Жаныбек Жанызак: “Сериал” гезитиме Кален себеп”

– Жаныбек агай, сиз “Сериал” аттуу гезит чыгарат турбайсызбы?
Гезит чыгарайын деген деле оюм жок болучу. Бул ойго Кален түрттү.
Китеп палатасында аябай акылдуу төрт киши бар экен. Мына ошол төрт кишиге жаксаң, сен китеп чыгарат экенсиң. Ал эми калган 3.5 млн кыргыз эли сенин чыгармаңды жата калып окуса да, алар көркөмү жок деп койсо болду, китеп чыкпай калат экен.

Чынын айтканда чыгарманы базар тандайт да. Базар кандай чыгарма окугусу келсе, ошондой чыгарма жазылат. Болбосо “абдан маанилүү” жумуштан чарчап келип, дагы маанилүү гезит окугуң келмек беле. Эс алгың келет. Мен жаш кезимдеги “Ай эжеке, гүл берчи деп сурадым” деген ырды кандай уккум келет, окурман менин гезитимден ошондой окугусу келген теманы алышым керек да. Мен чыгарып аткан китептер адамга рухий азык деле эмес, болгону эттин жумшагындай, жүрөктү бир титиретип өткөн окуялуу чыгармалар.

Мен илгери “Роман-газетага” окшогон гезит чыгарайын дедим. Анда белгилүү авторлордун негизги чыгармалары менен катар жаш калемгерлердин чыгармалары да жарыяланат. Жаштардыкы бекер жарык көрөт.

Дастан Сарыгулов батышты көргүсү жок болуп атпайбы, бирок батышты жаман көрсө компьютерин ыргытып, галстугун андан ары ыргытып, жалаң кыргызча болуп албайбы.

Биз толеранттуу болуп, бардык элдердин маданиятын, илимин, айтор бардык жакшы жактарын үйрөнүшүбүз керек да.

Жазып алган Айжан АЙТЫШЕВА, “Адилет press” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.