Арың, намысың кана?..

Кайдыгерлигиңден, жада калса өз жашоо тиричилигиңе көңүлкоштугуңан туңгуюкка кептелип баратканыңды, кыяматтын кыл көпүрөсүнөн өтө тургандай кыйынчылыкка туш келип калганыңды али түшүнө, биле элексиңби, кыргызым? Төбөлдөр төбөңдөн ылдый канчалык басса да, “кыңк” этпестен макул боло берип акыры эптеп-септеп жан бага турган бир макулуктан айырмаң калбай баратат. “Башка түшкөнүн, буюрганын көрөбүз да”, деп каныңа сиңген кайдыгерлигиңден, көңүлкоштугуңдан арылмайынча кыйынчылыктын сазына батканың баткан. Өткөн жылдын декабрынын башында КТРден жалпы элге укмуш жаңылык катары түштүк жактан бирөөнүн: “мен жыгач отунду аябай камдадым. Буюрса кыштан чыгабыз”, деп бак-дарактардын куурап калган бутактарын кертип жыйнап койгонун даңазалап көрсөтүп жатпайбы. Аны көргөн кызым: “ата, цивилизациялуу өлкөлөр алдыга жылып, нанотехнологияга кадамдап жатканда биз бутак чогултуп артты көздөй баратабызбы?” деп таңданган. Аргасыздан бала кезде аркама капты салпылдатып талаадан тезек, термечик (бактын куурап жерге түшкөн кичинекей бутактары) терген өткөн кылымдын тээ 50-жылдары көз алдыма келе түштү. Акүйдөгүлөр акырындап электр жарыгын азайтып, отун, суунун ортосунда турсак да алардын баасын асмандатып, шору арылбаган элибизди кайра арттагы ошол кезге көндүрүп жатабы деген шек саноо да аргасыздан кылт этет экен.

Шору арылбаган дегеним, ушул жыл жаңырган 1-январдан тарта Д.Үсөнов баштаган жаңы өкмөт жаңылык киргизип электрге, жылуулукка, жылуу сууга төлөмдү ойго келбеген оор салмак менен жүктөй турганына кыргыздан башка улуттардын өкүлдөрү айрыкча тынчсызданышып, нааразылыктарын билдиришүүдө. Көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан шаардыктар үчүн бул өтө эле катуу сокку болору шексиз. А Т.Жумагулов өңдөнгөн кыкеңдер камаарабай: “Эл көтөрөт, көтөрбөгөндө кайда барат эле” деген ойду айтып жатат. Ташбоо болсо мындай оордукту көтөрө турган күчү бар үчүн айтып жатса керек, ал эми таш эмес жөн болоор ал оордукту көтөрө албай тургандыктарына көзүм жетип турат.

Өкмөттүн пенсионерлерди: “Эч нерсе жоготпойсуңар, субсидия, компенсация түрүндө жардам аласыңар” дегени жөн эле жубатуу,алаксытуу амалы го. Андай болсо көптөгөн кишилерди кошумча түйшүккө салып, төлөмдөрдү жогорулатпай, компенсацияларын бербей коюшпайбы. Бул жерде жалпы элдин жонунан сөзсүз бирдемени жонуп алыш үчүн ушуга барып жатышат да.

Бул эми жаңы жылдан баштап элибиздин башынан ылдый ныгырып баса турган материалдык, турмуштук жагы дейли. Буга кошул-ташыл болуп жан дүйнөңдү жабыркатып, жүрөгүңдү сыздатып, кыргыз деген атка шек келтирчү моралдык басынтуу да башыбызга түшкөнү турат. “Кыргыз десе Манасты, Манас десе кыргызды билебиз” деген түшүнүк каныбызга, жаныбызга сиңген ак калпак Ала-Тообуз, ыйык Ысык-Көлүбүз, мейкин талааларыбыз менен абалтадан бери аралашып, жуурулушуп аларга айланып кеткен Манасыбызды Кытай өлкөсү ЮНЕСКО аркылуу “Манас биздин өлкөбүзгө таандык” деп жарыялатып жатса өзүңдүн ким экениңди да биле албай арсарсып дел болот экенсиң. Элибиздин башаты, уңгусу Манас деп мактанып, сыймыктанып жүрсөк, мындай ойго келбеген маалыматтын болушу чынында “мен кыргызмын” деген атуулдун түшүнө да кирбей турган жорук эмей эмне. Ушундай басмырланып, басынып турганыңа ыйлагың, ызаң келип жарылып кете жаздайсың. Үнүңдүн бардыгынча: “Манас кыргыздыкы” деп кыйкыргың келет.

