Алтынбек Каленов: “Машина утуп алсам деп кыялдангам”

Кыргыз радиосунун жана Ысык-Көл областынын 80 жылдыгына карата “Ысык-Көл Кадыр түн – 2011” фестивалы 29-30 июлда Чолпон-Ата шаарында болуп өттү. Аталган фестиваль эстрада жана фольклор болуп экиге бөлүнүп, эки тур менен жыйынтыкталды. Калыстар тобу катышуучулардын ар бирин электен өткөрүп, башкы байгени фольклер ырчысы Алтынбек Каленовго тапшырышты. Бул фестивалга Казакстандан да катышуучулар келип өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Алтынбек, сыйлыгыңыз кут болсун. Фестиваль сизге кандай таасир калтырды?
Негизи фестиваль жогорку деңгээлде өттү. Дагы да болсо эл арасында ушундай конкурстар уюштурулуп турса, көмүскөдө жаткан таланттардын ойгонушуна жол түзүлөт эле. Канчалык атаандаштык көп болсо адам ошончолук чыйралат, алга умтулат, тырышып эмгектенет. Атаандаштар өчөшүүгө эмес, өзүбүздүн өсүп өнүгүшүбүзгө пайдалуу болмок. Тандалып отуруп татыктуусу чыгат. Мындай фестивалдардын өткөрүлүшү жаштарга алдыга умтулууга чоң стимул болуп берет. Дегеле адам баласы баарына даяр болуш керек экен. Жеңишке жетпей калсаң маанайыңды түшүрбөй, ийгиликтерди багындырсаң дардаңдап кетпей, өзүңдү кармаганды да билүү зарыл экен. Бирок, кубанганыңды баары бир жашыра албайт экенсиң. Мен бул конкурстан машина утуп алам деп ойлогон эмесмин. Бирок, кыялданып жүргөм. Мен сыйлыкты алгандан кийин толкунданып, денемди калтырак басып, абдан сүйүндүм. Досум Аскат Мусабеков толкунданып атканымды көрүп, ата-энеме чалып сүйүнчүлөптүр. Алар менен сүйлөшкөндөн кийин өзүмө келип орундуу сүйлөй баштадым. Эми буюрса өз айылыма барып түлө өткөзүп, тууган-уруктан, эл-журттан бата алып келейин деген жакшы оюм бар.

Фестивалга кантип катышып калыдыңыз жана кайсыл чыгарманы аткардыңыз?
“Ысык-Көл Кадыр түн 2011” фестивалы тууралуу коомдук телеканалдан угуп, катышып көрүүнү чечтим. Биринчи туру 22-июлда болду. Жүздөн ашуун катышуучулар келип өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Биринчи турдан өтүп, 29-30 июлда Чолпон-Ата шаарында өтө турчу “Ысык-Көл кадыр түн 2011”- фестивалына катышууга мүмкүнчүлүк алдым. Фестивалда эстрада жана фальклер болуп экиге бөлүнүп, конкурс эки күн болду. Мен тизме боюнча он экинчи болуп чыктым. Атай Огомбаевдин “Жаштарга” деген ырын жана Раймаалынын чыгармасын аткарып гран прини жеңип алдым. Ал эми биринчи орунду Залина Касымова, экинчини Закирдин Дүйшөнбек уулу алды.

Эмне үчүн дал ушул чыгарманы тандап алдыңыз?
-А. Огомбаевдин “Жаштарга” чыгармасын тандап алганымдын себеби негедир бул ыр жүрөгүмө абдан жакын. Көп жылдардан бери сахнага ушул ыр менен чыгып келе жатам. Бул чыгарманы аткаруу да оңой эмес, анткени бийик тембр талап кылат жана аны чоң, дем, дух менен көрсөтө алыш керек. Экинчи аткарган Раймаалынын ыры да үндүн бийиктигин далилдейт. Ырга менин мүнөзүм дагы дал келди десем болот. Ырды өз нугу менен туура аткара алдым деп ойлойм. Негизинен элдик ырлар да элге сиңимдүү болот экен, көпчүлүгү уккандан тажашпайт. Калыстар тобу баардык жагын карап өз бааларын беришти.

Калыстар тобу кандай критерийлерге басым кылышты?
Калыстар тобунда чындыгында абройлуу инсандар олтурушту. Мисалы, Түгөлбай Казаков, Кыябек Урмамбетов, Самара Токтакунова, Анарбек Ибраев, Гулнур Сатылганова, Казакстандын актрисасы Карима Султанова жана башкалар болушту. Сахнага чыккан ар бир катышуучунун аткарган чыгармасынан тартып, аранжировкасы, музыкасы, үндүн кооздугу, аткарган чеберчилигине чейин жана сахнага чыккандан тартып, турган тулку боюңа, ырдоо манераларына чейин көңүл буруп олтурушту.

