Коттбус шаарында XX эл аралык кинофестивалда “Свет-аке” тасмасы көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду

Германиянын Коттбус шаарында XX эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды. Анда кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу тасманын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Анын айтымында, бул фестиваль Германияда даражалуулугу жагынан Берлин фестивалынан кийинки орунда турат. “Тасма буга чейин да бир топ эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга ээ болуп, көрүүчүлөр тарабынан жогорку деңгээлде бааланып келген”, – деди А.Койчуманова.

Алма-Атада өткөн “Евразия” эл аралык кинофестивалында гран-приге жана Фипресси эл аралык сынчылардын сыйлыгына, Дүшөнбүдө өткөн “Дидор” фестивалында башкы байгеге ээ болгон.

“Свет-аке” тасмасы жакында Беларусияда өтө турган эл аралык фестивалга жана Индияга жолдомо алган.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 10.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.