Мурдагы замандагы улуу манасчыларды айтпай эле коёюн, кечээ эле көздөрү өткөн Сагымбай, саякбай алардан кийинки Уркаш, Каба, Сейдакмат өңдүү күпүлдөтүп манас айткан кытайдын бир кишиси барбы? Алардын түпкү максатына СУАРдын Кызыл-Суу кыргыз аймагында жашашкан аз сандагы кыргыздардын ичинен жазылып алынган манасты билгичтик менен өз кызыкчылыктарына пайдаланып жатышкан окумуштуу илимпоздору негизги аргумент катарында бетке кармап дүйнө жүзүнө “Манас Кытай өлкөсүнө таандык” деген түшүнүктү сиңирүү менен акырындап Манас жашаган, мекен кылган жер да кытайга тиешелүү болуш керек деген амалкөй ой болуп жүрбөсүн? А биз болсо: “Кокуй Манасты алдырат деген эмне, Манас биздики” деп бул маселенин маани-маңызына терең сүңгүбөй үстүртөн эле тынчыбыз кетимиш болуп жатат. Мына ушуну кичинекей балабыздан аксакал карыяларыбызга жөнөкөй адамдан башчыларыбызга чейин аңдап, сезишибиз мекен алдындагы атуулдук ыйык парзыбыз.

Өлкөбүз үчүн ушул маанилүү маселе боюнча кийинки маалыматтарга таянсак ЮНЕСКО кыргыз тарапка Манасты өзүнө кайтарып алуу үчүн 2010-жылдын 31-августуна чейин далилдерди даярдап өткөрүүгө мөөнөт бериптир. Алар кабыл алынган күндө да Манас кытай менен кыргызга бирдей тиешелүү болот деген шарты бар экен. Мында ЮНЕСКО кимдин кызыкчылыгы тарабында экендигине анчалык деле түшүндүрмөнүн кереги жок.

Мына ушундай мезгил мерчеминде улуттук көйгөй мүдөөлөрүбүздү коргойт деп жалпы ишеним көрсөткөн Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени катардагы эле маселелердин бири деп эсептешеби? Антпесе эң биринчи тынчсыздануу коңгуроону ошолор кагышпайт беле. Дегеле Манасы жок толук кандуу Жогорку Кеңешти элестетүү мүмкүнбү?

Кыргыз элин шыктандырып алга сүрөөчү алдыңкы катмары деп эсептелген интеллигенциянын өкүлдөрү кайдасыңар? Өз үнүн чыгара албаган, өз сөзүн айта албаган бир жол менен гана басып чийип койгон чийинден чыкпаган адам роботко айланып калган жоксуңарбы? Академик, профессор, окумуштуулар, тарыхчылар маңдайыбызга бүткөн Манастай рухий байлыгыбыздан, маданий казынабыздан башка жакка ооп кетишине макулсуңарбы? Андай дебесеңер ушул азыр силердин добушуңар өтө зарыл керек болуп турат. “Манас” ордендеринин ээлери кайдасыңар? Же силерге Манастын аты гана керек беле…

“Жерден жарака кетсе ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” деген мекенчил акын, жазуучуларыбыз кайда жүрөсүңөр?

Манасыбыз көкбөрүдөй талашка түшүп жаткан ушундай учурда алар пендечиликтен өйдө көтөрүлө алышпай өз кызыкчылыктары гана үчүн кызмат, мансап, даңк талашуу менен алек болуп калыштыбы? Баатыр деген наамы бар аттуу-баштуу үч акын, жазуучубуз (С.Эралиев, С.Жусуев, Т.Касымбеков) алардан башка да баатырларыбыз баатыр катары эмне үчүн Манасыбыз жөнүндө ооз ачпай турушат? “Манас” деген үчилтик драманын автору, кыргыз эл акыны Ж.Садыковдун добушу сахнада гана эмес ушул азыр эл ичинде керек болуп турат. Эми манасчылар эмне үчүн ушундай учурда жайбаракат жүрүшөт? Саякбайдай күпүлдөтө Манас айтып аларды КТР тез-тез көрсөтүп Манас чындыгында кимге таандык экендигин кайра-кайра каны-жаныбызга сиңиришке айрыкча жаш муундарга угузушса кана атаганат. Манастын кыргыз элине таандык экендиги орус, казак окумуштуулары, изилдөөчүлөрү тарабынан эчак эле далилденип ал тууралуу дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө билишет. Бул жерде биздин кайдыгерлигибизденби, же момундугубузданбы, пайдаланып жаткан өлкөнүн чоңдугу, каражатын аябаган жоомарттыгы чечүүчү мааниге ээ болуп жаткан жокпу? Манастын атын алып жүргөн мекемелер, окуу жайлары, фонддор качан козголосуңар? Атыңарды чындап коргой турган кезек келди го.

Манасты коргоп, колдоп калыш үчүн 31-августка чейинки убакытты текке кетирбей манасчылардын эл аралык фестивалдарын, кароолорун, “Манас” эпосу боюнча илимий-практикалык конференцияларды уюштуруп өткөрүү зарылдыгы келип чыгууда. Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер Академиясынын “Манас” сектору бул иштердин чордону болууга тийиш. Мында аларга мамлекет, коомчулук тарабынан материалдык да, моралдык да колдоонун көрсөтүлүшү зарыл. Анткени жогорудагыдай иш чаралар аркылуу дүйнө жүзүндө кыргыздан башка манасчылыктын улуу касиетин башка бир да улуттун бешенесине буюрбагандыгын далилденет эле. “Манас биздики” деген кытай атуулун кой, кытайлык кыргыз атуулу ушундай мелдештерде кыйын болсо манас айтып алдыга чыгып көрсүн.