Конкурска канча убак даярдандыңыз?
Бул жолу мен катуу даярдандым десем болот. Себеп дегенде мурун конкурстарга барам десем, басып жүрүп өз оокатымды кылам дагы бош убактымда гана ырдап даярданып койчумун. Бул ирет баардыгын токтотуп бир гана ыр менен алек болдум. Эч жак ка чыкпай, бир чети эшиктин ысыгы, экинчисинен чын жүрөгүм менен олтуруп даярданайын дедим. Агайым Улукмырза Полотовдун жети жыл кулагыма кумдай куюп үйрөткөн сабактарын кайра бир ирет окуп чыктым десем болот. Аракетим, эмгегим текке кеткен жок. Мени ушул жолго салган агайыма рахмат айтат элем. Өзүм ак эмгегим менен эч кимге эч кандай пара бербей, өзүмдүн талантым менен алдым деп айта алам. Менден дагы жогорку деңгээлде аткаргандар болду, бирок бул буйрук болсо керек деп ойлойм. Чыныгы талантты баалаган элге дагы рахмат.

Алдыда кандай пландарыңыз бар?
Эми ушуну менен эле токтоп калбастан чыгармачылыкты андан ары өркүндөтүүгө аракет кылам. Элдик ырлар унутулбасына көзүм жетет. Ошондуктан дайыма элдик ырларды ырдап, элге кызмат кылам. Эми буюрса унутулуп бараткан дастандарды жандандырып, дастанды дагы бир ирет даңазалап чыксамбы деген жакшы тилектерим бар.

Залина Касымова, “Ысык-Көл Кадыр түн 2011”
фестивалында 1-орундун жеңүүчүсү:
“Эки жорго” элге жакты”

– “Ысык-Көл Кадыр түн 2011” фестивалы жогорку деңгөөлде өттү. Калыстар тобунда чыгармачыл адамдар, тажырыйбалуу инсандар, Кыргызстандын эл артистери олтурушту. Негизинен баардык жагынан даярдык абдан жакшы болуптур. Жогорку деңгээлдеги музыкалык аппараттар менен коштолду. Жандуу үн менен ырдаганга абдан жакшы шарт түзүлдү. Эл да абдан көп келип, катышуучуларды колдоп, сүрөп отурушту. Мен Сейит Бекмуратовдун “Эки жорго” деген чыгармасын кыл-кыяктын коштоосунда аткардым. Конкурсанттар дагы жогорку деңгээлде даярданып барышыптыр. Баардыгы таланттуу ар бири сыйлыка татыктуу таланттуу катышуучулар экен.


Кайрат Иманалиев, “Ысык-Көл Кадыр түн 2011”
фестивалынын калыстар тобунун мүчөсү:
“Фольклордун деңгээли бийик экенине дагы бир жолу ынандык”
– Коомдук Теле Радио Корпорациясынын демилгеси менен 1998-2001 жылдары Кадыр түн фестивалын өткөрүп келишкен экен. Ал убакта Юрий Бобков жана Кадыр аттуу мырзаларыбыз уюштурушкан эле. Бул фестиваль бир убактарда өткөрүлбөй дагы калган. Быйыл Ысык-Көл райондук, областык администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул ишти кайрадан күчүнө киргиздик. Бизге экономика жана маданий министрлери колдоо көрсөтүштү. Фестиваль Кырыз радиосунун жана Ысык-Көл областынын 80-жылдыгына арналып өткөрүлдү. Алгач биз Коомдук телевидение аркылуу өтө турчу фестиваль тууралуу жарыя кылганбыз. Тандоо туруна келген көптөгөн катышуучулардын ичиненен калыстар тобу эстрададан 16 жана фольклердон 17 катышуучуну тандап алганбыз. Коңшу Казакстандан эки катышуучу келди, бири эстрададан, экинчиси фольклердон. Алар дагы болгон өнөрлөрүн көрсөтүштү. Калыстар тобунда бир топ абройлуу инсандар отуруп туура, так чечим кабыл алганга аракет кылдык. Андан соң Чолпон-Ата шаарында “Ысык-Көл Кадыр Түн 2011” фестивалы өткөрүлдү. Фестиваль уюштуруучу жагынан жа катышуучулар тараптан да жогорку деңгээлде болду. Айрыкча биздин фольклорубуздун деңгээли бийик экенине дагы бир жолу ынандык. Ошон үчүн калыстар тобу кеңешип туруп гран прини биз фольклор жаатындагы таланттуу жигит Алтынбек Каленовго тапшырдык. Ал эми эстрададан болсо мындай сыйлыка татыктуу катышуучуну көрө алган жокпуз. Бул албетте кийинки катышуучуларга дагы чоң сабак болот деген ой менен, “ушинтип эле даярданып койсок болот экен”өдеген түшүнүк болбош үчүн, катышуучулар арасында конкуренция көп болуп, алдыга умтуулуу болсун деген максатта эстрададан гран прини эч кимге ыйгарган жокпуз. Негизинен гран приге эстрадага 3000$ жана фольклор жаатына 2000$ бөлүнгөн. Бирок, эстрададан татыктууларды көрө албагандыктан 5000$ акчалай сыйлыкты гран прини алган Алтынбек Каленовго тапшырдык. Жалпысынан алганда фестиваль жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Нургүл Ибраева, “Кереге.kg” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 03.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.