“Азаттыктын” айтышы: Төкмөлөр төгүлгөндө

“Таңкы шоокум” программасынын меймандары төкмө акындар Жеңишбек Токтобеков жана Аалы Туткучев болду.

«Азаттык» :- Саламатсыздарбы, төкмөлөр «Таңкы шоокум» программасына куш келипсиздер.

Жеңишбек: – Ушул жерде деп уктук,
Илгертеден атак-кут!

Аалы: –  Ассалоому алейкум,
Амансыңбы «Азаттык».

«Азаттык» : Абдан жакшы. Аалы мырза сиз жакында төкмө акындардын сынагында, баш байгени утуп алыптырсыз. Сыйлыгыңыз кут болсун. Ар дайым ушундай сыйлыктардан эзели куру болбоңуз.

Жеңишбек: – Көп акындар катышты,
Мен деле арасында, жандапмын.
«Эмнеге Аалы алды»,-деп,
Түшүнбөйм.
Негизи мен алмакмын.

«Азаттык» :– Буга Аалы акындын жообу кандай болот?

Аалы: – Оо, сиз түшүнүктө жүрүпсүз,
Жеңишбек байке эң эски.
Мурунку чыккан кулактан,
Кийинки мүйүз ашат эмеспи.

«Азаттык» :- Жеңишбектин жообу кандай?

Жеңишбек: – Эми биз, илгерки акындар айтмакчы.
Эңүүчү жерден эңдик,
Эңилүүчү жерден эңилдик.
Эми «Азаттыктын» төрүндө.
Айтышпай эле жеңилдик.

«Азаттык» : –  Жеңишбек мырза, сизди  кийинчерек телевизордон эле көрүп калдык. Караламан калкты аралап концерт берип, элди «сөз жамгыры» менен сугарганга убактыңыз болдубу?

Жеңишбек: – Ооба, былтыр акындар чогулуп,
Аалы менен бирге жети дубан кыдырып.
Элден бата алып келгенбиз.
Эми, жети дубандын борбору,
Жөнөкөй эл көрсүн деп,
Көрсүн деп ак үй, көк үй чоңдору,
Кудай буюрса дагы өнөрүбүздү,
Тартуулайлы деп турабыз.

«Азаттык» :- Жашыруун сыр болбосо ошол өнөрүңүөрдү качан тартуулайлык деп турасыңар?

Аалы: – Ачыгын айтсам чынында,
8-9-июнда, ЦУМдун арты жагында,
Опера жана балет театрынын залында,
Кечки саат жетиде,
Элдин баары келишет.
«Тил кесмей жок» деген концертти,
Жеңишбек, Аалы беришет.
Акындын кандай төгөөрүн.
Атпай журт ошондо көрүшөт.

Жеңишбек: – Ал жерде концерт көргөндөр жыргашат,
Анткени биз тарбиялаган шакирттер ырдашат.
Анткени алар, келечекте буюрса,
Бизден дагы тың басат.

Аалы: –  Биз аша элек далай-далай кырды ашат,
Анткени шакирттерибиз бизден аша турган,
Бизди баса турган, бизди жеңе турган,
Бизди эңе турган жакшы-жакшы балдар келатат.
Ошол балдар төгүшөт, эл-журт аларды көрүшөт.
Андан сырткары, концертибизге куудулдар дагы келишет.
Ашыралы, Тууганбай аталарыбызды аябай туурап беришет.

«Азаттык» :- Концертке чейин биздин студияда кайсы ырыңыздарды ырдап бересиздер?

Жеңишбек: – Эми «Азаттыктын» төрүнө келгенде,
Сыйыбызды айталы,
Акындын сыйы ушу экен.
Сыйдан бүткөн ырыбызды айталы Аалы,
Ырдап берип андан кийин кайталы.

Төкмө акын Жеңишбек Токтобеков 1992-жылы 16 жашында Нарын музыкалык драма театрына артист болуп чыгармачылык чыйырын байштайт. 1993-жылы Төкмө акындардын республикалык айтышында биринчи жолу Элмирбек менен айтышып чыгып, байгелүү орунду алат.

Москвадагы Шепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайын 2001-жылы бүтүрүп, Учур теле театрында иштейт. Бир нече жолу Төкмө акындардын республикалык сынагында баш байгени утуп алган.

«Азаттык» :- Жеңишбек акын ушундай жакшы ырын арнады. Эми Аалы акын «Таңкы шоокум» берүүсүнө атайын келгенден кийин «ыр жамгырын» төкпөсөңүз болбой калды?

Аалы: – Эми Жеңишбек залкардан кийин,
Эмнени айтам мен эми.
Жеңишбек деген алп акын,
А мен чычкандай акын себеби,
Кыскасы комбайн жүрүп кеткен соң,
Чалгынын барбы кереги.
Антсе даы байкемдин артынан,
Бир жамак айтып көрөлү.

Жаш төкмө акын Аалы Туткучев Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Биринчи жолу сахнага 2003-жылы чыгып, Жеңишбек менен айтышып, тушоосу кесилет.

Казакстандагы төкмөлөрдүн эл аралык айтышында баш байгени, ал эми Кыргызстанда төкмө акындардын республикалык сынагында үч жолу баш байгени утуп алган.

Аманбек Жапаров, ”Азаттык”, 06.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.