Кинорежиссер Замир Эралиев: “Бекиндин жумшак юмору жүрөгүмдө турат”

Эч кимге окшобогон артистибиз Бекин Сейдакматовду замандаш, курбалдашы, досу, кинорежиссер Замир Эралиев эскерет.

2-3 жылдан бери тынч ала албай, Бекиндин 60 жылдыгын кантип белгилесек деп ичимден план түзүп жатам. Ал эч кимге окшобогон актер болчу. Менин оюмча Юрий Никулинден кем калбаган талант эле. Кыялы, сүйлөгөнү, баскан-турганы… Бекинди күндө эстейм. Кайсы жерде, кандай кырдаалда, болбосун юморду таба койгону эсимде турат. Таанышкан учурумду эстейм. 1971-жылы мен жыйырма жашка чыктым. 4-октябрда Фрунзедеги искусство институтунда окуган Ира деген классташыма барып калдым. Шампан, торт алып алганмын. Ал тамак жасайын деп калды. “Экөөбүз эле болобузбу?” дейт Ира. “Экөөбүз эле тортту, картөшкөнү жеп, шампан ичебиз” дедим. Биз эми эле картөшкө жейли, шампан ичелик, торт бузалык деп калганда, бир жигит келип калды. Аябай жулунгандай көрүндү. Көрсө ал Ира экөө бир курста, бир группада, режиссерлукта окуйт экен. Ошентип таанышып калдык. Ал мени ошол жерден эле күлдүрө баштады. Эсимде калганы – тор майка кийип алыптыр. Чемичке чакканды көрсөттү, кемпирди туурады, айылдагы чалдарды көрсөтө баштады. Боорум эзилгенче күлдүм. Ошол жерден эле тил табышып кеттик. Азыр ойлосом анын деле курсагы ачып келиптир. Картөшкө куурулуп жатса, тортту да көргөн го. Сүйлөшүп отурсак ал Жамал Сейдакматованын бир тууган иниси экен. Эки-үч сааттын ичинде ал мага абдан жагып калды. Достугубуз Бекиндин өмүрү өткөнчө уланды.

Ал адамдын акчасы, пайдасы үчүн достошчу эмес. Ал эми ага жакпай калган адамга жолочу эмес. Бала кыял, баеолугу бар эле. Атасы каза болгондо катуу капаланды. Атасы акжуумал, жапалдаш бойлуу, боорукер адам болгон экен. Апасы артист болчу деп айтып калчу Бекин. Илгери Каракол драма театрында иштечү экен. Темировкага гастроль менен келип калган го. Ошондо атасы Сейдакмат менен таанышып, бүлө куруп калган. Алар Темировкада жашап калыптыр. Ал эми Бекин эжеси менен кичинесинен эле шаарда жашап калыптыр.

– Сиздин “Нөшөр” деген тасмада Бекин Сейдакматовду тарттыңыз эле. Ошол учур жөнүндө айтып берсеңиз?
Чындап келгенде ошол учурда ылайыктуу сценарий тапкан жокмун. Бекиндин шыгын, талантын ачып берген тасма убагында жазылбай калды. Деги эле кыргыздарда анекдот да, юмор да, комедия да өнүккөн эмес. Мисалга грузиндерде көп. А бизде бүгүнкү күнгө чейин юморлуу, күлкүлүү спектакль чакталуу. Испандарда, орустарда бар, француздарда жакшы өнүккөн. Кыргыз юмористтери кинодо роль ойногону менен толук кандуу ачыла албай кетет. “Нөшөрдө” Бекинге куткаруучунун ролун ойлоп тапканмын. Ошол 20 мүнөттүк көркөм фильмдин 3 мүнөтүн эле ойносо да, көрүүчүлөр аны жакшы эстеп калышат. Кинону Москвада көрсөткөндө да Бекиндин ойногонуна жогору баа беришкен. Ал кинодо Зуура деген келин сүйгөнү менен коштошуп жатат. Жамгыр жаап жатат. Келиндин көз жашы менен жамгыр аралашып, жаратылыш ыйлап жатабы, келинби, белгисиз. Ошондо Бекиндин каарманы “Зуура, кандайсың?” дейт. Ал тек гана: “Эчтеке эмес” деп күлүп коёт. Ошондо Бекин анын күлкүсүн он эсе күчтөп: “Ха-ха -ха …” – деп айлананы жаңырта күлүп, анан шарт токтоп, Зуураны тиктеп калат. Мына ушул жерде клоунаданын элементтери бар. Муну дүйнөлүк клоунаданын орто кылымдарда колдонгон амалдарынын бири десе болот. Ошол орто кылымдарда клоунада экиге бөлүнчү. Бири жарык чачкан клоун болсо, экинчиси кадимки клоун. А Бекин болсо ошол жарыктуу, акпейил клоун дээр элем. Ал кайсы ролдо ойнобосун, дайыма шарапат, жарык, жылуулук алып келген образды жаратты.

Бир жолу кызыма 10 сом карматты (анда 80-жылдар эле). Ал акча ого эле көп. Мен акча берсе болбойт дейм. Бекиндин боорукерлик сезими акча берүү эле. Колу берекелүү, дили таза адам да. Колундагы болгон баалуу нерсени жаккан адамына кармата койчу. Армияда жүрсөм Москвага Ош драма театры менен келип калды. Колума 200 сом карматып жатып: “Ме Замир, бул акча сенде тура турсун. Болбосо коротуп салам. Москвадан кетээрде белек ала кетейин” деди. Жүр, Москваны көрсөт, эс алалык дейт. Анан Москваны айланып чыктык. Ресторанга киргизем деди. Киргиз дедим. Андан чыкканда карасам, 140 сом калыптыр. Акыры карасак жарытылуу деле акча калбаптыр. Ошол акчага ресторандарга бардык, театрларга кирдик. Ошол мезгилде чыгып жаткан жаңы кинолорго алып бардым. Бекин ошондо мага майрам кылып кетти. Ошко эч нерсе деле алган жок. А мен үчүн Бекин жүрөгүмдө орусча айтканда “человек-праздник” дейт эмеспи, майрам алып келген адам катары калды. Мындай дос менде мурда-кийин болбоду.

Бир жолу “Жүр, мен сага Алматыны көрсөтүп келейин” дейт. “Акчаң барбы?” десем: “Жок. А сенде барбы?”дейт. “Жок. Анда эмне мени чакырасың?” дедим. “Ии, жакшы болот эле барсак. Алматыны сагындым” деди. Экөөбүз ойлонуп калдык. Менин апам сатып берген, Румыниядан келген жапжаңы, кымбат туфлим бар эле. 40 сомдук! Жарашыгын, ыңгайлуулугун, модасын айтпа. Бекин Алматыны ушунчалык сүрөттөп берди десең, менин да абдан баргым келди. Менин туфлимди алып алдык да, базарга барып 35 сомго сатып жибердик. Ошол 35 сомго Алматыга бардык. Акчабыз 3 күнгө жетти. Алматы чынында да абдан көрктүү шаар экен, абдан ыраазы болуп келдик. Мен анан Таш-Көмүргө бардым. Апам “Ай, туфлиң кайда?” десе, ” Жатаканадан уурдап кетиптир”деп шылтоо кылып айттым.

Бекиндин бала кыялы, кайталангыс таланты, достукка бектиги, деги эле анын менин өмүрүмдө жанаша жашап кеткени жылуу сезим алып келет.

Айсулуу Көкөева, “Адилет пресс” («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.