Улуттук кайра жаралуу тилектештиги президентикке талапкерлер түз ободо өз жети атасын, уруусун айтсын деп сунуштайт

“Улуттук кайра жаралуу тилектештиги президентикке талапкерлер түз ободо (сыналгы аркылуу) мамлекеттик тил боюнча билимин сыноо учурунда, өз жети атасын, уруусун, кайсыл канатка тиешелүү экенин, кыргыздын этногенези, тарыхы тууралуу кыскача айтып бериши улутка урмат көрсөтүүгө чоң чакырык болот эле”,-деген кайрылуусун Улуттук кайра жаралуу тилектештигинин атынан  Байас Турал, Д. Сарыгулов, О. Нарбеков, А. Матубриамов, К. Кошалиев, К. Айтикеев, С. Абдракманов,С. Турдумалиев жана башкалар Жогорку Кеңешке жолдошкон. Бул тууралуу “Ачык саясат”гезити жазып чыкты.

Кайрылууда мындан тышкары “Жогорку Кеңеш, Өкмөт өз ишин кыргыз тилинде гана жүргүзсө, замандын талабына жооп бербей калган район, областтар жоюлуп ирилештирген аймактар түзүлсө, Элдик курултай өлкө башкаруусуна расмий  эл бийлиги катары киргизилсе”,- деген сунуштар айтылган.

«Zpress.kg» МА, 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.