Кыргыз элинин этномаданий, этносоциалдык процесстерине арналган китеп жарыкка чыкты

Кыргыз аялдарынан чыккан биринчи окумуштуу-этнограф Какен Мамбеталиеванын  “Борбордук Азиядагы этносоциалдык жана этномаданий процесстер: Тарых жана азыркы учур“ деген китебинин бет ачары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде өттү.

Бул китеп бүт өмүрүн өлкөнүн башкы окуу жайы Ж.Баласагын атындагы КМУда  жаш тарыхчыларды жана этнографтарды тарбиялоого арнаган, кыргыз аялдарынан чыккан тунгуч этнограф Какен Мамбеталиеванын жаркын элесине арналып, 2009-жылдын ноябрында Бишкекте өткөн эл аралык илимий-конференциянын жыйынтыктарынан, илимий макалалардан турат.

Ал эми К. Мамбеталиеванын илимий эмгектери  жаңы багытка – шаардык кыргыздардын этномаданий процесстерин иликтөөгө башат салган.

Андан сырткары бул жыйында К.Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун каржылоосу менен жарыкка чыккан  жаш таланттуу археолог  Темирлан  Чаргыновдун «Түштүк Кыргызстандын палеолиттеги Юташ-Сай (Уйташ-Сай) эстелиги» аттуу эмгегинин да тушоосу кесилип, автор жыйындын катышуучулары менен ой бөлүштү.  Этнологиялык илим жаатында актуалдуу жана терең изилдөөлөрдү жүргүзгөндүгү үчүн А. Жоошбеков фонддун атындагы сыйлык менен сыйланды.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 19.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.