“Бала ыйлабаса, эмчек кайда?” дегендей буларга баарыбыз баш бирдей көңүл буруп демилге көтөрбөсөк биз кыргыздар үчүн ким күймөк эле. Күймөк турсун башкалар баш оорутуп коюшпайт.

Кытай тарап таянып жаткан ал өлкөдөгү аз сандагы кыргыз кандаштарыбыз өлкөнүн титулдук улуту, эли болбогондон кийин алардын Манасты ал өлкөгө таандык кылууга эч кандай укуктары, акылары дээрлик жокко эсе. Манастын ушундай талылуу маселелеринде маданият агенттигинин ортозаар, кайдыгер мамиледе болуп жаткандыгы таң калтырат да өкүндүрөт. ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы мурдагы өкүлчүлүгү менен дал ушул маданият агенттигинин кайдыгер, көңүлкош мамилелеринен улам Манасыбыз ушундай талашка түшүп олтурат деген ойго аргасыздан мажбурланасың. Мындай талаш чечүүчү мезгилде коңулга кирип, акча бөлүштүрө турган маараке, тойлордун учурунда маңкая басып чыккан уюштуруучулар, тизгин талашкандар көбөйгөнүн кантип жашырабыз. Болбосо “Манас” эпосунун миң жылдыгы белгиленге кезде түп көтөрүлө караламан түшкөндөр кайда? Ошондой эле демилге менен эмне үчүн манастап ураан чакырып чыгышпайт? Бул жерде чогулуп алып кыйкырып, ызы-чууга түшүү жөнүндө эч кандай сөз жок. Басма сөз беттеринде, радио, теледе Манастын кыргыз элине гана тиешелүү экендигин бекемдеген тарыхый фактылардын, окуялардын, байыркы эстеликтердин байма-бай жарыяланып, уктурулуп, көрсөтүлүп талкуулардын уюштурулушу жөнүндө айтылып жатат. Бул боюнча КТРдеги “Улутман” көрсөтүүсүн колдошубуз керек. Ошондой эле “Манас” эпосунун варианттары кайрадан көп нускада басылып чыгарылса жакшы болот эле.

Манастын Манас экенин, анын кыргыздан чыккандыгын тарыхый айныгыс чындыктын негизинде далилдөө, ал элибиздин рухий улуу мурасы, маданий байлыгыбыз болгондугун дүйнөгө жар салуунун сыймыктуу да, оор да бактысы орустун өткөн кылымдардагы улуу окумуштуу-изилдөөчүсү В.Радловдун, казактын даркен жазуучусу, академик М.Ауэзовдун, ушул элдин белгилүү изилдөөчүсү Ч.Валихановдун, дүйнөлүк жазуучу, кыргыздын сыймыгы Ч.Айтматовдун, Манастын образын көз алдыбызга келтирген сүрөтчүлөр Г.Герцендин, Б.Жумабаевдин, Сагымбай, Саякбай сыяктуу атактуу манасчылардын гана үлүшүнө туш келди беле. Эмне үчүн булак көзүн ачып алар баштап берген жолду андан ары татыктуу уланта албай турабыз? Ааламдашуу дегендин эң опурталдуу, кооптондура турган жагы так ушундай алсыз, бош кезиңден басат окшобойбу.

Өлкөнүн башчысы гана эмес атуулу катары да Манас маселесинде президентибиз Курманбек Бакиевдин активдүүлүгү жана чечкиндүү позициясы бардыгыбыз үчүн бекем стимул, үлгү болот деген ишеним чоң. Манасыбыз талашка түшүп улуттук уңгубузга доо кете турган азыркы учурда бардыгыбыз бирдей ой-пикирде болушубуз башкы шарт. Манас айтмак турсун кытайдын катардагы бир атуулун “Манас” эпосу менен тааныштыга бар бекен деген мыйзамдуу суроону койгум келет. Ал эми Кыргызстандын ар бир айылында манас айткандар четтен чыгат. Манас өзү чоролору менен кытайдан, калмактан чыккан баскынчыларга каршы эли-жерин коргоп күрөшүп келсе анан канткенде ал кытай өлкөсүнө таандык боло койсун. Ошон үчүн 2010-жылдын 31-августундагы эгемендүүлүк күнүнө чейинки убакытта быйылкы жылды “Манас” жылы жеп атоо менен рухий дөөлөтүң, маданий мурасың Манасты кан-жаныңдан коргоп, кайдыгерлигиңди силкип таштап ар-намысыңды сыноочу кез келди кыргызым. Бардык үнүм менен:

Кагамын тынчсыздануу добулбасын,
Кыргызым чоң сыноонун жолундасың.
Эңгиребей эсиңе кел, чачылганда,
Эл болуп Манас менен чогулгансың.

Манас биздин жан-дүйнө байлыгыбыз,
Манас биздин жашообуз тагдырыбыз.
Ар бир кыргыз канында Манас ойнойт,
Аны биз далилдейли айныгысыз! деп кыйкырып жар салгым келет.

Жума МАМБЕТОВ, “Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.12.2009 – 15.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.