселесин жакшы түшүнөт да. Ошондо дагы: “Карындаш, анда мага жолугуп, пикирлериңизди кыргызча жазып алып келиңизчи”,-деди. Болуптур деп болгон маалыматтарды жыйнап, чоң макала жазып алып бардым. 20-30 мүнөттөй аңгемелешип отуруп: “Буга көңүл бурбаса болбой калган турбайбы”,-деп белсенип киришип, 8-9-класстарга кайрадан кыргыз тилин киргиздик. Анан “Кыргыз тили” деген окуу китебин академик Э.Абдыл-даев, А.Жапаров болуп жазганбыз.

– Кыргыз тил мыйзамы да сиздин эмгегиңизден жаралган. Андан бери 20 жыл өттү. Бүгүнкү күндөгү кыргыз тилинин абалын көрүп, эмнелерди ойлойсуз?
– Ооба, учурунда кандай гана кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабай кыргыз тилин сабак катары мектептерге киргизип, окуу китебин, тил мыйзамын жазып, кыргыз тил коомун түзгөн элек. Бирок, азыр кыргыз тилин окутуунун абалы өтө начар. Ушул тапта кыргызча лекциялар окулган аз эле факультеттер бар. Бул нерсе, албетте, мени өкүнүчкө салбай койбойт. Эх, эмнесин сурайсың, тил бул азаптуу нерсе. Тил деген бул – кара жумуш. Кадимки кетмен чаап иштеген менен эле барабар. Ал эми кетмен чабыш ар кимдин эле колунан келе бербейт…

– Бүбүйна Өмүрзаковна, а сизге бул кесипти атаңыз тандап берген эмеспи. “Ар бир ата балдарына менин атамдай мамиле жасап, мени тарбиялагандай өстүрсө, анда баарысы академик болуп чоңоюшмак”, – деп айтканыңыз бар го…
– Ооба, минтип айтканым эч кимге жашыруун эмес. Чынында эле, менде атамдын эмгеги зор. Ал киши өзү чала сабат болгон. Ошондой болсо дагы, балдарынын илимдүү болушун каалап, аракет жасаган экен. Илгери орустарга малай болуп жүрүп, орус тилин үйрөнүп алыптыр. Мен окуй баштаганы бат-баттан Караколдогу шаардык китепканага өзү жетелеп алып барып, чагымда директору окшойт, Костюшкин деген орус киши менен тааныштырып: “Бул менин кызым. Ушуга китеп окуганды үйрөтүңүз”, – дегенин билем. Анан ошол киши мага кичинекей китептен чоң, көлөмдүү китептерге чейин окутуп, китептерге кандай мамиле кылуу зарылдыгын, китепти качан алып, кайра качан тапшыруу керектигин үйрөттү. Анткени, билинбегени менен ошонун баары тартип болгон. Ошондон тартып, ушул убакка чейин жандүйнөмдү ырахаттандырган бул – китеп.

Ар бир адамдын көңүлү гүл
– Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот дешет…
– Бул эң туура сөз. Бирөө сени көтөрмөлөп, бирөө сени колдобосо болбойт. Мисалы, сени да, мени да, баарыбызды кайсы бир адамдар жакшы сөздөрүн айтып өсүргөн. Жана сен сурап атпайсыңбы, мага ушул жолду таап, көрсөтүп, из салып берген адам, мен туу туткан улуу инсаным, мугалимим, устатым, акылдашым да, агайым дагы – К.К.Юдахин. Ушул адам мага акырын айтып, жай сүйлөп, өмүрүмдө бара албай турган жерлерге жиберип, билбегенимди түшүндүрүп жардамдашып колдоо көрсөткөн. Ал киши:”Ар бир адамдын жакшылыгын көрө билүү керек дечү”. Себеби, ар бир адам баалуу товар. Муну түшүнгөндөр да бар, түшүнбөгөндөр да жок эмес.

– Бирге жеген таттуу, бирге иштеген шаттуу дегендей, чогуу эмгектенген инсандардан өзүңүзгө сабак алганыңыз барбы?
– Илимдин маданияты деген бар. Мына ошол илимдин маданиятын эң сонун билген, мыкты ада-биятчы бар эле К.Асаналиев деген. Ал киши башка кишилердин кемчилигин көрүп, өзүнө сабак алган адам болгон. Жакшыбы, ортобу, айтор жазылган чыгармалардын баарысын окуп көрүп, салыштырып, өзүнүн оюн айта алчу. Азыр да арабызда күчтүү адабиятчы, окумуштуулар жок эмес. Бирок, алардын жанында тигинден, мындан эки-үч сүйлөм көчүрө коюп, же орусчадан которо коюп меники дегендер андан көп. Бул илимдеги эрежелердин бузулушунун бир мисалы.

– Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, «Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.