Зикир

80-жылдардын аягы 90-жылдардын башында “кайра куруу” мезгили пайда болуп, “эскиден калган” деп мурда тыюу салынып, эл ичинде “көмүскө” өмүр сүрүп келген элдик салт, үрп-адат, улуттук маданиятыбызга да кеңири жол ачыла баштады. Демократиянын шамалы уруп, адамдар эркин дем алгандай болду. Бул нерсе, бир эле адамдардын аң-сезимине эле эмес, искусство менен маданиятыбызга да чоң таасир этип, көп нерселер ачыкка чыгып, “эски” нерселерге жаңыча көз караштын учкундары пайда боло, мезгилдердин кум-чаңы арасынан жылт эткен алтындай көөнөрбөс, таза руханий касиеттерибиз ачыкка чыга баштады. Ошол кезде алгачкылардан болуп, бир кылым бою официалдуу медицина танып келген элдик табыпчылык боюнча алгачкы “Зикир” деген бир сааттык даректүү тасманы жараткан кинорежиссер Шамил Жапаров менен маек.

– Шамил, бул фильмди тартууда башкы максатыңыз – ачыкка чыгарып айтып алуу эле беле же дагы башка жагы барбы?
– Эң башкысы, мен элдик табыпчылыктын сырларын билгим келген. Кандай жашыруун сыры, табышмагы бар?! Мына ушул нерсени ачып берүү мен үчүн кызык болду.

– Башкы каарманыңыздар кимдер?
Бири Таластын Үч-Эмчек айылынан чыккан Калык деген сөөк салгыч. Ал сынык-пынык, чыгып кеткен, ж.б. адамдын он эки мүчөсүнө байланыштуу оорулардын баарын айыктырган, колундагы эми күчтүү адам болгон. Ага адамдар күнү-түнү барып, анын үйүнө жатып алып айлап, апталап дарыланган, айыкканча. Ал күнүнө ондогон, кээде андан көп адамдарды бекер дарылачу экен. Мен капысынан ошол жакка барып калып өз көзүм менен көрүп, анан кино тартууну чечтим ал жөнүндө. Ал кезде эч ким бизнес жолуна түшө элек, эч ким-эч кимди алдаганды үйрөнө элек кез болчу. Ал киши, адамдар акырындан көбөйүп кеткенде, короосуна оорукана салып баштады. Мындай адамдар сейрек.

Дагы бир каарманым – Турна апа, Оштун тегерегинен, жөнөкөй табып. Уруя апа Сокулуктан, экөө тең Умай энелер болчу, көбүнчө аялдарды, балдарды дарылаган күчтүү эмчи-домчу, табып аялдар эле.

– Фильм адам төрөл­гөндөн өлгөнгө чейинки турмуштук окуяны камтыйт эмеспи. Адам төрөлүп аткандагы учурларга токтолсоң.
– Биз тасмада түпкү чоң энелерибиз боз үйдө кантип төрөп, кандай ырым-жырымдарды колдонгонун баян эттик. Көрсө, биздин чоң энелерибиз ушундай табыптардын жардамы менен эле, толгоо келгенден баштап түрдүү ырым-жырымдар менен жеңил төрөгөнгө жардам берип, даярдык көрө башташчу экен. Алгач, аялдын толгоосу оң келип, жеңил төрөөсү үчүн, жука төшөктүн бетине жаткырып алышып “оңбу-солбу” деп ары-бери чайкашып ырымдашкан. Бул медициналык жактан да туура экен, анткени кээде бала тетири жатып калса, башы ылдый караганга жардам берет экен. Аялдын өзүн бош коюшуна да жардам берген. Анан, баканды кармап жарым-жартылай отуруп ыйынчу экен. Бул учурда отто казан кайнап, таза суу даяр турган. Бир кемпир тынбай отту тегеренип басып, “Түштү-үү!.. Түштү-үү!..” деп кайталап айта берген. Бул өзү психологиялык даярдык, толгоо жанып кетпесин үчүн, өзүнчө ритм, энергетика түзүп – көңүлдү бир гана нерсеге буруп, күчтүн баарын ошого топтоттурган. Дал ошол себептен, мындай учурда төрөттүн көбү жакшы, жеңил болгон. Айрыкча, жаш, биринчи төрөгөн келиндердики.

– Актерлор аткарбай, чыныгы турмушта болуп атат ээ?
– Биз ошол бүбү, умай энелерге келген келиндердин төрөтүн – турмуштун өзүн тарттык. Анан да, башка, канча адамдар аларга араң басып келип, кандайдыр бир убакыттан кийин, алардын эм-домун алып, чөп-чарын ичип дарыланган соң айыгып кетип аткандарын тарттык, турмуштун өзүнөн, алардын күндөлүк турмушунан алып. Калык байкеге болсо канча адамдар балдак менен, же сулк эле жаткан бойдон келип, кайра өз буттары менен басып кетип аткандарын, айлап ал жерде жатып алып тарттык.

Анан, дагы бир жолу февралда тартканы барсак, маанайы пас. Эмне болду деп сураштырсак, апасы жаман абалда экен. Биз тартканга уруксат сурадык. Бат эле кинотоп оперативдүү түрдө оор техниканы даярдап, а кезде пленка менен тартчубуз, салып, жарыктарды тууралап коюп, жакшы иштедик. Ошентип, өлүп бараткан адамды тартып калдык, кантип жан бергенин. 91 жаштагы атасы кемпиринин колун кармап, көпкө кое бербей отурду. Кийин премьера болгондо айылга да алпарып көрсөттүк, элдин баары ыйлап көрүштү ушул учурду.

– Эмне үчүн бул фильмди көптөр билбейт, көпчүлүк эл көргөн эмес?
– Анткени фильм 90-жылы, Совет өкмөтү ураар астында жаралып калды. Ашхабадда эл аралык кинофестивалда башкы сыйлыкты алса да, ж.б. эл аралык фестивалдарда бир топ сыйлыктарга ээ болсо да, өз элибизге белгисиз бойдон калды. Анткени союз ураар менен бүт прокат системасы да чачылып, кыйрап, тап-такыр иштебей калды. Ошондон бери прокат системасын калыбына келтирүү иши колго алынбай келатты эле, эми, биринчи кезекте калыбына келтирүү маселеси азыр кабыргасынан коюлууда. Буюрса, жакында ишке ашат деген ойдомун. Азыр, кайсы айылга барба, американын же кытайдын фильмдерин элдин баары билишет. А биздин тасмаларды элибиз биле бербейт. Андыктан, прокат ишин жөнгө салуу зарылдыгын эске алып, жакында Түштүк регионуна көчмө кинокөрсөткүчтү жөнөттүк, жаңы чыккан таланттуу жаштардын мыкты деген кыска метраждуу фильмдерин элге көрсөтүп келишет. 1-августта дагы бир кинокербенди элеттиктерге жөнөтөбүз.

Маектешкен Алтынай ТЕМИРОВА,
“Де-Факто”
(“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.